Тарых илимдеринин доктору, белгилүү дунган таануучу, педагог жана коомдук ишмер Мухамед Ясызович Сушанлонун туулган күнүнө декабрь айында 100 жыл толду. Залкар илимпоздун мааракесине ЮНЕСКОнун эл аралык эне тил күнү туш келип, Москва районунун Александровка айылындагы А.Исмаев атындагы орто мектебинде эки иш чара бир күндө өткөрүлдү. Анда Сушанлонун илимий ишмердүүлүгү, өмүр жолу тууралуу маалымат стенддери коюлуп, спорттук турнирлер болду. Буга удаа эле Бишкекте М.Сушанлого арналган «Кыргызстан калкынын гуманитардык мурасы» аталыштагы эл аралык илимий практикалык конференция өттү.
Мухамед Сушанло1924-жылы Фрунзе шаарында жарык дүйнөгө келген. Ал Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын (УИА) корреспондент мүчөсү, Борбор Азиядагы аз сандуу калктын тарыхы, этнографиясы жаатындагы ата мекендик жана эл аралык дунган таануу боюнча сейрек адис эле. Чыгаан окумуштуу Кыргыз педагогикалык институтун аяктаган соң, СССРдин Илимдер академиясынын Чыгыш таануу институнун аспирантурасында окуган. 1953-жылы кандидаттык диссертациясын жактап, СССРдин Тил, адабият жана искусство институтунда иштеген. Андан соң СССРдин Илимдер академиясынын Кыргызстан филиалына (КирФАН) кызматка алынып, аткаруучу директору болгон. Ал эми дунган таануу бөлүмү түзүлгөндөн баштап, анын көптөгөн жылдар бою жетекчиси кызматын аркалаган.
М.Сушанлонун 200дөн ашык илимий эмгеги, 5 монографиясы өлкөдөгү илимий коомчулукка, чет мамлекеттерге жайылтылып, алар орус, кытай, англис ж.б. тилдерге которулган. М.Сушанло КРдин илимине эмгек сиңирген ишмери наамына ээ болуп, бир катар мамлекеттик сыйлыктарга татыган. Ал бир муун шакирттерди өстүрүп чыгарган.
Атактуу аталардын илимпоз кыздары
Кыргыздын лирик акыны Жоомарт Бөкөнбаевдин кызы, Россиянын так илимдеринин академиги, И.Ахунбаев атындагы КММАнын педиатрия кафедрасынын башчысы м.и.д. Сырга Бөкөнбаева мындай дейт: «Атам Жоомарт отуздан ашканда автокырсыктан каза болуп, үч бир тууган жетим калдык. Апам Тенти да кыргыздын алгачкы акын кыздарынын бири эле. Апамдын экинчи күйөөсү, геолог окумуштуу, өз кезинде УИАнын төргасы болуп иштеген академик Муса Адышев үчөөбүздү эч кимге кор кылбай, өз балдарындай окутуп, багып өстүрдү. Мен Мухамед Ясызовичти кичине кезимден бери билип калган жайым бар. Анткени, Муса атам экөө абдан жакшы мамиледе эле. Бир күнү атам: «Кызым, менин Мухамед Сушанло деген мыкты досум бар. Дунгандар тамакты укмуштуудай даамдуу жасашат, жүрү барып келели», — деп ээрчитип барып меймандаткан.
Ошондон көп жылдар өтүп, мен балдар дарыгери адистигин алып иштеп калгам. Бир күнү Мухамед байке тун кызын колунан кармап алып, кабинетиме кирип келди. «Сырга, бул менин кызым Хадича. Москванын медициналык генетика борборунан билим алып келди. Кызым ушул кафедрада силер менен чогуу иштесе жакшы болот эле», — деди. Ошентип Хадича Сушанло Кыргызстандагы алгачкы генетик окумуштуу болду. Андан бери арадан 50 жыл өтсө да Хадича экөөбүз педиатрия жаатында катарлаш иштеп келе жатабыз.
Өткөн кылымдын отузунчу жылдарынын ортосунда казак элин жапырт ачарчылык каптады, — деп сөзүн улады 84 жаштагы профессор Бөкөнбаева. — Жүз миңдеген калк эптеп аман калуунун аргасын издеп, туш тарапка тараган. Казактар кыргыз жергесине акыркы алы-күчүн сарптап өтүп келишкен. Ошондо чоң аталарыбыз тоо этектей боз үйлөрүн тигип, мал союп, тамак жасап берип боордош элди ажалдан аман алып калышкан. Ошол заманда кыргыздарга кошулуп, дунган калкы да казактарга жардам колун сунган. Мухамеддин атасы Ясыз да чоң-чоң боз үйлөрдү тигип, очокторду каздырып, кара малды сойдуруп, колунда барын арып-тозгон элден аяган эмес. Ушундай оор күндөрдө Ясыз Эрмек аттуу казак кызын жактырып үйлөнүп алган. Мына ушундан улам Сушанлолордун тукуму уланып келе жатат.
