Эски жыл сапарын карытып, 2025-жыл босогону аттаарына аз күн калды. Чүй облусунун Москва райондук № 23 шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаты Карим Ханджеза менен гезитибизге маек курдук. Эл өкүлү өз округундагы өзгөрүүлөр, өтүп жаткан жылдагы кыргыз-кытай кызматташтыгынын артыкчылыктары, визасыз режимди киргизүүнүн зарылдыгы тууралуу ойлору менен бөлүштү.
— Карим Лемзарович, Жогорку Кеңештин 7-чакырылышынан баштап, Кыргызстанда бир мандаттуу жана партиялык тизме менен шайлануу системасы киргизилди. Өткөн төрт жыл ичинде округуңузга кандай иштерди аткара алдыңыз, деги мажоритардык шайлоо эл үчүн натыйжа берет бекен?
— Ооба, эгемендүүлүк алган жылдардан бери Кыргызстанда Жогорку Кеңештин башкаруу системасы көп жолу кайра өзгөрүүлөргө туш келди. 7-чакырылышта бир мандаттуудан 36 округ болуп түзүлдү. Кыргыз парламентинин ушундай курамда түзүлгөнү туура болгонун турмуш өзү далилдеп жатат. Албетте, округумдагы акыркы жылдардагы ийгиликтерди жеке өзүм жасап жатам дегенден таптакыр алысмын. Биз райондук администрация, жергиликтүү бийлик болуп, биргеликте иш алып барабыз.
Мисал келтирсем, Александровка айылында мамлекеттин каражатына чоң бала-бакча курулуп жатат. Бул жакта союз тарагандан бери бир жолу да республикалык бюджеттин эсебинен бала-бакча салына элек болчу. Буюрса, бир аптадан кийин ачылышы болот. Долбоордун наркы 86 млн. сомго жетти. Ата-энелер кубанып, ыраазылыгын билдирип жатышат. Округда кечиктирбей чечүүчү дагы бир көйгөй бар. Республиканын кайсы аймагына барбайлы, суу жана жол көйгөйү көп кезигип жатат. Москва районунун Ак-Суу айыл аймагына кирген беш айылда да ушул эле маселе. Таза суу курумун реконструкциялоо керек. Москва районунун акими Ниязбек Козуев болуп, кандай көйгөй болбосун биргелешип чогуу чечкенге көнүп алдык. Мындан тышкары, менин округума Сокулуктун Жаңы-Жер, Жаңы-Пахта, Ылдыйкы Чүй айыл аймактары да кирет. Ал жакта жол маселеси чоң көйгөй болчу, учурда бул чечилүү стадиясына бара жатат.
Москва районунун борбордук бөлүгүндөгү Нарзан айыл өкмөтүндө 35 000 калк жашаганына карабастан, эч качан маданият үйү оңдолгон эмес. Мындагы эскилиги жеткен имараттар ээсиз калган үйдөй болуп кунарсыз турган. Быйылкы жылы маданият үйүн куруу маселеси ордунан жыла баштады. Ал эми стадиондун курулушу аяктоо этабына жакындады. Калктын маданияттуу эс алуусу үчүн жаңы парк, бир нече скверлер курулду. Совет жылдарынан бери ушул чөлкөмдө жаңылануу, кескин өзгөрүү болбогонун бул жерде төрөлүп өскөндүгүм үчүн жакшы билем. Өмүр бою жолдору асфальт көрбөгөн райондун төмөнкү зонасында, Беш-Терек айыл өкмөтүндө 2 чакырым көчө асфальтталды. Кепер-Арык айылынын мектеби эскилиги жетип араң турат. Ошол жерге 2025-жылы эки кабаттуу чоң мектеп курулат. Ушул сыяктуу ондогон маселелерди Министрлер Кабинетине тике жеткирип, республикалык бюджетке киргизүүгө депутат катары аракет кылуу менин милдетим.
