11.1 C
Бишкек
Воскресенье, 8 сентября, 2024
ДомойВ КЫРГЫЗСТАНЕРеспублика боюнча билим берүү уюмдары салттуу режимде өз ишмердүүлүгүн баштады 

Республика боюнча билим берүү уюмдары салттуу режимде өз ишмердүүлүгүн баштады 

2019-жылдын башталышы менен бүткүл дүйнө элинин жашоосуна будуң-чаң салган коронавирус дарты дагы да болсо өз өкүмүн сүрүп келүүдө. Бирок, бул илдетке каршы эмдөө иштери жүргүзүлүп, эл арасы аз да болсо тынчып калган мезгил. Ошондуктан 2021-жылдын 15-сентябрынан тартып Республика боюнча билим берүү уюмдары (мектепке чейинки, мектеп, мектептен тышкаркы, кесиптик билим берүү уюмдары, жогорку окуу жайлары) салттуу режимде өз ишмердүүлүгүн жүргүзүп баштады.

2021-2022-окуу жылында билим берүү уюмдарында пандемия шарттарында окутуу-тарбиялоо процессин уюштуруу боюнча Билим берүү жана илим министрлиги менен Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги тарабынан, ар бир билим берүү деңгээлинде атайын Нускама, Алгоритмдер иштелип чыкты.

Ага ылайык, билим берүү уюмдары менчигинин түрүнө жана формасына COVID-19 жайылышын алдын алуу боюнча санитардык-эпидемиологиялык талаптардын сакталышын камсыз кылууга, ошол эле учурда тарбиялануучулардын, окуучулардын, персоналдын, мугалимдердин жана алардын үй-бүлөлөрүнүн коопсуздугун камсыздоо жана ден соолугун коргоо боюнча бардык чараларды көрүүгө тийиш.

Ал эми Бишкек шаарындагы орто мектептерин даярдыгы атайын тиешелүү кызматтар менен бирге Бишкек шаарынын мэриясынын атайын түзүлгөн комиссиясы тарабынан текшерилген.

Бишкек шаарындагы бардык орто мектептерде медициналык пункттар ачылып, атайын бекитилген дарыгерлер жана медайымдар иштей башташкан, алар мектеп окуучуларын жана кызматкерлерди санитардык талаптарга ылайык күн сайын текшерип турушат.

Шаардык мэриясынын Билим берүү башкармалыгынын карамагында 97 орто мектеп бар. Бул мектептерде алдын ала маалыматтар боюнча 170 000 жакын окуучу окуп жатат жана 7000 ден ашуун мугалим иштейт (бүгүнкү күндө 60 пайыз эмделген).

Ооруларды алдын алуу жана санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл боюнча мамлекеттик департаменттин Жугуштуу ооруларды көзөмөлдөө бөлүмүнүн башчысы Динара Оторбаеванын айтымында, учурда коронавирус дарты менен ооругандардын саны төмөндөөдө. Бул дагы болсо мамлекеттин оорунун алдын-алуу боюнча кылган иш-аракеттеринин, дарыгерлердин даярдыктарынын негизинде жүзөгө ашырылууда.

Ал: “2020-жылдын декабрь айында Кыргызстандын аймагында жайылган короновирус инфекциясынын геномун үзгүлтүксүз терең филогенетикалык изилдөө боюнча КР ССжанаСОМ менен РФ Роспотребнадзорунун жетекчилери тарабынан келишимге кол коюлган. Келишим 3 жылдык, биоматериалдын 300 үлгүсүн жөнөтүү мүмкүн.

Бүгүнкү күндө республика боюнча COVID-19 короновирус инфекциясын аныктоочу 19 лаборатория иштөөдө, анын ичинен 13 мамлекеттик, 6 жеке менчик лаборатория иш алып барууда. Лабораториялык аныктоо ПЧР ыкмасы менен жүргүзүлөт. Ошондой эле скрининг үчүн экспресс ыкма, ал эми шашылыш учурларда Genexpert ыкмасы колдонулат” –деп билдирди.

Муну менен эле катар Динара Оторбаева жаңы окуу жылында мектепке беткап тагынуу талабы коюлбай тургандыгын айтып, бирок санитардык нормаларды сактоо уланаарын билдирди.

