21.1 C
Бишкек
Воскресенье, 7 июля, 2024
ДомойВ КЫРГЫЗСТАНЕЭверестке эңсегендин баары эле чыга бербейт

Эверестке эңсегендин баары эле чыга бербейт

Деңиз деңгээлинен 8849 метрде жайгашкан Непалдагы дүйнөнүн эң бийик Эверест чокусуна чыгып келишкен кыргызстандык альпинисттерди коомчулук тосуп алды. Эске салсак, аларды Президент Садыр Жапаров кабыл алып, колдоо көрсөткөн. Ал эми Кыргызстандын альпинизм федерациясынын президенти Эдуард Кубатов континенттер аралык чокуларды багындырып, Эверестке эки жолу чыккандыгы менен Гиннестин китебине кирди. Ал бул жолу кычкылтек колдонбой Эверестке чыкканы менен таң калтырды. 

         Өлкөнүн альпинизм тарыхына карасак, Эверест чокусуна эң алгачкы жолу 1997-жылдын 20-майында Дмитрий Греков чыккан. Андан 24 жыл өткөндөн кийин — 2021-жылдын 23-майында Эдуард Кубатов, ал эми 2023-жылдын 17-май күнү Кадыр Сайдилкан, а 14-майда Илим Карыпбеков чыгып, ааламдын кылда чокусунда Кыргызстандын туусун желбиретишти. Бүгүнкү күндө өлкөбүздө альпинизмди өнүктүрүү, жайылтуу үчүн Бишкек, Ош жана Каракол шаарларында альпинисттерди машыктыруучу кесиптик альпинизм дубалдарын куруу пландалып жатат.

           Кылда чокунун наркы 140 миң долларга жетет

      Эверестте аба ырайы 12-майда ачылып, 26-майга караган түнү биротоло жабылат. Аба муссондору каптап, кар катуу жаагандыктан ал жакка чыгууга кымындай мүмкүнчүлүк калбайт. Ар жылы Эверестке чыгуу үчүн дүйнө мамлекеттеринен 4500гө жакын альпинист Непал өкмөтүнө арыз менен кайрылат. Бирок, алардын орточо алганда 500нө эле лицензия берилип келет. Мына ушулар май айынын эки аптага жетпеген учурун жыл бою күтүп даярданышат.

     Дүйнөдө альпинизм спорту тез жайыла баштады. Ага биздеги акыркы төрт жылда 3 альпинист Эверестти багындырганы, альпинист кыз-келиндердин көбөйүп баратышы, Кыргызстандагы альпинизмдин тарыхын фундаменталдуу изилдеген китептердин чыгарылганы буга далил.

      Адатта Эверестти багындырууга дээрлик бизнеси бар бай адамдар бара алышат. Мисалы, Непалдын эконом-класстагы экспедициялык компаниялары 30 000-40 000, Россиянын компаниялары 60 000, ал эми англиялык жана Түндүк америкалык компаниялар 130 000-140 000 долларды сунушташат.

КРдин альпинизм федерациясынын вице-президенти, “Кыргыз изи” долбоорунун негиздөөчүсү, жеке ишкер Кадыр Сайдилкан дүйнөнүн бийик чокусун багындыруусу тууралуу мындай дейт: “2020-жылдын июнунда ковид жуктуруп ооруп калдым. Дарыгер ºпкºмдүн 18 пайызы жабыркаганын айтты. Аны калыбына келтирүү үчүн тоонун шар аккан суусун бойлоп басууга, дем алуу көнүгүүлөрүн жасоого кеңеш берди. Мен Ала-Арча капчыгайын аралап басып жүрүп, тоодон түшүп келе жаткан альпинисттерге жолугуп калчу болдум. Көрсө шаарды ковид каптаганда альпинисттер Рацектин таш үйү тарапка кетип калышыптыр. Өткөн кылымдын 30-жылдары чехиялык географ, картограф, альпинист Владимир Рацек деген окумуштуу Кыргызстандын тоолорун картага түшүргөн. Ал Ала-Арча капчыгайын бойлой кеткен Аксай, Муз-Төр колоту тараптагы деңиз деңгээлинен 3300 метр бийик жерге таштан үй салган. Ошол жай азыркыга чейин “Рацектин үйү” деп аталып, альпинисттердин эс алып, түнөп кетүүчү жайына айланган. Ал эми Аксай мөңгүсүнүн айланасында “Учитель”, “Бокс”, “Корона”, “Байчечекей”, “Теке-Төр” деген чакан чокулар бар. Альпинисттерге аралашып, сүйлөшкөн соң, мен да Эверестке чыгууга максат коюп, спорттун ушул түрү менен “ооруп” калдым. 2021-жылдын жаңы жыл түнү Африка материгинин Климанжора деген чокусуна чыктым. Ал жерге барганымда альпинисттер: ”Сиз 7 чоку долбоорун баштадыңызбы?”, — деп сурашты. Анткени, көпчүлүгү 7 чокунун эң жөнөкөйү деп ушундан башташат. Ошентип, 3 жылга жакын мезгилде Кавказдын Элбурс, Аргентинанын Аконкагуа, Түндүк Американын Денали, Антарктиданын Винсон, Австралиянын Костюшко чокуларын багындырдым.

