-0.9 C
Бишкек
Пятница, 18 октября, 2024
ДомойВ КЫРГЫЗСТАНЕСептин ордуна унаа берилип, 10 кой жана бодо мал союлууда. Чүйдүн тойлорундагы...

Септин ордуна унаа берилип, 10 кой жана бодо мал союлууда. Чүйдүн тойлорундагы өзгөрүүлөр

Күз келип, тойлор башталды. Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы Чүй облусунда кыз калыңы канча болуп жатканына кызыгып көрдү.

Көп жылдан бери тойлордо кызмат кылып келе жаткан Токмоктогу маданият кызматкери Алтынай Эгембердиеванын айтымында, түштөндүрүү күчөп, бир күндө он койго чейин союлууда.

«Азыр жаңы кадамдар башталды. Мисалы, кызга бериле турчу септин ордуна унаа белек кылып жатышат. Үйдө уюштурулган тойлордо түштөндүрүү күчөп, бир күндө он койго чейин союлуп, он башка эт тартылып жатат. Бул он койдон сырткары үй ээсинин тойго деп союп койгон жылкысы же уйдун дагы эти берилет. Кээде түштөндүрүүгө тоок этин отко бышырып берип жатышат. Өткөндө бирөөлөр экинчи тамак катары мантыны жасап келишти.

Жакында эле бир тойго бардым. Ошондогу түштөндүрүү жакты. Куда тосуу болчу. Бир туугандары түштөндүрүүнүн ордуна дасторконго кеткен чыгымды алышса, достору тамада, музыканттарга, видеокамерага кеткен чыгымды алышыптыр. Дагы бир достору кир жууган машина, кошуналары майда-чүйдө белектерин алышыптыр. Бул той ээсине аябай жардам болот экен», — деди ал.

Алтынай айым Чүйдө кыздардын калыӊы 50 миӊ сомдон 150 миӊ сомго чейин берилип жатканын айтат.

«Өткөндө бирөө 80 миӊ сом, ичинде башаты (малы) менен деп берди. Ошондо болжол менен 50 миӊ сомдон 150 миӊ сомго чейин барып жатат. Албетте, долларлап берген байлар деле бар. Бирок аларды чанда гана угуп же күбө болуп калабыз.

Чүй жергесинде дээрлик көбү кафеде той өткөрчү. Акыркы убактарда кыз узатууну үйдөн өткөрүп жатышат. Анан ачуу басар деген жоюлду. Баары бир жерден бүтүп, бир жерден чечилип калган. Бир күндү пландап, ошол күнү сөйкө салып, кызды алып кетүүдө. Андан кийин баланын үйүндө үйлөнүү той болуп жатат. Же болбосо кызды кафеден узатып, кайра кафеде үйлөнүү той өткөрүлүүдө. Бул 2-3 чыгым болуп кетет экен.

Кыз узатуу өткөргөн той ээлеринен угуп жүрөм, азыркы базар баасы менен тойго 200 миӊ эмес, 500 миӊ сомго чейин чыгым кетет экен. Азыр сое турган жылкыӊ эле 80-90 миӊ сом. Кыздын майда-чүйдө оокаты, төшөктөрү, сандыгы, андан сырткары дасторконго жана башкаларга болуп жатып ушунча болуп кетет экен. Кафеге болсо 700 миӊ сом чыгым сарпталууда.

Өткөндө эки бир туугандын бир убакта үйлөнүү тою болду. Экөөнү «Жар-жар» менен киргиздим. Аябай жакшы көрүнөт экен. Ортосу бир жаштан го, бирок эгиздей эле көрүнүп калды. Экөөнүкү дал келип калган. Бирөөсү 3-4 ай мурун үйлөнүптүр. Ана-мына той кылабыз дегиче, экинчиси үйлөнүптүр. Ошентип экөөнүн тоюн бир өткөрүшкөн. Анан дагы бир байкаганым, пандемияга чейин элдер шарактап көӊүлдүү болчу. Азыр тойдо отурган элдин маанайы негедир жок», — деди ал.

Кеминдеги тамада, маданият кызматкери Нургазы Казалиевдин айтымында, Чүйдө калыӊ 100 миӊ сомдон өйдө болуп жатат.

«Азыр тойлордун сезону башталды. Тойлор көбүнчө ресторандарда өтүп жатат. Ошол эле маалда үйдө дагы өтүп жатат. Ачуу басар көбүнчө берилбейт. Ресторанга той берүү менен эле чечип калышты. Түштөндүрүү деген нерсе кошулду. Мурунку тойлорго салыштырмалуу азыр чыгым аябай көп кетип жатат. Ресторан, мал кымбат. Токмок шаарында бир аз арзаныраак, борбор калаабызда кымбат. Бишкекте өткөн тойлордон 500-600 миӊ сом чыгым кетти деп угуп калабыз. Токмок шаарынан 300-400 миӊ сом кетет дешет. Ал эми мен угуп, көрүп жүргөнүм боюнча Чүйдө калыӊ 100 миӊ сомдон өйдө болуп калды. Малдын баасы кымбаттап кетип, кыздардын да баасы кымбаттап кетти деп тамашалап калам», — деди ал.

Калысбеков жакында эле эжесин узатып, тойго кеткен чыгымды санап берди.

«Жакын арада эле эжемди үйдөн узаттык. Ак-Талаадан семиз байтал алдырып, аны сойдуруп, жиликтетип, үйгө чейин жеткиргенибиз менен 62 миӊ сом болду. Батага 11 миӊ сомго кой алып, кудалар келгенде сойдук. Ал эми тамада, ырчылардын ордуна дос-тааныштарым келип, 6 миӊ сомго кызмат кылып беришти. Дагы бир тааныш досторум 3 миӊ сомго видеокамерага тартып кетишти. 3 миӊ сомго короого баннер, гүл, шарик коюп, кооздоп койдук. 5 миӊ сомго бир боз үй тиктирдик. Ал акчанын ичинде казан, титан, самоору менен алып келип беришет экен. Ичинде столу дагы бар. Ошонун баары 5 миӊ сом болду. Дасторконго 38 миң сом кетти. Анан 5 киши түштөндүрдү. Кээси козу гриль, айрымдары кой сойсо, кээ бири тоок грилинен 12 даана алып келди. Түштөндүргөндөргө куда тараптан 1000 сомдон берип жатышты. Кан кудалар бири-бирине кийит кийгизишти. Биз келген кудалардын баарына кийит кийгиздик. Ырым-жырымга кудалар тараптан акча берилип жатты. Мисалы, учага 6 миӊ сом, аркан тартып жол тосконго 2 миӊ сом беришти. Таттуулар, жашылча-жемиштер, суусундуктар салынган 3 себет берсек, алар дагы ошондой даярдап келишиптир», — деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
СТАТЬИ ПО ТЕМЕ

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
пожалуйста, введите ваше имя здесь

Популярные

Комментарии