Кыргыз Республикасынын эл артисти, төкмө акын, обончу, дастанчы, аткаруучу Ашыралы Айталиевдин «Нарындан жазган салам кат» деген ырында:
«Кыймылдап поезд баратса,
Кылгырып көздөн жаш тамган», — деген саптары көп жылдардан бери талаштуу болуп жүрөт. Акын бул ырды чыгарганына 66 жыл болуптур. Бирок, эл ичинде: «Тээ өткөн кылымдын элүүнчү жылдары түгүл, азыр деле Нарында темир жол жок. Темир жол түгүл жыргаткан троллейбус каттай элек. Анан Айталиев театрдын ачылышына кайдагы поезд менен барып жүрөт?», -деген кеп айтылып жүрөт. Ушунча жылдан бери буга анчалык маани бербей ырдап жүрө бергендер деле толтура. Обонго сөзү бап келсе ырдала берет экен. Ушул чыгарманы бул жагы Казакстандын, тигил жагы Өзбекстандын артисттери деле билбей ырдап жүрүшөт.
Нарында театр ачылып жатканда атам башкы режиссер болгондуктан мен бир жолу ага: «Ошол жылдары Ашыралиев түшкөн поезд бүгүн Долондун бийик ашуусунан коркуп каттабай калды беле?», — деп тамашага чалдым. Анда ыраматылык атам:
— Бул 1958-жылдын аяк чени болчу, — деп сөз баштаган эле. – Ошол күнү театрда отургам. Эшиктен бир актерум кирип келип: «Сыртта байкеңиз күтүп турат», — деп калды. Фрунзеден Медетбек байкем айтпай-дебей келип калган го деген ой кетти. Чыга калып карасам, мурдун барбайтып Ашыралы Айталиев, жанында дагы эки киши турат. Ашыкем, мобуреки Кант районунун Жайылма деген айылынын кулуну. Тиги актерум Ашыкем экөөбүз жалпы Чүй өрөөнүнөн болгонубуз үчүн байкеңиз дептир.
Айта берсе, Ашыкемдин чыгарган обондору, дастанчылыгы,төкмөлүгү укмуш. Ал кайсы чыгарманы аткарбасын, өзүнүн орошон төкмөлүгүнө салып жиберет. Бир эле чыгарманы кээде кыска, кээде узакка созуп ырдаган сейрек талант.
Эми ал окуя мындай болуптур. Ашыралыга кошуп эки артистти филармониянын администрациясы Нарын театрынын ачылышына барасыңар деп жөнөтүшөт. Бирок, алар командировкага берилген акчанын көбүн күн мурунтан эле коротуп алышыптыр. Темир жол вокзалына келишип, чөнтөктөрүн каккылап отуруп, эптеп Балыкчыга карай поезддин билетин алышат. Поезд үч сааттан кийин жөнөмөк экен. Үчөөнүн чөнтөгүндө чака -тыйын жок. Анын үстүнө убакытты өткөрүү үчүн вокзалдын ресторанына кирип, документтерин таштап болсо да ачкан курсакты тойгузушмак болушкан. Ал эми Балыкчыдан ары Нарынга кайсы каражат менен жетип алышаарын өздөрү деле билишпейт. Айтор, көпчүлүк таланттуу акындар прагматик эмес, романтика менен жашаган эл болот эмеспи. Анын үстүнө ошол жылдары Ашыкемдин узун элдин учуна, калың элдин кыйрына ысымы таанылып калган жигит кези. Фанаттары да ошончолук толтура болсо керек.
Вокзалдын ресторанынан официант, буфетчи кыздар берки үчөөнү сыйлап тамак-ашты жайнатышыптыр. Ашыкем кыздардын өтүнүчү менен комуз чертип ырдап, отурушту көркүнө чыгарып, селкилерге тез эле ымалалаш болуп калышат. Андайда ичкилик болбой койчу беле. Анан сапар тартаарга убакыт келип, сыртка чыкканда тиги үчөө официант кыздардан уялбай этпей эле, Нарынга карай жол кирээлик акча сурап алышыптыр. Бирөөсү кыштын күнү экенине карабай, кайдан-жайдан букет алып келип, Ашыкеге берип, кол булгалап ыйлап узаткан экен. Орошон акын ошол кызды жактырып калып, поездде бара жатканда комуз менен ыр чыгарып жүрүп отурат.
Эртеси театрдын расмий ачылышы болуп, концертик бөлүгүндө кезек Айталиевге жетет. Ал «Нарындан жазган салам кат» деген ырын даярданбаган турушунда эле ырдайт. Ушул чыгарма ооздон-оозго өтүп, акыры классикага айланып кетээрин анда автор өзү деле билген эмес. Ошол учурда телерадионун маданий көркөм редакциясында иштеген Турсун Уралиев бул ырды жаздырып калыптыр. Турсун экөөбүз да жакын жолдошпуз. Анткени, ал да Ташкенттеги театралдык институтту бүтүрүп келип, радио тармагына өмүрүн байлап койгон жигит, — деп жооп берген.
Ал эми Ашыралы Айталиев айрым басылмаларга мындайча маек берген. «Театрдын салтанаттуу ачылышына эл көп чогулду. Концертти алып баруучу эки ырчыдан кийин мени сахнага чыгарып калбаспы. Ал кургур же алдын ала эскертип койбойт. Ошондо «Нарындан жазган салам катты» биринчи жолу даярдыксыз ырдап чыккам.