       Өтө чарчаганда өз жанын кыйышат

     — Ошол жылы Эверестке чыгууга дүйнө өлкөлөрүнөн 484 альпинист Непал өкмөтүнөн уруксат алды, — деп сөзүн улантты Кадыр мырза. — Уруксат кагазын алууга 21 000 доллар төлөнөт. Ал жакта 5300-5400 метр бийиктеги мөңгүнүн үстүндө жайгашкан жатак база бар. Ага альпинисттерди тейлеген Россия, Непал, Европа өлкөлөрүнүн ж.б. ар кыл компаниялары барышат. Мен непалдык компаниянын жардамы менен чыктым. Ошол жылы биз менен барган 18 альпинист Эверестке чыга албай каза болуп калышты. Анын алтоосу жергиликтүү эл – шерптер болчу. Шерп деп Эверест чокусунун алдында жайгашкан непалдык жергиликтүү калкты аташат. Шерптер тоо шартында туулуп өсүп, суук климатка чыдамдуу болгону үчүн альпинисттердин жүгүн ташып иштешет. Мен шерптердей эрки күчтүү калкты дүйнөдөн кезиктире элекмин. Алардын кызматысыз Эверестке эч ким чыга албайт. Шерптер тик чыкма бийик аскаларга аркан тартып даярдашат. Мени жана америкалык миллионер бир альпинистти коштоп Ками Рита деген атактуу шерп чыкты. Ками америкалыктын жүгүн ылдыйга түшүрүп коюп, кайра өзү жаңы рекорд жасаш үчүн дароо эле Эверестке чыгып кетти. 52 жаштагы Ками Рита 28-жолу Эверестке чыгып, Гиннестин китебине кирген дүйнөдөгү жалгыз адам.

     Эверестке чыгып бараткан чокудагы бычактын мизиндей болгон асканын тик кеткен бөлүгүн “Хилларинин тепкичи” деп аташат. Ал жер жалама аска. Дүйнөдөгү өтө тик келген кооптуу жер. Ошол чокуда көз алдыбыздан эки альпинист кулап каза болуп калды. Кылда чокуга таңга маал жеттик. Машыгуум жакшы болгондуктан катуу кыйналган жокмун. Бирок, моралдык-психологиялык жактан абдан оор болду. Катуу шамал бетке уруп, кылда чокудагы суук 35 градус болгону менен ал 50 градуска тете күчкө жетти. Мындай кырдаалда ар бир секунд баалуу. Кылда чокуда туруп, Кыргызстандын элине камдап барган кайрылуумду айтууга үлгүрбөдүм. Мен дүйнөнүн 7 чокусуна чыкканымда Саякбай Каралаевдин айтуусундагы “Манас” эпосунун академиялык вариантын ала бардым. Китептин салмагы 3 кг 700 гр болчу. Китеп менен 7 000 метрден өйдө чыгып барганда ал 40 кг сыяктуу оордук келтирет. Чогуу жүргөн альпинисттер китебимди көрүп: “Сен жиндисиңби?”,- дешти. Эверестке чыгууну максат кылган күндөн баштап, “Манастан” үзүндү айтам деген тилегим ишке ашпай чоң арманда калдым. Катуу шамал урганда китепти, тууну рюкзактан алып чыгып, ак калпакты кийип сүрөткө түшүүнүн өзү тозок иш болду. Кээ бир альпинисттер чокуга чыгып бара жатканда дене ресурсун коротуп алышып, кайра түшө албай калышты. Ал жерде асканын дубалдай тегиз, жылмакай бети менен тырмышып түшүүгө туура келген жерлер көп. Кээ бир альпинисттер чокуга чыкканына кубанып эйфорияга батып алышат. Белге байланган аркандын эки учунун бирин илип, бир учун чыгарып кылдаттык менен ылдыйлоо керек. Тилекке каршы, сүйүнгөнүнөн адашып кетип, арканды туура эмес чечип жиберип кулап мерт кеткендер болот. Андан тышкары, кычкылтек жетпей калганда мээ шиший баштайт. Адам өзүнүн кыймыл-аракетин сезбейт. Кээ бири катуу чарчагандан тажап, ресурсу түгөнүүдөн эбегейсиз кыйналат. Ошондой учурда арканды чечип салып, атайын секирип каза тапкандар болот. Мен Эверестке чейин 2,5 жыл дээрлик тоодо жашап даярдык көргөм. Мисалы, бийиктиги Эверестке жетпегени менен Денали чокусуна чыгуу мага абдан оор болгон. Себеби, дүйнөдөгү эң суук болгон Антарктиданын суугу да Деналинин суугуна жетпейт. Бул дагы абдан кооптуу чоку”.

