Үстүбүздөгү жылдын 31-август күнү өлкөбүздүн эгемендүүлүгүнүн 30 жылдык мааракеси белгиленмекчи. Мына ушул саамалыкты утурлай биз КР ЖКнын депутаты Адыл Жунус уулу менен Кыргызстандын ушул жылдар аралыгындагы жетишкендиги, кемчилиги жана келечеги тууралуу маек куруп, мамлекетибиздин Кытай Эл Республикасы менен болгон кызматташтык алакасы жаатында дагы баарлаштык.
- Быйыл Кыргыз Республикасы 30 жылдык эгемендүүлүгүн белгилеп жатат. Бул жылдар аралыгындагы өлкөбүздүн өнүгүү жолуна сереп салып берсеңиз, кандай кемчиликтер болду?
- Туура, жакында мамлекетибиздин көз карандысыздыгынын 30 жылдыгын белгилөөнүн алдында турабыз. Мына менин дагы Кыргызстанга келгениме 30 жыл толуп отурат. Мен 1963-жылы Кытай Эл Республикасынын Кулджа шаарында төрөлгөм. Ал жерден мектепти аяктап, Синцзян Университетинен жогорку билим алып, андан соң 1991-жылы Кыргызстанга келгем. Ошондо 28 жашта элем.
Айтайын дегеним, мен өлкөбүздүн эгемендүүлүк жылдарындагы бардык күндөрүнө күбө болдум. Кыргызстанга жаңы келгенде мен-мен деген ири завод-фабрикалардын бардыгы иштеп жаткан кез болчу. Мисалы үчүн Таатан базарынын аймагында 2400 жумушчу иштеген завод бар болчу, Мадина базарынын ордунда дагы ири фабрика бар эле. Кара-Балта, Токмокто да ишканалар иштечү. Өз мезгилинде Илбирс фабрикасынын кийимдерин Кытайга ташып барган күндөрүм болгон. Ал кийимдердин заманбаптыгы, сапаты абдан жакшы болчу. Кытайлар дагы Илбирстин кийимдерине мыкты бааларын беришкен эле. Кыргызстанда бардыгы чыкчу, телевизор, компьютерден баштап, машинанын курамдары чыкчу. Бишкек ал кезде өнүгүп-өсүп турган жашыл шаар болчу. Элдин жашоо-турмушу жакшы кез эле.
Ал эми ошол кезде Кытайда, өзүм чоңоюп өскөн шаарда, Синьцзянда мынчалык деңгээлде өнүгүү жок болчу. Андай завод-фабрикалар жокко эсе эле. Бирок 30 жылдан кийин кандай өзгөрүү болду? Эки тараптын орду алмашты десек болот. Азыркы тапта бери жактагы Синьцзянды эле алсак самолеттон башканын бардыгы чыгарылат. Бизде болсо тилекке каршы күрүлдөп иштеп турган завод-фабрикалардын бардыгы талкаланып, алардын каркастары эле калды.
Бирок жакынкы жылдары өлкөбүз өнүгүү жолуна түшүп, учурда өндүрүш ишканалары курулууда. Талкалаганды токтотуп, кура баштадык. Бизде деле жакшы өзгөрүүлөр болууда. Кыргызстан – экологиялык таза продукциялардын өлкөсү катары белгилүү боло баштады. Бул абдан жакшы наам. Мамлекетибиздин келечеги кең. Өлкө тарыхында 30 жыл кыска гана убакыт. Бирок ошого карабастан биз көп кыйынчылыктарды башыбыздан өткөрдүк. Саясий, экономикалык баш-аламандыктар болду. Эми өнүгүү гана калды.
Ошондуктан мен өлкөбүздүн келечеги кең экендигине ишенем. Башкалар суктанган, өзүбүз сыймыктанган мамлекетке айланат деген ишенимим чоң. Анткени бизде өнүгүү үчүн бардык мүмкүнчүлүктөр бар. Мамлекетибиздин жаратылышы кооз, суусу кенен, экологиясы таза.
