5.1 C
Бишкек
Воскресенье, 2 марта, 2025
ДомойАналитикаМен көргөн Алтай

Мен көргөн Алтай

“Синьцзяндын көңүлдүү кышы” аталышындагы пресс-саякат учурунда касиеттүү Алтай жергесин көрүүгө мүмкүнчүлүк жаралды. Ооба, Алтай тоолору  төрт өлкөнүн аймактарында орун алыптыр: Россия, Монголия, Казакстан жана Кытай. Кытайдын Алтайы бир жагы Россия менен, бир тарабы Казакстан менен чектешип, керемет кооз жер экен.

Тоо койнундагы шаар

Кытайдын түндүк-батыш жагында, өлкөнүн тоо-лыжа курорту катары белгилүү Алтай шаары орун алыптыр. Үрүмчүдөн Алтай шаарына үч жол менен жетсе болот экен: учак, темир жол жана автожол. Убакытты үнөмдөп, учак менен жөнөдүк. Асман менен бир сааттык жол болду. Конгондо күн ачык болуп, калаа аппак карга бөлөнүп жаткан учур экен.

Биринчи эле көзгө урунганы – калаа тоонун ичинде жайгашыптыр. Кээ бир көп кабаттуу үйлөрдүн арты кадимкидей эле адыр (!). Экинчи көңүлдү бурган нерсе – ак кайыңдардын көптүгү. Жол бойлото тигилген дарактардын басымдуу бөлүгү ушул кооз дарак.

Кар калың жаап, ызгаар болуп кар эрибей көпкө жаткандай. Дал ушул себептенби, калаа четине “Цзяньцзюшань” же болбосо “Генерал тоосу” аталышындагы тоо лыжа базасы иштейт экен. Болгондо да курорт шаардан эки кадам алыстыкта эле орун алыптыр. Иш күнүнө карабай, — эл кымгуут.

Меймандардын басымдуу бөлүгү – жаштар. Тоо этегинде лыжа саткан, ижарага берген, лыжа үчүн керектүү кийим-кечек менен шаймандарды саткан дүкөндөр жайнайт. Тоо чокусуна чыга турчу темир аркан жолдор жетиштүү экен. Кезек күтмөй жок. Чыгып алган соң, 7-8 трассанын каалаганы менен тээп түшсөң болчудай. Ыңгайлуу болсун деп чокуда кафе, даараткана иштейт экен. Эң кызыгы жана эл көп топтолгон жери, — дискотека. Суукка карабай ди-джей бий музыканы болушунча бийик коюп элди кызытып турду.

Лыжа сүйүүчүлөр ысык кофеден ичип, бираз дискотекада бийлеп алып, сүрөткө түшүп, ансыз азыркы заманда кайда, зуу койгон бойдон лыжа же сноуборд тээп түшүп кетип жатышты.

Кытай досума, “бул жерде негизинен байдын балдары гана эс ала алат го, кантсе дагы лыжа курорттору арзан эмес келет эмеспи” деп собол салсам, Кытайда 2000-жылдан кийин төрөлгөн балдарды ата-энелери окууга да, эс алууга да болушунча жакшы шарт түзүшүп, акчадан кем кылбаганын айтып берди.

Караңгы кире баштаганда ар бир трасса бойлото күчтүү жарык берген карагайлар жанып, лыжа тээп түшчү жолду күндүзгүдөй эле жарык кылып коет экен. Анын үстүнө баштан аяк трасса кызыл торлор менен чекелери тосулган. Бирөө-жарым жолдон чыгып кетсе, тосуп калат.

Моокум канып, чаалыгып ылдый түшкөндө элди тынбай үстү ачык электр менен жүргөн автобустар ташып турду.

Кытайдын алдыңкы спортчуларын кийинткен Каба уезди (

Экинчи күнү Алтайдан эки саат аралыкта жайгашкан Каба уездине жол тарттык. Алтай тоолуу делгени менен, түз жер көп экен. Автобус менен эки саат жол жүрүп дээрлик тоо аралап же ашуу ашкан жокпуз. Мемиреген эле талаа. Айрым жерлерде жыш кайың токой. Жолдо унаа деле сейрек. Ошондой жолдо деле бойлото темир тоскучтар, тегиз асфальт. Ээн талаада жолоочулар үчүн деп кенен унаа токтоочу жай, ысык суу, муздак суусу бар, жагымсыз жыты жок даараткана курулуптур. Акысыз.

