-0.9 C
Бишкек
Пятница, 18 октября, 2024
ДомойВ КЫРГЫЗСТАНЕТигүүчүлөрдү даярдоо борбору кыргызстандык айымдарды  бекер окутуп, жумуш менен камсыз кылмакчы 

Тигүүчүлөрдү даярдоо борбору кыргызстандык айымдарды  бекер окутуп, жумуш менен камсыз кылмакчы 

25-август күнү Кыргыз Республикасынын Аялдар Конгресси Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына жана ШКУнун 20 жылдыгына арналган Тигүүчүлөрдү  даярдоо борборунун салтанаттуу ачылышын өткөрдү.

Аталган окуу борбору Кыргызстанда биринчи жолу жумушсуз аялдарды тигүүчүлүккө үйрөтүп, жумуш менен камсыз кылмакчы. Бул эл аралык долбоор Бүткүл Кытай аялдар федерациясы менен өнөктөштүктө жана Кытай элчилигинин колдоосунун алдында ишке ашырылды. 60 тигүү жабдуусу толугу менен Пекинден Бүткүл Кытайлык Аялдар Федерациясы тарабынан жөнөтүлгөн. Ал эми Кыргызстандагы КЭРдин элчилиги ал жабдууларды биздин өлкөгө алып келүүгө көмөктөш болуп, окуу борборду курууга дагы каржы жагынан жардамчы болгон. Кыргызстан Аялдар Конгресси болсо жерди ижарага алып, насыянын негизинде борборду кургандыгы маалым болду.

Бул салтанаттуу иш-чаранын ачылышына Кытай Эл Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Ду Дэвэнь айым, Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин, Бишкек шаарынын мэриясынын, Свердлов районунун акимиатынын өкүлдөрү, коомдук ишмерлер жана кыргызстандык ишкер айымдар катышышты.

Иш-чаранын жүрүшүндө Кытай Эл Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Ду Дэвэнь айым, Кыргыз Республикасынын Аялдар Конгрессинин Президенти Замира Акбагышева, Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Алтынчы Саясий Департаментинин директорунун орун басары Аданов Рахман Бектурсунович баяндама жасады.

Кытай элчиси Ду Дэвэнь  айым өз сөзүндө биринчи кезекте Кыргызстанды эгемендүүлүктүн 30 жылдыгы жана Кытай менен Кыргызстандын ортосунда дипломатиялык мамилелердин түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгы менен куттуктады. Ал КЭР менен Кыргыз Республикасынын ортосундагы ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүктү жана «Бир алкак — бир жол» биргелешкен долбоорунун алкагындагы кызматташтыктын жыйынтыктарын жогору баалап, Кытай менен Кыргызстандын аялдары ар дайым достук мамилени колдоп келе жатканын баса белгиледи. Мындай кызматташуу алакалары дагы кытай-кыргыз мамилелеринин өнүгүшүнө маанилүү салым кошо тургандыгын билдирди.

Элчи айым Тигүүчүлөрдү даярдоо борбору боюнча кенен маалымат берип, ал Бүткүл Кытайлык Аялдар Федерациясынын, Кыргызстан Аялдарынын Конгрессинин жана Кытай Эл Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Элчилигинин колдоосу менен ачылып, алгачкы тигүүчүлөрдү даярдап бүткөндүгүн маалымдады. Бул борбор Кыргызстандагы аялдардын кесиптик чеберчилигин жогорулатууга жана жумуш орундарын түзүүгө гана жардам бербестен, Кыргызстандын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө, ошондой эле Кытай менен Кыргызстандын элдеринин ортосундагы достук мамилелерди тереңдетүүдө дагы роль ойной тургандыгын  билдирди.

Ал эми Замира Акбагышева, Кытай Кыргызстандын жакшы коңшусу экендигин, эки өлкөнүн элдери бир туугандай болуп, дайыма бири -бирин колдоп, жардам берип турганын баса белгиледи. Акбагышева Кыргыз Республикасынын жана Кыргызстан Аялдарынын Конгрессинин атынан Бүткүл Кытайлык Аялдар Федерациясына жана Кытай Эл Республикасынын Элчилигине Тигүүчүлөрдү даярдоо борборун түзүүдө кошкон эбегейсиз жардамы үчүн ыраазычылыгын билдирди. Ал өз сөзүндө борбор дагы бир жолу эки өлкө ортосундагы терең достукту чагылдыраарын жана Кыргызстандагы аялдардын эмгекке жөндөмдүүлүгүн жогорулатууга жардам берээрин баса белгиледи.

