Жакында орус-дунган-кыргыз тилдериндеги сөздүктүн бет ачар иш-чарасы өткөрүлдү. Китептин авторлору И.Шисыр, Ф.Хаваза жана Р.Коңурбаева болуп, сөздүктү түзүүнүн үстүндө эки жыл эмгектенишкен. Китеп Кыргызстандагы Кытай Эл Республикасынын элчилигинин жана Жогорку Кеңештин депутаты Карим Ханджезанын демөөрчүлүк колдоосу менен жарык көрдү.
Улуттук статкомдун маалыматына таянсак, өлкөдө дунган этносунун 76600 өкүлү жашайт. (Ал эми Борбор Азия мамлекеттеринде алардын саны 150 000ден ашыгыраак) Кыргызстанда дунган тилинин өзгөчөлүгүн сактоо, өнүктүрүү боюнча бир кыйла аракеттер көрүлүп келет. Мисалы, дунган улутунун өкүлдөрү чогуу жашаган аймактардын мектептеринде дунган тили жана адабияты предмети боюнча сабак өткөрүлүп жүрөт. КРдин Улуттук телерадиокорпорациясында дунган тилиндеги көрсөтүүлөр бар. Мындан тышкары, Улуттук илимдер академиясына караштуу Б.Жамгерчинов атындагы тарых, археология жана этнология институтунда дунган тилин, адабиятын, тарыхын жана этнографиясын изилдөө боюнча борбор иштеп жатат. Ошондой болсо да, азчылыкты түзгөн этностордун элдик каада-салтын, маданий мурастарын, тилин сактап, андан ары өнүктүрүү үчүн мындай сөздүктүн орду чоң.
Кыргызстандагы Кытай Эл Республикасынын толук ыйгарымдуу элчиси Ду Дэвэнь айым буларга токтолду: «Кыргызстандагы дунгандар жүз жылдан ашык мезгилден бери эне тилин, этноискусствосун, абалкы каада-салтын сактап келишет. Кытайдын салттуу маданиятын кеңири жайылтууда, түбөлүк кошуна жашаган эки элдин достугун бекемдөөдө дунгандардын өзгөчө ролу бар. Мен дунгандар жашаган Чүй өрөөнүндөгү Александровка, Садовая, Ысык-Көл облусундагы Иртык айылдарын көрүп келгем. Кыргызстандагы Кытай элчилиги дунгандар коомчулугуна өзгөчө көңүл бөлүп, жардам берип келе жатат. Дунган мектептерине китептерди, сабакка керектүү жабдууларды алып бердик. Көптөгөн окуучуларды Кытайга окууга жөнөтүп, айрымдарын экскурсияга алып бардык. Бул жолу элчилик орус-дунган-кыргыз тилдериндеги сөздүктү чыгарууга каржылык салымын кошту. Бул китеп кыргыз-кытай достугун бекемдөөчү көпүрө болооруна жана Кыргызстандын жаштары үч тилди өздөштүрүүсүнө өбөлгө түзөрүнө ишеним артабыз»
Кыргызстанда дунган таануу иштери жүргүзүлө баштаганына 90 жылдан ашты. Совет мезгилинде өлкөдөгү улуттук азчылыкты түзгөн этностордун этно маданиятын, тилин өнүктүрүү саясатын турмушка ашыруу 1928-1932-жылдарга туш келген. Ушундан улам латын алфавитинин негизинде дунган жазууларын иштеп чыгуу колго алынган болчу. Ошол эле жылдары алгачкы жолу дунган мугалимдери окутулуп чыгарылып, алар мектептерге эне тилден сабак бере башташкан. Жаңы алфавитке өтүү учурунда дароо эле дунган тилиндеги китептер, көркөм адабияттар которулуп басылып жарык көргөн. Тактап айтсак, октябрь революциясынан кийинки доордо совет өкмөтү дунгандар менен уйгур этносундагы калктын маданий-экономикалык керектөөлөрүнө жогорку деңгээлде көңүл бургандыгы Кытай менен жакын кошуна болуу фактору да роль ойногон.
Фрунзеде дунгандар, ал эми Алматыда уйгурлар үчүн маданий агартуучулук мекемелер түптөлүп, эне тилин, тарыхын, жазылмаларын изилдөө, үйрөнүү боюнча илимий борборлорду ачууга акчалай ссудалар бөлүнүп турган. Кыргыз филармониясында дунгандардын улуттук ансамбли уюштурулган.
«1928-жылы уюштурулган кыргыз илимий изилдөө институту кыргыз жана дунган тилдерин илимий жактан тариздөө жаатында албан иштерди жүргүзгөн, — дейт тарых илимдеринин кандидаты Жамила Маджун. – Латын тамгасынын киргизилиши менен биринчи жолу кыргыз жана дунган тилдериндеги адабияттарды басып чыгаруучу басмакана ишке берилген. Ал эми 1932-жылы маданий илим изилдөө институту «маданий курулуш» аталыштагы институт болуп кайра түзүлүп, ага караштуу бир нече секторлор, анын ичинде дунган сектору бар болчу.