— Айтсаңыз, 2024-жылы Кыргызстан менен Кытай Эл Республикасынын өз ара алака-катышы жаңы өңүткө өзгөрдү деген пикирге кандай карайсыз?
— Туура айтасыз, өтүп бараткан жылда кыргыз-кытай мамилеси кадимкидей жогору баскычка көтөрүлдү. Өзүңүздөргө белгилүү болгондой, отуз жылдан ашык мезгилден бери айтылып, бирок ишке ашпай келе жаткан Кытай-Кыргызстан- Өзбекстан темир жолун куруу маселеси алгачкы жолу ордунан жылып, мезгил кутучасын коюу стадиясына жетип калды. Бул мега долбоорго өлкө бюджетинен 4,7 млрд. долларга жакын каражат каралууда.
Акыркы жылдары өлкө экономикасынын бир нече тармагына Кытай инвестициясы катышып жатат. Мисалы, Бишкек шаарынын көчөлөрүн реконструкциялоо Кытай өкмөтүнүн грантынын эсебинен ишке ашырылды. Быйыл болсо, Кытай өкмөт ү Кара-Балтадагы мунай иштетүүчү «Жунда» ишканасын кайрадан ишке киргизүүгө 500 млн. доллар берди. Чүй облусунда логистикалык шаарча куруу долбооруна күз айларында эки тараптуу кол коюлуп, кыргыз өкмөтү кытай компаниясына дароо эле 700 гектар жер бөлүп берди. Бул Чүй облусунун өнүгүшүнө эң зор салым кошо турган мега долбоор болот. Быйылкы жылы Кытай грантына тез жардам машиналары, Өзгөчө кырдаалдар министрлигине өрт өчүрүүчү техникалар тапшырылып берилди. Баса, быйыл «Бедел» көзөмөл өткөрүү бекети ачылды. Бирок, айрым жарандардын: «Насыясын төлөй албай калсак, кытай каптап кетет, жерибизди алып коёт», — деп, туура эмес көз карашта жүргөндөрү бар. Мен кытайлык өнөктөштөр менен сүйлөшө калганда: «Силер, эмне үчүн көңүлүңөр куунак болуп, жайдары жүрбөйсүңөр? Жылмайып коюуга акча төлөп жаттыңар беле?», — деп калышат. Чынын айтсак, мейли Кытай, Япония, Түштүк Корея, Түркия же Европа өлкөлөрү болобу, айтор, баарында бизнес өнөктөшү, турист же жөн жай жаран болгонуна карабай, сылык-сыпайы мамиле жасашат. Илбериңкүүлүк дүйнөдө интеграциялашуунун, продукциясын сатып өткөрүүнүн, чет элдиктерге меймандостук маданиятын жайылтуунун критерийлери болуп калыптанган.
Эми ойлоп көрсөңүз, биз — кыргыздар 33 жылдан бери Кытайдан чаар сумкалар менен товардын түрүн ташып, реэкспортту өнүктүрүп алып, кыйын учурдан чыгып кеттик. «Дордой», «Мадина», «Кара-Суу» сыяктуу өлкөдөгү чоң-кичине базарлардын бардыгы ушул негизде өнүгүп, атамекендик экономикага эбегейсиз зор салым коштук. Азыр деле товарларды ташып келип жаткандардын 90 пайызы өзүбүздүн жарандар. Кытай – эбегейсиз чоң океан. Ал жактан окуп, үйрөнүп, «кытай керемети» аталган инновациялык технологиясынан тажрыйба алууга кызыккан өлкөлөр көп. Ал эми биз кошуна жашап туруп, ушундай чоң мүмкүнчүлүктөн эмне үчүн пайдаланабай калышыбыз керек? Анын үстүнө кытайлардын: « Өзүң бай болсоң да жакыр кошунаңдын жанында мартабалуу көрүнө албайсың. Сен кошунаңдын да бай болуп жашоосуна жардам бер» деген алгылыктуу саясаты бар. Мындай саясат КЭРдин Төрагасы Си Цзиньпиндин 2013-жылы демилгелеген «Бир алкак – бир жол» программасында багыт алган. Быйыл Президент Садыр Жапаров менен Си Цзиньпиндин Сиань шаарындагы жолугушуусунан кийин кытай инвестициясы менен бир нече долбоорлор ишке ашырыла баштады. Эң башкысы, инвестор кайсы өлкөдөн келгенине карабай, мамлекет анын мүлкүн жана өзүнүн коопсуздугун камсыздап берүүгө милдеттүү.
