1-октябрь күнү “Парламенттик шайлоонун алдында Кыргыз Республикасындагы саясий процесстерге тышкы факторлордун таасири” аттуу тегерек стол болуп өттү. Бул иш-чарага коомдук ишмерлер, саясий серепчилер жана саясатчылар катышты. Иш-чараны “Пикир” аймактык эксперттер клубу Кыргыз Республикасынын “Альфа” атайын багыттагы бөлүгүнүн ардагерлеринин эл аралык ассоциациясы менен өнөктөштүктө уюштуруп, биргеликте өткөрдү.
Бардыгыбызга белгилүү болгондой ноябрдын аягында Кыргызстанда парламенттик шайлоо болмокчу. Буга байланыштуу көптөгөн актуалдуу маселелер азыртан эле көтөрүлө баштады. Алардын бири — шайлоо учурунда жана андан кийин дагы саясий процесске сырткы күчтөрдүн кийлигишүүсү. Бул Кыргызстанды эле эмес, башка өлкөлөрдү да түйшөлткөн көйгөй. Чындыгында, көптөгөн мамлекеттерде шайлоолорго сырттан кийлигишүү болгондо ар кандай чыр-чатактар башталат. Ошондуктан, өлкөдө дипломатиялык принциптерди сактап калуу үчүн эч кимдин кийлигишүүсүз таза шайлоого жетишүү керек. Тегерек столдун катышуучулары дал ушул көйгөйдүн тегерегинде ой-пикирлерин, сунуштарын айтып, таза шайлоого кантип жетишүү керектигин талкуулашты.
Иш-чаранын жүрүшүндө “Жогорку Кеңешке боло турган шайлоонун саясий реалдуулугу жана тобокелчилиги, Кыргыз Республикасындагы коомдук-саясий процесстердин өнүгүшүнө ким көбүрөөк таасир этет- саясий уюмдарбы же өкмөттүк эмес секторбу? Шайлоо процессин уюштурууда жана байкоодо тышкы күчтөрдүн ролу: демократия үчүн күрөшпү же коомдук-саясий абалды туруксуздаштыруу аракетиби? Алдыдагы саясий окуялар тышкы саясий күчтөрдүн активдешүүсүнө себеп болуп калабы?”,- деген суроолор дагы кызуу талкууга алынды.
Саясат таануучу Игорь Шестаков акыркы окуяларды жана социалдык тармактардын өнүгүшүн эске алуу менен шайлоо өнөктүгү дагы олуттуу өзгөрүүлөргө дуушар болгонун белгиледи. Бул расмий бөлүк менен гана эмес, көмүскөдө да калгандар менен да байланыштуу. Саясат таануучу фейк жаңылыктар учурда өзгөчө популярдуулукка ээ болуп, коомдо пикир келишпестиктерди жаратып жатканын мисал келтирди.
Ал: “Саясий күрөштөн эч жакка кача албай тургандыгыбыз белгилүү, бирок көп учурда ал чыныгы “согушка” айланып кетүүдө. Азыр социалдык тармактарда абдан күчтүү “фейк согуштар” жүрүп жатат. Бул коомдун аң-сезимин жалган түшүнүктөргө толтуруп, чындыктан адаштырууга көмөкчу болууда. Мунун бардыгы тышкы күчтөрдүн катышуусуз болбойт. Жакында биз фейк жаңылыктар менен күрөшүүгө багытталган мыйзамды кабыл алганбыз, бирок ал азыр толук кандуу иштей элек”, — деп белгиледи.
Коопсуздук боюнча серепчи Таалайбек Жумадылов: “Кыргызстандагы парламенттик шайлоо эреже катары туруксуздаштыруучу фактор болуп келет, бирок чындыгында ал чыңалууну басаңдатуучу механизм болушу керек”, — деген ою менен бөлүштү. Ал шайлоо өтүүсү үчүн коомдогу маанай дагы тыкыр изилденип, дүйнөдө болуп жаткан саясий окуяларга дагы көңүл бурулуусу шарт экендигин баса белгиледи.
Муну менен эле катар, серепчи “Эмне үчүн Кыргыз Республикасындагы парламенттик шайлоо кырдаалды туруксуздаштыруунун фактору болуп калды” деген ою менен дагы бөлүштү.
“Добуш берүүнүн жыйынтыктары бийликтин ээсин аныкташы керек, ал эми биздин өлкөдө бийликтегилер административдик ресурсту жана баарына белгилүү болгон башка механизмдерди колдонуу менен шайлоонун жыйынтыгын алдын-ала аныктоо үчүн активдүү кадамдарды жасашты. Бул биздин негизги көйгөй», — деди. Анын айтымында, бул «тескери пирамиданы» буруш керек.
“Эгерде биз бул “системаны” бузбасак, анда биз кайра-кайра эле бул процесске кире беребиз. Кыргыз эли шайлоого дайыма баш-аламандыктын булагы катары мамиле кыла бермекчи. Кырдаалды талдоодо белгилүү болгондой, улуттук коопсуздук жаатында чараларды көрүүнүн убактысы келди. Бул коркунучтарды жана тобокелдиктерди аныктоо жана тиешелүү чаралардын комплексин иштеп чыгуу учурдун талабы”, — деп баса белгиледи Жумадылов.
Азыртан эле башка мамлекеттердин алдыдагы шайлоо процессине кийлигишүүсү үчүн активдүү аракеттер болуп жатат. Бул тууралуу КРдин экс-акыйкатчысы Турсунбек Акун тегерек столдун жүрүшүндө билдирди.
Анын айтымында, гранттык акча алууга жеке талапкерлер республиканын чет жакаларында жарандар менен жолугушууларды өткөрүшөт. Муну менен эле катар ар кандай долбоорлорду жамынуу менен акчалай дагы жардам берилип келет.
“Биздин өлкөнүн ички процесстерине кийлигишүүгө эч кимдин укугу жок. Бул өткөн жылы башаламандыктарга алып келген. Бардыгыбызга белгилүү болгондой башка мамлекеттердин, батыш уюмдарынын кийлигишүүсү шайлоо процессине активдүү таасирин тийгизди. Муну бир катар изилдөөлөр далилдеп турат. Бул жерде аларга батыш менен ой жүгүртүүсү бир саясатчылар жардам беришти. Шайлоонун бир катар байкоочулары дагы отко май тамызышты”, — деди укук коргоочу.
Ал мунун баары сырттан келген эбегейсиз гранттардын негизинде болгондугун түшүндүрдү.
“Жыйынтыгында алардын берген баасы бир жактуу болду. Ошондуктан, өткөн жылдын октябрь айында болгон окуяда батыштын изи бар. Ошол себептүү азыр, ал абалдын кайталанбашы үчүн бейөкмөт уюмдар жөнүндөгү мыйзамдын механизмдерин аягына чыгаруу зарыл”, — деп жыйынтыктады Турсунбек Акун.
Ал эми серепчи Наталья Крек фейк жаңылыктарга каршы мыйзамдын кабыл алынышы эң туура кадам деген оюн билдирди.
Ал: “Фейктер дагы батыштын ойлоп табуусу. Алар ошондой эле согуштарды баштоо үчүн колдонулат. Бирок, бул мыйзамдын көйгөйү – ал депутаттардын демилгеси болгонунда. Көпчүлүк бул кадамды алардын коомдун сынынан коргонуу каалоосу катары кабыл алышкан. Бирок бул мыйзам маалыматтык согуштардан коргойт, — деп баса белгиледи.
Автор: ЧОЛПОНАЙ ТУРДАКУНОВА