4.1 C
Бишкек
Четверг, 21 ноября, 2024
ДомойАналитикаА. Айдосов: “ШКУнун чек арасы европага чейин жетти. Бул абдан чоң жетишкендик”

А. Айдосов: “ШКУнун чек арасы европага чейин жетти. Бул абдан чоң жетишкендик”

Үстүбүздөгү жылдын 4-июлунда Казакстандын Астана шаарында Шанхай Кызматташтык Уюмуна мүчө өлкөлөрдүн мамлекет башчыларынын кеңешинин кезектеги жыйыны болуп өттү. Уюмдун аймагы кеңейип, бирикмеге Индия, Иран, Казакстан, Кыргызстан, Кытай, Пакистан, Орусия, Тажикстан жана Өзбекстан менен кошо 10-мүчө болуп, Беларус кошулду. Саммитке жалгыз эле өлкө башчылары эмес, Бириккен Улуттар Уюмунун башкатчысы Антониу Гутерриш баштаган КМШ, ЖККУ, Евразия экономикалык комиссиясынын, Азык-түлүк коопсуздугу боюнча ислам уюмунун жана Экономикалык кызматташтык уюмунун жетекчилери дагы келген. Геосаясат курчуп турган абалда бирикменин мааниси, саясий салмагы тууралуу саясат талдоочу, кытай таанучу, Чжэцзян университетинин магистранты Айболот Айдосов менен маектештик.

Айболот мырза, Шанхай Кызматташтык Уюмунун учурда жүрүп жаткан геосаясий өзгөрүүлөрдүн шартында мааниси канчалык өзгөрдү?

Бүгүнкү күндө ШКУ географиясы абдан чоң уюмдардын бири. Планета калкынын дээрлик 45 пайызы, дүйнөлүк экономиканын 25 пайызы туура келет. Уюмдун мүчөлөрү Индия, Иран, Кытай, Пакистан жана Орусия өлкөлөрү өзөктүк куралга ээлик кылат. Жалпылап айтканда бирикменин мааниси, ролу бүгүн күн санап өсүп жатат. Ал эми Орус-Украин, Израиль-Палестина ортосундагы согуштук абалды эске алганда уюмдун мааниси дагы да жогорулайт. ШКУ тынчтык орнотууга салым кошо турган саясий альянска да айланып бара жатат десек болот. Уюм согушту эмес, дипломатияны колдой турганын да айта кетүү керек. Астанада өткөн саммитте бул тууралуу казак лидери да абдан туура айтты. Ал дипломатиянын доору келгенин билдирди.

Мындай чоң бирикменин курамында Кыргызстандын ролу канчалык?

Албетте, Кыргызстандын өзүнүн ролу, орду бар мамлекет. Уюмду түзгөн, Шанхай духун жаратууда башта турган беш өлкөнүн бири-Кыргызстан. Өзбекстан расмий мүчө болгон 2001-жылга чейин бул уюм “Шанхай бешилтиги” деп аталып келгенин билсеңиздер керек. Ага чейин бул бешилтикти 1996-жылы Кыргызстан, Казакстан, Тажикстан, Кытай жана Орусия түптөгөн. Эл аралык уюмдун мүчөлөрүнүн саны 23 жыл ичинде эки эсе өстү. Айрыкча акыркы он жыл ичинде уюмдун аброю абдан бийиктеди. 2017-жылы уюмга Индия менен Пакистан мүчө болду, былтыртан тарта Иран уюмга толук кандуу мүчө болуп кошулду. Дүйнөнүн кубаттуу өлкөлөрү дал ушул уюмдун курамында десек болот. Экинчи экономика саналган Кытай турат. Жакында Индия Жапонияны басып өтүп, дүйнөдөгү үчүнчү экономикага айланганы калды. Андыктан ШКУ бүгүн кубаттуу бирикме катары калыптанды десек болот.

Уюмга Беларустун кошулганын кандай чечмелейсиз?

Беларус бул уюмга он жылдан бери байкоочу катары катышып келген. Эми толук кандуу мүчө болуп, уюмдун чек арасы Европага чейин жетти. Бул абдан чоң жетишкендик. Мындан тышкары Монголия менен Афганистан да уюмда байкоочу статусуна ээ. Кийинки кезекте Монголия уюмга кошулат деп болжосок болот. Ошондой эле Түркия, Азербайжан, Египет, Катар жана башка жалпы тогуз мамлекет — Шанхай Кызматташтык Уюмунун диалог боюнча өнөктөштөрү болуп жүрөт.

ШКУнун мындан аркы келечегин кандай көрө аласыз? Азыр дүйнөдө болуп жаткан процесстер бирикменин багытын кандай өзгөртүшү мүмкүн?

ШКУ бүгүн активдүү өнүгүп жатканы менен айрым учурда дүйнөдөгү, чөлкөмдөгү көйгөйлөрдү чечүүдө активдүү, ыкчам реакция кылбай жаткандай сезилет. Бул багытта уюм жаңыланууга муктаж. Дүйнөдө болуп жаткан динамикалуу өзгөрүүлөрдүн шарында ШКУ дагы тез, ыкчам реакция кылган, карапайым элдин көйгөйлөрүн чечүүгө жакындаган бирикмеге айланышы керек.

СТАТЬИ ПО ТЕМЕ

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
пожалуйста, введите ваше имя здесь

Популярные

Комментарии