6.1 C
Бишкек
Воскресенье, 8 сентября, 2024
ДомойВ КЫРГЫЗСТАНЕДамира Кампабекова: “Ден соолугу чың коомду түзүүгө өз салымымды кошкум келет” 

Дамира Кампабекова: “Ден соолугу чың коомду түзүүгө өз салымымды кошкум келет” 

Дамира Кампабекова жылдын жылуу мезгилинде өмүрүнүн көбүн тоодо, өсүмдүктөрдү изилдөө менен өткөрөт. Ал өз ишин сүйүп, тынымсыз эмгек кылган ишкер айым. Мына ушундай топтолгон билим, талыкпаган эмгек, өжөрлүктүн арты менен 2002 -жылы “Дордой Дары” ЖЧКсын ачкан. Ошол кезден бери канча үй-бүлөгө кошумча жумуш ордун түзүп берип, Кыргызстандын дары чөптөрүн эл аралык рынокко алып чыгып, таанытып келет.

Биз бүгүн Дамира Кампабекова менен баарлашып, эл аралык кызматташуу алакалары тууралуу дагы сөз козгодук.

  • Дамира эже алгач, дары чөптөр менен кандай алектенип калдыңыз эле, ушул боюнча айтып берсеңиз, өзүңүздүн бул багытта билимиңиз барбы?
  • Дары чөптөрдү изилдеп, алар менен алектенип баштаган кезим бул 1990-1991 жж. болду. Кыргызстан эгемендүүлүгүн жаңы алып, жалпы эл кыйналган учур болбодубу. Ошол кезде мектепте мугалимдикте орун жок болуп, 1-май айылына которулгам. Ал жакка дары чөп айдап, кургатып, ушул багытта да алектенем деген максат менен барган элем.

Алгач үй-бүлөм, балдарым менен өз алдынча дары чөптөрдү терип, кургатып жүрдүк. Элдик медицина менен алектенген табыптарга сата баштадык. Мына ошондо бул багыттан акча тапса дагы болот экен деген ой жаралган. Өзүмдүн кесибим химия-биология боюнча мугалим болгондуктан дары чөптөрдү изилдеп, алар менен алектенүү анчалык деле кыйынчылыкты жараткан жок. Кызыгуум менен кесибим шайкеш келди десем болот.

  • Акыркы жылдары өзгөчө пандемия мезгилинде химикат дарыларга караганда дары чөптөр эл арасында көп колдонула баштады. Сиз учурда дары чөптүн канча түрү менен алектенесиз, суроо-талап барбы?
  • Чындыгында эле пандемия жалпы адамзатка ден соолуктун, өмүрдүн кадыр-баркын эске салды окшойт. Бул бизге чоң сабак болду. Андан арылуу үчүн эмне деген гана дары-дармектер сатылган жок. Оору күчөп турган маалда ал дарылардын баасы дагы асмандын башы болду.

Мына ошол учурда дары чөптөргө кызыгып, алар менен дарыланып, иммунитетин көтөрүүнү каалагандар эл арасында көбөйдү. Өзгөчө антивирустук, антибактериалдык чөптөргө суроо-талап көп болду.

Мен азыркы учурда дары чөптөрдүн 34 түрү менен иш алып барам. Бардыгы Ат-Башыда өсөт, аларды терип, кургатып рынокко алып чыгып жүрөм. Ар бирине тиешелүү органдардан сертификат алганбыз. Негизи органикалык продукция даярдоого басым жасайбыз. Чыккан продукциялардын көпчүлүгү табигый, химия жокко эсе.

Биздин дары чөптөргө суроо-талап деле бар, бирок Кыргызстан керектүү деңгээлдеги көлөмдү бере албай келебиз. Көп мамлекеттер кээ бир дары чөптөргө ири көлөмдө буюртма берип калышат. Тилекке каршы, ал көлөм менен камсыз кыла албагандыктан отуруп калып жатабыз.

  • Кыргызстандын дары чөптөрдүн айырмачылыгы жана өзгөчөлүгү эмнеде, толук изилденип бүтө элек чөптөр дагы көп болсо керек?
  • Кыргызстандагы дарылыгы бар чөптөр бийик тоолуу, экологиялык таза аймакта өсөт. Алардын арасында жер бетинде сейрек кездешкен дарылыгы бар өсүмдүктөр да кездешет. Бизде аба, суу таза. Дары чөптөргө жер семирткич колдонулбайт. Органикалык таза продукциялар. Мына бул биздин эң чоң жетишкендигибиз жана өзгөчөлүгүбүз. Чет өлкөлүктөрдү дагы дал ушул факт абдан кызыктырат.

Аркар оту, уулжан деген дары чөптөр жакшы изилдене элек, алар бөйрөк ооруларына жакшы. Ак кодол муун ооруларын айыктырып, бруцеллезду жок кылуу касиетине ээ. Бул чөптөр да бизде толук изилдене элек. Бирок аларды кыргыздар байыртан эле колдонуп келген. Алсак, бугу тамыр деген дарыга германиялыктар атайын буюртма берип алып кетишет. Түркиялыктар бизде өскөн алтын оту деген гүлдү аябай баалашат. Ал чөп боорду тазалап, өт толуп кеткенде зилди чыгарат. Индиялыктар болсо биздин көкөмеренге аябай кызыгышууда.