— Сиздин оюңузча, Кытай тарап менен визасыз каттоо маселеси качан чечилет?
— Эки тарапка бирдей визасыз режимди киргизүү тууралуу биз — парламент депутаттары бир нече жолу маселе көтөргөнбүз. Менин оюмча, Министрлер Кабинети бул маселени кечиктирбей чечиши керек. Анткени, 2025-жылдын февраль айында Президент Садыр Жапаров Кытайга иш сапары менен баруусу күтүлүп жатат. Ушунун өзү да эки тараптуу кызматташтыктын улам бекемделип бара жатканына чоң мисал. Буюрса, анда да жаңы инвестициялардын келишине жол ачылат деген үмүттөмүн.
Визасыз режим киргизилсе, Кыргызстанга кытайлык туристтер көп келе баштайт. Муну мен бекеринен айтып жатканым жок. Бүгүнкү күндө Кытайда ички туризм абдан катуу өнүгүп, жыл сайын 400 млн. адамга жетип жатат. Кытай мектептеринде окуучуларды маданий жайларды кыдыртып, экскурсияга алып барууну мамлекет милдеттендирип койгон. Мисалы, Кытайда Сычуань, Цзючжайгоу деген туристтик аймактарды көрүүгө өзүнүн жарандары жылдап кезекке жазылышат. Анда бийик тоолор, табигый суулар, жаратылыштын кооздугу көз тайгылтат. Ал жакта көбүнчө тибет эли жашайт. Бирок, Кытайдын ошол тоолору биздин Жети- Өгүздүн же Жалал-Абаддагы Арсланбап тоолорунан эч кем эмес. Эгерде биз чет элдик эс алуучуларга жакшы шарттарды түзүп, коопсуздук чараларын көтөрүп берсек, төрт мезгил бою туристтер үзүлбөйт. Ысык-Көлгө келип эс алууну кыялданган туристтер андан көп. Өлкө экономикасына эбегейсиз ири киреше туристтерден түшөөрүн бөркүмдөй эле көрүп турам.
— Сиз айтмакчы, бизде алардын океандай рыногунан пайда көрүүчү кандай перспективалар бар?
— Акыркы эки жылдан бери Кытайдан электромобилдерди ташып келип, Кыргызстан аркылуу Россияга реэкспорттоо катуу өсүп жатат. Ушуга байланыштуу электромобилдерди тейлөө жаатында талап күчөйт. Мисалы, батареяларды, тетиктерди ага керектүү шаймандарды алмаштыруу өнд үр үш үн жолго коюу керек. Менин оюмча, жакынкы келечекте электромобилдерди чогултуучу ишкана куруу зарыл деп эсептейм. Бизнес чөйрөсүндө мындай аракеттер бар, бирок, азырынча иш ордунан жыла элек. Ошону менен бирге Кыргызстан ЕАЭБге мүчө өлкө катары өнөр жай тармагын көтөрүүсү зарыл.
Жергебизде экологиялык айыл чарба продукцияларын өндүрүүгө табигый мүмкүнчүлүк көп. Бүгүнкү күндө дүйнө мамлекеттери табиятты таза кармап, органикалык азык-түлүк алууну артыкчылыктуу эсептеп калды. Мисалы, биз балдардын таза азыктарын өндүрүп чыгарууну, мөмө-жемиштерди кургатып сатууну жолго коюучу ишканаларды курушубуз керек. Кургатылган экологиялык жашылча-жемиштерди аскер кызматы, деңиз флоту үчүн экспорттоого болот. Ал үчүн эл аралык сапат стандартын алышыбыз керек.
