6.1 C
Бишкек
Воскресенье, 8 сентября, 2024
ДомойБез рубрики“Түндүк” бажы тариздөө жайы – заманбап бажы көзөмөлдөөчү жана логистика борбору

“Түндүк” бажы тариздөө жайы – заманбап бажы көзөмөлдөөчү жана логистика борбору

2021 -жылдын 31 –август күнү Silk Way индустриалдык паркынын аймагында жайгашкан убактылуу сактоо кампасында “Түндүк” бажы тариздөө борборунун ачылышы болду. Салтанаттуу иш -чарага Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигинин алдындагы Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы Исабеков Самат Сатарович, башкармалыктын башчысынын орун басарлары, индустриалдык парктын өкүлдөрү, инвесторлор жана ишкерлер катышышты.

Мамлекеттик бажы кызматынын башчысы Исабеков Самат Сатарович өз сөзүндө акыркы жылдары бажы тармагында бажы кызматын көрсөтүү жеке компаниялар тарабынан жүргүзүлгөндүгүн, бирок Silk Way индустриалдык паркынын ачылышы менен бул кызматтар мамлекеттик ишкана менен биргеликте жүзөгө ашырылып, натыйжада республикалык бюджетке акча-каражаты түшө тургандыгын баса белгиледи.

Убактылуу сактоо кампасынын ачылышы заманбап стандарттарга жана учур талабына жооп берген даяр продукцияны өндүрүү, логистика жана сатуу менен алектенген тышкы экономикалык ишмердиктин катышуучулары үчүн жагымдуу шарттарды түзмөкчү. Бул ата мекендик өндүрүүчүлөрдүн, импорттоочулардын жана экспорттоочулардын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатып, эл аралык соода жана өлкөнүн экономикалык потенциалын жогорулатууга, өнүктүрүүгө дагы түздөн -түз өбөлгө болуп бермекчи.

Бажы кызматынын төрагасы мамлекет башчысы тарабынан коюлган бажы чөйрөсүндөгү милдеттерди аткаруу зарылдыгын белгилеп, эл аралык инвесторлорго, донорлорго жана тышкы соода катышуучуларына Silk Way индустриалдык паркынын долбоорун ишке ашыргандыгы үчүн ыраазычылык билдирди. Ал «Silk Way» индустриалдык паркы — республикабыздын ЕАЭБ талаптарына жооп берген өнөр жай жана жеңил өнөр жай өндүрүшүндөгү ири долбоорлордун бири экендигин баса белгиледи.

Берилген маалыматка ылайык “Түндүк” бажы тариздөө жайын, бажы көзөмөлү жана логистика борборун ачууну пландап, ага 5 миллион АКШ доллары өлчөмүндө инвестициялык каражат жумшалган. Учурда “Түндүк” бажы тариздөө жайы толугу менен бүткөрүлүп, 2021-жылдын 31-августунан баштап ишке кирише баштады.

Кыргыз Республикасынын Бажы кызматы менен тийиштүү документтер түзүлүп, 2021-жылдын 26-августунда атайын күбөлүк алынган. Ал эми үстүбүздөгү жылдын 25-августунда Россия Федерациясынын Бажы кызматынын Кыргызстандагы өкүлчүлүгү “Түндүк” бажы тариздөө жайын көрүп жогорку баасын беришкендиги айтылды.

“Түндүк” бажы тариздөө жайы – Кыргызстандагы эң алгачкы, заманбап үлгүдөгү, ЕАЭКтин бардык жоболору менен шарттарына жооп бере ала турган Бажы көзөмөлү жана логистика борбору болуп саналат. Ал “Силк Вэй” индустриалдык паркынын аймагынан орун алып, дээрлик 4,5 га жер тилкесин камтып, саатына 40 фура жүктү өткөрүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болуу менен төмөндөгү бөлүктөрдөн турат: 3 кабаттуу административдик имарат (анын ичинде бажы кызматкерлери, кардарлар, брокерлер, банктар үчүн бөлүнгөн жайлар), жүктөрдү сактоочу кампалар, 300 фура турууга ылайыкталган аянтча, үч өткөрүү-текшерүү пункту, диспетчердик борбор, үстү жабылган 100 тонна жүккө ылайыкталган электрондук тараза, ачык, жабык типтеги жүктөрдү түшүрүү, кайра жүктөө пункттары, маркетинг жана менеджмент бөлүмү.

Түндүк бажы тариздөө жайынын негизги максаты: — “Бирдиктүү терезе” принциптерине ылайыкташтырылып, кардарларга толук жана ыңгайлуу шарттарды түзүү, бажы документтерин тариздөөнү толук автоматташтыруу менен тариздөө убактысын кескин түрдө азайтуу, жүктөрдү маркалоо, чиптер жана электропломбалар менен камсыздоо менен ЕАЭСтин жоболоруна ылайык экспортко багытталган жүк ташуу процессин көбөйтүү болуп саналат. Тактап айтканда, ишкерлер жана тышкы соода катышуучулары бирдиктүү терезе принциби боюнча бардык кызматтарды бир жерден ала алышат, бул алардын ишин алып барууну абдан жеңилдетмекчи.

