Улуттук театр өнөрүнүн гүлдөп өнүгүшүнө зор салым кошкон Кыргыз Республикасынын Эл артисти, залкар режиссер Медербек Назаралиевдин көзү тирүү болгондо 2024-жылы 90 жашка чыкмак. Ал өз өмүрүнүн 40 жылдан ашыгын театрга арнап, 60ка жакын дүйнөлүк жана кыргыз авторлорунун чыгармаларына экинчи өмүр берген. Залкар режиссер сахналаштырган Ч.Айтматовдун “Саманчынын жолу” повести боюнча коюлган спектаклдин тарыхы тууралуу анын кызы, публицист Нарынкүл Назаралиеванын эскерүүсүн жарыялайлы дедик.
«Элүү жылда эл жаңы, жүз жылда жер жаңы» демекчи, ал замандын 104-үлгүсүндөгү «распашонка» аталган батирлери азыркы «элиткалардан» сонун көрүнчү. Отуз жаштагы атам Медербек Назаралиевдин режиссердук ишиндеги ийгиликтери артып, чыгармачыл интеллигенциянын алдыңкы сабында болуп калганда мамлекет берген 3-кабаттагы үч бөлмөлүү батир эле.
Бул 60-жылдардын аягы болсо керек. Бир күнү үйгө даражалуу меймандар келмек болду. Апам Жекшенбүбү шашыла жүгүрүп, дасторкондун камын көрүп, атам меймандар келчү тарапты балкондон улам карап убаралана берди.
Меймандар бөлмөсүндө үч эркек көпкө чейин сүйлөшүп отурушту. Алар кээде Толгонай, Алиман деген аялдардын, анан кайсы бир эркектердин ысымдарын атап, олуттуу бир маселени талкуулап, кээде каткыра күлүп коюшат. Биз удаа төрөлгөн кичинекей кыздар болчубуз. Бирде «Украина» деген жазуусу бар кара пианинону ачып калдыратып, бирде меймандар отурган үстөлдүн алдына кирип алып, алардын байпактарын тарткылаган оюнга кирдик. Анткен сайын тигилердин улам бирөөсү эңкейип, ал жылдары дасторконго көп коюла турган «Снежинка» момпосуюнан бизге берип жатышты.
Бир топ убакыт отургандан кийин тиги эки киши коштошуп сыртка чыгышты. Кирип бара жатканда байкап калган кошуналарыбыз: «Медербектикине Чыңгыз келиптир, жакындан көрүп алалы», — дешип, эшик алдындагы скамейкага тизилип отуруп алышыптыр. Кийин эс тартканда атамдан сурасам, экинчи киши Токтоболот Абдумомунов болуп чыкты.
1964-жылы кыргыз драма театрында Чыңгыз Айтматовдун «Саманчынын жолу» повести боюнча спектакль даярдала баштайт. Анткени, спектакль 9-май — Улуу Жеңиштин 20 жылдыгына карата кийинки жылы сахнага чыгуусу керек болгон. Ошол жылдары атам менен улуу жазуучунун чыгармачылык жакын мамилеси башталганбы деп калам. Ал учурда спектаклдин экинчи курамында Алимандын ролун ойногон Кыргыз Республикасынын Эл артисти, даңазалуу актриса Мираида Далбаевадан атам тууралуу маек алганымда ал жарым кылымдан ашкан окуяларды мындайча эскерген:
«Медербек репетицияга бөлүнгөн убакыт бүткөндөн кийин да үйүнө кетчү эмес. «Саманчынын жолу» спектаклинин экинчи курамы менен иштеп жаткан Гүлшара Дулатованы (Толгонай), мени (Алиман) чакырып: «Экөөңөр бери баскыла. Буфеттен тамак ичип алып кайра келгиле, ишти улантабыз», — дечү. Актерлордун баары үйүнө кайтып, театрда биз үчөөбүз эле калган күндөр көп болчу. Медербек залда, Гүлшара экөөбүз сахнада. Режиссер чыгармадагы окуя өзүнүн турмушунда болуп жаткандай, бир укмуштуудай темперамент менен репетиция өткөрчү. Гүлшара экөөбүздүн эмоциябызды, ой-туюмубузду козгоп коюп, анан өзү залда отурат да: «Эми баштагыла!» — дейт. Медербек кайсы эпизод туура болбой жатса, айтып турат же болбосо жаккан жерин: «Дагы, дагы!» — деп сүрөйт.
