6.1 C
Бишкек
Воскресенье, 8 сентября, 2024
ДомойВ КЫРГЫЗСТАНЕКМШ оюндарында Кыргызстан 5 медаль жеңди

КМШ оюндарында Кыргызстан 5 медаль жеңди

Кыргызстандын күрөш боюнча курама командасынын мүчөлөрү Казань шаарында өтүп жаткан КМШ оюндарында 5 медаль жеңди. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча агенттигинен билдиришти.

125 кг салмак категорияда Арсланбек Турдубеков күмүш медаль тагынды. Ал эми, Нурканат Кайыпбердиев (65 кг), Бекмамат Бейшенов (70кг), Бакберди Мирсланбеков (85 кг) жана Баяман Мыктыбеков (100 кг) коло байгенин ээси болушту.

Аталган спорттун түрү боюнча жалпы медалдардын саны боюнча Кыргызстан 3-орунда. 10 медаль менен тизменин сап башында Россия, 2-орунда 9 медаль менен Өзбекстан турат.

Мектеп окуучулары үчүн «Ойлоп табам» аталышындагы окуу китеби жарык көрдү

Мектеп окуучулары үчүн интеллектуалдык менчик маселелери боюнча «Ойлоп табам» аталышында окуу китеби жарык көрдү. Бул тууралуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматы (Кыргызпатент) билдирет.

Маалыматка ылайык, окуу куралы мектеп окуучуларынын өздүк иши, интеллектуалдык менчикке жана ойлоп табуучулук жигердүүлүккө тиешелүү сабактарга даярданууга, мындан сырткары, ата-энелер менен бирге окуучулардын ойлоп табуучулук ишмердиктин, интеллектуалдык эмгектин натыйжаларын коргоонун ченемдерин жана тартиптерин изилдөөгө арналган.

Китептин авторлору: А. А. Антипов, Е. Л. Богданова, А. В. Ерузалимская, Д.А. Коротышева, Ю.Н. Коротышева, О.Е. Котенева, Т.Г. Максимова, А.С. Николаев, Г.В. Пудкова, Ю.С. Сербиненко. Кыргызчага которгон Доранбек уулу Акжол.

БШК жаш шайлоочулар менен иштешүүнүн жаңы тариздерин иштеп чыкмакчы

Шайлоого катышуунун маанилүлүгү, шайлоо процессине катышуу аркылуу жарандык демилгелерди илгерилетүүнүн мүмкүнчүлүктөр тууралуу жаштарга маалымдоонун жаңы тариздерин иштеп чыгуу зарыл. Бул тууралуу КР Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону даярдоо жана өткөрүү алкагында Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы уюштурган Бишкек шаарынын жаш активисттери менен Медиа мектеп таризинде онлайн жолугушууда айтылды.

Бул Медиа мектеп Борбордук шайлоо комиссиясынын жаш жана башка жарандык активисттер, шайлоо процессинин ар кыл катышуучулары, жалпыга маалымдоо каражаттары (ЖМК), интернет-басылмалар, блогерлер менен иштөөсүнүн жаңы таризи болуп саналат. Онлайн жолугушуунун жүрүшүндө баардык катышуучуларга шайлоо процесси, шайлоо кыргыз мыйзамдарына киргизилген өзгөртүүлөр, аралаш шайлоо тутуму, партиялык тизмелерди түзүүдө квоталоо механизми ж.б. жөнүндө маалымат берилүүдө.

“Добуш берүүнүн жаңы тартиби жарандарга партия үчүн гана эмес, конкреттүү талапкер үчүн дагы добуш берүүгө мүмкүнчүлүк түзөт. Бул эркин жана аң-сезимдүү тандоо жасаганга өбөлгө болот”, — деп белгиледи шайлоо боюнча медиа эксперти Авланбек Жумабаев

Өткөрүлгөн онлайн дикуссиянын катышуучуларына жигердүү шайлоо укугун ишке ашыруу жана бирдиктүү же бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча көрсөтүү аркылуу жаштардын жарандык демилгелерин илгерилетүүнүн мүмкүнчүлүктөрү тууралуу эске салышты. 2021-жылдын 11-июлунда өткөн Бишкек, Ош жана Токмок шаардык кеңештеринин депутаттарын кайталап шайлоо мисалга келтирилди. Анда саясий партиялардын катталган тизмелеринде депутаттыкка талапкерлердин кыйла санын 30 жашка чейинки жаш талапкерлер түздү. Атап айтканда, кайталап шайлоодо депутаттыкка 32 саясий партиядан 2 292 талапкер катталган. Алардын 533 талапкери же 44,8%ы – 30 жашка чейинки талапкерлер.