Ошол жылдары бул секторду советтик залкар окумушту-полиглот Е.Д.Поливанов жетектеп, анда Ю.Яншансин, Х.Юсуров, Я.Шиваза, Ю.Цунвазо, А.Мацунов, Х.Макеев болуп бирге эмгектенишкен. Мындагы адистер дунган мектептерине окуу китептерин түзүп, көркөм адабияттарды, саясий-агартуучулук китептерди дунган тилине которушкан. Бирок, 1939-жылы мындагы дунган сектору жабылып калган. Анда латын тамгасындагы адабияттарды басып чыгаруу да, мектептерде дунган тилиндеги сабак өтүү да токтотулган эле. Ошол жылдары Кыргыз ССРнын эл акыны Ясыр Шиваза дунган окурмандарынан аргасыз алыстап калып, ырларын кыргызча жаза баштаган.
Дунган таануу илимин өнүктүрүүнүн жаңы этабы 1954-жылга туура келди. Мына ушул жылы Илимдер академиясы жаңыдан уюштурулуп, анда дунгандардын маданий сектору кайрадан ачылган. Аны менен бирге дунган гезитинин редакциясы иштей баштаган. Дунгандар жашаган аймактардагы мектептерде эне тил, адабият сабактары өтүлүп, радиодон дунганча берүүлөргө эфир бөлүнгөн болчу»
Ж.Маджундун билдиргенине караганда, бүгүнкү күндө Кытай, Австралия, Япония, Германия, Австрия, Финляндия ж.б. мамлекеттердин окумуштуулары Борбор Азия регионундагы дунгандардын турмушуна кызыгуулары абдан чоң.
Акыркы жылдары Кытай менен Кыргызстандын дунган таануучуларынын ортосундагы илимий чыгармачылык кызматташтыгы активдүү өнүгүү фазасына жетти. Илимпоздор биргелешкен изилдөөлөрү жүргүзүп, алардын эмгектери ар кыл тилдерге которулууда. Мисалы, профессор Ху Чжэньхуанын кыргыз мамлекетинин түзүлгөндүгүнүн эки миң жылдыгы тууралуу аныктамасын алгачкы жолу Кытайдын маалымат булактары элге жарыялап чыккан. Андан тышкары, Кыргызстандагы Кытай элчилиги көптөгөн жылдардан бери дунган диаспорасына ар тараптуу жардамын берип келе жатканын айтып койгонубуз жөн.
УИАнын академиги, Б.Жамгерчинов атындагы тарых, архиология жана этнология институтунун директору Абылабек Асанканов орус-дунган-кыргыз тилиндеги жаңы сөздүккө билим берүү тармагындагы тарыхый окуя деп баа берди. «Буга чейинки ар кыл сөздүктөр эки тилде чыгарылып жүргөн болсо, бул үч тилде жарык көрүп, биринчиден дунган тилин байытып, экинчиден алардын мамлекеттик тилди өздөштүрүүсүнө чоң салым кошо турган көрүнүш. Биз кыргыздар, сырт дүйнө менен түз байланыштырган деңизге, мухитке чыгуучу трафиктин жоктугуна кейип келебиз. Бирок, кыргыздар үчүн өзгөчө деңиз да, артыкчылыктуу океан да бул – кылкылдаган бир жарым миллиард калкы бар кең Кытай. Биз чынында, Кытай аркылуу бүткүл дүйнөгө чыга турган географиялык артыкчылыкка ээ экенибизди унутпайлы», — деди.
Жогорку Кеңештин депутаты, «Жибек жолу – Борбор Азия» коомдук фондунун негиздөөчүсү Карим Ханджеза буларга токтолду: «Дунгандар Борбордук Азияда 147 жыл мурда жайгаша башташкан. Түпкүлүгүндө биз кытайлык болобуз. «Ырыс алды — ынтымак» демекчи, ошондон бери күнөстүү кыргыз жеринде өнүгүп-өсүп, тамыр жайып жашап келебиз. Кыргызстандын залкар акыны, коомдук ишмер дунган жазууларынын сакталышынын башында турган Ясыр Шивазанын бүгүн биз дунган тилинде окуп жатканыбызга зор эмгек сиңиргенин айтып койгонубуз жөн. Ал эми бул сөздүктүн мамлекеттик тилди үйрөнүүгө, аны кеңири жайылтууга да жардамы тийет деген үмүттөбүз. Анткени, Кыргызстанда жашаган бардык улуттар кыргыз тилин билүүгө милдеттүү деп ойлойм. Ушуга байланыштуу мен төмөндөгүдөй сунуш киргизейин дедим. Бул китеп коомго кандай натыйжа бергендигин аныктоо үчүн келээрки жылы конкурс өткөрүп, жеңүүчүлөргө байгелерди ыйгарсак. Ишибиз ийгиликтүү экени көрүнсө, бул сөздүктү мындан да масштабдуу деңгээлде басып чыгарууга күчүбүз жетет».
Үстүбүздөгү жылы Кара-Кыргыз автономиялык облусунун түзүлгөнүнүн 100 жылдыгына карата иш чаралар өткөрүлө баштады. Кытай Эл Республикасынын негизделгенине 75 жыл, ал эми Улуттук илимдер академиясынын түптөлүшүнө 70 жыл толгондугу менен ушул сөздүктүн жарык көрүшү символикалуу жагдайда туш келгенин иш чаранын катышуучулар белгилей кетишти.
Иш чарага Жогорку Кеңештин депутаттары, УИАнын, Ж.Баласагын атындагы КУУнун илимпоз окумуштуулары жана чет элдик меймандар катышты.