- Сиз КР ЖКнын депутаты катары Кыргызстандын өнүгүүсү үчүн кандай салым коштуңуз?
- Мен 2015-жылы КРдин Жогорку Кеңешине депутат болуп келдим. Алты жылдын жүзү болду. Бул жылдар аралыгы өлкөбүздүн өнүгүүсү үчүн бир катар иштерди аткардым десем болот. Дагы да ушул багытта иштеп келе жатам.
Мен өзүм бизнес чөйрөсүнөн келгенден кийин негизинен инвесторлорду тартуу жаатында иш алып барып жүрөм. Жогоруда айткандай КЭРде төрөлүп, өсүп, кытай тилин жакшы билем. Ошондуктан негизинен Кытай тарап менен жакшы иштештим. Мындайча айтканда, кытай ишкерлерин бул жакка иштөөгө чакырып, инвестиция кылууга тартып, аларга Кыргызстандын салтын, мыйзамдарын сыйлагыла деп, өз кеңештеримди берип келем.
Өзүм ЖКнын Кытай Эл Республикасы менен болгон депутаттык достук тобунун башчысынын орун басары катары дагы коңшу мамлекетке көп жолу расмий иш сапарлар менен болуп кайттым. Ал жакта дагы бир кыйла алгылыктуу иштер аткарылды. КЭРдин ири корпорациялары менен таанышып, кызматташуу жолдорун талкууладык. Кыргызстанга чакырдык. Негизинен экономика багытына басым жасап жүрөм. Ар дайым кытай ишкерлеринин тажрыйбалары менен бөлүшүп келем. Ал жактан көргөнүмдү бул жакта дагы колдонсо дейм. Мисалы, теплица куруу зарылчылыгын дайыма баса белгилеп келем. Анын сүрөттөрүн, үлгүлөрүн алып келип, көрсөтүп жүрөм. Эң эле жөнөкөй кирпич чыгаруу заводунун тажрыйбасы менен дагы бөлүшүп, азыркы тапта бизде көптөгөн кирпич чыгарган заводдор ошолордун үлгүсү менен ийгиликтүү иштеп жатышат. Бул жол менен кирпичтин наркы бир канча арзанга түштү. Мына ушул сыяктуу коңшу мамлекеттин бир топ тажрыйбалары менен бөлүшүп келем. Болгон күч-аракетимди, тажрыйбамды, өзүмдүн байланыштарымды өлкөбүздүн өнүгүүсү үчүн колдонуп, эл алдында иштеп жүрөбүз.
- Кытайга бат-баттан барып турасызбы, ал жактагы туугандарыңыз, жакындарыңыз менен байланышыңыз кандай?
- Мен 1991-жылдан бери, эң көп болсо ушул пандемиянын айынан гана мурункудай каттай албай калдык. Андан мурун мен жыл сайын эмес, ай сайын дагы барып келип, өз жакындарыма жолугуп жүрдүм. Атам өтүп кеткен, энем өмүр бою мугалим болуп жүрүп пенсияга чыкты. Ини-карындаштарым дагы ал жакта иштешет. Азыркы тапта пандемия болуп жатканы үчүн бара албай жатабыз. Бирок ар дайым вичат аркылуу видеобайланышка чыгып, баарлашып, ал-абалдарын билип турам.
- Өзүңүздүн үй-бүлөңүз тууралуу айтып берсеңиз, алар Кытайда болду беле?
- Менин үч уулум бар. Алар мектепти 1-класстан 11-класска чейин бул жактан аякташты. Улуу балам Акселс программасы менен Америкада бир жыл жашап келген. АУЦАда экинчи курска чейин окуду. Андан кийин өз каалоосу менен Кытайда билим алууну чечти. Мен анын чечимин кубануу менен колдодум. Ошентип ал Пекин Тил жана маданият университетинде кытай тили боюнча даярдоо курсун аяктап, андан Пекин Педагогикалык жогорку окуу жайын аяктады. Азыркы тапта бул жакта иштеп жатат.
