2024-жылдын августунда өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу, дүйнөдө сүт 14,2 пайызга кымбаттаган. Бул тууралуу БУУнун азык-түлүк жана айыл чарба уюму (ФАО) билдирүү таратты. Билдирүүдө сүттөн өндүрүлгөн продукциялардын баасы да жогорулаганы кабарланды. Андан тышкары, социалдык азык-түлүктүн башка түрлөрүнө болгон баалар да көтөрүлгөн. Ушундай жагдайга карабай, дүйнө мамлекеттери жалпы адамзат өндүргөн тамак-ашты коромжусуз бөлүштүрүп колдонууну жөнгө сала албай келе жатканы парадоксалдуу көрүнүш.
Ач кадырын ток билбейт
Дүйнөдө баанын жогорулаганы менен катары эле азык-түлүктү сарамжалсыз колдонуу чоң көйгөйгө айланганын эл аралык экспертер айтып келишет. Бул маселе алгачкы жолу эле козголуп жаткан жок. Мисалы, ФАОнун билдиргенине караганда, мындан 3 жыл мурда дүйнөдө 828 млн. жакын адам ачарчылыктын чеңгээлинде калган. Ачкачылык Түндүк Америка менен Европада 2,5, Азияда 9,1, Океанияда 5,8, Африкада 20,2, Латын Америкасы менен Кариб бассейнинде 8,6 пайызды түзгөн.
ФАОнун божомолдоосу боюнча, 2030-жылга карата Африка континентинде ачарчылыктын масштабы өсүп, дүйнөнүн башка мамлекеттеринде бир аз кыскарышы мүмкүн. Кыргызстанда 100 000ге жетпеген адам тамак-аштын жетишсиздигинен жабыркап келе жатат.
Ушул эле уюмдун баяндамасына карасак, адамзат тарабынан өндүрүлүп чыгарылган тамак-аштын 30 пайыздан ашыгы таштандыга кетет экен. Азык-түлүк продукциялары өндүрүлүп жаткан бардык этаптарда эбегейсиз чыгымга учурайт. Мисалы, жыйнап алынган түшүмдөн тамак-аш өндүрүлүп, алар соода түйүндөрүнүн текчелерине жеткенге чейинки бардык процесстерде продукциялардын 14 пайызы коромжуга учурайт. Андан тышкары, тамак-аштын 17 пайызы керектөөчүлөргө жеткенге чейин дагы ысырапкорчулукка туш болуп, ыргытылганын билгенде бушайман болбой коё албайсың. Тамак-аштын 11 пайызы үй чарбасынан, 5 пайызы коомдук тамак-аш жайларынан, 2 пайызы дүкөндөрдөн ташылып ыргытылат.
Азыркы күнгө чейин адамзат өзү өндүрүп чыгарган тамак-аш продукцияларын дүйнө калкына рационалдуу бөлүштүрүүнүн программасын так жана даректүү түрдө иштеп чыга элек. Айрыкча, кафе-ресторандардан, бала бакчалардан, мейман келген үйдөн тарелкага салынган тамактардын бир топ бөлүгү желбей калат. Артып калган тамак-ашты таштанды челегине төккөнү баратканда, ааламдын бир бурчунда жакырчылыктын кесепетинен өмүр менен өлүмдүн ортосунда кыбырап жаткан адамдар бар экени эч кимдин оюна келбейт. Жыл сайын дүйнөдөгү 3,1 млрд. калк адамдын организмине керектүү болгон рациондогу тамакка жетпейт. Ал эми 828 млн. адам ачкачылыктын чеңгээлинде калып келет. Мындай көйгөйлөрдүн кыйыр түрдөгү кесепеттери да көп.
