Кытайда 2012-жылы 100 млн. адам жакырчылыктын чегинен төмөн жашаганы аныкталып, КЭРдин Төрагасы Си Цзиньпиндин жетекчилиги алдында аны жоюу программасы кабыл алынган. Аталган программанын алкагында Синьцзян уйгур автономиялык районуна караштуу аймактарда жакырчылыкка каршы күрөшүү жигердүү башталган.
Он жыл мурда Чапчал уездинин Узун-Булак айылына климат шарты катаал болгон тоолуу аймактардан 500 үй-бүлөдөн турган 2000дей адам көчүрүлүп келген. Алардын баардыгы небактан бери тоодо мал баккан малчылар болчу. Өздөрүнүн айтымына караганда, эскилиги жеткен саман-топурактуу сокмо тамдарда жашашчу. Чапчал уездинен 70 чакырым аралыкта жайгашкан тоолуу өрөөнгө эч качан жол салынбаптыр. Жаз, жай күндөрү тез-тез сел жүрүп, короо-жайды кыйратып кеткен учурлар көп болгон. Медициналык тейлөө дээрлик түшкө да кирчү эмес экен. Башталгыч класстын окуучулары үчүн мектеп деген аты эле болбосо, жепирейген жайда балдар окутулуп келген.
Кытайдын аймактарында жаңы айылдарды куруу колго алынып, начар шарттагы элдерди мамлекеттин каражатына көчүрүп келүү иштери башталган. Узун-Булак айылына 2013-жылдан баштап көчүрүлүп келген элге малды жугуштуу дарттарга каршы эмдөөнү, асылдандырууну жана өсүмдүктөрдү жакшыртуу боюнча окутуу жүргүзүлгөн. Ошондой эле адамдын үйрөмүнө жараша тикмечилик, ашпозчулук, чач тарач, соода ж.б. кесиптик билим алууга тартылган. Аны окуп үйрөнүүгө өкмөт каражат бөлүп турат.
Алардын малчылык кесибине караштуу айыл чарбага ыңгайлуу жерлер тандалып алынып, фермаларга жакын чөп сактоочу жайлар да куруп берилген. Андан тышкары, мурда колдонуп жүргөн жайыттары малчылардын өзүндө калтырылган.
Узун-Булак айылы 12 жылдын ичинде таанылгыс болуп өзгөрүптүр. Уездин борборуна 10 чакырым аралыкта жайгашкан айылга такай автоунаалар каттап турат. Көп улуттуу калктын бактылуу келечекке карай өнүгүшү үчүн бул аймактын географиялык орду, жер ресурстары эң ыңгайлуу.
Ушул мезгил аралыгында өкмөт курулуш фонддорду түзүп, ага жолдорду, заманбап мектеп, балдар бакчасы, бактарды отургузуу, суу чыгаруу, канализация жана дренаждык курулмаларды орнотуу, инфраструктурасын курууга жалпысынан 130 млн. юань бөлгөн.
2016-жылы бул айылдын коллективдүү кирешеси 42 000 юань болсо, 2023-жылы 3,2 млн. юанга жеткен. Ал эми айылдын киши башына бөлүнгөн кирешеси 2013-жылы 3 468 юань болсо, 2023-жылы 21 837 юанга жеткен. Медициналык тейлөө жакшырып, элдик медицина да өнүгүп, дарылардын түрлөрү чыгарылат. Мындагы эл үчүн атайын дарыгер, медайымдар иштеп ден соолукту көзөмөлгө алып турат. Калк өзүнө бөлүнгөн жерлерди ижарага берип каражат табууга, андан тышкары, башка жумуштарды таап иштеп жатышкан экен.