Кыргызстанда коронавирус менен ооруган бейтаптардын саны төмөндөөдө 

Кыргызстанда коронавирус инфекциясы менен ооругандардын санынын төмөндөгөнү белгиленди. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинен билдиришти.

Саламаттык сактоо жана социалдык өнүгүү министрлигинин маалыматтары боюнча, үстүбүздөгү жылдын акыркы үч айында катталган лабораториялык жана клиникалык жана эпидемиологиялык жактан тастыкталган коронавирус инфекциясынын саны июнь айындагы 22,6 миң учурдан август айындагы 12,1 миң учурга чейин азайды.

Үстүбүздөгү жылдын августунда коронавирус инфекциясынын катталган учурларынын эң көп үлүшү Бишкек шаарына (51 пайыз) жана Чүй облусуна (17 пайыздан ашык) туура келди.

Ал эми августта июль айына салыштырмалуу калктын 100 миңине алганда оорулардын саны 3,1 эсеге, ал эми июнь айына салыштырмалуу 1,9 эсеге азайды.

Кытай Эл Республикасы Кыргызстанга дагы бир гуманитардык жардам  жиберди 

2021 -жылдын 13 -сентябрында Кытай Эл Республикасынан жеке коргонуу каражаттарынан турган дагы бир гуманитардык жүк «Манас» эл аралык аэропортуна келип түштү.

Жүк Кытай Эл Республикасынын Синьцзян-Уйгур автономиялуу району тарабынан кыргыз-кытай стратегиялык өнөктөштүгүнүн алкагында достук кыргыз элине COVID-19 коронавирус инфекциясы менен күрөшүүдө колдоо көрсөтүү максатында, ошондой эле Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына карата берилди.

Бир жолку 3 миллион даана медициналык бет кап, 100 миң даана N95 медициналык бет кап жана 20 миң комплект коргоочу костюмдардан турган гуманитардык жардамды Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары Улук -Бек Бектурганов тосуп алды.

Ал COVID-19 менен күрөшүүдө кытай тарап көрсөткөн жардамдын маанилүүлүгүн баса белгилеп: “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин атынан боордош кытай элине республикабыздын аймагында коронавирустук инфекциясынын жайылышы жана анын кесепеттери менен күрөшүүдө көрсөткөн колдоосу үчүн ыраазычылыгымды билдирем. Мен бул жеке коргонуу каражаттары медициналык кызматкерлердин жана коомчулуктун арасында COVID-19нын жайылышын азайтууга жардам берет деп ишенем»,– деген оюн билдирди.

СOVID-19га каршы 2021-2023-жылдарга карата иш-чаралар планы иштелүүдө 

COVID-19га каршы 2021-2023-жылдарга карата иш-чаралар планы иштелүүдө. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин медициналык жардам жана дары-дармек саясат башкармалыгынын башчысы Нурида Жусупбекова брифинг учурунда билдирди.

Анын айтымында, Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги ДССУнун колдоосу менен COVID-19ду алдын алуу жана көзөмөлдөө үчүн жооптуу мамлекеттик органдардын өкүлдөрүнү менен биргеликте иш-чаралар планынын үстүнөн иштөөдө.“Иштелип чыккан пландын долбоору COVID-19га даярдыкты жакшыртуу боюнча институционалдык мүмкүнчүлүктөрдү, ошондой эле келечекте коомдук ден соолукка коркунучтарды алдын алууну камтыйт. Пландын маанилүү компоненттери — туруктуу каржылоо, секторлор аралык координация, саламаттык сактоону толук санариптештирүү, ошондой эле ден соолукту коргоо эрежелерин үзгүлтүксүз сактоо, компетенттүү булактардан алынган маалыматка элдин ишеничин жогорулатуу жана пандемияда сунушталган жүрүм-турумдарды сөзсүз кабыл алуу болуп саналат”, — дейт ал.

Автор: Чолпонай Турдакунова

 

СТАТЬИ ПО ТЕМЕ

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
пожалуйста, введите ваше имя здесь

Популярные

Комментарии