Каба уездин кадимки эле алыскы айыл элеститип келдик эле, кире бергенде көп кабаттуу үйлөр, эки чекеси ак кайың отургузулган аллеялар менен тротуарлар коштогон асфальт жолдор тосуп алды.

Айыл эмес эле шаар экен. Чакан жана тыкан. Үрүмчүдөн айырмаланын эл жашаган үйлөр 25-30 кабаттуу эмес, 4-5 кабаттан ашпаган, кооз архитектурасы бар тамдар экен. Эң кызыгы, ушул чакан калаада деле беш жылдыздуу мейманканадан кем калбаган зор мейманкана орун алыптыр.

Уезде казак туугандар көп жашагандыктан, жергиликтүү даамдарда да көчмөн даамдар арбын экен. Койдун эти, боорсоктор, койдун шорпосу…

Көчмөн демекчи, аймакта кой, уй, жылкы менен кошо төө кармагандар да аз эмес экен. Ишкерликке шыктуу жергиликтүүлөр этин жеп, сүтүн ичип тим болбостон, малдын, деги эле табияттын дараметин болушунча пайдаланат экен.

Өткөн кылымдын 80-жылдарынын аягында эле фабрика курулуп, анда төөнүн тыбытынан жоолук, оромол, аялдардын баш кийимин тигүүнү жолго коюшуптур. Кийин “Алтайдын карышкыры” (Altay snow wolf)  деген бренд менен кышкы спорт костюмдарын тиге башташыптыр. Анын сапатын ушундан билиңиз, 2022-жылы Пекин шаарында өткөн кышкы олимп оюндарында кытайдын спортчулары дал ушул компаниянын кийимин кийим чыгышкан экен.

Сапатына жараша баасы сапаттуу болуп чыкты. “Team China” деген жазуусу бар куртканы кармалап жатып баасына кызыксак, фабриканын кызматкери “5 миң юан” деп жылмайып жооп узатты. Кыргыз сому менен 60 миңдин тегереги. Андай сумманы уккан соң “а, жакшы экен” деп башты ийкеп башка кийимдерге көңүлүбүздү бурдук дагы, баасын сурай бермей адатты токтотуп турууну туура көрдүк.

Кийим тигүү фабрикасынан анча алыс эмес жерде дары-дармек жана чычырканактан түркүн зат чыгарган ишканаларга баш бактык. Негизи эле, ушул жерден кытай элинин мейман тосуп алуу жөрөлгөсүн азыноолак айтып кетпесе болбостур.

Ишкана болобу, уюмбу, — сизди кеминде 5-6 киши имарат алдында тосуп алышат. Эки колун көтөрүп алып кирүүңүздү өтүнүшөт.  Жайдын ысык аптабы болсо, сөзсүз шишедеги сууларды сунушат. Эшик суук мезгилде ысык чай коюп коюшат экен. Меймандардын көптүгүнө карабай, ар бир конокко билгизбей көңүл салып турушат. Айталы, даараткана издеп калсаңыз, дароо бир кызматкер алдыңыздан чыгат да, жол көрсөтүп коет.

Чычырканак ишканасы тууралуу айтсак, Алтай аймагында бул өсүмдүктү алма бак тиккендей эле гектарлаган жерге айдашат экен. Алган түшүмдөн дарыдан баштап, момпосуйга чейин чыгарганын ишкананын көргөзмө залы  айгинелеп турду. Ширелер, момпосуйлар, косметикалык заттар, кыскасы, чычырканактан эмне өндүрүүгө мүмкүн болсо, — ошону өндүрүшөт экен. Зат чыгаруу менен кошо илимий иш дагы нукка коюлгандай. Себеби, ишкананын багында кыштын күнү да мөмө түйүп турган чычырканактын жаңы сорту көз жоосун алып турду.

Адамзат лыжа ойлоп тапкан жер

Кабада эки күн болуп, кайра Алтай шаарына кайттык. Калаадан анча алыс эмес жерде казак туугандар жашаган Ногойту деген айылга келдик. Айыл бир карасаң кыргыздын айылына окшоп кетет: тоонун боорунан орун алган, мал өтпөсүн деп адам боюнун жарымындай бийиктикте эле таш кашаалар, өмүрү жабылып көрбөгөн дарбазалар…

Бул жерде атагы бүтүндөй Синьцзянга тараган Сламбек Сакыш аттуу аксакал жашайт экен. Топурап кирип келген меймандарды жашы жетимишке чамалап калган, бети суукка күйгөн, орто бойлуу, сейрек сакалы бар, бакыраң көз киши тосуп алды. Журналистер эмнеге келгенин билген аксакал күрөң тери тонун, тери шымын жана тебетейин кийип алды. Заматта алдыбызда мындан миң жыл мурун жашаган көчмөн көз алдыбызга урунду.

