6.1 C
Бишкек
Воскресенье, 8 сентября, 2024
ДомойВ КЫРГЫЗСТАНЕ“Үмүт булагы” – эне жана балага тирек 

“Үмүт булагы” – эне жана балага тирек 

14 –октябрь күнү КЭРдин Кыргыз Республикасындагы  Атайын жана Толук ыйгарым укуктуу элчиси Ду Дэвэнь айым менен Кыргызстандын биринчи айымы Айгул Жапарова аялдар үчүн сулуулук салондорунун тейлөө көндүмдөрүн үйрөтүүчү социалдык долбоордун ачылыш аземине катышышты.

Долбоордун катышуучулары визажист, маникюр жана педикюр, укалоо, кирпик өстүрүү, чач тарач, шугаринг жана депиляция сыяктуу тармактарда бекер билим алып, үйрөнүшөт. Аталган долбоор окууну ийгиликтүү аяктаган айымдарды жумуш орду менен камсыз кылуу жаатын дагы карайт.

Кыргыз Республикасынын биринчи айымы Айгүл Жапарованын демилгеси менен түзүлгөн «Үмүт булагы» коомдук фонду бүткүл өлкө боюнча иш жүргүзөт. Коомдук фонддун башкы миссиясы Кыргызстандагы жалгыз бой энелердин, жетим балдардын жана калктын муктаж болгон катмарларынын ден-соолугу жана толук кандуу өнүгүшү үчүн зарыл шарттарды түзүүгө салым кошуу аркылуу коомдогу социалдык адилеттүүлүккө жана бейтараптуулукка жетишүү болуп саналат.

“Үмүт булагы” коомдук фондунун ишмердүүлүгүнүн артыкчылыктуу багыттары: билим берүү; сапаттуу билим алууга мүмкүнчүлүк; саламаттык сактоо; ден соолукка кам көрүү; маданий ар түрдүүлүктү жана мурасты колдоо; экосистемаларды сактоо жана колдоо; илимий-изилдөө практикаларын өнүктүрүү; экономикалык бакубаттуулук; экономикалык мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүү; адамдын жана жарандын негизги укуктары менен эркиндиктерин коргоо ж.б.

Ду Дэвэнь, КЭРдин КРдагы Атайын жана толук ыйгарым укуктуу элчиси: “Калктын аярлуу катмары мындай колдоого өзгөчө муктаж” 

-Бүгүнкү социалдык долбоордун, окуу борборунун ачылышы абдан жакшы кадам. Чындыгында, ири шаарларда өнүгүү өтө тездик менен болот эмеспи. Кытай дагы мындай өнүгүү жолун башынан өткөргөн. Шаарлар өнүгүп, кеңейген сайын алыскы аймактардан жаштар келип, өздөрүнүн жашоосун турмуш агымы абдан тез өткөн мегополисте куруп кетүүгө аракет кылышат. Аларда көпчүлүк учурда жогорку билим же кандайдыр бир ишке болгон тажрыйба жок болот. Атаандаштык күчтүү болгон шаар жашоосунда аларга колдоо зарыл.

Мына ошондой кезде ушундай борборлор абдан керек. Көп убакыт коротпой эл тарабынан суроо-талап болгон кесиптердин ээси болуп чыгышат. Өзгөчө “Үмүт булагынын” башкы максаты болгон калктын аярлуу катмары, аялзаты, жалгыз бой энелер мындай колдоого, жардамга өтө муктаж. Ошондуктан бул абдан жакшы кадам.

Окуу борборунун ачылышы менен бардыгыңыздарды куттуктайм. Ишиңиздер ийгиликтүү болсун. Мен өзүм дагы элчи айым катары сиздердин долбоорду мындан ары дагы колдоп, аны өнүктүрүп-өстүрүү үчүн өз көмөгүмдү көрсөтө бермекчимин.

Айгул Жапарова, “Үмүт булагы” коомдук фондунун директору: “Борбордун эшиги колдоого, жардамга муктаж болгон бардык жарандарыбыз үчүн ачык” 

— Биз биринчи кезекте балдарга жана энелерге жардам берүүгө умтулабыз. Алардын жашоо сапатын жакшыртуу, коргоо жана потенциалын өнүктүрүү максатын көздөйбүз.

