6.1 C
Бишкек
Воскресенье, 8 сентября, 2024
ДомойВ КИТАЕ“Алтын жумалык” – Кытай эс алууда жана саякаттоодо

“Алтын жумалык” – Кытай эс алууда жана саякаттоодо

“Алтын жумалык” — КЭРдин түзүлгөн күнүнө туш келген “узак” мамлекеттик майрамдардын салттуу мезгили. Кытай жарандары ушул убакта салт боюнча өлкө боюнча саякаттап, туугандарыныкына барышат. Бул майрам КЭРдин калкынын массалык түрдө жер которуусу менен дагы таанымал. Ошондуктан аны “Адамдардын бир жылдагы улуу миграциясы» деп атап келишет. Чындыгында “Алтын жумалык”  планетадагы адамдардын эң массалык кыймылын жаратат.

КЭРдин жашоочулары тынымсыз эмгектенүү менен катар эле, мыкты эс алууну да билишет. Улуттук майрамдардын учуру келгенде, көңүл ачуунун масштабы жана узактыгы боюнча кытай элине тең келүү оңойго турбайт. Жылына эки жолу өлкөнүн калкы “алтын апталарды” чыдамсыздык менен күтүшөт: бул 7 күнгө созулган майрамдардын аталышы жана мини-каникулдун бир түрү.

Алардын бири бүтүндөй дүйнө жүзүнө таанымал “Жаз майрамы” болсо, экинчиси Кытай Эл Республикасынын түзүлгөн күнү, тактап айтканда 1-октябрь. Мына ушул эки майрам мезгили жети күндү ичине камтыган “Алтын жумалык” күндөрү болуп саналат.

1-октябрь – Жаңы Кытай майрамы 

1949-жылдын 1-октябрь күнү Кытай тарыхындагы эң маанилүү даталардын бири болуп саналат. Себеби, дал ушул күнү Пекин шаарынын Тяньаньмэнь аянтында Кытай Эл Республикасынын түзүлгөндүгү тууралуу жарлык салтанаттуу түрдө жарыяланган. Ал эми, ошол эле жылдын 2- декабрында Борбордук элдик бийлик тарабынан “1-октябрь элдик майрам” болуп кабыл алынган.

1-октябрдан 7-октябрга чейин “Алтын жумалык” деп аталган бул күндөрү, бүтүндөй Кытай боюнча оюн-зооктор уюштурулуп, концерттик программалар элге тартууланып, коңшу мамлекетте мыкты майрамдык маанай жаралат. Өзгөчө Пекин шаары көркүнө чыгып, Тяньаньмень аянты кооздолуп, ар түрдүү майрамдык программалар жети күн катары менен тартууланып, элдик майрам — Жаңы Кытайдын түзүлгөн күнүн белгилешет.

Бул маараке Жаңы Кытайдын жаңы кадамдарынын жемиши жана үзүрүн тастыктаган, гүлдөп өнүккөн өлкөгө айланган коңшу элдин чыныгы майрамы.

Туристтер жана Кытай майрамдары 

Кытайдын “Алтын жумалыгы” туристтер үчүн бир жагынан коңшу мамлекетти жакындан таануу үчүн эң мыкты учур болсо, бир жагынан кыйынчылыкты да жараткан татаал мезгил болуп саналат.  Жакшы жагы жылдын башка мезгилинде көрүүгө мүмкүн болбогон түркүн-түстүү көз ирмемдерге күбө болуу, чыныгы майрамдык маанайга сүңгүп кирүү.  Бардык соода борборлору жана дүкөндөр, ошондой эле ресторандар, кафелер “Алтын апталарда” кадимкидей иштегендиктен, адатта тамак -аш жана соода кылууда көйгөйлөр болбойт. Анын үстүнө, алардын көбү атайылап жумуш убактысын узартып, ар кандай арзандатууларды сунушташат. Коомдук транспорт кадимкидей эле иштейт.

