11.1 C
Бишкек
Воскресенье, 8 сентября, 2024
ДомойВ КЫРГЫЗСТАНЕЖелбиресин эркиндиктин желеги! 

Желбиресин эркиндиктин желеги! 

“Эркиндик, эгемендүүлүк, көз карандысыздык” бул сөздөр дүйнөдөгү канчалаган улуттардын көксөгөн кыялы, ойго ашпас арзуусу болуп келет. Бизде болсо бул бакыт колубузда. Эркин басып, эркин дем алып, эне тилибизде сүйлөп, желегибизди желбиретип, гимнибизди ырдап, улуттук баалуулуктарыбызды даңктай алганыбыз бул чыныгы бакыт.

Кыргыз элинин кылымдан бери талпынып, эңсеп келаткан тилеги ойго ашып, өлкөбүздүн Эгемендикти алганына быйыл туура 30 жыл толгону турат. Тактап айтканда 1991-жылы 31-августта Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде Мамлекеттик көз карандысыздыгы жөнүндө декларация кабыл алынып Кыргыз Республикасы көз карандысыз эгемендүү демоктратиялык суверендүү мамлекет катары салтанаттуу жарыяланган. Мына ошол күндөн тарта Кыргызстандын жаңы тарыхы башталып, Эгемен жана көз карандысыз өлкө катары Кыргызстан башка мамлекеттер менен эки тараптуу дипломатиялык алака-катыш түзүп, тең ата мамиле күтүүгө жетишкен.

Жогоруда айтылгандай быйыл мамлекетибиздин Эгемендүүлүгүнө 30 жыл толуп отурат. Бул өлкө тарыхындагы абдан маанилүү дата. 31-август Кыргыз Республикасы үчүн саясий, тарыхый мааниси зор улуу күн. Ар бир кыргызстандык үчүн ыйык майрам. Ошондуктан биздин редакциянын атынан дагы бардык кыргызстандыктарды бул саамалык менен чын жүрөктөн куттуктап кетмекчибиз. Мамлекетибиздин эң негизги майрамы болгон Эгемендүүлүк күнү өзүбүзгө кут болсун. Бактыбызга келген эгемендикти сактоо, аны коргоо ар бир кыргызстандыктын мойнуна жүктөлгөн чоң жоопкерчилик экендиги шексиз.

Ушул саамалыкты утурлай кыргызстандыктар үчүн 31-август күнү кандай майрамдык иш-чаралар боло тургандыгы тууралуу маалымат берүүнү чечтик.

Эгемендүүлүк күнүнө карата бүтүндөй өлкө боюнча 40тан ашуун иш-чара өткөрүлмөкчү

Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгын майрамдоо алкагында пландаштырылган иш-чаралар эпидемиологиялык талаптарды эске алуу менен өтүүсү тийиш. Бул туурасында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Улукбек Марипов юбилейлик датаны өткөрүү боюнча уюштуруу комитетинин кеңешмесинин жүрүшүндө билдирди. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.

Жоопкер мамлекеттик органдар жана жергиликтүү бийлик органдары белгилүү датага карата даярдыктын жүрүшү тууралуу маалымат беришти. Белгиленгендей, бүтүндөй республика боюнча 40 ашуун иш-чаранын өткөрүлүшү пландаштырылган.

Борбордо аскер парады, эмгекчилердин парады өтүп, облустарда театралдаштырылган оюндар, концерттер, төкмө акындар айтышы, сүрөт көргөзмөлөрү, дизайнер жана кол өнөрчүлөрдүн, “Манас” эпосун айтуучулардын фестивалы өткөрүлөт.

Министрлер Кабинетинин башчысы Улукбек Марипов иш-чаралардын жогорку уюштуруучулук деңгээлде өткөрүлүшүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.

“Үстүбүздөгү жылы биз Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгын майрамдайбыз. Бул майрам ар бир кыргызстандык үчүн өзгөчө маанилүү даталардын бири. Юбилейлик датаны майрамдоого арналган иш-чаралар коомдук коопсуздуктун камсыздалышын жана эпидемиологиялык талаптардын сакталышын эске алуу менен өтүүсү тийиш. Баткен облусундагы турак-жайларды, социалдык жана аскер объектилеринин курулушун жыйынтыктоого артыкчылыктуу маани берилиши кажет”, — деди ал.

Кеңешменини жыйынтыгы боюнча Улукбек Марипов мамлекеттик органдарга, анын ичинде майрамдык иш-чараларды уюштурууга жана Баткен облусундагы курулуш иштерин тездетүүгө финансылык каражаттарды өз мөөнөтүндө бөлүү боюнча бир катар тапшырмаларды берди.

Борбор шаарыбыздын тургундары жана коноктору Эгемендүүлүк майрамына карата кандай иш-чараларга күбө болушат? 