Алгач жардамга муктаж болгондорго тамак-аш, күнүмдүк зарыл болгон буюм-тайымдар менен жардам берип келип келгенбиз. Бирок калктын аярлуу катмарын колдоонун эң мыкты жолу бул кандайдыр бир кесипке үйрөтүү, жумуш орду менен камсыз кылуу экендигин ойлонуп, “Үмүт булагы” коомдук фондунун алкагында ушундай окуу борборун ачуу чечимин кабыл алдык. Бул борбордун эшиги колдоого, жардамга муктаж болгон бардык жарандарыбыз үчүн ачык.

Учурдан пайдаланып Кытай Эл Республикасынын Кыргызстандагы элчилигине, өзгөчө элчи айым Ду Дэвэнь айымга биздин долбоорго көрсөткөн колдоосу үчүн калктын аярлуу катмары болгон айымдардын, жалгыз бой энелердин жана өзүмдүн атымдан терең ыраазычылык билдирмекчимин.

Айбийке Мамаюсупова, “Үмүт булагы” коомдук фондунун кызматкери: “Окуучуларыбыз теорияны окуу менен катар эле практика жүзүндө дагы билимин тереңдетишүүдө” 

-Биз үстүбүздөгү жылдын башынан бери иштеп келе жатабыз. Ошо кезден бери 1000ден ашуун адам кайрылды. Биздин башкы максат эне жана баланы коргоо, колдоо болгондугу үчүн ушул багытта иш алып баруудабыз. Фонд ар тармактуу. Анын бир бутагы бул экономикалык мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүү болгондуктан, ушундай окуу борборуна муктаждык чоң экендиги аныкталды. Учурда окуу башталганына эки жума болуп калды. Окуучуларыбыз ар багытта билим алып жатышат. Теория менен гана чектелип калбастан, практика жүзүндө дагы үйрөнгөндөрүн тереңдетишүүдө.

Нурайым Мамбетакунова, “Үмүт булагы” борборунун окуучусу: “Эми эч кимге көз каранды болбойм” 

-Бул долбоор абдан керектүү. Айрыкча мага окшош өзгөчө балдары бар энелерге эң мыкты колдоо болуп жатат. Менин балам церебралдык шал оорусу менен ооруйт. Өзүңүздөр билгендей өзгөчө баланы кароо дагы жеңил эмес.

Ошондуктан бул тырмак жасоо окуусун жакшылап өздөштүрүп алсам, өзүмө-өзүм иштеп, үйдө болсо дагы кардарларды тейлеп, акча таба алам. Баламды жакшылап кароого шарт түзүлөт. Эч кимге көз каранды болбойм дегендей. Өзүм дагы элге аралашып, өнүгүү болуп жатат. Абдан кызыктуу болуп жатат. Канчалык тырмак жасоону жакшы өздөштүрсөм, ошончолук жакшы иштеп, кардарларым көп болмокчу. Бизди ойлоп, ушундай долбоорду ишке ашырып жаткан “Үмүт булагы” коомдук фондуна терең ыраазычылык.

Мээрим Рыскелди кызы, “Үмүт булагы” борборунун окуучусу: “Окуумду аяктасам өзүмө гана эмес, жакындарыма дагы жардам берүүгө мүмкүнчүлүк болмокчу” 

-Мен өзүм үч эмдин түгөйүмүн. Дарыгерлердин катачылыгынан улам шал оорусу менен ооруп калгам. Буттарым баспайт. “Үмүт булагы” коомдук фонду тарабынан ачылган бул окуу борборуна келип, билим алып жатканыма аз эле күн болду. Бул жак мага абдан жагып жатат.

Өзүм укалоо (массаж) жаатын тандап алдым. Себеби, массаж кылган мага жагат, колумдун каруусу жакшы. Борбордун атмосферасы дагы сонун. Мугалимдерибиз баш болуп бардыгы жакшы мамиле кылышат. Мага бардыгы жакты. Мен үчүн бул эң мыкты мүмкүнчүлүк болууда. Жакшылап окуумду аяктап алсам, өзүмдү гана бакпастан, жакындарыма дагы жардам берүүгө мүмкүнчүлүк болмокчу. Чындыгын айтканда, мындай окуу борборлору Кыргызстанда көп болсо абдан жакшы болмок. Ден соолугунан жабыр тартып, мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн мындай колдоо өтө керек. Ошондуктан учурдан пайдаланып “Үмүт булагына” ыраазычылык билдирмекчимин.

Автор: Чолпонай Турдакунова

 

 

СТАТЬИ ПО ТЕМЕ

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
пожалуйста, введите ваше имя здесь

Популярные

Комментарии