Туристтерди тартуу үчүн кытай элинин креативдүүлүгүндө таң калбай өтүү кыйын. Узун-Булак айылынын 10 жыл мурда жаңы курулуп, элди көчүргөн үйлөрүн дароо эле туристтерди тартууга ылайыктатып салыптыр. Көпчүлүк үйлөрдүн дубалынын сыртында тоо-токой, карагай-чер, дарыялар сыяктуу табияттын кооз сүрөттөрү түшүрүлгөн. Мисалы, бир көчө «Калктын каада-салт көчөсү» деп аталат экен. Көчө тарапка тигилген мөмө бактар өтө көп. Баарынан кызыктырганы, асфальтталган ички жолдордун сары, көк, кызыл, жашыл түстөргө боёлгону маанайды көтөрдү. Мында ар кимиси дүкөн, чач тарач, саймачылык, ашпозчулук ж.б. кызмат көрсөтүүчү чакан ишкерлик менен алектенүүгө өтүшкөн. Бастырманын астында көбүнесе жүзүмдөрдүн шагы ийилип бышып турган чагы экен. Короодо помидор, болгар калемпири, бадыраң, пияз, сарымсак, картошка ж.б. жашылча-жемиштин түрлөрү өстүрүлүптүр.
Бул жерге көчүрүлүп келген Касымбек Болотжан аттуу казак аганы кепке тарттым.
— Өкмөт бизди 2014-жылдын декабрь айында көчүрүп келди, — деп ал сөзүн баштады. — Ушул үйүбүз толук курулуп бүтүп, даяр болуп калган экен. Кубанганыбыздан көргөн көзүбүзгө ишенбей турдук. Өзүбүз үйдүн ички жеңил жумуштарын табитке жараша жасап алдык. Тоодо жылкы, уй, кой, төө бакчубуз. Азыр деле мал багып жатабыз. Өзүңүз көрүп тургандай, өкмөт бул жерден 300 метр аралыкка мал сарай салып берген. Анткени, 10 жылдан бери калктуу конушка отурукташып, цивилдүү жашоо образына өткөн соң , үйдүн, короонун ичи таза, иреттүү болсун үчүн мал сарайды алысыраак салдырды. Бул жакка келгенде жубайым мектепте мугалим болуп өз кесибинде иштеди. Азыр болсо пенсияда. Учурда соода бизнеси менен алектенип жатабыз.
Тоодо өмүр бою мал багып жашап жүрдүк. Ал жакта урап жыгылчудай эски башталгыч мектеп бар эле. Ал дагы абдан алыс болгондуктан, кибиреген кичине балдардын каттап окуганы абдан кооптуу болчу. Кээ бир үй-бүлөлөр Чапчалдагы жатак мектепке балдарын окутууга аргасыз эле. Азыркы күндө жаркыраган жаңы мектепке ойноп барып окуп калышты. Окуучуларды атайын автобустар ташыйт, — дейт ал.
Андан соң Касымбектин жубайы Алтынкан Түлөкабыл кызы сөзгө кошулду.
— Узун-Булак айылына бүтүн журтубуз менен көчүп келгенден бери жашоо турмушубуз түп тамырынан бери өзгөрдү. Мисалы, өкмөт ар бир койду багууга жылына 300 юань, уй башына болсо 3000 юандан кошумча каражат берип турат. Себеби, жем-чөп жетиштүү болуп, малды кыйналбай баксын деп ушундай кайтарымсыз каражат бөлүү боюнча чечим кабыл алган. Анткени, 2020-жылы дүйнөнү коронавирус каптап, калк үйдөн чыкпай, жумуш иштей албай отуруп калды. Ошону үчүн малы аз кишиге да, малы көп кишиге да жардам иретинде мамлекет ушул жардамды берип турду. Бул жардам азыркы күндө да уланууда. Өкмөттүн аталык камкордугунан кийин малдын башы көбөйдү. Менде 70 кой, 15 уй бар. Бул аз болуп саналат. Ал эми кээ бир үй-бүлөлөрдө көчүп келгенден кийин 400-500дөн ашык кой, 50-100гө чейин уй баккандар бар.
Жаңы конушту мамлекет газдаштырып берип абдан жакшы кылды. Үйдү жылытууга да, тамак бышырууга да газ колдонуп көнүп алдык. Чынын айтуу керек, тоолуу жерде мал багуу менен эле алек болуп жүрө бериптирбиз. Бирок, балдардын терең билим алуусун, дүйнө таанымын, руханий өнүгүүсүн да ойлошубуз керек болчу. Азыркы күндө жаштарыбыз заводдордо, ишкана-мекемелерде иштеп түрдүү адистиктерди өздөштүрүп жатышат. Кичүү уулубуз быйыл Үрүмчүдөгү Синьцзян университетинин көркөм өнөр факультетин бүтүрдү. Улуу балабыз соода бизнеси менен алектенип жүрөт.