Кыргыз Республикасынын шайлоочуларынын жалпы тизмесинде 30 жашка чейинки курактагы шайлоочулар көпчүлүк бөлүктү түзөт. Бул жаштарга шайлоого жана шайланууга мүмкүнчүлүк берет.

Ысык-Көлдө биринчи Улуттук музей форуму өтөт

8-11-сентябрда Ысык-Көлдө Кыргыз Республикасынын көз карандысыздыгынын 30 жылдыгынын алкагында «Туруктуу музей: Аймактарды өнүктүрүүнүн кыймылдаткыч күчү» аттуу Биринчи Улуттук музей форуму өткөрүлөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, форум Курманжан Датка атындагы Көчмөндөр цивилизация борборунда башталып, Борбордук Азия университетинин Маданий мурастар жана гуманитардык илимдер бөлүмү тарабынан түзүлгөн “Эсте калган элестер” аттуу Үркүн элдик боштондук кыймылынын интерактивдүү көргөзмөсүнүн ачылышы менен Каракол шаарында уланат.

Форумдун максаты – Улуттук музей форумунун уюштуруу аркылуу көз карандысыз коомдук жана маданий мекемелер катары музейлердин ролун күчөтүү. Музейлерибизди жана алардын уникалдуу коллекцияларын сактоо жана өнүктүрүү боюнча аракеттерибизди бириктире турган масштабдуу музей форумун уюштуруу, музей тармагын жандандырат, музей коомчулугунун көйгөйлөрүнө жана ийгиликтерине көңүл бурат, алар, албетте бар, бирок облустук музейлердин ишмердүүлүгү тууралуу толук маалымат жок. Семинар музейлердин туруктуу моделдерин түзүүгө салым кошуп, музей жашоосундагы маанилүү окуяга айланат, республикалык музейлерди консолидациялоого жана жергиликтүү жамааттардын жашоо сапатын жогорулатуу жана жакшыртуу боюнча демилгелерди ишке ашырууга өбөлгө түзөт.

Катышуучулар — Кыргызстандын бардык аймактарынан келген музей адистери. Учурда өлкөдө 58 мамлекеттик музей жана ар кандай профилдеги 100дөн кем эмес музейлер бар, алардын арасында – мамлекеттик, ведомстволук, университет, мектеп жана жеке музейлер. Форумга катышуу үчүн музейлердин алдыңкы эксперттери чакырылат, алар кийинчерээк өз аймактарында музей ишин өнүктүрүү жана илгерилетүү үчүн ресурстук методикалык борборлорго айланат.

Москва шаарында Дөөлөт Сыдыковдун «Манас» айтуусу аяктады

6-сентябрда Кыргызстандын Россиядагы элчилигинде манасчы Дөөлөт Сыдыковдун «Манас» айтуусу аяктагандыгына байланыштуу салтанаттуу иш -чара болуп өттү. Бул тууралуу элчиликтин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Дөөлөт Сыдыков «Гиннестин рекорддор китебине» кирүү үчүн үстүбүздөгү жылдын 31-августунан 6-сентябрына чейинки мезгилде алты күн бою «Манас» эпосун үзгүлтүксүз айтты.

Бул иш-чара КРнын РФдагы элчилигинин жана Россиядагы кыргыз диаспора уюмдарынын колдоосу менен Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгын майрамдоого карата уюштурулду.

Белгилей кетсек, элчилик бул маанилүү миссияны ийгиликтүү аяктоо үчүн бардык зарыл шарттарды түзүп берди. Ошондой эле манасчы Дөөлөт Сыдыковдун аткаруусунда «Манас» эпосун угууну каалаган бардык мекендештер элчиликтин имратына 6 күн бою ээн -эркин кире алышты.

Өз кезегинде манасчы Дөөлөт Сыдыков бул иш-чараны Москвада өткөрүүгө көрсөткөн жардамы үчүн элчиликке жана уюштуруучуларга ыраазычылыгын билдирди.

Иш-чаранын жүрүшүндө элчилик тарабынан Москва мамлекеттик лингвистикалык университетинин «Аймак таануу» жана «Саясат таануу» адистиги боюнча кыргыз, украин, казак тилдерин окуган 2-курстун студенттери үчүн «Манас» эпосун угуу, ошондой эле философия илимдеринин доктору, манасовед Жылдыз Орозбекованын эпостун пайда болуу тарыхы боюнча лекцияларды окуусу уюштурулду.

Ал эми «Гиннестин рекорддор китебине» кирүү маселеси керектүү материалдарды иштеп чыгуу стадиясында турат.

Автор:Чолпонай Турдакунова 

 

 

 

 

 

СТАТЬИ ПО ТЕМЕ

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
пожалуйста, введите ваше имя здесь

Популярные

Комментарии