Экинчи уулум дагы Пекинде Борбордук улуттар университетинде билим алып, ийгиликтүү бүтүрүп келди. Балдарымдын бардыгы тең Кытайды абдан жакшы көрүшөт. Үчүнчү уулум болсо Испанияда “Барселона” клубунда футбол ойнойт. Ал дагы Кытайга барып келип жүрөт, туугандарына барат дегендей. Жогоруда айткандай учурда пандемиянын айынан гана бара албай жатабыз.
- Сиз Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы көп жылдык кызматташуу алакаларына күбө болуп жүрөсүз, ушул багытта өз оюңуз менен бөлүшө кетсеңиз?
- Кыргызстан менен Кытай ортосундагы кызматташуу алакасынын өнүгүүсүнө эч ким кедерги боло албайт. Бул табийгый нерсе. Анткени бизде эч кандай чек ара маселеси жок. Жакынкы кошунабыз. Кыргызда бекеринен “Алыскы туугандан жакынкы кошуна артык” деп айтылган эмес. Завод-фабрикалардын кени болгон Кытайда бардыгы бар. Ал жакта бардыгын тапса болот. Ошондуктан биздин жарандардын көбү бул мамлекет менен байланышта. Көпчүлүгү соода кылат. Керек болсо биздин продукцияларды Кытай рыногуна киргизип, саткан ишкерлерибиз дагы жок эмес. Кытай менен иштешип бутуна тургандар көп. Кытай товарларынын баасы дагы ыңгайлуу, анча кымбат эмес.
Мамлекеттер аралык байланышыбыз дагы күчтүү. Канчалаган жолдорубуз Кытай гранттарына салынып, алардын компаниялары тарабынан оңдолуп-түздөлүүдө. Бир нече мамлекеттик объектилер курулду. Инвестиция кылынууда. Кыргызстан менен Кытай стратегиялык өнөктөш макамында. Бул абдан чоң нерсе. Бул кандай гана кырдаал болбосун, бир-бирибизге жардам беребиз, өбөк болобуз дегенди түшүндүрөт. Ишкерлер ортосундагы байланыштар дагы абдан бекем. Жакынкы жылдардан бери айыл-чарба продукциялары дагы экологиялык таза продукциялар катары Кытай рыногуна чыга баштады. Тоо-кен иштетүү тармактарында дагы эки тараптуу кызматташуулар чыңдалууда. Эми алдыда эки тараптуу кызматташуу мамилелерибиз мындан дагы өнүгүп, алдыга жылат деген ишенимдемин.
- Сиздин жеке пикириңизде Кыргызстан менен Кытай дагы кайсы тармактарда кызматташууну бекемдеши зарыл, эки тарап үчүн кандай багытта иш алып баруу дагы жемиштүү болмокчу?
- Жогоруда айтканда эки тарап тең негизинен тоо-кен тармагында, соода багытында иш алып барууда. Бирок бул жетишсиз. Менин жеке пикиримде айыл-чарба жаатына көңүл буруу зарыл. Анткени айыл-чарба тармагында Кытайдын тажрыйбасы дүйнөдө биринчи орунда турат десек жаңылышпайбыз. Бул жаатта абдан мыкты ийгиликтерге жетише алышты. Биз алардын тажрыйбаларын колдонуубуз абзел. Анткени бизде жер көп, беде, чөптөн башка эч нерсе айдалбай гектарлаган талаалар жатат.
Мисалы, Кытайда суусу жок, кургап жаткан чөлдөрдү гүлдөгөн аймактарга айлантып коюшту. Тамчылатып сугаруу жолу менен кандай гана таштак жерлерге мөмө-жемиштерди айдап, эми үзүрүн көрүп отурушат. Биздин дыйкандар дагы ушул багытта иштешсе жакшы болмок.