Субанкул менен Касым ата-баланын кан майдандан каза болушканын жыйылган эл чогула келип, Толгонай менен Алиманга угузат. Жер термелип, аалам карайган ошол трагедияны дүңгүрөгөн аянычтуу музыка коштойт. Кеч калып театрда иштеп жатканда, мына ушунун баарын шарттуу түрдө элестетип алып репетициялайбыз. «Эне, мен да Касымдан ажырадым. Эми экөөбүз тең жесирбиз», — деп Толгонай кайненемди кучактайм. Бир жолу залда режиссер үчөөбүздөн башка жан киши жок экенине карабай, Гүлшара экөөбүз шолоктоп ыйлап, кыйлага чейин тура бериптирбиз. Режиссер биздин ички көркөм жандүйнөбүздү сыртка аңтарып чыгарган абалга жеткирип салчу. Ким билет, балким ошол учурда Медербек өзү деле ыйлап жаткандыр… Гүлшара экөөбүз ошол абалда сахнада канча убакыт турганыбыз азыр эсимде жок.
Бир жылдары «Саманчынын жолу» спектакли менен түштүк жергесин эки ай бою түрө кыдырдык. Ошондой күндөрдүн биринде колхоз-совхоздордун башкармалары эки айылдын элин автобустар менен ташып келишип, оюнду тоо этегине койдуртушмак болушту. Эл майрамдагыдай кийинип, артисттерди көздөй агылып жөнөшчү. Элет эли бададан малын тосуп алышып, дыйкандар талаадан кайтып келишкен соң оюнду баштачубуз.
Көрүүчүлөр тоо бооруна тизилип отурушту. Тоонун өзү жаратылыштын амфитеатры, партери сыяктанып калды. Тоонун этек жагына жүк ташыгыч машинанын капталдарын түшүрүп таштап, «сахна» жасап алдык. А.Торопов деген театрдын сүрөтчү-сценографы темир тирөөчтөрдү орнотуп, ага ак чүпүрөктөрдү тартып, боз үйдүн элесин берген декорация жасады.
Спектакль ортолоп калган. Бир маалда асмандан токумдай булут каалгып көчүп келип, жамгыр шатырата төгүп кирди. Нөшөрлөгөн жаандын суусу эл отурган тоодон ылдый кыяндап ага баштады. Биз болсо эми көрүүчүлөр тарап кетпесе экен деп корктук. Ал түгүл бир саамга оюнду токтотуп койдук. Адамдар тулку-боюн буттарына салмактантып отуруп алгандыктан суу эки тамандын ортосунан төмөн куюла агып жатты. Жамгыр сабалап жаап, кайра тып басылды… Ошенткен элден айланса болор… Ага карабай, ак сакалдуу карыдан ойноок балага чейин спектаклди аягына чейин көрүштү.
Бул спектакль Айтматовдун кыргындуу согушту адамзатка жек көрсөтүү мүдөөсүнүн орундалышы эле. Режиссердун зор талантынын, эң мыкты актердук ансамблдин эмгегинин жемиши ошол болчу.
Ушул эле гастролдо жүргөнүбүздө, «Саманчынын жолу» спектаклинин биринчи курамында Толгонайдын ролун эң мыкты аткарган Даркүл Күйүковага СССРдин Эл артисти наамы берилгенин гезиттен окугандагы кубанычыбызды айтып түгөтө албайм! Москвадан келген бул кабар баарыбызды дарбытты. Даркүл эже башка труппа менен түштүктүн бир айылында гастролдо болчу. Биз алардын бригадасын издеп таап, Даркүл эженин мойнуна жабалактай асылып өпкүлөп, кучагыбыздан коё бербей жаттык. «Саманчынын жолу» кыргыздын театр өнөрүнүн гүлдөп өнүгүшүнө зор салым кошкон, эң алдыңкы саптагы флагман спектаклдердин көч башы болгон» — дейт М.Далбаева.
1965-жылы «Саманчынын жолу» спектакли Москвадагы Кремль театрында коюлган. Союздук деңгээлдеги сынакта ири мегаполис шаарлардагы театрлардын оюндарын артка калтырып, бул спектакль 2-орунду жеңип келгенине тарых күбө. Албетте, улуу актриса Даркүл Күйүкова ага чейин деле нечен ролдорду ойноп, Кыргыз ССРнин Эл артисти наамына жетип, ар кандай мамлекеттик сыйлыктарга ээ болуп калган кези эле. Бирок атактуу актрисанын эбегейсиз ийгиликтерге жетишине, даңкы союздук масштабга көтөрүлүүсүнө Назаралиев берген Толгонайдын ролу зор түрткү болгонун замандаштары айтып келишет.
Бул спектаклдин өмүрү да алда канча узак болду. «Саманчынын жолу» кыргыз драма театрынын репертуарынан 30 жылдай түшкөн эмес. Театр өнөрүн аркалаган кийинки муундар үчүн мындай спектаклдер уламышка айланып айтылып калары бышык.