Тамак-аштарды өндүрүүгө электр энергиясынын кыйла бөлүгү коротулат. Азык-түлүктөрдүн пластик идиштери жер кыртышынын, океан, деңиз жана өзөн суулардын экосистемасын биротоло бузуп баратат. БУУнун айлана-чөйрөнү коргоо программасында келтирилген статистика боюнча айтсак, тамак-аш калдыктарынын 34 пайызы отелдердеги, ар түрдүү жыйындар менен коштолгон «швед столунан» кийинки иш чаралардан чыгат. Экономикасы үчүн туристтик бизнес, мейманкана ишкердиги маанилүү орунда турган өлкөлөр сый тамак берүүнүн ушул жолуна өтүп алышкан. Бүгүнкү күндө Бириккен араб эмираттарынын курортторунда коромжу болуп таштандыга төгүлгөн тамак-аштын көлөмүн кыскартуу долбоорун БУУнун атайын программасы колдоого ала баштады.
Көздөн учкан 125 грамм нан
СССРдин эл артисти, кино жана театр жылдызы Алиса Фрейндлих өзүнүн социалдык тармактагы баракчасында жарыялаган эскерүүсү ушул макаланы жазууга түрткү берди.
— Улуу Ата Мекендик согуш убагында – 1941-1942-жылдардагы кыш абдан ызгаардуу болгон, — деп эскерет даңазалуу россиялык актриса. – Ленинград шаары бүтүндөй блокадага кабылып, шаар калкын болуп көрбөгөндөй ачарчылык каптады. Карточка системасы менен 1 адамга 125 граммдан эле нан берилчү. Нанга бир нече саат кезекте туруп зорго жетчүбүз. Ошол нандан башка эч кандай тамак жок калган күндөр көп болду. Кичинекей нанды бир суткага жеткирүүгө тийиш элек. Душмандар курчаган шаарда эркектер дээрлик жок болгондуктан аялдар, балдар жана кары-картаңдар гана калган. Нанды үнөмдөбөй, чыдабай дароо жеп алгандар ачкадан мерт кеткен учурлар болду. Шарлота чоң энем темирдей тартип киргизип, нанды шкафка кулпулап катып, саатка карап, аз-аздан чыгарып берип турбаганда, биздин үй-бүлөнү да ошондой тагдыр күтмөк.
Кибиреген кичинекей арык кыз болчумун. Ачкачылыктан ичегим үзүлүп кетчүдөй кыйналып, шкафка жакын отуруп алчу элем. Ошондо мен сааттын жебеси тезирээк жылышын чыдамым кетип күтчүмүн. Биздин батирде такай «буржуйка» жагылып турчу. Шаар элинин көп бөлүгү ошондо катуу сууктан тоңуп өлдү. Суунун тартыштыгынан сырттан кар ташып келип, аны эритип алып жуунуп алчубуз. Бир керемет жагдай болбогондо, биз чынында эле өлүп калмакпыз деп ойлойм.
Бир жылдары апам энесинин сүтү чыкпай калган ымыркай баланы эмизип келип жүргөнү эсимде. Блокада учурунда ошол аялдын күйөөсү шаардын саламаттыкты сактоо башкармалыгында иштөөчү экен. Ошол киши апамды бала бакчанын эсепчиси жумушуна орноштуруп, бала бакчага мени да кабыл алдырткан. Жашым сегизге карап чоңоюп калгам. Эсимде, текшерүүчүлөр келе жатканда ал жердегилер мени башка бөлмөгө катып коюшчу…
Азыркы күндө да тарелкада желбеген тамак-аш калса, жүрөгүм сыгылып чыдабай кетем. Мен небереме: «Тамакты жегениңе жараша салып ал. Калдык чыгарбай түгөт», — деп айткандан тажабайм. Ал мага кайра: «Чоң энемдин ушул обу жок адаты калбады», — деп ачууланат. Ал бейпилчилик менен барчылыкта жашаган муундун өкүлү. Ачарчылыктын кайгысын, бир үзүм нан адам өмүрүн сактап каларын кайдан билсин», — деп жазды 89 жаштагы Алиса Фрейндлих.