Кыргызстан Аялдар Конгресси кыргыз-кытай достугун тереңдетүү жана адамзаттын жалпы тагдырынын коомчулугун түзүү үчүн кытай тарап менен кызматташууну улантууга ар дайым даяр экендигин дагы айтып өттү.

Элчи Ду Дэвэнь айым жана коноктор Тигүүчүлөрдү даярдоо борборунун лентасын бирге кесип, борбордун студенттерин тигүү техникасын жакшы үйрөнүүгө үндөштү.

Айнура Керим кызы, тигүүчү: “Азыркы тапта биздин өлкөдө жумушсуздук маселеси абдан көйгөйлүү” 

-Мен бүгүн алгачкылардан болуп тигүүчүлүк сертификатына ээ болдум. Жалпысынан 80 адам окудук. Алардын кыркына сырттан жумуш таап беришти, калганыбыз бул жакта дагы иштөөбүздү улантабыз. Чындыгын айтканда бул мен үчүн абдан жакшы мүмкүнчүлүк болду. Бул кесипти дагы жакшылап өздөштүрүп, келечекте өзүмдүн тигүү цехимди ачкым келет. Бизге ушундай мыкты мүмкүнчүлүктү түзүп берген Кыргызстан Аялдар Конгрессине, Кытай элчилигине, Бүткүл Кытайлык Аялдар Федерациясына өз ыраазычылыгымды билдирмекчимин.

Азыркы тапта биздин өлкөдө жумушсуздук маселеси абдан көйгөйлүү. Ошондуктан бул жактан бекер окуп, жумуш орду менен камсыз болуу ар бир эле үйдө отуруп, окубай калган аялзатынын кыялы болсо керек. Чындыгында Замира Акбагышева башында турган  Кыргызстан Аялдар Конгресси биздин айымдардын өсүп-өнүгүүсү үчүн бардык шарттарды түзүп берип, биз үчүн жакшы иштерди аткарып келе жатышат. Алардын дагы иштерине ийгилик каалап, рахматымды айтмакчымын.

Кыргыз Республикасынын Аялдар Конгресси өлкөдөгү эң таасирдүү аялдар уюму 

1993 -жылы негизделген Кыргыз Республикасынын Аялдар Конгресси өлкөдөгү эң таасирдүү аялдар уюму болуп саналат. Уюмдун эң башкы максаты Кыргызстандагы аялдардын ролун баса белгилеп, алардын экономикада болгон катышуусун жогорулатуу болуп саналат. Учурдагы башкы приоритеттеринин бири аялдардын экономикадагы укугун коргоп, аларга жумуш ордун түзүп берүү, насыя-грантты алып берүү болуп саналат. Муну менен катар эле, дүйнө жүзү боюнча Кыргызстандын аялдарын даңазалоо, алардын идеяларын, иштерин, ой-пикирлерин, турмушка болгон умтулуусун элге жеткирүү болуп саналат.

Кыргызстан Аялдар Конгресси Кытай Эл Республикасынын Кыргызстандагы элчилиги менен дагы тыгыз кызматташып келет. Буга чейин “Билимдүү айым-билимдүү мамлекет” долбоору дагы биргеликте ишке ашырылган. Ал жакта, бизнес-план түзүү багытында окууларды үйрөтүп, компьютердик жана башка заман талабына ылайык курстар өткөрүлгөн.

Ал эми жакында ачылышы болуп өткөн Тигүүчүлүк боюнча окуу борборунун жабдуулары Бүткүл Кытайлык Аялдар Федерациясы тарабынан берилген, ал эми Кытайдын Кыргызстандагы элчилиги борбордун ачылышына дагы каржылык колдоо көрсөткөн.

Автор:Чолпонай ТУРДАКУНОВА

 

СТАТЬИ ПО ТЕМЕ

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
пожалуйста, введите ваше имя здесь

Популярные

Комментарии