24-25-август, саат 18:00. «Манас» кинотеатрында «Шамбала» көркөм тасмасынын улуттук премьерасы.

26-август, саат 18:00. Борбордук эски аянтта «Кыргызстан менин мекеним!» аттуу этностор аралык достук фестивалы.

27-август, саат 10:00. А. Малдыбаев атындагы Ленин ордендʏʏ Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрында КМШ жаштарынын симфониялык оркестринин концерти.

31-август, саат 09:00. А. Малдыбаев атындагы Ленин ордендʏʏ Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрында «Ак-Мөөр» опера-дастанынын премьерасы.

30-31-август, саат 19:00. Т. Сатылганов атындагы Кыргыз Улуттук филармониясында кыргыз элинин төкмө акыны Өтө Көкө уулунун (Жеңижоктун) 160 жылдыгына, казак элинин акыны Жамбыл Жабаевдин 175 жылдыгына карата кыргыз-казак акындарынын айтышы.

30-31-август, саат 18:00. Борбордук «Ала-Тоо» аянтында майрамдык салтанат.

Аянтта аскер жана эмгекчилер парады, театралдык оюндар, балдар коллективдеринин, кыргыз эстрадасынын, элдик чыгармачыл артисттердин катышуусу менен майрамдык концерт, жалпы элдик майрамдык сейилдөө, кыргыз жана чет элдик белгилүү сахна жылдыздарынын катышуусунда кечки программа.

Кыргыздын улуттук баалуулугу болгон айтыштын күйөрмандары үчүн кубанычтуу жаңылык 

Кыргыз Республикасынын көз карандысыздыгынын 30 жылдыгына арналган кыргыз-казак ХIV эл аралык айтышы өткөрүлмөкчү. Кыргыз Республикасынын көз карандысыздыгынын 30 жылдыгынын алкагында Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги Республикалык “Айтыш” коомдук фонду менен биргеликте Өтө Көкө уулунун (Жеңижок) 160 жылдык, казак элинин акыны Жамбыл Жабаевдин 175 жылдык мааракелерине арналган кыргыз-казак эл аралык айтышын өткөрөт.

Иш-чараны максаты: Кыргыз элинин байыркы тарыхы менен маданиятын жандандыруу багытында улуттук мүнөздөгү төкмөлүк жана айтыш өнөрүнө байланышкан сынактарды уюштуруу аркылуу элдин маданиятка болгон кызыгуусун өстүрүү; кыргыз-казак достугун чыңдоо; төкмө акындык өнөрдү өнүктүрүү; жаңыдан өсүп келе жаткан жаш таланттарды коомчулукка таанытуу, шык берүү.

Айтыштын 1 – айлампасы жана 2 – айлампасы эки баскычта жарым финал жана финал тартибинде өтөт. Балоо балдык системада жүргүзүлөт.

1 – баскыч (тандоо): 2021-жылдын 20-август күнү саат 10:00 дө, «Манас» кинотеатрында өтөт.

Тандоо критерийлери:

  1. Кыргыз Республикасынын бардык аймагынан акындар катыша алат, жаш курагы жана башка өзгөчөлүктөрү чектелбейт.
  2. Айтышкан ар бир жупка 10-12 мүнөттөн убакыт берилет.
  3. Упай тең болуп калган учурда жашы улуусуна жол берилет.
  4. 8 акын тандалып алынып, Казакстан Республикасынан келген 8 акын менен бирге жалпы 16 акын айтышка катышат.

2 – баскыч (финал): 2021-жылдын 30-31-август күндөрү Т. Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында өткөрүлөт.

Башталышы: саат18:00

Айтышкан акындардын төмөнкү артыкчылыктарына карата баа берилет:

  1. Ырынын көркөмдүгү, төкмөлүк шыгы, уйкаштыгы, оюнун тереңдиги, салттуулугу, нарктуулугу.
  2. Аткаруучулук чеберчилиги.
  3. Сахнадагы маданияты.

Байге фонду: 1 000 000 (бир миллион) сом.

Кыргыз Республикасынын көз карандысыздыгынын 30 жылдыгына арналган кыргыз-казак ХIV эл аралык айтышына кош байге коюлат.

Уюштуруу тобу: Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги, Республикалык “Айтыш”коомдук фонду.

Эгемендүүлүк күнүнө карата кыргызстандыктар 4 күн эс алышат 

Август айынын этегинде кыргызстандыктар өлкөнүн эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгын майрамдоого байланыштуу төрт күн удаасы менен эс алышат. Министрлер кабинетинин токтомуна ылайык, 28 жана 29-август (ишемби жана жекшемби) күндөрү менен кошо 30 жана 31-август эс алуу күнү деп аныкталган. 30-август жумуш күн болмок, бирок анын ордуна кыргызстандыктар 10-май күнү иштешкен (9-май майрам күнү жекшембиге туш келгендигине байланыштуу бул күн дем алыш болушу керек). Министрлер кабинети анда эс алуу күнүн августка жылдырган болчу.

