3.1 C
Бишкек
Пятница, 22 ноября, 2024
ДомойВ КЫРГЫЗСТАНЕСелден сактан, үйүңдү камсыздандыр

Селден сактан, үйүңдү камсыздандыр

Кыргызстанда 2023-жылдын 7 айында 62 жолу сел жүргөн. Салыштырсак, быйыл жыл башынан бери чоң-кичинеси болуп 311 жолу сел каптаган. Көрүнүп тургандай, дүйнө өлкөлөрүнүн ири шаарларын кыйраганга салып каптаган суу ташкыны жергебизди да кыйгап өткөн жок. Алдын ала эсептөөлөргө караганда, мамлекет селдин кесепетинен 1,1 млрд. сом көлөмүндө чыгаша тартты. Буга Ош шаарындагы жана Жалал-Абад облусунун Арсланбап аймагына болгон селдин чыгашасы кошула элек.

 Алааматтын алдын алууга болот беле?

     Быйылкы селдин кесепетинен 22 адам, анын ичинен 15 бала сууга агып мерт кетти. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) сел жүрүүсү күтүлгөн аймактар тууралуу маалымат таратып, тоолуу жерлерге барууну убактылуу токтото турууну улам эскерткенине карабай, адамдар өз өмүрүн тобокелге салып жатышат. ӨКМнын статистикасы боюнча, селге агып каза болгондордун 14ү эс алуучу зоналарында, 5сү узак жолдо баратканда сууга агып кетишкен. Тилекке каршы, эс алуучулар көлдөрдүн тыюу салынган бөлүгүнө, кооптуу болгон жерлерге да барып жатышат.

      Климаттын глобалдык ысышынан мөңгүлөр тездик менен эрип, жаан-чачын көп болуп өзөн сууларды ташытып жатат. Бул адам баласынын күчү жетпей турган ааламдык процесс. Аркырап аккан күчтүү сел ондогон турак үйлөрдү, социалдык объектилерди, автоунааларды, унаа жолдорду, электр мамыларын жарактан чыгарды. Бирок, ушул кырсыктардан адам өмүрүн сактап калып, материалдык чыгымдарды минималдаштыруучу чараларды көрүүгө болот беле? — деген маселе кабыргасынан коюлуп жатат.

Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министринин биринчи орун басары Азамат Мамбетов мындай дейт: «Сел кырсыгы болгон жерлер көрсөткөндөй, мындагы көпүрөлөр абдан жапыс курулуп калган. Суу ташкыны бак-дарактарды, таштарды, таштандыларды агызып келип, жапыс көпүрөлөргө барып такалгандыктан сел сайдан ашып аймактарды каптаган учурлар көп. Анткени, сел агып өтүүчү дарыялардын нугу өз убагында тазаланган эмес. Буга жер кыртышынын деградацияланышы, чарбалык ички көпүрөлөрдүн долбоорлонбой курулганы да селди чоң алааматка айлантып жатат. Мисалы, Ош шаарындагы «Ак-Буура» дарыясынын үстүндөгү 11 көпүрө мыйзамсыз курулган. Мындай башаламандык көп жылдардан бери келе жаткан».

         Жабыркагандарга бюджеттен жардам берилет

        Азыркы учурда ал жердеги чоң кырсыкка себеп болуп, мыйзамсыз салынган көпүрөлөр алынып жатат. Дарыяны жээктей жайгашкан чоң базар, чакан соода түйүндөрү шаардын коопсуз жерине көчүрүлө турган болду. Министрлер Кабинетинин тапшырмасы менен ал жакка заманбап тибиндеги соода комплексин куруу, ишкерлерге ыңгайлуу шарттарды түзүп берүү жумуштары 2 айда бүткөрүлүүгө тийиш. Мындан тышкары, селге агып каза болгондордун жакындарына мамлекет 1 млн, ал эми үйлөрү бузулуп капиталдык оңдоого мукташ болгон жарандарга 500 миң, Оштун борбордук базарындагы товарлары агындыга чыланып жарактан чыккан соодагерлерге колдоо көрсөтүүгө 100 миң сомдон жардам бөлүнөрү белгилүү болду.

Дарыялардын жээгиндеги сел жүрүү коркунучу бар тилкелерге ишкерлер чайканаларды куруп, боз үйлөрдү тигип, тапчандарды орнотуп алышууда. Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев бул тууралуу: «Жергиликтүү ишкерлер элдин өмүрүн тобокелге салып, акча табууну токтотушу керек. Мисалы, Ноокат районундагы кырсыкты айтсам, ал жакта сел каптоо коркунучу чоң экени боюнча аныктама чыгарып бергенбиз. Тилекке каршы, алар берилген эскертүүлөрдү көңүлгө албай, бир аз каражат табуу үчүн дарыянын жээгиндеги чайканаларын көчүрүп кетишкен эмес. Эми ал жайдын ээси ким? Мындай жерди пайдаланууга кайсы органдар уруксат бергени иликтениши керек.

