5.1 C
Бишкек
Воскресенье, 2 марта, 2025
ДомойАналитикаКяриз – чөлдү бакчага айланткан ыкма  

Кяриз – чөлдү бакчага айланткан ыкма  

Синьцзяндын Турпан аймагы – жайкысын мээ кайнаткан ысык, кышы кар аз болсо да суук, жери болсо таштай каткан сары топурак. Тамдардын жалпак чатырлары аймакта жамгыр дээрлик жаабаганына далил сыяктуу. Бирок, дал ушул аймак эбегейсиз Кытайдын жүзүм мекени экен. Айылдарын араласаңыз, жол бойлото суу толгон арыктар жана жээктерде өскөн теректер. Бул таштак, суусуз чөлкөмдү илгертен эле адамдар кенен байырлап, түркүн мөмө-жемиштерди өстүрүп келишиптир. Мындай көрүнүштун сырын “Синьцзяндын көңүлдүү кышы” аттуу пресс-тур маалында билгенге мүмкүнчүлүк болду.

Тоннель менен келген суу  

Турпан шаарынын жанында туристер көп барган жер бар. Асман алдындагы музей. Ал жерде чөлдүү жерди илгери кантип өздөштүрүшүп, кантип жергиликтүү эл өзүн багып келгенин негизги себебин көрсөтүп турат экен.

Турпан аймагы Тянь-Шань тоолорунан алыс жайгашкандыктан, ал жактан түшкөн дарыялар бул жерге жетчү деле эмес экен. Ошого аймак кургак, таштак жана ысык болуп, адам баласы жашаганга такыр эле катаал.

Адамдан амал качып кутулбайт демекчи,  бир нече кылым мурун адамдар аймакка кантип сууну алып келүүнү ойлоп табышыптыр. Алар тоого жакын жерлерден кадимки эле кудук казышат. Болгондо да айрым учурда 80 метр тереңдикке чейин казышкан. Тоо этегинен андай тереңдиктен албетте суу чыгат. Нымга жеткен соң, ошол 80 метр тереңдиктен горизонталдуу түрдө Турпанды карай тоннель каза башташат. Болгондо да метр эмес, ондогон километрлерге созулган аралыкты казышат. Акыры ал жер алдындагы каналдар Турпан аймагына жакындаган сайын тереңдиги да азайып, алар 3-4 метр чуңкур эле болуп калат. Ошентип, тоо боорлорунан чыккан суулар орто жолдон бурулбай, бууланып асманга учуп кетпей, муздак бойдон чөлдүү Турпанга чейин жетет.

Жер алды менен келген сууну эл ичкенге жана талааларды, бак-дарактарды сугарганга колдоно башташкан. Суу баарына жетиш үчүн, орто жолдон белгилүү жерлерден кудуктарды казышып, жер алды менен бара жаткан суудан алып турушкан.

Мындай жер алды менен келген канал аталышы – кяриз. Турпандыктардын ата-бабалары жалгыз гана канал курбастан, бүтүндөй каналдардын системасын куруп чыгышкан. Ошого миңдеген гектар жерлерде жүзүм, коон-дарбыздар өстүрүлүп, теректер кенен кулач жайган. Дарактын бул түрү бийик өсүп, жакшы көлөкө берип, элди саратандан сактап келген. Алтургай илгери кяризден чыккан суулардан арык кое берип, арык үстүнө чарпаяларды (тапчан) салып, табийгый кондиционер катары колдонуп келишиптир.

Кяриз системасынын эффектүүлүгүн ушундан билиңиз, айрым жер алдындагы каналдар эмгиче айыл-чарба үчүн колдонулуп келишет экен. Ачык асман алдындагы музейде да келген меймандарды жер алдына түшүрүп, агып жаткан сууну көрсөтүшөт экен.

Кяриз менен келген суунун бүгүн деле көрсө болот. Музейде кадимкидей агып турат. Таза жана тунук. Жер алды менен келген үчүн жайдын аптабында да муздак, ичсең сергитет.

Автор: Сүйүнбек ШАМШИЕВ

Сүрөттөр редакцияга таандык

СТАТЬИ ПО ТЕМЕ

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
пожалуйста, введите ваше имя здесь

Популярные

Комментарии