Жаз келип күн жылып калган. Бир күнү Фрунзенин стадионунда футбол көргөнү баргам. Тыныгуу учурунда алиги карагайга илинген радиодон «Нарындан кат» деп ырдап жатканымды угуп таң калдым. Чынын айтсам, бул ырды өзүм деле унутуп калыптырмын. Кийин, сураштырып жүрүп, ошол кезде театрдын ачылышына барган Турсун Уралиев радиого жаздырып калганын билип отурбайымбы. Бир жолу Турсунга жолугуп ырымды сурасам, ар кайсынын башын айтып, тамашага чалып, ажыкыстанып бербей жатпайбы. Эптеп «жолдугун» кылып жатып, андан өзүмдүн ырымды кайра «сатып» алгам», — деп билдирген.
Канча ырдаса тойбогон«Карагул ботом» дастаны…
Бир жылдары филармониядан төкмө акындар, бирин-экин ырчы кыздар болуп, бир бригада түштүк тарапта гастролдоп жүрүшүптүр. Кечкисин 2,5 саатка ылайыкталган концерт 3 сааттан ашса да эл тарабай, кайра-кайра суранып ырдатышат. Концерт аяктап, айылдын башкармасы борбордон барган артисттерди меймандаганы машинасын даярдап күтүп турган. Артисттер эки машинага бөлүнүп алып мына жөнөөрдө клуб тараптан бир карыя чыга калып, тигилердин алдын торойт. Ал карыя: «Ашыралы бул жолу «Карагул ботомду» ырдабай койду, минте турган болсоңор билеттин акчасын кайра бергиле», — деп чатак салат. Көрсө, ал андан мурдагы айылдын клубунан булардын концертин көрүп, бирок, ага да тойбой төкмөлөрдү ээрчип келген Ашыралы Айталиевдин фанаттарынын бири экен. Ошол жерден карыяны тааныган бирөө: «Ой аксакал, кечээ кечинде эле «Карагул ботомду» укпадыңыз беле», — дегенине карабай, тиги абышка: «дагы угат болчумун», — деп көшөрөт. Ашыкем күнөөлүү кишидей унчукпай туруп берди дейт… Ошол жердеги бирөөсүнөн акыл чыгып, тиги карыяны машинага салып алышып, артисттерге тамак бере турган үйгө кошо алып келишиптир.
Ал жерден бир сыйра тамактанып алган соң, эт тартылганча Ашыралы «Карагул ботом» дастанын ала жаздын жамгырындай сабалатып ырдаптыр. Жалгыз баласын атып алып, арманын төккөн мергенчинин тагдырына ыйлабаган киши жок дейт. Артист үчүн чыгармасы элдин жүрөгүнөн орун таап, көрүүчүлөрдүн сүймөнчүлүгү болуудан өткөн бакыт барбы?
Ашыралы аганын көзү өтсө да, артында көөнөрбөс өнөрүн улаган шакирттери калды. Ал мындан көп жыл мурда белгилүү ишкер, саясатчы, Кыргызстандын Франциядагы элчиси Садык Шер-Нияз уюштурган «Айтыш» коомдук фонддун колдоосу менен төкмөлүккө шыктуу жаштарга устат болду. Ал жылдары ак таңдай акындар Токтосун Тыныбеков менен Эстебес Турсуналиевдин да көзү тирүү кез эле. Үчөө биригип, жок болуу коркунучуна кептелип, тайыздап бараткан төкмөлүк, дастанчылык өнөрдү үркөрдөй болгон бир ууч жаштардын шыгына шык кошуп, үйрөтүп, айтышты кайра «тирилтип» беришти. Мисалы, раматылык Элмирбек Иманалиев ушул улуу төкмөлөрдөн кем калбаган акын болуп, кырктын кырына келгенде кайтпас жайга кетти. Ашыралы ага шакирти Элмирбекке өзүнөн кем калбаган төкмө катары баа берчү экен. Андан тышкары, Жеңишбек Жумакадыр, Амантай Кутманалиев, Азамат Болгонбаев, Аалы Туткучев, Шекербек Адылов ж.б. шакирттери бар.
Ал эми белгилүү төкмө акын Абдылда Нуралиев устаты тууралуу берген маектеринин биринде мындай дейт: «Ашыралы Айталиев менин өнөрдөгү атам. Өзүнүн атасы экен деп ойлоп алышып, «Айталиев мунун апасына качан жолукту эле?», — деп изилдеп чыгышпасын… Мен чыгармачылыкка жаңы келгенде:
«Артисттин жашыраагымын,
Талант жактан, көп жактан,
Үлгүсүн көрдүм мен,
Айталиев Ашыралынын», — деп ырдап чыккам. Ошентип Ашыралы атама отуз жыл устукан ташыганыма сыймыктанам. Устатым кыргызга бир келген кайталангыс талант болчу», — деп билдирген.
Ашыралы Айталиев көп жылдар бою Ысмайыл Борончиев, Токтонаалы Шабданбаев, Токтосун Тыныбеков, Эстебес Турсуналиев, айтылуу Алымкул Үсөнбаевдин уулу төкмө акын Замирбек Үсөнбаев болуп, Т.Сатылганов атындагы улуттук филармонияда чогуу иштеген.
Айтылуу төкмө акын 2008-жылы Бишкек шаарында 81 жашында көз жумган.