КыргызстанмененКытайөзарасоодажүгүртүүкөлөмүн 2030-жылгачейин 45 млрд. долларгажеткирүүнүкөздөпжатышат. КРнынПрезидентиСадырЖапаровдун, КЭРдинТөрагасыСиЦзиньпиндинушулжылдынфевралындагыПекиндегижолугушуусундакабылалынган 20данашыкдокументтинишкеашырылуусуэкитарапкамилдеттендирилген.
Өткөн аптада КРнын Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары, суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министри Бакыт Төрөбаев жетектеген делегациянын КЭРдин Синьцзян-Уйгур автономиялуу районуна (СУАР) иш сапары менен барып, анда Кытайдын Коммунисттик партиясынын борбордук комитетинин саясий бюросунун мүчөсү, СУАР партиялык комитетинин катчысы Ма Синжуй баштаган жетекчилер менен жолугушуусу өттү. Түз эле айтсак, эки өлкөнүн лидерлеринин тапшырмаларын турмушка ашыруу аракети активдешип жатканы СУАРдагы ушул жолугушууда байкалды. Маселен, кыргыз-кытай мамлекеттик чек арасындагы «Бедел» өткөрүү бекетин, Барскоон-Бедел-Үчтурфан-Аксу автожолун курууну кечиктирбей баштоо маселеси талкууланды. Президенттин ошол эле иш сапарында «Бедел» бекетин заманбап технологиялар менен куруп бүтүрүү үчүн Кытай мамлекети 41 млн. 408 миӊ доллар грант бере турганы сүйлөшүлгөн болчу. Андан тышкары, «Торугарт», «Эркечтам» чек ара бекеттеринин эскирген абалын заман талабына ылайык келтирүү маселеси турат. Эки өлкөнүн бири-бирине жүк ташуу мүмкүнчүлүгүн камсыздоо максатында буларды модернизациялоо маселеси кыргыз делегациясынын Үрүмчү отурумунда олуттуу каралып, ал да дароо колго алынары белгилүү болду.
Кыргызстанда ИДПнын өсүү темпи акыркы 3 жылда 9 пайызга жетти. Өлкөдө коррупцияга, уюшкан кылмыштуулукка каршы аёсуз күрөш жүргүзүүнүн натыйжасында мамлекеттин бюджети 3 эсе өскөнү айныксыз иш. Бакыт Төрөбаев ушул сыяктуу өлкөдөгү кескин өзгөрүүлөрдү аталган жолугушууда айтып берди. Ал эми Ма Синжуй эки кошуна өлкөнүн кызматташуу тарыхындагы акыркы жылдар эӊ жакшы мезгил болуп жатканын айтып келип, Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара көйгөйүнө биротоло чекит коюлганын кубанып кабыл алганын билдире кетти. Ал өз сөзүндө Кытай Кыргызстанга инвестициянын көлөмүн мындан ары да жогорулатарын, буга чейинки жетишилген макулдашууларды Кытай тарап ишке ашырууга дайыма кызыкдар экенин белгиледи.
Эки тараптын алака катышы барган сайын арбыганынан улам, жаӊы аба катамдарын ачуунун зарылчылыгы чыгып жатканы айтпаса да түшүнүктүү. Кыргыз делегациясынын ушул иш сапарында Үрүмчү-Ош, Кашгар-Ош жаӊы аба каттамдарын ачуу маселелери каралып, аны ишке ашырууну тездетүү жагдайы каралды. Чынында, кошумча аба каттамдардын ачылуусу соода-экономикалык, туристтик, маданий-гуманитардык кызматташууну кадыресе алдыга жылдыруучу иш.
Дагы бир жакшы кабарды айта кеткенибиз оӊ. Бакыт Төрөбаевдин Маалыматтык технологиялар жаатындагы «Цюаньибао» компаниясы менен сүйлөшүүлөрдүн натыйжасында, жасалма жамгыр жаадыруучу, өсүмдүктөргө залакасын тийгизген курт-кумурскалардан зыянсыздандыруу багытындагы 1 млн. 120 миӊ долларлык айыл чарба дрон техникаларын Кытай тарап Кыргызстанга гранттык негизде берди. Ошону менен катар, «Кыргыз Агрохолдинг» ААК менен «Цюаньибао» компаниясынын ортосунда өз ара кызматташуу меморандумуна кол коюлду.
Эске сала кетсек, өткөн жылы VIII Ысык-Көл экономикалык форумунда кол коюлган келишим боюнча Чүй облусунда интеллектуалдык инфраструктурага ээ болгон «Азия-Европа алтын жол» эл аралык бажы-логистикалык паркын куруу да баштала турган болду. Бул ири долбоордун инвестициялык көлөмү 30 млн. долларды түзөт.
Алгачкыкөзөмөл кампасы ишке берилди
Кытайдын Кызыл-Суу-Кыргыз автономиялуу округундагы Улуу Чат шаарында Кыргызстандын ири көзөмөл кампасынынрасмий ачылышы өттү.
