11.1 C
Бишкек
Воскресенье, 8 сентября, 2024
ДомойВ КЫРГЫЗСТАНЕКылым карыткан кымыз баалуулугу кыргызда 

Кылым карыткан кымыз баалуулугу кыргызда 

Кымызды  сүйүп, барктабаган кыргыз болбосо керек. “Кымызды жакшы көрөсүңбү?” деп, кайсы гана кыргызга кайрылбагын “албетте” деген жоопту угасың. Анткени кымыз көчмөн кыргыз элинин кан-жанына сиңип, улуттун бир жүзү болгон суусундук.

Кыргыз ар качан ага ак деп аяр мамиле жасап, төкпөй-чачпай, аздектеп мамиле жасалган. Үйгө келген кишиге сөзсүз кымыздан ооз тийгизишкен. Көч өтүп баратса да суусунга кымыз берүү салт болгон. Керек болсо баамчыл адамдар, бейтааныш кишинин, жолоочунун кымыз ичкенинен эле кандай киши экенин сыпаттап биле алган. Эгерде жолоочу кесени олдоксон алып, шыпкап жутса, орой мүнөзүнөн, алакөөдөктүгүнөн кабар берген. Кесени катуу кармаса, тексиз жердин баласы деп билинген. Колдун учу менен, бирок кош колдоп кармап, бир жутуп кайра берүү сыпаалыктын, ак сөөктүктүн белгиси болгон. Муну менен катар эле, улуу киши, аксакал турган жерде өзүнө сунулган аякты ага биринчи сунуу жөн билгиликти дагы билдирген.

Пандемия учурунда кымыздын дарылык касиети дагы бир жолу тастыкталды. Ошондуктан канчалаган  дарттын шыбаасы болгон улуттук суусундук тууралуу сиздерге маалымат берүүнү туура көрдүк.

Ууз кымыз ичип ооруңду дарыла 

Кыргызда кулун байлаган мезгил март айынан баштап кеч күзгө чейин созулат. Ошондуктан кымыз жыл мезгилдерине карата ууз кымыз, гүл кымыз, сөөк кымыз деп үчкө бөлүнөт.

Ууз кымыз — эрте жаздан жайдын толуп турган убагына чейин даярдалган кымыз. Кымыздын бул түрү элдик медицинада ар кандай ооруга даба катары бааланат. Анткени бээлер ууздан арыла элек, чөп жашаң кез. Ууз кымыз ошого жараша таттуу келип, ичкиликтүү болот.

Жайдын толугу менен күзгө чейинки кымыз гүл кымыз деп аталат. Муну кээ бирөөлөр кызыл кымыз деп да коюшат. Чөп муун алып, гүлү төгүлүп, күчүнө келип турган убакта даярдалган бул кымыз күчтүү келет.

Чөп бышкан күздөн кышка чейин даярдалган кымыз сөөк кымыз же шырылдаң деп аталат. Бул учурда байып бараткан бээнин сүтү коюу келип, кымыран көбүрөөк кошулат. Сөөк кымыз коюу, күчтүү жана ток болот.

Тундурма кымыздын сыры 

Бал кымыз байтал бээнин сүтүнөн жасалат. Анын диеталык жана дарылык касиети күчтүү.  Саамал кымыз — ачый элек кымыз. Тунма кымыз — эң күчтүү кымыз. Балга чайкап, мейиз кошуп 3-5 күн ачытса, ичкиликке тете болуп чыга келет. Чайкаган кымыз — жакшы ачыган кымызга бал кошуп чайкап, саамал кошуп көпкө бышат. Ачыган кымыз — жакшы бышылган жаш кымызга саамал, ак чүпүрөккө жанчылган мейиз, набатты түйүп, чаначтын түбүнө салып бир нече күн ачытат. Мындай кымыз кадырлуу меймандарга, тойлорго арналып жасалат. Тундурма кымыз — таң заардан, тунуп калган кымыздын үстүңкү көк кылтыр суусун сузуп алат. Абдан күчтүү, ошону менен катар дарылык касиети күч. Байыркы бабалардын сексен, токсон жашка чейинки дымактуу, демдүү жүргөнүнүн сыры дал ушул тундурма кымызда эл арасында айтылат.

Кымыздын малдын сүтүнө карата төө кымыз (төөнүкү), уй кымыз (уйдуку), көөрчөк (кой-эчкиники) деген түрлөрү да бар. Кымыз көрөңгөлөнгөн күнүнө карата бир нече түргө бөлүнөт. Бир күндүгү жаш кымыз, эки күндүгү күчтүү кымыз, үч күндүгү өткүл кымыз деп аталат. Үч күндөн өткөн соң кымыз какырым даамданып калат. Мындай кымыздан илгери арак тартышкан.

Саба деген эмне?  

Чанач — кымыз куюучу идиш. Ал эчкинин, кийиктин туюк сыйрылып алынган чылгый терисинен жасалат. Ал көчүп-конууда, жол жүрүүдө канжыгага байлап алууга өтө ыңгайлуу. Чаначты мезгил-мезгили менен ыштап, майлап турса, андагы азык көпкө сакталат. Көнөк — шириден тигилген идиш. Ага бээ саалат, кымыз куюлат. Аны убагы менен ыштап турса, көпкө урунулат. Көөкөр — шириден ышталып, бычылып тигилген кымыз куюлуучу идиш. Орточо көөкөргө 4-5 литр кымыз батат. Саба — кымыз ачытылуучу шири идиш. Ал жылкынын, төөнүн, уйдун терисинен жасалат. Жакшы иштелип, жакшы ышталган сабанын сыртынан кымыз кылкылдап көрүнүп турат жана даамдуу болот.