Бир жылдары журналисттик ишим менен барып, КРнын Эл артисти Гүлшара Дулатованын үйүндө маектешип отурганымда, раматылык эже буларды айтып берди эле. «Эки жарым саат бою Толгонайдын образы сахнадагы окуянын бүтүндөй өзөгүн түзүп турат эмеспи. Театрда ушул оюн жүрүп жатканда айрым көрүүчүлөр почточу фронттон кара кагазды кудум бүгүн алып келгенсип, үңүлдөп, солкулдап ыйлашчу. Фронттон кайтпай калган эр-азаматтарын эстеп зарлаган элдин үнү залдан угулуп турар эле. Ал түгүл ыйлап жатып эси ооп калгандары болду. Андай учурда театрга тез жардам машинасы чакыртылып, көрүүчүнү алып кеткен окуялар катталган. Анын үстүнө кандуу согушта жакындарынан айрылган адамдардын көкүрөктөгү жарасы кете элек кез. Ошол жылдары «Саманчынын жолу» спектаклине көрүүчүлөр таң эрте келип, билеттин кезегинде турушчу. Айрым бир эбин тапкан кызыл кулактар ошол доордо деле бар болчу. Айрыкча студенттер билетти кассадан бир-эки күн мурда сатып алышып, кечкисин оюн башталар алдында кайра сатып жүрүшчү» — деп эскерген.
Ал жылдары бул спектакль бир катар союздук республикалардын театрларында сахналаштырылган. Ошолордун арасынан Назаралиев койгон «Саманчынын жолу» атамекендик театр искусствосунун гүлдөп өнүгүшүнө зор салым кошкон этаптуу спектаклдердин көч башында болгон. Ал боюнча өз учурунда союздук театр таануучулар менен кыргызстандык театр сынчылары борбордук жана республикалык гезиттерге түрдүү макалаларды жазышкан. Алар: «Саманчынын жолу» кыргыздын улуттук театр өнөрүнүн бурулушу болду» деген баа беришкен.
«Биз Д.Күйүкованы көп ролдордо көргөнбүз. Толгонайдын ролунда ал өзгөчө бир чыгармачылык бийиктикке көтөрүлө алды. Кыргыз сахнасында гана эмес, кесипкөй маданияты алда канча кылымдарды аркалаган башка элдердин сахнасында Толгонайдай образды чыгаруу жана көп жактуулугун жеткирүү өтө кыйын. Спектаклдин түйүнүн Толгонай эне кармап турат. Кыскасы мындай роль кара күчтү да, ички дүйнөнүн байлыгын да талап кылат. Дал ошол күч, ошол байлык Д. Күйүкованын жүрөгүнөн, тулку боюнан орун алган», — деп жазган белгилүү театр сынчысы Сарман Асанбеков. («Ленинчил жаш» гезити, 1964-жыл).
Атам сүйлөп отуруп, кеп Айтматовго келгенде, минтип айтып калар эле: «Кимге болбосун Чыкемдин чыгармаларын сахнага алып чыгуу оңой эмес. Анткени ал Ала-Тоодой бийик философиялык ойдун, Ысык-Көлдөй толкуган идеялардын кишиси. Анын каармандары үн чыгарып сүйлөөгө караганда, лирикалык мотивиндеги «ичинен сүйлөгөнү» көп. Ошондуктан ал кишинин прозалык чыгармаларын инсценировкалап, оргиналдан кем кылбай сахнадан туруп жеткирүү да кыйла эмгекти талап кылчу иш. Мен спектаклди чыгаруудан корккон жокмун. «Автор кийлигишсе кантем?» — деп кооптонгом. Чыкем менден алты жаш улуу болгондуктан, талашып-тартышып калабызбы дегем. Тилекке жараша, бир жолу ушул жагдай тууралуу астыртан сөз баштаганымда ал: «Кандай иштесеңер өз эркиңер», — деп салды. Мен ошондо өз ичимден «өх» деп алып, актерлор менен репетицияны баштаган болчумун. Ал мага улуулук, агалык сөзүн айтып калар эле. «Медеке, чыгармачылык адамдын иши ар дайыма коомчулуктун көз алдында болгон соң, мактоону да, сынды да угасың. Бирөө сени мактап келе жатып, «бирок» деп, кемчилигиңди айта баштайт. Ошондо сен анын «бирогунан» баштаган сөзүн көкүрөккө жакшылап түй. Адам мүчүлүштүгүн жоюу үчүн сынды да угушу керек», — дечү.
Атам кээде: «Спектаклди комиссия кабыл алып, көрүүчүлөргө бет ачары тартууланганда өзүмө айрым бир нерсеси жетишпей калгандай боло берем. Көрсө, Чыкем айткандай, чыгармачылык азоо тайды үйрөткөндөй азаптуу иш болот тура», -дечү. Чыңгыз Айтматов кайсы бир жыйында атам тууралуу: «Наконец-то родился режиссер в Киргизии!» — деп айткан экен. (Орусча айтылганына караганда, ал жыйын орус тилинде өткөрүлгөн окшойт) Атамдын көзү өткөнүнө чейрек кылымга чукулдап бара жатат. Бирок ушул азыр да анын кесиптештери ага жогоруда улуу жазуучу берген бааны ооздорунан түшүрүшпөйт.