Сламбек аксакал, — жаштайынан лыжа жасаган чоң уста болуп чыкты. Жергиликтүүлөр лыжаны “чаңгы” деп аташат экен. Албетте, кадимки эле лыжа жасаса, мынча журналисттерди алыстан атайын алып келбесе керек эле.

Устанын лыжалары жыгачтан жасалып, жылкынын териси менен ныкталып оролот экен.  Белгилүү болгондой, аттын териси катуу жана бир беткей жаткан үчүн, аны туура койсо карда муз үстүндө кеткендей эле зуулдайт экен.

Алтай тоолорунда кар калың түшүп, мындай өзгөчө лыжаларды жергиликтүү эл кылымдардан бери колдонуп келишиптир. Тарыхчылардын изилдөөлөрүнө ылайык, адам баласы да алгачкы лыжаны дал ушул Алтай жергесинде ойлоп таап, кийин дүйнөгө тараптыр.

Келген меймандардын басымдуу бөлүгү журналистер, блогерлер болгондуктан, — Сламбек аксакалды бир топ эле кыйнашты. Уста менен сүрөткө түшмөй, толгон-токой суроо бермей, “кана, аспаптырыңызды алып, иштеген түр көрсөтүңүз, биз тарталы, кана, лыжага туруп тепкен түр көрсөтүңүз…”.

Көнүп калганбы, же дээринен ак көңүл кишиби, кабагым кашым дебей небересиндей болгон журналистердин айтканын айткандай, дегенин дегендей аткарып жатты.

Албетте, бүгүнкү күнү устанын лыжаларын тоодон тебет элем, мал издегенде колдоном деп алган жан жокко эсе. Жылкы терисинен жасалган лыжалар – мурас катары бааланат экен. Баалагандар келип, үйүмдүн көркү болот, коллекцияма кошуп коем деп сатып алып турушат экен. Устанын айтымында бир лыжа жасоого бир жума убакыт коройт. Аксакалдын айтымында, жаштайынан ушул кесипти аркалап, көп мал деле кармабаптыр, эгин айдоо менен деле алек болбоптур. Үй-бүлөсүн ушул өнөрү менен багып келе жатаарын айтып берди.

Кыргыз журналистери экенибизди айтсак, дароо телефонун ачып, калпакчан киши менен түшкөн сүрөтүн көргөздү. Кандайдыр бир маданий иш-чараларда кыргыз туугандар менен көрүшүп калабыз дейт.

Чоң устанын үйүндө эки сааттай болуп, Алтай шаарын көздөй жөнөдүк. Шаардын дагы бир кызык жери, — дары чөптөр музейи болду.

Музей сырты эки кабаттуу чакан имарат экен. Эми ушу кийинекей жерде кыйраткан деле музей болбосо керек деп кирип, ооз ачылып калды!

Бул жерде Алтай жергесинде өскөн дээрлик бардык дары чөптөрдүн сүрөттөрүн тартып, аларды артынан жарык берген рамкага салып илип коюшуптур. Жанына келсең, гүлдүн табиятта өсүп турган жеринде эле тургандай сезим калтырат экен.

  • Мындай музейге балдарды алып келсең, биология сабагына болгон кызыгуусу артат экен, — деп кесиптештеримдин бирөөсү баамдосу менен бөлүшө кетти.

Көзгө тааныш учурагандардан кызгалдак, ит мурун, бүлдүркөн бар экен. Сүрөттөргө суктанып отуруп, Алтай дары чөпкө эбегейсиз бай экенин сезет экенсиң.

Музей менен Алтайга болгон сапарыбыз да карыды. Алдыда Или-Казак автоном облусу…

Автор: Суйунбек ШАМШИЕВ

Сүрөттөр редакцияга таандык 

СТАТЬИ ПО ТЕМЕ

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
пожалуйста, введите ваше имя здесь

Популярные

Комментарии