Дыйкандардын органикалык пияз, дарбыз, сабиз, буурчак, жүгөрүсүн бери дегенде, Кытайдын бир провинциясы менен келишим түзүп, такай өндүрүп сатууну туруктуу жолго коюшубуз керек. Ушундай жагдайда фермерлер сатып өткөрүүнүн альтернативдүү каналын ачып алышат. Азыркы учурда кыргыз азыктары негизинен Казакстан менен Россияга эле кетип жатат. Бирок, чек арадан түрдүү тоскоолдуктарга кабылышууда.
Эл аралык алкакта халал индустриясы токтоосуз өнүгүп жаткан азыркы шартта, кайсы мамлекетте болбосун жогорку сапаттуу азыктарды киргизүү талабы күчтүү. Байкашымча, кытай жарандары ден соолугун сактоону башкы планга коюп алышкан. Ушундан алганда, адам организмине пайдалуу азыктарга талап абдан күчтүү. Быйылкы жылы Кытайга негизинен бал менен эрте бышкан алча эле экспорттолду. Мен билгенден, үстүбүздөгү жылы дыйкандардын капуста, пияз, сабизи кетирген чыгымды анча актай албай калды. Мунун себеби, өлкө рыногу чакан, экспорт маселеси туруктуу багытта жолго коюла элек.
Кытай токтоосуз өнүгүп бараткан держава. Ал адегенде экономикасын өстүрүүгө артыкчылык берди. Андан соң, агартуу системасын биротоло колго алды. Ал эми азыркы учурда өнүгүүнүн даңгыр жолуна түшүп, маданиятын көтөрүүгө басым жасап жаткан чагы. Жалпысынан алганда, Кытайдын бардык тармагы сапат маселесин артыкчылыктуу кылып алууда. Кытайга баргандагы байкаганым, Европадан өндүрүлгөн товарларга салыштырмалуу, Кытайдын товарларынын сапаты абдан жогору.
Кытайлыктар абдан адамгерчиликтүү, ак көңүл, боорукер адамдар экенин көп байкайм. Кайсы шаарына барбайын, мейманды жайдары жүздөрү менен тосуп алып, меймандостугун көрсөтүүнү салтка айландырып алышкан. Зарыл учурда адамга жардам колун сунууга даяр турган жарандарды көп көрөм.
— Кыргызда деле коомдун же бир жарандын башына оор иш түшкөндө жардамын аябай, кол кабыш кылуу, чогулуп барып колдоп жиберүү салты бар эмеспи. Мисалы, пандемия каптаган карантинде сиздин активдүүлүгүңүздү байкадык эле. Ошого азын—оолак токтолуп өтсөңүз?
— Пандемия учурунда бүт үн элибиз бири-бирине жардам берип, колдон келген көмөгүн аябай чуркап жүрүштү. Кытай Эл Республикасы дары-дармектерди жеткирип, тажрыйбалуу дарыгерлерин жөнөтүп, беткаптарга чейин таратты. Ал күндөрү өмүр үчүн күрөш жүрүп жатты. Мен Кыргызстандагы дунгандар ассоциациясынын төрагасы болчумун. Ошол оор учурда ассоциациянын жигиттерин уюштуруп, Бишкек, Кара-Балта жана Токмокко чейинки аралыктагы кароолдо турушкан күч түзүмдөрүнүн кызматкерлерин ысык тамак менен камсыздап жаттык. Мындан тышкары, ковид жуктуруп ооруп жаткан жарандарга канды суюлтуучу дарыларды сатып алып тараттык. Айрым бейтапканаларга, ооруканаларга ошол учурда катуу тартыш болгон дарыларды жеткирип берип жүрдүк. Дегеле соопчулук иштерди жасоо элибизде абалтадан келе жаткан мыкты сапаттардын бири деп эсептейм.