Мен Мухамед Ясызовичтин илимий эмгектерин карап отуруп, ал укмуштуудай зор илимпоз болгонуна ар дайыма суктанып бүтпөйм. Ал эми Хадича Мухамедовна өлкөдөгү эң алдыңкы генетик эле болбостон, нечендеген бөбөктөрдүн умай энесине айланып калды. Анткени, анын иш кабинетинде бейтап балдары менен келген ата-энелердин кезеги ар дайыма «ат чабым» узун, — дейт ал.
Улуу окумуштуу Мухамед Сушанло 74 жашка чыгып, анын 50 жылын илимий изилдөө жумуштарына арнаган. Ал дунган таануу жаатында эле эмес, Кытай маданиятынын баа жеткис асыл мурасын эл аралык деңгээлде жайылтууга эмгек сиңирген. Анын 1970-жылы жарык көргөн дунгандар тууралуу монографиясы мезгил өткөн сайын мурдагыдан да баалуу болуп окутулуп келет. Тарыхчы окумуштуунун дүйнөдөгү дунгандар тууралуу илимге кошкон салымы баа жеткиз. 1998-жылдын октябрындагы Кытайда өткөн эл аралык илимий конференцияда дунган таануу боюнча Сушанлонун ысымын атабаган бир да катышуучу калбаптыр. Ошол конференциянын үчүнчү күнү кытай тилине ири нускада которулган анын китебинин бет ачарына арналган. Анда дунгандардын келип чыгуу тарыхын терең талдап, далилдеген илимий ишине кытай окумуштуулары жогорку баасын берген. Чыгаан окумуштуунун илимий чыгармалары советтик жана чет элдик журналдарга байма-бай басылып турган.
Эстен кеткиз күндөр, өчпөс элестер
Профессор М.Сушанлого арналган эл аралык илимий конференцияга Кытайдын Нинся районундагы социалдык илимдер академиясына караштуу Хуэй исламдык илимий изилдөө институтунун мурдагы директору, Кытайдын Хуэй коомунун экинчи даражадагы изилдөөчүсү жана вице-президенти Ма Пин катышты. «Мен Мухамед Сушанлону Кытайдагы эң сейрек болгон 100 окумуштуунун катарына кирген өз кесибинин адиси, улуу инсан деп айтаар элем, — дейт Ма Пин. — 1992-жылы ал Кытайга келгенде Пекиндин жетекчилеринин бири менен менин туулган шаарым Нинсяга барып иш чарага катышкан. Ал учурда мен 30 жаштагы жигит элем. Даражалуу окумуштуу менен жакындан таанышуу мага сыймык болуп сезилген. Түбөлүк кошуна болгон эки мамлекеттин ортосунда илимий изилдөөчүлүк байланыштарды жолго салууда Сушанлонун эмгеги чоң болду. Ошондон кийин мындагы дунган таануучу адистер менен өз ара байланышыбыз жакшыра баштаган. Кыргызстанды алгачкы жолу 1997-жылы көргөндөн бери бүгүн алтынчы жолу келдим. Мен барган мамлекеттердин ичинен Кыргызстан абдан жакшы көргөн өлкөм болуп калды. Анткени, Борбор Азия өлкөлөрүндө 180 000ден ашык менин туугандарым — этникалык дунгандар жашайт. Ал эми Бишкекке келген сайын Александровка, Ырдык сыяктуу бир нече дунган айылдарында болуп, баарлашып кайтам. Тагдыр буюрса, Кыргызстанга дагы далай жолу келем. Бул жакта мени кубанып тосуп алуучу досторум бар экенине абдан курсантмын», — деп билдирди.
