21.1 C
Бишкек
Воскресенье, 7 июля, 2024
ДомойБез рубрикиЖумуш көп, иштөөчүлөр аз

Жумуш көп, иштөөчүлөр аз

Эки жылдан бери өлкөнүн эмгек рыногунда жумуш орду көбөйүп, а иштөөчүлөр тартыш болгон тенденция байкалды.  Май айында Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров жыл сайын калкты 250 000ге чейин жумуш орду менен камсыздоо тууралуу тиешелүү түзүмдөргө тапшырма берди. Ушул жылдын аягына чейин эле Кыргызстанда 100гө жакын ири өнөр жай долбоору ишке кирээрин анын орун басары Эдиль Байсалов Deutsche Welle каналына берген маегинде билдирди.

     Ишкерлер чет элдик мигранттарга квота сурашууда 

«Өлкө экономикасы эмгек мигранттардын акча которууларына карата көз карандылыгын акырындап азайтып баратат десем болот. Анткени, Кыргызстанда көп жумуш орундарын түзүп жатабыз. 2024-жылы мамлекет 100 ири долбоорду ишке ашырганы турат. Экономиканын өнүгүшүнөн улам 300 000 мигрантты жумуш орундары менен камсыздап, сыртка кетирбей кармап калдык. Буга ИДПнын көтөрүлүшү, мамлекеттин кирешеси 2,5 эсе өсүүсү, коррупцияга каршы күрөштүн күчөгөнү себеп болууда. Жумуш орундары бар, бирок иштеген адамдар тартыш болгон феноменалдуу көрүнүшкө келип жеттик. Айрыкча курулуш тармагы кадрларга муктаж. Биз бул өткөөл мезгилден да чыгабыз, алдыдагы беш жылда мамлекетибизди таанылгыс кылып өзгөртөбүз», — деп билдирди Э.Байсалов.

Өлкөнүн ИДПсы 2024-жылдын январь-май айларына карата 444 млрд. сомду түзүп, 8,1 пайызга өстү. Айта кетүүчү жагдай, үч жылдан бери калкты жакырчылыктан чыгаруунун социалдык контракт долбоору ишке ашырылып, анын  98 пайызы турмушка ашуусу да жумушсуздукту кыскартууга кадыресе өбөлгө түзүп жатат.

Ага улай Ысык-Көлдөгү «Асман» экологиялык шаарынын курулушу да башталып жатат. Бирок, ушул ири курулуштардын бардыгына зарыл болгон адистерди, тармактык кадрларды, жумушчуларды кайдан табабыз? деген маселе чыгып жатат. Анын үстүнө 17-18-май күндөрү Бишкекте чет элдик мигранттар менен жергиликтүү жаштардын тополоңу эмгек рыногундагы тартыштыкты ого бетер оорлотуп койду. Ушул окуядан кийин чет элдик жумушчулар, ал түгүл Бишкектин университеттеринде окуп жатышкан студенттер дагы өз өлкөлөрүнө шашылыш кайтууга аргасыз болушту.

Ошондон көп өтпөй, Президент Садыр Жапаров фейсбуктагы баракчасында кыргызстандыктарга кайрылуу жасады. «Өлкөдө жумушчу күчү жетишпей жатат. Акыркы эки жылдан бери активдүү иштеп баштаган тигүү цехтери, курулуш компаниялары ж.б. токтой баштады. Тейлөө тармагына да кызматкерлер жетишпей жаткандыгы боюнча кайрылуулар түшүп, компаниялардын жетекчилери чет өлкөлөрдөн келе турган жумушчулар үчүн квоталарды көбөйтүшүбүздү суранышууда. Ошондуктан ушундай кайрылууга туура келди», — деп жазды. Мамлекет башчы жумуш таппай жүргөндөрдү Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине кайрылууга чакырып, айлык маяналардын орточо көлөмүн 20 000-30 000 сом экенин билдирди.

Кыргыз бренди атаандаштыкка алдырбаса болду

Чет элдик мигранттардын өз өлкөлөрүнө кайтып кетишинен айрыкча тигүү тармагы катуу жабыркады. Ушул маселе боюнча «Усубалиева жеке ишканасы» тигүү цехинин жетекчиси Нуржамал Усубалиева мындай дейт: «Эки-үч жылдан бери өлкөдөгү чакан тигүү цехтерде, чоң фабрикаларда тикмечилердин катуу тартыштыгы үстөмдүк кылууда. Ушуга байланыштуу Пакистан, Вьетнам, Бангладеш, Индия өлкөлөрүнөн келген мигранттарды иштетип жатабыз. Менин цехимде 20 жумушчу бар. Айлык маяна апта сайын берилип турат. Тикмечилер аптасына 20 000 сом, ай сайын орточо алганда 75 000-80 000 сом эмгек акы алып жатат. Ал эми бычмачы бир өлчөмдөгү кийимди дүңүнөн бычып, 3-4 саатта   20 000 сом табат. Анын орточо айлык акысы 250 000 сомду түзөт. Бирок, туура эмес кесип койсо, өзүн да, иш берүүчүнү да чыгашага дуушар кылып коюшу ыктымал болгондуктан буларга чоң жоопкерчилик жүктөлөт. Менин цехимдин кийимдери бүтүн Россияга кетип жатат. Азыркы күндө эркектердин көйнөк, шымдарын жөнөтүп жатабыз. Бир топ жылдар бою Казакстанга экспорттолчу. Бирок, Казакстанда жеңил өнөр жай катуу өнүгүп калгандыктан азыр алардан буйрутмалар түшпөй калды.