Бул багытта “Түндүк” бажы тариздөө жайында бардык шарттар каралган. Бажы кызматкерлери тийиштүү эмеректер жана заманбап оргтехникалар менен жабдылып, бажы кызматынын иши,  кардарлар менен иштөө, жүктөрдү түшүрүү, кайра жүктөө, кароодон өткөрүү, тариздөө процесстери дээрлик автоматташтырылган.

“Түндүк” бажы тариздөө жайынын бардык аянтында, көмүскө экономикалык аракеттер, коррупциялык схемаларга чек коюу максатында бардык бажы тариздөө процесстерин (анын ичинде ар бир бажы кызматчысынын иш ордунда) байкоочу, көзөмөлдөөчү 60тан ашуун, эң акыркы үлгүдөгү видеоаппараттар коюлду.

“Түндүк” бажы тариздөө жайы – заманбап, акыркы үлгүдөгү биринчи бажы көзөмөлдөөчү жана логистика борбору катары, Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдык салтанаттуу мааракесине кытай инвесторлору менен жергиликтүү ишкерлердин белеги болуу менен катар эле Кыргызстандын экономикасына олуттуу салым кошот деген зор ишеним бар.

Келечеги кең — “Silk Way” 

“Silk Way” өнөр жай паркы — бул Борбор Азия аймагындагы көп функционалдуу өнөр жай комплекси болмокчу. 70 гектар аянтты ээлеген соода-өнөр жай жана текстиль комплексинин аймагында, Казакстан менен чектешкен жерде жана «Манас» эл аралык аэропортунан 30 км алыстыкта ​​соода-көргөзмө павильондору, кампалар, кенен кийим тигүүчү фабрикалар жана бажы жана логистикалык терминал жайгаштырылат.

Долбоор Өкмөттүн Текстиль жана кийим-кече өндүрүшүн өнүктүрүү программасынын алкагында ишке ашырылууда. Долбоорго тартылган каражаттар – ата мекендик ишкерлердин инвестициялары. Ал эми долбоордун негиздөөчүсү – Евразия экономикалык бирлигинин өлкөлөрүнө кыргыз текстилдик жана тигүү продукцияларын экспорттоо боюнча лидер “Alpha Cargo” компаниясы болуп саналат.

Өнөр жай шаарчасы өз ара байланыштагы бир нече секторго бөлүнгөн. Мында: өндүрүш сектору – “А” класстагы заманбап складдык имараттары бар фабрикалар, кеңири складдык имараттары менен даяр продукциянын, фурнитуранын жана кездемелердин соода-экспозициялык сектору жайгашат. Ал эми бажы-логистикалык борбор индустриалдык парктын резиденттерине экспортко жөнөтүү үчүн товарларды ыкчам тейлөөгө мүмкүнчүлүгүн берет.

“Silk Way” индустриалдык паркы өзүнүн клиенттери үчүн баалуу болгон убакытты үнөмдөөгө, ири компаниялар менен кызматташтыкты түзүүгө, товарлардын сапатын жогорулатууга жана “Made in Kyrgyzstan” продукцияларын дүйнөлүк стандарттарга жооп берген жаңы деңгээлге чыгарууга шарт түзөт.

Инвестор парктын аймагынан аянтты бардык документтери менен жеке менчикке сатып алат, келишим Мамлекеттик каттоо кызматында катталат. Бул кадам инвестициялардын коопсуздугуна кепилдик бермекчи.

Парктын Бажы-логистикалык борбору документтештирүү, маркалоо жана тастыктоо боюнча кеңири кызматтарды көрсөтмөкчү, ал эми “Silk Way” транспорттук компаниясы өзүнүн автопаркы менен буйрутма болгон жүктү белгиленген жерине мөөнөтүндө жана толук түрдө кепилдиги менен жеткирип бермекчи.

Эске сала кетсек, үстүбүздөгү жылдын 7-июнь күнү Кытай Эл Республикасынын инвестору Лю Ин мырза менен “Silk Way” индустриалдык паркынын башкы директору Адилет  Кубанычбековдун ортосунда 20 миллион доллар көлөмүндөгү инвестициялык келишимге кол коюлган. Белгилүү болгондой, баштапкы түз инвестициялар 20 миллион долларды түзсө, андан кийин жалпы инвестиция 100 миллион доллар көлөмүндө боло тургандыгы айтылган. Долбоордун биринчи этабы август айында ишке кирип, 2022-жылы болсо долбоор толугу менен аяктап, өз ишмердүүлүгүн баштаары күтүлүүдө.

Автор:Чолпонай ТУРДАКУНОВА

 

 

 

 

 

СТАТЬИ ПО ТЕМЕ

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
пожалуйста, введите ваше имя здесь

Популярные

Комментарии