Синцзяндын Үрүмчү шаары Бишкекке окшоп кетет. Тоого жакын, абасы кургак. Жайы ысык, кышы суугураак. Тоо деген тоо экен, кар калың түшүп, аз жааган күнү деле, кары көпкө турат. Ишкерликке кыйын кытай туугандар жөн турбай жакынкы карагайга жык толгон жерине заманбап тоо-лыжа курортун куруп салыптыр. Аны көрүү мүмкүнчүлүгү КЭРдин СУАР өкмөтү тарабынан уюштурулган “Синцзяндын кызуу кышы” аталышындагы маалыматтык саякат учурунда болду.
Уктап кеттим…
Тоо курорту Үрүмчүдөн 40 чакырым жерде орун алыптыр. Шаар ичи кандай тегиз, кенен жол болсо, эс алуучу жайга чейин деле ошондой жол. Тегиз, кенен, жада калса 40 чакырым бойлото эрикпей дарак тигип чыгышкан. Дарактары да качан жаан жаайт экен деп жалдырашпай, түтүк менен келген суудан тынбай тамчы суу алып турат. Ошого баары бирдей өсүп турат, куурагандары жок. Курортко бир нече километр калганда айыл башталып, жол бойлото эки жагы тротуарлар салынган. Калктуу конуштар бүткөндө деле, чамында, бирөө-жарым жөө жөнөп калса кантебиз дешкенби, — тротуарларды эс-алуу жайга чейин куруп коюшкан.
Шаардан курсакты кампайтып, рулга отурбай “пассажир” болуп барсаңыз уктап калыш заматта. Айлана жымжырт, аппак кар көздү уялтып, унаалар негизинен жаңы же ток менен жүргөн үчүн ашыкча ызылдабай тынч жүрүшөт.
“Жибек Жолу” тоо-лыжа курорту тоонун жайык боорунда орун алган. Аймагы чоң. Европалык стилде салынган имараттар көп учурайт экен. Заманга ылайык кенен унаа токтотуучу жайы да бар. Анысы да толук асфальтталган.
Биз барган маал иш күнү болгонуна карабай эл көп. Лыжа костюмдарын кийип алып нары-бери басып жүргөн эле лыжа сүйүүчүлөр.
Алыбек алына жараша…
Эс алуу жай карагай жык өскөн тоолордо орун алыптыр. Кооздугу көз жоосун алат. Лыжага жаңы көнө баштагандар ылдый жакта тамтаңдап кенен-кесир тээп ырахат алышат экен. Ал эми лыжа менен сноубордго тың тургандар андан бир кыйла өйдө темир аркан жол менен 2800 метр бийиктике чейин чыгып, тик аскадай болгон жерден ылдый зуу коюп жатышты.
Биринчи келген адам андай жерден түшмөк түгүл, кырына жакындагандан кооптонот. Келген меймандардын көпчүлүгү жаштар. Мындай эс алуунун баасы кандай деп сураштырсак, ылдый жагы арзан, жогор жагы кымбатыраак дешти. Кыргыз акчасы менен алганда 1000 сомдон 2000 сомго чейин.
Ортоңку чокуда Эрвин Стрикер (Erwin Stricker) аттуу кишиге айкел тургузулган. Айкелчи аны лыжа тээп бараткан образында айкелге түшүрүптүр. Астындагы англис тилинде жазылган текстке назар салсак, бул инсан маалында лыжа тебүү боюнча чемпион болгон экен. Теги италиялык. “Жибек Жолу” тоо-лыжа курортуна төрт ирет келип, эс-алуу жайдын кызмат көрсөтүүсүн кантип жакшыртса болорун кенен-чонон айтып берип, кеңештерин бериптир. Эстелик тургузганына караганда, Эрвин аксакалдын кеңештери курорттун өнүгүшүнө зор таасир берген.
Эми өнүккөнүн ушундан байкаса болот, ылдый жакта футбол стадионундай көлөмдө ири имарат салынган. Курулуш иши жаңы гана аяктап, четинен иштей баштаптыр. Бул эмне болгон дөө имарат десек, эс алуучулар тамактануучу, лыжа тебүүгө керектүү кийим, шаймандарды алуучу, кийимдерин которуучу жана лыжа тээп келгиче сакталып турчу сандыкчалар, ири жолугушуулар, конференциялар өтүп туруучу жай экен. Заманбап архитектурада салынган.
Кызыгы, толук кандуу ишке кире элек болсо да, көп жерде али жасалгалоо иштери жүрүп жатыптыр, дааратканасы толук кандуу иштеп, кол аарчыганга кагаз кенен коюлуптур. Сервис болбосоң кое кал!
Бир аз статистикалык маалыматтар менен да бөлүшө кетсем. “Жибек Жолу” тоо-лыжа курорту SSSSS стандартына ээ болгон Синьцзяндагы алгачкы кышкы курорт. Эл аралык лыжа жана сноуборд федерациясынын сертификатын алып, дүйнөлүк деңгээлдеги лыжа боюнча мелдештерди өткөрө алат. Айтып кетчү жагдай, курортто лыжа сүйүүчүлөр гана эмес, кесипкөй спортчулар да машыгып келишет. Алтургай Кытайдын лыжа боюнча олимп курама командасы да дал ушу жерде машыгат экен. Аймагындагы курулмалардын жалпы аянты 77 500 чарчы метрди түзөт.