Мамбеттокто Керимаалы уулу, кытайлык кыргыз: “Чаңкасам суусунумду кандырып, күч-кубат берген суусундук”

-Мен өзүм эрежесиз эр уруш багытында бир катар таймаштарга катышып жүрөм. Кичинекей кезимден кымыз ичип чоңойдум десем болот. Азыркы кезде дагы бул суусундукту абдан жакшы көрөм. Чаңкасам суусунум канат, муну менен эле катар ал денеге дагы кошумча дем-күч берет. Биз жакта деле бээ байлап, сабага кымыз бышышат. Кымызды эң аз дегенде 10-15 сааттан кем эмес бышышат. Канчалык сабада көп болсо, ошончолук даамдуу болот деп билем. Бул кыргыздын канына сиңген суусундук кыргыз жүргөн жерде дайыма болот деп ишенем.

Урмат Тураров, жеке ишкер: “Кымыз ден соолукка абдан пайдалуу” 

— “Бээнин сүтү миң ооруга даба” деп айтылат эмеспи кыргызда. Анткени жылкы баласы жаныбарлардын ичинен анча мынча ача туяктуулардай илдеттерге чалдыга бербеген, чөптүн түрүн тандап жеген төрт түлүктүн бири. Ошондуктан көпчүлүк кымызды дарылык касиетине карап да ичишет. Кымыз бышкан маалда атайын тоого чыгып, саамал менен дарыланып жүргөндөр дагы көп. Мурун кыргызда акты сатышчу эмес. Бирок убакыттын өтүшү менен бул дагы кирешенин жакшы булагына айланды.

Мен өзүм дагы кымызды абдан жакшы көрөм. Атайын жайлоодон буйрутма кылып, үй-бүлөбүз менен ичебиз. Ал иммунитети көтөрүүгө да жардам берет. Кымыздын ден соолукка абдан пайдалуу экендиги шексиз.

Канчалаган ооруга шыпаа болгон кымыздын дарылык касиети

Кымыздын дарылык касиети байыртадан эле белгилүү. Кымыз менен дарылоо Орто Азия, Казакстан, Башкырстан жана башка жерлердеги санаторийлерде кеңири жүргүзүлөт. Төөнүн, уйдун, эчкинин сүтүнөн да кымыз ачытылат. Бирок алар майлуулугу боюнча бээнин сүтүнөн жасалган кымыздан алда канча айырмаланып турат. Организмге жагымдуулугу, пайдалуулугу, минерал заттардын көптүгү жагынан бээнин сүтүнөн жасалган кымыздын артыкчылыгы бар. Кымызда А, В, С витаминдери, сүт кислотасы, кант, минерал заттар, май, көмүр кычкыл газ болуп, алардын көптүгү жылкы оттогон жайытка жараша болот.

Кымызды ичкенден кийин ичеги-карын жолдорунун бездери дүүлүгүп, карын зилин чыгаруу күчөйт. Ал себептен аны ачкарын ичүүгө болбойт, анткени ал карын, ичегилерди тез дүүлүктүрөт. Айрым ичеги-карын ооруларынан жапа чегип жүргөндөр, адегенде көп өлчөмдө ичсе терс таасир тийгизиши мүмкүн. Ошондуктан кымызды кичинеден, өлчөмүн улам күн өткөн сайын жогорулатып, жакшы сиңимдүү, эт-аштуу, аш болумдуу тамак-аш менен ичип, байыр алуу талап кылынат.

Кай бир оорусу бар адамдарга жаңы саалып алынган (ачый элек) бээ сүтүн ичүү да сунуш кылынат. Кымыз тамакка табитти ачат. Кымыздын тутумундагы сүт кислотасы тамак-аштагы белоктордун, майлардын, ар кандай канттардын сиңирилүүсүнө көмөк болот. Кымыз адегенде жүрөктү лакылдатып, кан басымын бир аз көтөрөт, дени соо адамдар андан бат эле арылып, бара-бара тамырдын кагышы кадимки калыбына келет. Кан тамырларга да кымыз кыйла жакшы таасир тийгизгендиктен, эритроциттер менен лейкоциттердин саны арта тургандыгы илимде аныкталган.

Бирок, гипертония оорусунда, жүрөк кемтигинде кымыз ичүүгө тыюу салынат. Бир катар организмдин өнөкөт же катуу кармаган ооруларында “баарына эле дары” деп кымызды иче берүүгө болбойт. Ошондуктан кымыз ичип — “дартка даба издөөдөн” мурун сөзсүз врачка көрүнүп, кеңеш алуу керек. Кээде айрым адамдар кымыз ичкенде жүрөгү айланып, кусуп, башы ооруп, уйкусу качса аны ичпөө керек. Кымыз туберкулёз ооруларында, аз кандуулукта, ошондой эле өнөкөт бронхитте, энтероколитте жана башка врачтын көзөмөлүндө өлчөмү менен ичсе абдан пайдалуу.

Кымызды жакшы ачытып, күнсүтпөй, салкын кармап, жакшы бышканда гана күчүнө келип, сапаты артат. Кымызды жайлоодон кыштакка (шаарга) жеткирүүдө да 2—3 күн түнөтпөй, жөнөөрдө саам (жаңы саалган сүт) куюп, жолдо күнсүтпөй, муздак алып келип өткөрүү да анын сапатын сактайт. Сапаттуу жасалган, өлчөмү менен ичилген, сары каймактаган кымыз саламаттыктын сактыгына, өмүрдүн узактыгына өбөлгө берет.

Автор: Чолпонай Турдакунова

СТАТЬИ ПО ТЕМЕ

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
пожалуйста, введите ваше имя здесь

Популярные

Комментарии