Бирок, эгерде сиз Кытайдагы алтын аптаны өз көзүңүз менен көрүүнү чечсеңиз, анда бир катар кыйынчылыктарга туш болууга даяр болуңуз. Алардын биринчиси — мейманканаларда орун дээрлик жок болот. 5 жылдыздуу комплекстердин жана арзан жатаканалардын бардык бөлмөлөрү, адатта, бул даталарга алдын-ала буйрутма кылынат. Эгерде сиз номер таба алсаңыз, анда анын баасы эки эсеге кымбат болот.

Экинчи кыйынчылык – жолдордо транспорттун толуп кетиши. Башкача болушу мүмкүн эмес, анткени бул убакытта бүтүндөй өлкө ичи саякаттоого чыгат. Айрыкча учак жана поезд билеттерин сатып алуу кыйынга турат.

Үчүнчү көйгөй, өлкөнүн ажайып жайларында бут коерго орун калбайт. Кадимки күндөрдө кезек бар жерде, майрамдарда аны басып өтүү мүмкүн эмес, адатта эч ким жок жерде кезектер пайда болот.

Бул Кытайдагы майрамдар менен туризм бири -бирине төп келбеген көрүнүштөр экенин билдиреби? Албетте жок. Бирок, капа болбош үчүн, төмөнкү көрсөтмөлөрдү колдонуу керек:

  1. Эгерде сиз “Алтын жумалыкта” Кытайда болгуңуз келсе, сапарыңызды алдын ала пландаңыз. Мейманкана бөлмөсүн ээлеп, коомдук транспортко билеттерди сатып алууга убактыңыз болот.
  2. Саякат программаңыз жөнүндө жакшылап ойлонуп көрүңүз. Өлкөнү кыдыргандан көрө, бир шаарды изилдөөгө артыкчылык берүү жакшы.
  3. Эгерде сиз жөн гана кытай майрамын көргүңүз келсе, бирок кайсынысы маанилүү эмес болсо, Жаңы жылга же Улуттук күнгө эмес, 2-3 күнгө созулган майрамдарга келиңиз. Алар бүткөндөн кийин сиз кооз жерлерди кыдырып, эч кандай тоскоолдуксуз өлкө боюнча саякат кыла аласыз.

Президент Садыр Жапаров  Кытай Эл Республикасынын Төрагасы Си Цзиньпинди Кытайдын түзүлгөн күнү менен куттуктады 

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров 1-октябрда, Кытай Эл Республикасынын Төрагасы Си Цзиньпинди өлкөнүн башкы мамлекеттик майрамы — Кытай Эл Республикасынын түзүлгөн күнү менен куттуктады. Бул тууралуу президенттин администрациясынын басма сөз кызматы билдирди.

Берилген маалыматка ылайык КР Президенти: “Сизди Кытай Эл Республикасынын түзүлгөндүгүнүн 72 жылдыгы менен чын дилимден куттуктайм. Түзүлгөндөн бери Кытай өзүнүн өнүгүү жолунда көптөгөн кыйынчылыктарды жеңип, зор ийгиликтерге жетишти.

Кыргызстан ар дайым Кытайдын ишенимдүү өнөктөшү болуп келген жана аны улантат.  Кытай Эл Республикасы менен ар тараптуу мамилелерди өнүктүрүү Кыргыз Республикасынын тышкы саясатынын стратегиялык артыкчылыктуу багыты болуп саналат.

Дос мамиледеги коңшулардын эки тараптуу, ошондой эле Бириккен улуттар уюмунун жана Шанхай кызматташтык уюмунун алкагындагы көп тараптуу кызматташтыгын бекемдөө эки элдин түпкү кызыкчылыктарына толугу менен туура келет жана региондогу тынчтык менен стабилдүүлүккө олуттуу салым кошот”, — деп белгиледи.

Садыр Жапаров Си Цзиньпинге бекем ден соолук, мамлекеттик ишинде ийгиликтерди, ошондой эле Кытай элине тынчтык, бакубатчылык каалады.

Автор: ЧОЛПОНАЙ ТУРДАКУНОВА

 

 

 

СТАТЬИ ПО ТЕМЕ

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
пожалуйста, введите ваше имя здесь

Популярные

Комментарии