      “Хилларинин тепкичинде”  альпинисттердин сөөгү көп

        УКМКнын мурдагы кызматкери, дипломат, бизнесмен жана 52 жаштагы альнинист Эдуард Кубатов Эверести багындырганы боюнча мындай дейт. ”Типтике жалама чокуга чыгып бара жатканда алды-артыңда альпинисттер келе жаткан болот. Экспедициянын ошол бөлүгү оңго да, солго да жыла албаган эң кооптуу учур. Ал жерде өмүр менен өлүм ээрчип жүргөнү реалдуу көрүнүш болгондуктан 7000-8000 метр бийиктик – “өлүм зонасы” деп аталып калган. Эвересттин чокусуна жетээрге аз калган жердеги “Хиллари тепкичи” деген бөлүк өтө кооптуу. Асканын бычактын мизиндей болгон 40-50 сантиметрлик кууш, вертикалдуу кеткен бөлүгүнөн өйдө карай өтө кылдаттык менен жылып жөнөйбүз. Төмөн жакта тарам-тарам болуп бөлүнгөн асканын жаракалары 3 километрлик тереңдикте жатат. Асканын ошол бөлүгүнүн жалпы аянты болжол менен 200 метрди түзөт. Анда кайсы бир жылдарда каза болгон альпинисттердин сөөктөрү жатат. Тилекке каршы, бир апта мурда каза тапкандарды дагы көрүүгө болот. Көбүнчө Эвересттен түшүп келе жатканда күч ресурусу биротоло түгүнүп, катуу чарчагандан мерт кетишет. Ичер суусу түгөнгөн адамдарга эч кандай жардам бере албаган соң алдыга карай кете берүүдөн башка арга жок. Бул үчүн коомчулукта: “альпинисттер таш боор болушат. Буларда эч кандай жолдоштук, моралдык сезим жок”, — деген доомат айтылып жүрөт. Бирок, бизди чокуга чыгууга даярдап жатканда: “Силер бардык жагдайга даяр болушуңар керек”, — деп алдын ала эскертишет.

         Эвересттин кылда чокусу болгону 10-15 чарчы метр жер келет. Ага жеткенде кубанып ички эмоцияны аябай чыгарып алууга адамдын алы жетпейт. Кычкылтек тартыштыгы кыйнайт. Тезирээк айтчу сөздү видеого тартып, желекти көтөрүп беткапсыз бир нече сүрөткө түшүү керек. Бир жагынан муну альпинисттерге сертификат берүү үчүн Непал өкмөтү талап кылат экен. Анын үстүнө, арттагы альпинисттерге орун бошотуп берүү зарыл. Эвересттин чокусунан  панораманы жакшылап сүрөткө тартып, төмөндө жаткан Гималай тоолорун 2 мүнөт үнсүз карап суктанып турууга убактым жеткен жок. Анткени, менин алдымдагы польшалык жигит сыйгаланып кетип 5 метрче төмөн кулап, телефонун асканын коңулуна түшүрүп, өзү да аз жерден өлүмдөн калды. Төмөн түшүп келе жатканда мени коштоп барган шерп жарым саат эс алууга уруксат сурады. Бирок, 8000 метрде токтоп тыныгуу эң опурталдуу. Биз бир аз ылдыйкы лагердеги чатырга токтодук. Шерп эли кыйналганын билдирбеген табиятынан күчтүү, эр жүрөк болушат. Ошого карбай 4 жолу Эверестке чыгып түшкөн менин шерпим: “Иттикиндей жашоодон тажадым”, — деп буркурап катуу ыйлап жиберди.

        Биздин командага беларуссиялык альпинист кошулган болчу. Бирок ал өпкөсүнөн катуу жабыркап, жолду улай албай турганын мага арман кылып айтты. “Эдуард, сенин Эверестке жетериңе ишенем. 1945-жылдын майында Улуу Жеңиш күнү советтик аскерлердин Берлинге чейин барган кызыл туусу менин өлкөмдө сакталып турду эле. Ушул тууну кылда чокуга сайууну сага берейин”, — деп аманатын мага тапшырган эле”.

    Адистердин айтымында альпинизм өлкөнүн туризм тармагынын локомотиви болуучу зор артыкчылыгы бар. Кыргызстандын чакан чокулары, асман тиреген 7 чокусу бул – баа жеткис байлык. Андан тышкары, өлкөбүз жаш альпинисттерди даярдоочу тажрыйбаларга ээ.

Нарынкүл НАЗАРАЛИЕВА, Кыргызстан журналисттер союзунун мүчөсү

СТАТЬИ ПО ТЕМЕ

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
пожалуйста, введите ваше имя здесь

Популярные

Комментарии