13.1 C
Бишкек
Пятница, 18 апреля, 2025
ДомойВ КЫРГЫЗСТАНЕАялдар бизнесинин күнгөй-тескейи

Аялдар бизнесинин күнгөй-тескейи

Кыргызстанда акыркы жылдары аялдар жетектеген чакан ишканалар 21 пайызга, орто бизнес 16 пайызга, ири ишкердик 22 пайызга өскөн.Бул тууралуу Монголияда өткөн «Жашыл келечекке карай жол деп, аталган Бүткүл дүйнөлүк аялдардын экологиялык форумунда КРнын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин өкүлү билдирген.   

Мыйзам тездесе иш жүрөт

    Айымдардын катышы саясатта, ишкерликте жана ар кандай деӊгээлдеги башкаруу органдарында кыйла өсүп жатат. Айрыкча, жакырчылыкты кыскартуу багытындагы социалдык контракт мамлекеттик долбоорунун алкагында аялдардын үлүшү 96 пайызга жетип, мында элет жериндегилер көпчүлүктү түзгөнү байкалган. Өлкө боюнча социалдык контракт долбоорунун ийгиликтүү ишке ашырылуусу 98 пайызды түзгөн. Анын натыйжасында, акыркы эки жылдан бери жалпысынан 18 000ден ашык жумуш орду камсыздалган. Мында аялдар айыл чарбасында, кайра иштетүү тармагында, соода-сатык жана кызмат көрсөтүү жаатында чакан ишканаларды ачып, бизнести ийгиликтүү илгерилетишти. Социалдык контракт долбооруна катышкандардын 11 пайызы мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар болду.

       Өлкөдө жалпы калктын 50 пайызга жакыны аялдар. Ушул аспектиден алганда, Эл аралык валюта фонду (ЭВФ) кыргызстандык аялдардын экономикага кошкон салымы кыйла аз экенин билдирип, бул калктын жан башына карата ИДПнын 27 пайызын жоготууга барабар деп эсептейт. Көпчүлүк аялдардын бизнес менен алектенүүсү үй-бүлөнүн турмуш деӊгээлин өйдөлөтүп, балдарын багууга киреше табуудан ашпаган мүнөздө болуп жатат. Бизнести андан ары өнүктүрүп кетүүгө кошумча каражаттын тартыштыгы дээрлик сакталып калууда. Айымдар жетектеген ири бизнес өлкө экономикасына олуттуу салым кошуп, андан ИДПнын кадыресе көтөрүлгөнү боюнча тенденцияны дүйнө тажрыйбасы тастыктап келет.

       Өткөн жылы «Ишкерлердин укугу коргоо» жөнүндө КРнын мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү боюнча мыйзам долбоорун Жогорку Кеӊештин депутаттары Камила Талиева, Элдар Абакиров, Элвира Сурабалдиева ж.б. депутаттар демилгелеп чыгышкан. Анда эл өкүлдөрү аталган мыйзамга «Аялдардын ишкердиги» деген өзүнчө бөлүм киргизүүнү сунушташкан. Бул мыйзам долбоору парламентте кабыл алынып, Президент С.Жапаров 2024-жылдын декабарь айында кол койгон. Мыйзам долбоорунда аялдардын ишкерлигин колдоо максаты коюлат. Маселен, ишкер айым ишкананын акцияларынын 51 пайыздан кем эмесине ээ болушу шарт, же штаттык кызматкерлеринин 51 пайыздан кем эмесин да аялдар түзүшү керек ж.б. талаптар кирген. Айтор, муну менен айымдар жетектеген бизнес мамлекет тарабынан аз пайыздуу кредит алууга, салыктык жеӊилдиктерге жетишүүгө, КРнын Кепилдик фондунан квотага ээ болуу сыяктуу колдоолорго жеткиликтүү болот. Мындай колдоолор эл аралык алкакта практикаланып келе жатканы аз эмес.