       Кочкор-Атада эки жолу катуу сел жүрдү. Эки жолу тең 300 үй-бүлөнү башка жакка эвакуацияладык. Жылына биздин министрликке 100 млн. сом бөлүнөт. Айталы, бир дамбаны курууга 17-25 млн. сомго чейин каражат керек. Бул суммага жыл сайын болгону 5-6 дамба гана курулат. 2025-жылы ӨКМга бюджеттик каражаттар көбүрөөк бөлүнүүсү пландалып жатат. Биз эң кооптуу болуп аныкталган аймактарга дамбаларды курууну баштайбыз», — деди.

        Ноокат районундагы «Абшыр-Ата» эс алуу жайында ӨКМнын куткаруучулары тарабынан 1400 адам эвакуацияланган. Андан тышкары, вертолёт тартылып, 20дан ашык адам көчүрүлгөн.

       Ош шаарында болгон катуу сел айрым коррупциялык иштердин бетин ачты. «Туран» кичи районундагы суунун агып түшүү нугуна калтырылып, үй курууга кооптуу жай болуп чечим чыгарылган 2,2 гектар жер 30 үй-бүлөгө там салуу максатында берилип кеткени аныкталды. Буга катышы бар шаардын муниципалдык кызмат адамдарынын бир нечесине кылмыш иши козголду. Ал эми Ош шаардык кеңешинин депутаты И.А.Ш укук коргоо органдары тарабынан издөө салынды.

       Адистердин айтымында, Кыргызстанда быйылкы жылдагыдай ири масштабдуу сел каптаган учур мурда болгон эмес. Ушуга байланыштуу, селдин болуп көрбөгөндөй кесепетинен улам, мамлекет Ош шаарына, Ош облусунун Кара-Суу, Ноокат, Баткен облусунун Баткен, Лейлек, Кадамжай, Жалал-Абад облусунун Ноокен, Сузак, Аксы райондоруна жана Талас облусунун Талас районуна өзгөчө абал режимин киргизүүгө мажбур болду.

       Азыркы учурда дагы аба ырайы туруксуз болуп жатат. Ага карата, ӨКМ сел жүрүү коркунучу сакталып турган жана унаа жолдоруна таш кулоо кооптуулугу бар жерлердин картасы жарыялаган маалыматтарды улам-улам таратып жатат.

       Акыркы жылдары республиканын аймактарында сел тез-тез кайталанчу болду. Мындай көйгөйдүн келип чыгуусунун бир нече себептери бар. Элет жерлериндеги ички каналдар менен арыктарды өз убагында тазалап турууга, суу жээктерин бекемдөөгө жергиликтүү бийликтер шалаакылык кылган. Буга эл өзү да абдан кызыкдар болуусу кажет эле. Көп аймактарда ушул жумуштар аткарылбай калгандын кесепетинен минтип чоң жоготууларга учуратып жатат. Жакшы жагы, жыл өткөн сайын калктын малы көбөйүүдө. Анын жаман жагы — туяктын алдында тебеленип такырайган жайыттар биротоло деградацияланууга дуушар болууда. Жамгырдын суулары жерге сиңбегендиктен топурактын кыртышына нымдуулук жетпей агып түшүүдө. Тоо-кырларда жапайы арчалар кыйылып, токойлор кыскарып табияттын тең салмактуулугу жоголуп баратат.

     Ушул себептүү жер көчкүлөр да кооптуу болуп жатат. Аталган ведомствонун тараткан маалыматына таянсак, өлкөдө 3888 үй-бүлө жер көчкү түшүү коркунучу бар аймактарда жашайт. Булардын ичинен 2495 үй-бүлөгө мамлекет тарабынан ссуда берилип, коопсуз жакка көчүрүү үчүн жер тилкелери бөлүнгөнүнө карабай, ал жердеги калк азыркыга чейин көчүп кете электиги, ӨКМнын кызматкерлерине «эч кимге арыз дообуз жок», — деп тил кат жазып беришкени айтылууда. Бери дегенде жарандар турак-жайларын камсыздандырууга да шашылбай жатышканы өтө өкүнүчтүү.

        Улам бир аймактан чыга калып жаткан күчтүү сел ӨКМнын куткаруучуларын катуу «сыноодон» өткөрүүдө. Тоодон түшкөн таштай муздак сууну белчесинен кечип, басалбаган байбичени, карыя аталарды жонуна көтөрүп чыгарган куткаруучуларды көрүп жаттык. Өз өмүрүн тобокелге салып, дарыяны кечип өтмө-катар суу болуп иштеген ӨКМнын азаматтарына миң мертебе ыраазычылык айтсак жарашат.

Автор: Нарынкүл НАЗАРАЛИЕВА 

СТАТЬИ ПО ТЕМЕ

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
пожалуйста, введите ваше имя здесь

Популярные

Комментарии