“Синьцзяндын кызуу кышы” маалыматтык саякат учурунда заманбап поездке түшүп, ылдам жүргөн поезддин канчалык мааниге ээ экенин аз да болсо түшүнүп, өзүмдүн таасирлерим менен бөлүшүүнү туура көрдүм.
Ылдамдык, шамал тегирмендер…
Үрүмчү шаарынан Кытайдын ири шаарларынын бири болгон Ланчжоу шаарына заманбап, жогорку ылдамдыкта жүргөн поезд каттайт экен. Биздин сапар башка шаар – Турпанга эле. Ланчжоуга барчу поезд жолдон Турпан шаарына да токтойт экен.
Жарык атканда Үрүмчүнүн вокзалына келдик. Темир, бетон жана дубалдары жылмакай боз таш менен чапталган имарат ири футбол стадиону менен барабар көрүндү. Жаңы үчүнбү же абдан жакшы карашабы, — таза жана тыкан. Белгиленген убакытта поезд да келди. Алыстан ышкырык бермей же тарактаган үн жок. Сойлогон жыландай эле келди. Эшиги ачылары менен жүргүнчүлөр шаша-буша кире башташты. Вагон башында атайын жүктөр үчүн текчелер бар экен. Бирок, аларды биринчи кирген жүргүнчүлөрдүн чемодандары эле толтуруп койду окшойт.
Отургучтардын үстүндө жайгашкан текчелер деле кенен экен. Керебетти тыксаң деле батып кетчүдөй. Плацкарт же купе эмес. Учактагыдай эле биринин артынан бири тизилген креслолорго отурмай. Анысы жумшак жана кенен. Теребелди карап тамаша кылып кетем десең, — чоң терезе.
Ошентип поезд ордунан жылды. Биринчи жолу түшкөндөр жаш баладай болуп качан ылдамдай баштаарын улам-улам жүгүртмө жазуусу бар таблону карап жатышты. Саатына 70 чакырымдай ылдамдыкты көрсөтүп жатты.
“Качан жогорку ылдамдыкта жүрө баштайт?” деп тынчы кете баштагандарга, бирөө билеби же жөн эле айтып койдубу, айтор, “шаар ичи катуу жүрбөйт” деп ишенимдүү жооп узатты. Чындап эле шаар аймагынан чыкканча катуу кеткен жок.
Мындай заманбап поезддердин тездигинен да жумшак жана тынч жүргөнү жагымдуу экен. Ички жасалгасы да учактыкына окшош.
Ошентип шаардан чыккандан кийин поезд ылдамдыкты алды көрүнөт. Бирок, терезени карап катуу кетип бара жатабы же жайбы, — түшүнүш кыйын экен. Бир маалда таблодо “243km/h” деген жазуу пайда болду. Сырттагы зым карагайлар көз карап үлгүрбөгөн ылдамдыкта алмаша башташты…
Бир чети поезд жумашыктыгы жана ылдамдыгы менен таң калтырса, жол бойлото терезе артындагы көрүнүш да таң калтырбай койгон жок. Себеби, 35 минут жол жүрсөк, — жол бойлото талааларда иштеп турган шамал тегирмендерин көрүп келдик. Бул Кытайда кайра жаралуучу электр энергиясы канчалык деңгээлде өнүккөнүн далилдеп турду. Кызыгып канчоо болду экен деп эсептей баштадым эле… жүздөн ашкандан кийин эсептен жаңылып калдым. Деги түгөнөйүн деген ою жок.
Саякат учурунда вагон ичинде кадимкидей соода жүрүп турат экен. Жарашыктуу, тыкан кийинген айымдар, чамында темир жол компаниянын эле кызматкерлери, учак ичинде стюардессалар тамак, суусундук тараткандай эле чай, суусундуктун түрлөрүн атайын идишке салып алып сунуштап турушту. Учактан айырмаланып бекер эмес, сатылат экен.
Суусундук саткан айым кийинки вагонду карай узагандан кийин көп өтпөй анын кесиптеши кирип келди. Бул ирет азык эмес, косметика сунушталды. Жөн гана сунуштабай, бир кремди көтөрүп алып бир сыйра анын касиеттерин айтып өттү. Кызыгып көңүл бургандарга дароо колуна тамызып, куюнуп көрүңүз дегендей ишаарат кылды.
Бир нече турлөрүн карап, куюнуп көрүп, акыры аягы албай койсо да айрымдар, жаман көзү менен карабай, сатуучу айым кандай жылмайып кирсе, ошонусунан жазган жок.
Ал аңгыча Турпан шаарына да келип калдык. Ушул жерде бир ыңгайсыздык бар экен, — шаар станциясында болгону 2 минут гана турат экен. Ушул аралыкта жүгүңдү көтөрүп алып түшүп калганга үлгүрүш керек болду.
Жогорку ылдамдыкта жүргөн поезддердин канчалык маанилүү экенин Турпан шаарына жеткенде түшүндүм. Эки калаанын ортосундагы аралык – дээрлик 200 километр экен. Унаа менен 2,5 саатта жетип барасың, — деп Гугл карта өз маалыматын берүүдө. Биз болсо поезд менен 35 минут чамасында жетип бардык.
Чогуу жүргөн кесиптештер дароо “бизде да ушундай поезд болсо Бишкектен Ошко бир – бир жарым саатта жетип калабыз го”, — деп эсебин чыгарып коюшту. Эртеби кечпи, Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан жолу курулуп калса, Бишкек менен Ошту байланыштырган ушундай поезд пайда болуп калар деген үмүт менен Турпан шаарын көздөй жөнөдүк…