 Жардам берүүдөн байкалган жагдай 

 Депутат Элдар Абакиров аялдар ишкерлигине байланышкан бир окуя тууралуу мындай дейт: «Мен 2016-жылы Экономика министринин орун басары болуп иштеп турганымда аял ишкерлер үчүн эл аралык уюмдардын каржылоо программасы бар болчу. Бирок, банктардын кредиттик пайыздары жогорулугу кыйнап койчу. Улуттук статистикалык комитеттин маалыматына таянсак, өлкөдөгү жалпы эркектердин 75,4 пайызы иш менен камсыз болот. Ал эми аялдардын жалпы сандык катышынан алганда, 45 пайызы эле расмий иштей алышат экен. Анткени, орточо эсептегенде, ар жыл сайын иштеген аялдардын 38 пайызы декретке чыгып же балдарын каратар кишиси жогунан жумуштан бошоп кетишет. Себеби, жаш энелер иштейин десе бала бакча тартыштыгынан үйдө отурууга аргасыз. Бул абдан чоӊ көйгөй. Кыргызстанда ар бир төрт баланын бирөөсү эле бала бакча менен камсыз болуп жатат.

       Бир окуяны айтып берейин. Беш жыл мурда айыл өкмөтү мага каражаттан кыйналган үй-бүлөлөрдүн тизмесин бергендиктен, өз айылымдагы 10 аялга демөөрчүлүк иретинде машинка сатып берип, тигүү цехин ачтым. Бешөөсү жалгыз бойлуу энелер экен. Аялдар кийим тиккенди тез эле үйрөнүп, кардарларды таап алышкан соӊ: «Бала бакча жогунан балдарым каралбай калды. Машинканы үйгө алып кетип тиксем болобу?», — деп суранышканынан, цех тарап кетпесин деп, уруксат берген эмесмин. Кийинчерээк байкасам, ошол эжелердин кээ бири агасына, кээ бири Москвадагы мигрант инисине үч-төрттөн машинка алдырышып, үйүнөн тигүү цехин ачып алышты. Өзүнөн тышкары, эки-үч кошуна аялга жумуш берип, кардарлары көбөйүп иштеп кетишти.

     Бир күнү «Элим барсыӊбы?» аттуу кайрымдуулук фондусу мени турмуштан кыйналган аялдарга финансылык сабаттуулук боюнча акысыз сабак өтүп берүүмдү суранышкандыктан, макул болгом. Ошол жерге баягы эжелердин бирөөсү келип калды. Ал үч жылдын ичинде 20 машинка сатып алып, 18 аялды жумушка тартып, жалгыз бой экенине карабай, төрт баласын жакшы багып, кадыресе ишкерге айланып калыптыр. Бир убакта өзү жардамга муктаж эне эми минтип, кайрымдуулук жасаганы келиптир. Мындан мен аялдарда бизнеске болгон тартылуу стимулу абдан күчтүүлүгүн байкадым. Эненин жүрөгү ар дайыма балдарым деп согуп турат. Ушул баа жеткиз асыл касиет аны тоону томкорууга да даяр кылат эмеспи».

      — Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу Шарк айылынан болом, — дейт жеке ишкер Айназик Камашева. — Мен помидор, бадыраӊ өстүрүп 9 жылдан бери күнөскана иштетип келем. «Айыл банк» менен «РСК банктын» кредиттеринин пайыздары жогору болуп жатат. Кредитти кайтаруу боюнча каникул берилсе, мамлекеттен субсидия каралса жакшы болот эле. Ошто кышкысын күнөскананын продукцияларын сатууда көйгөй жок. Бирок, каржы булагы тартыш. Көмүр кымбат. Чыгымын актабагандыктан жергиликтүү элдин күнөсканалары жабылып калууда. Аял ишкерлерди мамлекет мыйзамдык колдоого алып жатат. Бирок, аны турмушка ашырууга аткаруу бийлиги ишти ылдамдатуулары керек. Күнөскананын продукцияларын көбөйүп рынокту камсыздоого, ал түгүл экспорттоого болот. Азыркы күндө Өзгөндө бир эженин 3 гектар күнөсканасы бар. Оштун тегерегинде 1 гектар, 0,1 гектардан ашпаган аянтка күнөскана кургандар. Менин күнөсканам 50 сотых», — дейт ал.

Бала бакчанын тартыштыгы бизнеске тоскоол

Кыргызстанда кичине-чоӊу болуп, 900дөн ашык тигүү ишканасы бар. Бирок, бүгүнкү күндө да аларда тикмечилер тартыш. Ошондон улам бул тармактын экспорттук мүмкүнчүлүгү чоӊ экенине карабай, ири цехтер толук кандуу иштебей турат. Аргасы кеткен ишкерлер, чет өлкөлүк тикмечилерди топ-тобу менен чакырып келишүүдө. Анын себептеринин бири – өлкөдө бала бакчанын жетишсиздиги. Улуттук статистикалык комитетинин маалыматы боюнча, өлкөдө 7 жашка чейинки балдардын 24 пайызы гана бала бакчага тартылган.