Кыргызстанда тигүү тармагына карата мамлекеттин жардамы жетишсиз. Мисалы, Өзбекстандын өкмөтү Италиядан тажырыйбалуу технологдорду чакырып, тикмечилерди окутуп, андан тышкары заманбап жабдууларын кошо ала келишип тигүү тармагынын ишкерлерин камсыздап жатат. Ушундай колдоодон улам алардын фабрикаларынын көпчүлүк бөлүгү дүйнөлүк ири бренддүү компаниялардын буйрутмалары менен кийим тигип экспорттоого өтүшкөн. Биздин тикмечилерибиз жаңы моделдерди тез өздөштүрүп, ылдам ыңгайлашкандыгы менен креативдүүлүгү жагынан алардан калышпайт. Көйгөйлөрүбүз абдан көп. Жакында ККМ (көзөмөл кассалык машинасы), ЭТТН (электрондук товардык-транспорттук тиркеме) менен иштөө киргизилгени жатат. Албетте, мамлекетке салык төлөө милдетин жакшы түшүнүп турам. Чынын айтсак, сырттан кирип жаткан кездемелердин рулондоруна так эсеп жок болчу. Жогорудагы системалар киргизилсе импорттолгон кездемелер, фурнитуралар кымбаттайт. Ага карата товарлардын баасы да көтөрүлөт. Ушуга байланыштуу биз Өзбекстан, Түркия, Кытай, Россия ж.б. өлкөлөрдүн кийимдерине караганда, биздин товарлардын баасы өсөт. Ошентип буйрутма берүүчүлөрдөн кол жууп калышыбыз ыктымал. Өлкөбүздө чийки зат өндүрүлбөгөндүктөн мамлекет тарабынан бизге бажы төлөмдөрү, салык жаатында айрым жеңилдиктер берилсе деп ойлойм».

Дүйнөдө электрондук коммерция токтоосуз өнүгүү үстүндө. Кыргызстандык тигүүчүлөрдүн товарлары Вайлдберрис, Озон сыяктуу маркетплейстер аркылуу Россиянын базарларында «Кыргызстанда жасалган» бренди менен сатылууда. Ал эми россиялык компаниялардын буйрутмасы менен тигишсе, ал жакта «Россияда чыгарылган» бренди менен сатыкка чыгат. Анткени, россиялык ишкерлердин товарларына ишенич көбүрөөк.

Бизнес тынчтыкты жактырат

— Чет элдик мигранттардын орчундуу бөлүгү турист болуп келишип, көмүскөдө иштеп жүрүшкөн. Алар май айындагы тополоңдон кийин өз өлкөлөрүнө кайтып кетишкендиктен Бишкекте  60тан ашык тигүү ишканалары жабылуу коркунучунда калды. Алардын ар бири Кыргызстанга келүү үчүн 500 доллар коротушкан. Айрымдары мурда тигүү тармагында эмгектенишчү экен. Кээ бирин бул жактан жарым жылдап үйрөтүп, иштин сапатын көтөрүп алышкан. Аларга 500-600 доллардан маяна төлөнүп турган. Аталган министрликтин маалыматы боюнча, жалпысынан чет элдик 5322 мигрантка Кыргызстанда иштөөгө расмий уруксат берилген. Андан тышкары, 2024-жылдын башынан бери өлкөбүзгө Бангладештен 369, Пакистандан 6223, Индиядан 5376 студент билим алууга келген. Ушунун бардыгы өлкө бюджетине, элге келген валюта жана жумушчу күчү түрүндөгү инвестициялык кирешелер.

Май айындагы окуядан кийин ал учурдагы Эмгек, социалдык өнүктүрүү жана миграция министри Гүлнара Баатырова тигүү тармагындагы жагдай тууралуу мындай деген болчу. «Биздин жарандар көп учурда туруктуу иштебейт. Мисалы, тигүү цехтеринде иштеп үйрөнүп алгандан кийин өз алдынча цех ачканы жумушту таштап кетип калышат. Анысына деле каршылык жок, көпчүлүгү жумушка өз учурунда келбейт. Айлык маяна алган күнү 2-3 күн ишке чыкпай койгондору болот. Той-топурга суранып кете бермейлери бар. Мындай көйгөйлөрдөн улам ишкерлер банкрот болушат. Ошондуктан иш берүүчүлөр чет элдик мигранттарды каттоодон өткөрүп легалдаштырып, туруктуу иштетүүгө аракет көрүшөт. Ушуга байланыштуу чет элдик жарандардын кара жумуштарга иштөөсүнө квота берүүгө аргасызбыз. Ишкерлерибиз алардын убадага тактыгын, жумушка кечикпей келип, ал түгүл графигинен ашыкча иштей беришерин айтып жатышат.

Өткөн жылы 20 000ден ашык бош жумуш орундары бар эле. 2024-жылдын май айына карата 6538 жумуш орундары бар. Ал эми республикада 61,7 миңдей адам расмий жумушсуз болуп катталган».

Бүгүнкү күндө 1,5 млн. жакын элибиз бөтөн жерде иштеп, жашап жатышат. Биз чет элдик мигранттарга мамиле кыларда сырттагы мекендештерибизди алардын ордуна коюп, кодулагандан алыс болушубуз керек. Бүгүнкү күндө курулуш, жеңил өнөр жай, тоо кен, энергетика, IT технология, архитектуралык долбоорлоо ж.б. көптөгөн тармактарда адистердин тартыштыгы көйгөй болуп жатат.

Нарынкүл НАЗАРАЛИЕВА, Кыргызстан журналисттер союзунун мүчөсү

СТАТЬИ ПО ТЕМЕ

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
пожалуйста, введите ваше имя здесь

Популярные

Комментарии