  • Сиз ушул багытта көптөгөн эл аралык көргөзмөлөргө катышып келе жатасыз, Кытайга болгон сапарыңыз тууралуу кенен маалымат берип кетсеңиз, ал жак сизге кандай таасир калтырды?
  • Мен ушул кезге чейин он алты мамлекетке барып, эл аралык деңгээлдеги көргөзмө иш-чараларына катышып келдим. Кытай Эл Республикасына болсо 2015-жылы ШКУнун жыйынын алкагында уюштурулган көргөзмөгө катышуу үчүн баргам. Бул менин коңшу мамлекетке болгон алгачкы сапарым болду, иш-чара Сиань шаарында уюштурулду. Эң кызыктуу, таасирдүү сапар болду десем жаңылышпайм.

Көргөзмөгө алып барган продукцияларымдын ичинде ак бал дагы бар болчу. Мына ушул балга кытай эли абдан кызыкты. Ал жакта балды абдан баалап, жакшы көрүшөт экен. Ошондуктан болсо керек, алып барган ак балды өтө тездик менен эле сатып алып кетишти. Дары чөптөрдү дагы жакшы алышты. Көбүнчө тамырларга кызыгып жатышты.

Сиань шаары мага өзгөчө таасир калтырды. Сиань аймагын — Кытайдын музей шаары деп койсок дагы болгудай. Анда мурунку династиялардын тарыхый калдыктарын калыбына келтирилген шаардын дубалдарынан баштап “өзгөчө жана уникалдуу” терракота армиясына чейин тапса болот экен. Бул шаарда дүйнөнүн ар тарабынан барган туристтер дагы абдан көп кездешти. Анткени бир нече кылым мурун атактуу Улуу Жибек Жолунун башы дал ушул жерден башталыптыр. Ошондуктан дагы мага Сиань шаары мага мыкты таасир калтырды десем жаңылышпайм.

  • Кытайда биздин чөптөргө кызыккан ишкерлер болдубу, бул жаатта кызматташуу барбы?
  • Чындыгында кытай ишкерлери менен азыркы тапта жетиштүү деңгээлде кызматташуу алакаларыбыз жок. Бирок бир кытай ишкери менен жаңыдан иштешип баштаганда пандемия башталып калды. Ошонун айынан бул кызматташуу алакабыз дагы токтоп калды. Эгерде дагы да бир кандайдыр кызыгуулар болсо, биз ар дайым иштешүүгө даярбыз. Коңшу мамлекетте дагы элдик медицина абдан өнүккөн. Ошондуктан эки тараптуу кызматташуу ийгиликтүү болооруна ишенем. Бирок азырынча мындай сунуштар көп түшө элек. Эгерде сунуштар болсо эл аралык жол-жоболорго ылайык дары чөптөрдү экспорттоого даярбыз.
  • Сөз соңунда алдыдагы пландарыңыз менен бөлүшүп кетсеңиз?
  • Азыр бир долбоорго катышып, биздеги дары чөптөрдөн эфир майын чыгарууну жолго салууну баштаганы жатабыз. Даяр продукцияны Япония ири көлөмдө алуу ниетин билдирди. Буюрса, айыл жериндеги элди дары чөптөрдү өстүрүү ыкмасын үйрөтүп, түшүмдү өзүбүз жакшы баада алып беребиз. Долбоордун алкагында эл аралык сертификатты алганга даярданып жатабыз. Баштап жаткан ишибиз айыл жеринде жашаган тургундар үчүн жакшы пайда алып келет. Аны менен биргеликте дары чөптү эл көп айдаса, сырттан түшкөн буюртмаларды толук аткарууга мүмкүнчүлүк түзүлөт.

Менин эң негизги максатым элге жардам берүү, кошумча жумуш орундарын түзүп, аз да болсо  көмөктөшүү. Кыргызстандагы дары чөптөрдү толук кандуу изилдеп, эл аралык рынокко алып чыгуу. Эң башкысы тээ байыртадан бери кыргыз эли оору-сыркоодо колдонуп келген чөп-тамырларын унуткарбай, элге жайылтып, колдонгонду үйрөтүү дагы десем болот. “Колдо бар алтындын баркы жок” дегендей, өзүбүздүн колдо турга дарылык касиети күчтүү чөптөрдү билбей, химикаттар менен организмдерибизди уулап келебиз. Ошондуктан бул багытта дагы алгылыктуу иштерди жасап, ден соолугу чың коомду түзүүгө өз салымымды кошкум келет.

Автор: Чолпонай ТУРДАКУНОВА

СТАТЬИ ПО ТЕМЕ

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
пожалуйста, введите ваше имя здесь

Популярные

Комментарии