Коромжу болгон ресурстар
«Күндүн жарымы жарык, жарымы караңгы», — дегендей, жер планетасынын бир жеринде жарым ууртам сууга жетпей жаткандар көп. Ал эми азык-түлүк маселеси эч кимге көйгөй чыгарбаган мамлекеттер андан арбын. Бүгүнкү күндө ФАО: «Дүйнө мамлекеттери өздөрү кабыл алган азык-түлүк өндүрүү программасынын чечимдерин ишке ашырууда чекилик кетирип жатышат», — дейт. Дүйнөдө калктын саны 7,5 млрд. жетти. Ал эми глобалдык алкактан алганда, тамак-аштын түрлөрүн өндүрүп чыгаруу да, аны бөлүштүрүү да өнүккөн өлкөлөрдүн миссиясы бойдон калганы анык. Ошол эле учурда, 1,3 млрд. тоннадан ашык тамак-аш жыл сайын таштандыга төгүлөт. Ага дүйнөнүн муктаж болгон 3 млрд. калкын керектүү азыктын бардык түрлөрү менен камсыздоого болмок.
Азыркы учурда өнүккөн өлкөлөр жыл сайын 670 млн. тонна, өнүгүп келе жаткан өлкөлөр 630 млн. тонна тамак-ашты ысырап кылып жатышат. Муну ар бир өлкөнүн өзүнүн акчалай баа саясатынан алып эсептегенде, өнүккөн өлкөлөр 680 млрд. доллар, ал эми өнүгүп келе жаткан өлкөлөр 310 млрд. доллар коротушарын аталган уюмдун иликтөөсүнөн белгилүү болгон. Жогоруда келтирилген эсеп жыл сайын өйдө-төмөн өзгөрүлүп турганы менен, адамзат глобалдык ысырапкорчулукту жеңе албай келет.
БУУнун ЮНЕП – айлана чөйрөнү коргоо уюмунун аткаруучу директору Ингер Андерсендин ушул жылдын март айында келтирген докладында: «Тамак-аш калдыктары – бул глобалдык трагедия. Бүгүн миллиондогон адамдар ачкачылыкта калган учурда, дүйнө жүзү боюнча тамак-аш ыргытылып жатат. Күн сайын ааламда 1 млрд. порция тамак-аш коромжу болууда. Ошол эле учурда 800 млн. жакын адам ачкачылыктын чеңгээлинен чыга элек», — деп билдирген.
Адамзат коромжу кылган тамак-аш продукцияларын өндүрүү үчүн жердин экосистемасына келтирилген зыяндын көлөмү эбегейсиз чоң. Масштабдуу кырсыкка тете ишти түшүнүү үчүн БУУнун айлана-чөйрөнү коргоо программасынын баяндамасынан мисал келтирели. «Бир даана помидорду өстүрүүгө 13 литр, бир даана апельсинди өстүрүүгө 50 литр таза суу сарпталат. А таштанды челегине ыргытылган тамак-аштын жалпы көлөмүн камсыздоого жыл сайын 4,4 млрд. тонна көмүр кычкыл газы абага бөлүнүп чыгат.
Дүйнөдөгү коромжуга учуратып жаткан тамак-аш продукцияларын өндүрүүгө 1,4 млрд. гектар жер аянты иштетилет. Бул – жалпы айыл чарба аянтынын 28 пайызын түзөт.
Жыл сайын 29-сентябрда дүйнөдөгү азык-түлүктөрдүн коромжусу жана тамак-аш калдыктары тууралуу маалымат берүүнүн эл аралык күнү белгиленип келе жатат. Тилекке каршы, тамак-аш өндүрүү, кайра иштетүү, транспорттоштуруу, сактоо, бөлүштүрүү жана колдонуу этаптарынын баардыгында эбегейсиз коромжуга учураганын жоюуга адамзаттын күчү жете элек.