Өзүңүздөр билгендей Кытайда элдик медицина дагы мыкты өнүккөн. Ошондуктан дары чөптөргө болгон суроо-талап көп. Алар ушундай дары чөптөрдү дагы эми өстүрүп, жер семирткич менен чыгарышат. Кытайдан мага бир жолу ушундай дары чөптөр боюнча адис келип, биздин Суусамырдын аз эле аймагынан абдан күчтүү дары чөптөрдүн жети түрүн тапкандыгын айткан. Анын айтуусунда ал дары чөптөр мындай табийгый жол менен Кытайда көптөн бери чыкпай калган. Аларды атайын өстүрүшөт. Биздикинин болсо дарычылык касиети күчтүү экендигин айтып, абдан суктанды эле. Мына биз ушул багытта дагы Кытай менен кызматташсак болот. Бул дагы экономиканын өнүгүүсүнө жакшы салым кошмок. Кыргызстандын бош талааларына атайын ошондой чөптөрдү эгип, керек болсо аларды атайын экспорттоого даярдап, сата турган заводду дагы курсак болот. Кытайда бир эле продукцияны чыгарган заводдун арты менен бир эмес үч айыл жакшы киреше таап жашайт.
- Өлкө үчүн инвестордун мааниси канча, аны өзүбүзгө тартуу үчүн кандай кадамдарды кылуубуз шарт?
- Кыргызстандын азыркы абалы Кытайдын 1980-жж. туура келет. Бизде эч нерсе жок. Ошол кезде Кытайда дагы эч нерсе жок болчу. Заводу дагы, чөнтөгүндө акчасы дагы жок болчу. Мына ошондой кезде Кытайда инвесторлор үчүн эшик ачып, алар үчүн мыкты шарт түзүп бергендердин башында Дэн Сяопин турган. Анын саясаты абдан туура болгон. Инвестор үчүн өкмөт кишилери иштеген. Алар ишкердин бардык суроо-талаптарын аткарып турууга милдеттүү болгон. Мына ушундай туура саясаттын арты менен Кытай бүгүнкү күнү укмуштуудай жетишкендикке жетип, өзү канчалаган мамлекетке инвестор болуп жатат. Бирок ошондой болсо дагы, азыркы күнү да Кытайда инвесторлорго мамиле ар дайым сылык-сыпаа. Бүгүнкү күнү дагы алар инвесторду өзүнө тартууну улантууда.
Кытай тажрыйбалардын океаны. Биз алардан үлгү алып, тажрыйбаларын колдонуубуз керек. Коңшу мамлекет дагы биздин өнүгүп, алдыңкы өлкө болуубузга тилектеш. Бул боюнча КЭР Төрагасы Си Цзиньпин ар дайым айтып келет. Кандай жардам сурасак дагы ар дайым колдоп келгендигин көрүүдөбүз. Ушундай жакшы системага салынган саясаттын арты менен учурда Кытайда жакырчылык жоюлду. Алар дагы да өтө тездик менен өнүгүү жолунда бара жатышат. Ошондуктан биз дагы алардын ар тармактарда колдонгон тажрыйбаларын үйрөнүүбүз заман талабы.
- Сиздин оюңуз боюнча идеалдуу Кыргызстан кандай болуусу керек?
- Идеалдуу Кыргызстан деп, дүйнөдө бардыгы суктанган, өзүбүз сыймыктанган өлкөнү элестетем. Экономикабыз өнүккөн, элдерибиз достукта, тынчтык, биримдик ичинде жашаган, дүйнөгө экологиялык таза продукциялары менен аты чыккан, бардыгы келип саякат кылгысы келген Кыргызстан мен үчүн идеалдуу болмок. Буюрса бул тилектерибиз дагы ишке ашат деп ишенем. Алдыда келе жаткан өлкөбүздүн эгемендүүлүгүнүн 30 жылдык мааракеси кут болсун!
Автор: Чолпонай Турдакунова