Ушуга байланыштуу 2023-жылдын 17-мартында Министрлер Кабинети мектепке чейинки билим берүүнүн «Өкмөттүк акселератор» программасын кабыл алган. Аны менен мамлекет менчик бала бакчаларды ачуунун тоскоолдуктарын жоюу аракетин көрө баштаган. Ага чейин үй шартында бала бакча ачууга уруксат берилчү эмес. Бүгүнкү күндө ар бир аял өз үйүндө бала бакча иштетип ишкерлик кылууга укук алган. Экономика жана коммерция министринин мурдагы орун басары Айнура Үсөнбекованын айтымында, акселератор программасы Бириккен Араб Эмиратынан алынган тажрыйба. БАЭнын өкүлдөрү менен өкмөттөгү жолугушууда экономикалык рычагдарды колдонуп, тез арада ишке ашырууга жөндөмдүү болгон акселератордук программада бала бакчаларды ачуу тандалып алынган. Бүгүнкү күндө бала бакчаларды ачуу үчүн мектепке чейинки окутуунун негиздерин окуп үйрөнүп, санитардык жана өрт коопсуздугунун ченемдерин сактап, жеке ишкер катары каттоодон өтүп коюу жетиштүү. Мурда бул үчүн 14 мамлекеттик органдан уруксат кагазын чогултуу түйшүгү бар болчу. Анын үстүнө, мектепке чейинки билим берүү ишмердүүлүгүнө патенттик системасы калтырылган. Тигүү тармагынын ишкерлерине фабрикалардын аймагында бала бакча курууга уруксат берилген.

       Кыргызстанда 7 жашка чейинки 1 млн. 118 миӊ бала бар. Мунун ичинен болгону 200 000 эле бөбөк бала бакчага тартылып жаткан болсо, ага 918 000 баланын мүмкүнчүлүгү жок. Анткени, өлкөдө 1712 мамлекеттик бала бакча бар. Булардагы 2000 сомдук айлык төлөм бардык ата-энелердин капчыгына ылайык келет. Бирок, алардан каалоочулардын баарына орун жетпейт. Анын үстүнө ата-эне бир-эки жыл кезекке турмайынча баланы мамлекеттик бала бакчага орноштуруусу кыйын. Андан тышкары, өлкөдө жеке ишкерлер ачкан 250гө жакын бала бакча иштеп жатат. Муну райондорго шарттуу түрдө бөлүштүрүп эсептеп көрсөк, ар бир районго 5 эле бала бакча туура келүүдө. Салыштырсак, 7 жашка чейинки балдардын Өзбекстанда 67 пайызы, Казакстанда 97 пайызы бала бакча менен камсыздалган.

     Текстиль жана жеӊил өнөр жай кызматкерлеринин профсоюзунун төрайымы Алмабүбү Жаркынбаеванын айтымына караганда, ишкерлер тикмечилерди жумушка чыгара албай жатышса, алар балдарын кимге бактырарын билбей ыйлашат. «Аргасы кеткен Бишкектеги айрым ишкерлер, Бангладештен тикмечилерди алып келишүүдө, — дейт ал. — Айрым тикмечилер балдарына карап, цехтен бычылган кездемелерди үйүнө алып келип тигип жатышат. Бирок, мындай жагдайда товардын сапаты кетип, кайра оӊдоткон учурлар көп.

      Мамлекеттик бала бакчалар жалпы калкка жетиштүү эмес, ал эми ишкердин менчик бала бакчасына көп үй-бүлөлөрдүн капчыгы туура келбейт. Ишкерлер фабриканын территориясына бала бакчаларды кура алышса, тигүүчүлөр туруктуу иштеп, эмгек өндүрүмдүүлүгү көтөрүлүп, жакшы тандем болгону турат. Жогорку категориядагы тикмечилер бул жактан окуп, биздин цехтерден мол тажрыйба топтоп алып миграцияга кетип жатышат. Жаштардын дээрлик баары турак-жайга муктаж. Коммерциялык банктар тикмечилерге жумушу туруктуу болбой калышы ыктымал деп, ипотекалык кредиттерди бербейт. Ошондуктан тикмечи, иш берүүчү жана банк болуп, үч тараптуу келишим менен ипотека маселесин чечишсе болот».

Нарынкүл НАЗАРАЛИЕВА

Сүрөт WWW

СТАТЬИ ПО ТЕМЕ

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
пожалуйста, введите ваше имя здесь

Популярные

Комментарии