Кыргызстандын Улуттук банкы өлкө эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына карата алтын жана күмүш монеталарын жүгүртүүгө чыгарды 

Кыргызстандын Улуттук банкы өлкө эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына карата алтын жана күмүш монеталарын жүгүртүүгө чыгарды. Бул тууралуу башкы банктын Телеграм-каналына жарыяланды. Маалыматка караганда, «Тарыхый окуялар» сериясындагы «Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүнө 30 жыл» тыйындары 2021-жылдын 16-августунда чыкты.

Алтын тыйынга кыргыз элинин биримдигин жана гүлдөп өсүшүн туюнткан улуттук орнаменттер жана бакубаттуулуктун белгиси болгон түндүк тартылган. Ал эми түндүктүн ортосуна «30 жыл» деп жазылган. Тыйындын төмөнкү бөлүгүнө улуттук «100 С» валютасынын графикалык символу түшүрүлгөн. Ал эми четине «Эгемен Кыргыз Республикасына 30 жыл» деп жазылганын көрүүгө болот. Монетанын экинчи бетине шырдактын сүрөтү түшүрүлгөн.

Бишкек шаарына 30 жыл

Эгемендүүлүгүбүздүн 30 жылдыгы менен катар борбор калаабыз Бишкек шаарына да 30 жыл толуп олтурат. Көп жылдар  бою Фрунзе деп аталган шаарыбыз 1991-жылы СССР таркап, Эгемендүүлүктʏ  алганы менен Бишкек аталып, эркин жашоого кадам таштаган.

Бишкек- Кыргыз Республикасынын саясий, экономикалык, илимий жана маданий борбору; транспорттук башкы түйүн. Аянты 16,0 миң га. Бишкек шаарында 4 администрациалык-аймактык бирдик — Биринчи Май, Ленин, Октябрь, Свердлов оодандары, Чоң Арык шаарчасы жана Орто Сай айылы бар.

Эгемендүүлүк күнүнө туш келген кош майрамы менен шаар тургундарын куттуктайбыз.  Өлкөбүздүн жүрөгү болгон Бишкек шаарыбыз өнүгүп-өсүп, таза жана коопсуз шаарга айлансын деп тилейли.

Майрамдык куттуктоолор

Жамалбек ЫРСАЛИЕВ, Бишкек шаарынын вице-мэри: “Эч бир жан оорубасын”

— Урматтуу кыргыз элим! Эгемендүүлүктүн 30-жылдыгы менен кошо кирип келген Бишкек шаарынын 30 жылдык мааракеси менен куттуктайм. Отуз жыл көз ачып жумганча өтүп кеткен менен Кыргыз тарыхында 3 жолу бийлик алмашканы, биздин кыргыз элинин эркин жашоону эңсеген эгемен эл экенинен кабар берет. Бирок, ар бийлик алмашкан сайын экономикабыз артка кетип жатат. Ошондуктан элибизге ыйман, ынтымак, тынчтык каалайм. Эч бир жан оорубасын. Кудай сиздерге узун өмүр, чың ден-соолук ишиңиздерге ийгилик берсин!

Индира КУРАЛБЕКОВА, Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынын жетекчиси: “Элибиздин эң чоң байлыгы анын эгемендүүлүгү”

— Урматтуу мекендештер! Сиздерди эгемендүүлүктүн 30 жылдык мааракеси менен чын дилимден куттуктайм. Эркин элибиздин эң чоң байлыгы анын эгемендүүлүгү. Бул улуу муратка жетүү үчүн эчен эрдин жаны учуп, эчен азаматтар жан берди. Мүлдө кыргыз опол тоодой оор күндөрдү баштан өткөрүпэң чоң байлыгы анын эгемендүүлүгү. Бул улуу муратка жетүү үчүн эйрагын желбиретти. Чокулары асман тиреген Ала-тообуз, көк жайык шибер жайлоолорубуз, океандай чалкыган берметибиз, сууларыбыз маңдайга бүткөн бактыбыз эмеспи. Биз өзүбүздүн эгемен өлкөбүздө гана бактылуу болобуз. Элиме эң негизгиси бекем ден-соолук, эсенчилик, бакубат турмуш каалайм. Ар дайым жергебизде наристелердин күлкүсү жаңырып, заманыбыз тынч болсун! Эркиндиктин баасын билип, бактылуу өмүр сүрөлү.

Автор:Чолпонай ТУРДАКУНОВА

 

СТАТЬИ ПО ТЕМЕ

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
пожалуйста, введите ваше имя здесь

Популярные

Комментарии