Сушанлонун үй-бүлөсү Фрунзенин Дзержинский (азыркы Эркиндик) көчөсүндөгү № 43 үйдө планетардык улуу жазуучу Чыңгыз Айтматов баштаган илим, маданият тармагындагы кыргыз интеллигенциясынын алдыңкы өкүлдөрү менен кошуна жашачу. Замандаштарынын эскерүүлөрүнө караганда, Мухамед Ясызович айрым учурда аваздуу үнү менен ырдап да койчу экен. Бир жолу кыргыз радиосунан дунган тилинде ырдап чыкканын айтышат. Бул тууралуу Элге билим берүүнүн эмгек сиңирген кызматкери Жыргал Момбекова: «Мухамед байке жубайы Соня эже экөө билимдүү кыздарды тарбиялап өстүрүштү. Жубайы өз доорунун мыкты педиатр дарыгери эле. Бир жолу тун кызым ооруп калганда Соня эже болгон аракетин жасап дарылап берген. Кийин ушул кызым Американын алдыңкы университеттеринин биринде билим алып, профеессор даражасына жетти. Учурда Францияда эл аралык ири компанияны жетектеп жатат. Сушанлонун үй-бүлөсү менен кошуналары бир туугандан артык болуп катышчу. Мухамед байке дунгандардын эле эмес, кыргыз элинин залкар окумуштуусу, чыгаан дипломат, интернационалдык бийик касиети бар уулу болчу», — деп эскерет.
Улуу окумуштуунун тун кызы, И.Ахунбаев атындагы КММАнын доценти м.и.к. Хадича Сушанло жакындары тууралуу мындай дейт: «Биз бала кезде 1-Май, 9-май жана 7-ноябрь майрамдары абдан шаңдуу өткөрүлчү. Параддар Киев-Дзержинский көчөсүндөгү биздин үйдүн жанына келип аяктачу. Чоң атам Ясыз биздикине келгенде үйгө көп отура алчу эмес. Ошондо мен аны парктарга, темир жол вокзалына ээрчитип барчуумун. Ал өтүп бара жаткан тепловозду тосуп, кайра узатып караганды жактырчу. Эски аэропортко алып барсам, ал учактын асманга көтөрүлгөнүн көрүп алып, көпкөк асманды далайга тиктеп, таң калып карап калчу эле. Мен 1,5 жашка чыкканда апам мединститутта окуп, атам болсо Москвага окууга кеткендиктен чоң атам Ясыздын колунда чоңойдум. Кийин чоңоюп калганымда чоң атам менен чоң энем шаарга каттап калышчу. Мен аларды кыргыз драма театрына алып барчумун.
Бул өткөн кылымдын 60-жылдары болчу. Бир жолу чоң апамды опера жана балет театрына Д.Чайковскийдин «Ак куу көлү» балет спектаклине алып барганым эсимде. Биз партердин экинчи катарынан орун алдык. Бирок, жарым жылаңач болуп бийлеген балеттин артисттерин көргөндө чоң энем алаканы менен көзүн жаап алып: «Ий, бул эмне деген шумдук, буларыңдын уяты жок болот турбайбы», — деп, ыңгайсызданып отуруп алса, эмне кылаарымды билбей калдым. Экөөбүз спектаклдин биринчи бөлүгүнүн аякташына чейин араң чыдадык. Кечинде болгон окуяны айтып берсем, үйдөгүлөр кыраан каткырык менен күлгөнү эсимде. «Мындан кийин чоң энеңди кандай спектаклге алып барууну билип жүр», — дешти. Ошондон кийин аны кыргыз драма театрына ээрчитип барып жүрдүм. Ал кезде Кыргыз драма театрынын директору биздин үй-бүлөнүн жакын досу Зарип Тургунбеков болчу. Зарип байке бизди жакшы орундуктарга отургузуп койчу», — деп эскерди.
Профессор М.Сушанло Борбор Азия жана Чыгыш Азиянын алкагындагы тарых, этнография жаатындагы чыгаан адис болгон. Дунган элинин каада-салтын, нарк-насилин, абалкы маданиятын билген улуу муундун катары мезгил өткөн сайын суюлуп бара жатат. Ушуга байланыштуу улуу окумуштуунун дунгандар тууралуу этнографиялык иликтөөлөрү азыркы жаштарга өз элинин тарыхын, маданиятын таанып билүүнүн баштапкы булагы, кенчи бойдон калаары шексиз.
М.Сушанлого КРдин илимине эмгек сиңирген ишмери ардактуу наамы берилген. Ал көптөгөн мамлекеттик жана эл аралык сыйлык-наамдардын ээси болгон. Кыргыз-кытай элдеринин достук кызматташтыгынын бекемделүүсүнө салым кошуп кеткен. М.Я.Сушанлонун туулган күнүнө 100 жыл толгондугуна карата эл аралык илимий практикалык конференция «Жибек жолу – Борбор Азия» коомдук фонду, Б.Жамгерчинов атындагы тарых, архелогия жана этнология институтунун алдындагы дунган таануу жана кытай таануу борбору, Ж.Баласагын атындагы кыргыз мамлекеттик университетинин Кыргыз-кытай институтунун биргелешкен колдоосу менен уюштурулду.