Аталган долбоор регионалдык экономиканы, социалдык туруктуулукту, айыл чарбасын модернизациялоону жана Борбор Азия менен Кытайдын соода байланыштарын бекемдөөчү стратегиялык мааниге ээ. Тагыраагы, кампанын жалпы аянты 13 гектарга барат. Азыркы учурда анын 7 гектардан ашыгы толук ишке берилди. Көзөмөл кампаны Кыргызстандын «Бай Дыйкан» компаниясы менен КЭРдин мамлекеттик корпорациясы өнөктөштүктө курушуптур. Буга салынган инвестициянын көлөмү 8,3 млн. долларды түзүптүр. «Бай Дыйкан» компаниясынын негиздөөчүсү Э.Акунбековдун айтымына караганда, аталган долбоор логистика, эл аралык соода жана өз ара инвестицияларды жылдыруу жаатындагы жаӊы демилгелердин негизи болоруна ишеним чоӊ. Э.Акунбеков долбоор тууралуу: «Көзөмөл кампасы ири бизнеске эле эмес, чакан жана орто ишкерликке да жакшы пайда келтирип, жаӊы жумуш орундарын түзүп, Кыргызстандын бизнес чөйрөсүнө олуттуу мүмкүнчүлүктөрдү ачат», — деп белгиледи. Мындай айтылганындын да жөнү бар. Анткени, атамекендик ишкерлер, карапайым дыйкандар өндүрүп чыгарган айыл чарба азыктары көзөмөл кампага ташып келинип, сертификациялоодон өткөрүлүп, Кытайдын бир катар округдарына ташып жеткирилиши үчүн курулуп отурат. Бакыт Төрөбаев Кытайдагы кампанын ишке берилишин тарыхта алгачкы жолу турмушка ашырылган айыл чарба багытындагы долбоор катары баа берди. «Президент Садыр Жапаровдун азык-түлүк экспортунун көлөмүн эки эсеге көтөрүү боюнча тапшырмасынын негизинде бул долбоорду ишке ашырдык. Эки өлкөнүн жеке менчик ишканалары ушул көзөмөл кампаны чогуу курушту. Бул тарыхта биринчи жолу ишке ашырылып жатат. Буга чейин мындай кампа болбогондуктан биздин азык-түлүктөр кошуна өлкөлөр аркылуу өтчү. Эми бизге 1 млн. тонна көлөмгө чейинки продукцияларды экспортоого мүмкүнчүлүк түзүлүп, азык-түлүктүн 32 түрүн сыртка чыгарууга болот. Тагыраагы, Кытай менен айыл чарба продукцияларынын 15 түрүн экспорттоого келишим түзүлгөн. Ал эми продукциянын 17 түрү боюнча бизге келишимсиз уруксат берилген», — дейт Бакыт Эргешович.
Университеттер аралык алаканын артыкчылыгы
Кыргызстан менен Кытайдын Шэньси провинциясынын университеттер аралык кызматташтыгын чыӊдоо боюнча Бишкекте өткөн форумда ондон ашык меморандумга кол коюлду.
Айталы, КЭРдин Түндүк-Батыш университети менен И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университети (КТМУ) геологиялык кырсыктардын алдын алууга багытталган лабораторияны уюштуруу боюнча долбоору «Бир алкак – бир жол» демилгесинин алкагында ишке ашырылат. Ал эми КТМУнун базасында Түндүк-Батыш университетинин филиалы да ачыла турган болду.
Шэньси технологиялык университетинин Ж.Баласагын атындагы КУУда саясий жана юридикалык илимдер факультетинин Кытай – Борбор Азия укуктук изилдөө борборунун кыргыз филиалын ачуу пландаштырылууда. Форумда КЭРдин Кыргызстандагы элчиси Лю Цзянпин билим берүү тармагындагы кыргыз-кытай кызматташтыгы тууралуу: «Билим берүү тармагындагы кызматташтык жаӊы доордогу кытай-кыргыз мамилелеринин маанилүү бөлүгү. Акыркы жылдары ал тездик менен өнүгүүнүн үстүндө. Бүгүнкү күндө Кыргызстанда 4 Конфуций институту жана 20дан ашык класстары иш алып барып жатат. Буларда жыл сайын 10 000ден ашуун кыргызстандык студент билим алууда», — деп билдирди.
Бир топ жылдан бери Кытайдын университеттеринен билим алууга умтулган жаштарыбыздын катары өсүүдө. Мисалы, 2025-2026-окуу жылына бакалавриат, магистратура, докторантура жана тил үйрөнүү стажировкасы болуп, 17 стипендиялык орун бөлүнүүдө. Ал эми 2023-2024-жылдын окуу жылына карата ШКУнун программаларынын алкагында кыргызстандык 10 студент КЭРдин университеттеринен стипендия менен билим алуу артыкчылыгына ээ болушкан. Бул сыяктуу мисалдарды айта берсе абдан көп. Аталган форумда Билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева: Биз «Бир алкак – бир жол» демилгесинин алкагында билим берүү тармагында көптөгөн долбоорлор ишке ашырылып, өлкөнүн академиялык байланышын чыӊдоого өбөлгө түзүүдө. Кыргызстан бул глобалдык демилгеде маанилүү ролду ойнойт жана билим берүү тармагында кызматаштыкты кеӊейтүүгө зор мүмкүнчүлүктөрдү көрүп жатабыз», — деп билдирди.