10.1 C
Бишкек
Суббота, 21 сентября, 2024
ДомойАналитика«Синьцзянга барбай туруп, Кытайдын кооздугун сезүү кыйын»

«Синьцзянга барбай туруп, Кытайдын кооздугун сезүү кыйын»

Синьцзян-уйгур автономиялык району – СУАР Кытайдын түндүк-батыш тарабындагы Евразиянын борбордук бөлүгүнөн орун алган. Байыртадан бери бул аймакта уйгур, кытай, казак, монгол, кыргыз, манжур, сибо, тажик, өзбек, орус ж.б. 56 улуттун өкүлдөрү жашайт. Расмий маалыматтарга караганда, 2023-жылы Синьцзянга жалпысынан 265 млн. турист келип, (бул мурдагы жылга салыштырмалуу 117 пайызга көп) андан түшкөн каражаттын көлөмү 296,715 млрд. юанды түзгөн. Ал эми Или-Казак автономиялык округу болуп негизделгенине быйыл 70 толгон Кулжа (Или) шаарынын өзүнө эле үстүбүздөгү жылдын 5 айында 40 млн. жакын турист каттаган. Коңур күздүн алгачкы күндөрү ушул ажайып кооз туристтик жайларды көрүп келүүгө сапар тарттым. Эмесе, Кулжа шаарына болгон сапардын макалалар түрмөгүнүн алгачкы бөлүгүн туризм жагдайынан баштасак.

            Туристтер көбөйгөн көчө, ааламдан чогулган аккордеондор

     Или шаарынын Люсинцзе көчөсүнүн өзгөчө сөз кылууга арзыган салты бар. Мында жашаган 13 улуттуу калктын эзелки үрп-адаты, маданияты, тили ал түгүл нечен жылдар мурда сапаттуу болуп салынган үйлөрү ошол бойдон сакталып калган. Улуттук колоритте курулган тамдарда бүгүнкүгө чейин бир нече муундун өкүлдөрү жашайт. Ал эми үйүн мейманкана катары туристтерге сунуштап, ишкерлик кылып каражат тапкандарга мамлекет ар тараптуу колдоо көрсөтөт. Ал жерден «Дом Наташи», «Дом Катюши» ж.б. деп жазылып турган менчик мейманканаларды көрүүгө болот. Люсинцзе көчөсүндө улуттук кийимдерди, музыкалык аспаптарды, кол өнөрчүлүк буюмдарды жасап саткан дүкөндөр арбын.

      1934-жылы бул аймактагы ар улуттун тарыхын, маданий таржымалын камтыган музей түзүлгөн. Алты блоктуу көчөнү чырмалыштыра бириктирип турган эзелки тарыхый жайлар «алты жылдыз көчөсү» деп аталып калган. Жер-жемишке толгон берекелүү базарын, ачык асман алдындагы сүрөтчүлөрдүн чыгармачыл өнөрүн, «Гүлдөр аллеясы» аталган бар ж.б. сейрек кездешчү жайлар четтен келгендерди магниттей тартып турганы үчүн туристтик макамдын 4 А деңгээлине көтөрүлгөн. Айтор, кенен таптаза көчөлөрүндө ээн-эркин сейилдеген адамга мындагы бейпил жашоонун үлгүсү байкалат экен.

         Люсинцзедеги аккордеондор музейи бул аймактын визиттик карточкасына айланып калыптыр. Кулжада төрөлүп өскөн Александр Зазулин аттуу карыя тээ совет жылдарынан бери дүйнөнүн чар тарабынан аккордеондун түрлөрүн чогултуп келет. Ал 15 жашында атасынан аккордеон оңдоону үйрөнгөн. Аалам калкы интернет коммуникациясынан кабары жок жылдардан баштап, ал таап-ташыган каражатына аккордеондорду жыйноо «оорусуна чалдыккан».

       Александр Зазулин 800 аккордеон жыйнап алып, коллекциясын жайгаштырууга жай таппай, дат басып кетүүсүнөн чочулап, Кулжанын элдик өкмөтүнө жардам сурап кайрылыптыр. Коллекционердин бул ишин жогору баалаган өкмөт 2019-жылы ага музей ачып берүүнү туура көргөн. Мындан тышкары, анын үйүндө дагы 500 аккордеон бар экени айтылууда. Музейдин текчесинен 300 жыл мурдагы аккордеон да орун алыптыр. Бул жерде ар улуттан куралган 13 музыкант аккордеондун коштоосунда ырдаган элдик ансамбль түзүп алышкан.

       Кытайда мындай макал бар: «Синьцзянга барбай туруп, Кытайдын канчалык улуулугун биле албайсың . Ал эми Илиде болбой туруп, Синьцзяндын ажайып көркөмдүгүн сезүү кыйын».

     Или шаары деңизден башка, туристтик ресурстардын бардык түрүнө ээ болгон. Бул жакта 86 туристтик объектилер бар. Алардын баары туризмдин «А» рейтингине жетип, өйдө көтөрүлгөн. Андан тышкары, 57 улуттук маданий-туристтик бренддерге ээ болушкан. Или – Синьцзяндын гана эмес, бүткүл Кытай боюнча туристтик региондордун эң эле бай ресурстарына ээ болгон шаар.

       Дары чөптөрдү өндүрүүнү өкмөт колдоп жатат

       Паньцзинь аймагындагы Сулагун айылында көп улуттуу эл эзелтеден бери чогуу жашап келет. Калктын негизги бөлүгүн манжу этносу түзөт экен. Сулагун деген тил — манжу калкынын эне тили болгондуктан, айыл ушундайча аталып калган. Сулагунда дары чөптөрдүн сейрек кездешүүчү түрлөрү өстүрүлүп жатыптыр.

     Тоо этегиндеги абасы таза, жер кыртышы ыңгайлуу аймакка дары чөптөрдү өстүрүү ылайык келген соң, башка айыл чарба өсүмдүктөрүнө салыштырмалуу кыйла көп киреше берээри аныкталып, бул иш 2022-жылы башталган. Мамлекет дары чөптөрдү өстүрүүгө жер аянттарын бөлүп берип жатыптыр. Жергиликтүү элдин айтымына караганда, ушул аймакка чийки затты иштетүүчү ишкананы курууну да өкмөт каржылап бермей болуптур. Эгерде ал курулуп калса, айыл калкы ондогон жумуш орундары менен камсыздалышы турган иш.

       Айылда болгону 20 000 калк жашайт экен. Аймактын экономикалык, социалдык камсыздандыруу, билим берүү, маданий тармактары кыйла көтөрүлүп калгандыктан, 2022-жылы Сулагун айылы «Үлгүлүү айыл» макамын алган.

     Бул жерде кытай медицинасына колдонулуучу дары чөптөрдүн бир нече түрлөрү өстүрүлөт. Мисалы, мында айымдар каш-кирпигине коё турган кадимки осмо чөбүнүн аянты жыл сайын көбөйтүлүп жатыптыр. Осмонун жалбырагы косметика үчүн, ал эми тамыры суук тийгенде иче турган сейрек дары катары колдонулуп келет. Андан тышкары, шампунь, самын жана косметикаларды чыгаруучу чакан өндүрүш ишке кирип, товарлары кеңири сатылып жатыптыр.

     — Осмо чөптүн тамырын жука кесип же порошок түрүндө майдалап чайга кошуп ичсе, ден соолукка миңдин бири, — дейт дары чөптөрдү өндүрүү боюнча адиси Ли Чжунла. — Порошоктон түрлүү таблеткалар жасалат. Илгери осмонун тамыры өтө кичине болуп өсчү. Азыркы күндө аны гибриддештирүү жолу менен чоң тамырлуусун өстүрүүгө өттүк.

      Биз буга чейин осмо чөбүн 16 аймакта өстүрүп көрдүк. Бирок, дал ушул Сулагун айылынын климатында осмо абдан сапаттуулугу менен практикаланып жатат. Анткени, өсүмдүктүн ушул түрүнө бул аймактын жер кыртышы борпоң келип, жумшактыгы менен ыңгайлуу. Топурактын курамында пайдалуу заттар арбын.

Осмо талаасында көпөлөктүн көптүгүнөн баш айланат. Бул абдан жакшы көрүнүш. Себеби, көпөлөк личинкасын химикаттар колдонулбаган өсүмдүктөргө таштайт. Бирок, аймактын климатына жараша сентябрь айы келип, күн салкындай баштагандыктан личинкалар өсүп, өсүмдүккө зыян келтирүүгө үлгүрбөйт. Көрүнүп тургандай, биз экологиялык жактан кынтыксыз таза продукцияларды чыгарабыз.

        Бүгүнкү күндө продукцияларды ички рынокко гана эмес, Түштүк Кореяга экспорттоп жатабыз. Өткөн жылы гектарына 8 тоннадан ашык осмо тамырынын кургатылган түшүмүн алып, ал апта айланбай сатылып кеткен. Ошого байланыштуу быйыл осмо өсүмдүгүнүн аянтын 400 гектарга жеткирдик.

     2022-жылы ковид каптаганда осмо тамырынын керектөөсү өсүп, 1 килограммы 30 юандан сатылып кетип жатты. Ал эми быйылкы жылы аны дүңүнөн 18 юандан сатууга Кытайдын түштүк тарабындагы Гуанддун фармацевтика заводу менен келишим түздүк.

       Осмонун тамырын казуудан мурда, жалбырагын оруп алып, аны кургатып, малга тоют даярдап, 1 килограммын 6-7 юандан жергиликтүү фермерлерге сатып жатабыз. Андан мал сууктан сезгенип оорубашы үчүн дары даярдалат.

 (Уландысы кийинки санда)

Автор: Нарынкүл НАЗАРАЛИЕВА

СТАТЬИ ПО ТЕМЕ

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
пожалуйста, введите ваше имя здесь

Популярные

Комментарии