-13.9 C
Бишкек
Воскресенье, 22 декабря, 2024
ДомойВ КИТАЕКытай TikToгу “Douyin” – интернеттин тарбия аянтчасы 

Кытай TikToгу “Douyin” – интернеттин тарбия аянтчасы 

Интернет бүтүндөй дүйнө жүзүн “басып”, аң-сезимибизди толугу менен ээлеп калган доордо жашап жатканыбыз бардыгыбызга белгилүү. Улуубуздан кичүүбүзгө чейин телефондон баш көтөрө албай, үй-бүлө ичинде дагы мурункудай баарлашуу болбой, ал-абал сурабастан эле, шаша-буша чай ичип, телефонду карай жөнөйбүз. Бекеринен азыркы мезгилде балдарды жөрмөлөп жүргөн кезинен баштап интернет “тарбиялап” жатат деп айтышпаса керек. Бардыгыбызда эле кандайдыр бир виртуалдуу дүйнөнүн туткуну болуп калгандай сезим болуп жатканы шексиз.

Чындыгына келгенде интернет бул 21-кылымдын эң чоң табылгасы болуу менен катар эле, эң чоң кайгысы дагы болушу мүмкүн. Албетте, аны туура колдонуп, дүйнө таанымды кеңейтүүгө, билим алууга, өзүбүздү өнүктүрүүгө пайдалансак мындан өткөн табылга жок эмеспи. Ал эми жөн гана интернет аркылуу ар кимдин жашоосун аңдып, ар кандай тематикадагы видеолорду көрүп, эч кандай таалим-тарбиялык мааниси болбогон маалыматтар менен ички дүйнөбүздү азыктандырып отурсак, улуу-кичүүгө мамиле кылууну билбеген, үй-бүлөлүк баалуулуктарга көңүл бурбаган, адамгерчилик, кайрымдуулук, боорукердик сапаттарына кош көңүл мамиле кылган, өзүмчүл муунга ээ болоорубуз турган иш.

Ошондуктан бул интернет тармагында дагы кандайдыр бир цензура болуусу учурдун талабы. Албетте бардыгыбыз акылдуубуз, кандай кылууну, кандай жашоону билебиз. Бирок өсүп келе жаткан жаш балдар интернет деген түбү жок дүйнөдөн жакшы менен жаманды айырмалай алабы, мына суроо ушунда.

Мен бүгүн акыркы 2 жылдан бери жашообузга өзгөчө тездик менен кирип, кыргызстандык өспүрүмдөр арасында белгилүү болуп жаткан келген  TikTok онлайн платформасы тууралуу сөз кылууну чечтим. Тактап айтканда Кытай TikToгу тууралуу маалымат берип, андагы мени кызыктырган факторлору жана өзгөчөлүктөрү менен сиздер менен бөлүшүүнү туура көрдүм.

Douyin-TikTok дүйнөдөгү эң кымбат стартап 

Douyin — бул кыска видеолорду көрүү жана бөлүшүү үчүн Кытайдагы эң популярдуу онлайн платформа болуп саналат. Ал дүйнөнүн калган бөлүгүндө, TikTok колдонмосу катары белгилүү. Коңшу мамлекеттин ByteDance компаниясы тарабынан иштелип чыккан Douyin, Кытайдын толугу менен көзөмөлдөнүүчү онлайн чөйрөсүнөн келген. Жөнөкөй сөз менен айтканда, Douyin TikTokтун расмий кытайча версиясы.

2016 -жылы кытайлык жаш ишкер жана ByteDance компаниясынын ээси Чжан Имин Инстаграм менен караокенин гибриди болгон “Douyin” аттуу жаңы музыкалык видео бөлүшүү тиркемесин чыгарган. Программа башында кытайлыктар үчүн гана арналган. Бирок, тиркеме популярдуулукка ээ болуп, кийин эл аралык аудитория үчүн дагы Douyinдин аналогу — TikTok иштелип чыккан.

2018 -жылдын августунда TikTokтун негизги атаандашы, music.ly сайты ага кошулган. Ошондон кийин YouTube жана Twitterдеги эл аралык колдонуучулар жаңы колдонмонун жарнамасынын толкунуна кабылып, 2018 -жылдын аягында TikTokтун аудиториясы 150 өлкөнүн 800 миллиондон ашык колдонуучусун ичине камтыган. Дүйнөгө белгилүү каржы жана экономикалык маалымат сайты Bloomberg TikTokту 75 миллиард долларга баалап, аны дүйнөдөгү эң кымбат стартап деп атаган.

TikTok менен Douyinдин ортосунда кандай айырма бар? 

TikTok жана Douyin негизинен окшош, бирок ByteDance компаниясы тарабынан бир катар айырмачылыктары менен чыгарылган ар башка колдонмолор. Колдонмолордун ортосундагы айырмачылык – бул аймактык өзгөчөлүк болуп саналат.

Колдонулган мобилдик тиркемелерге жараша, колдонуучулар TikTok же Douyin жүктөп алса болот. TikTok Google Play жана AppStoreдо жеткиликтүү, ал эми Douyin Кытайдын колдонмо программаларында гана жеткиликтүү. Бул эки платформанын аудиториясында дагы айырмачылыктар бар. Бардыгыбызга белгилүү болгондой TikTokто көбүнчө өспүрүмдөр отурат. Ал эми Douyinдин колдонуучуларын негизинен 18-35 жаш арасындагы адамдар түзөт.

Тактап айтканда Douyinдин аудиториясы акча төлөөгө жөндөмдүү. Себеби Douyinде  “капчык” функциясы бар. Бул фукциянын QR кодун колдонуу менен каалоочулар товарларды, кинолорго билеттерди сатып алуу, акча которуу сыяктуу башка каржы операцияларын жүргүзө алышат.

Менталитеттин өзгөчөлүгүнө байланыштуу, Кытайда интернет атактуулардын таасири абдан күчтүү, блоггерлер түзмө -түз каалаган маселени элге жайылтып, каалаган нерсесин сата алышат.

Douyinдеги тематика, видеонун мазмуну Европаныкынан кескин айырмаланат. Ал жакта өзүнүн жылдыз блоггерлери жана тенденциялары бар. TikTokтун Кытай версиясында эң көп “маскалар” колдонулат. Тактап айтканда программада адамды абдан чырайлуу, сырткы кебетесин идеалдуу кылып көрсөткөн функциялар көп. Анда колдонулган музыкалар дагы элдин менталитетине жакын. 90% кытай музыкалары колдонулат.

Интернетти туура пайдаланууну үйрөнүү учурдун талабы 

Чындыгында Кытай TikToгу мага жакты. Ал өзүнчө бир системага салынган, ар тараптуу өнүккөн, эң башкысы анда тартылган видеолордун негизги бөлүгү тарбиялык мааниге ээ. Кытай элинде дагы салт-санаага, улуу кичүүгө болгон мамилеге, туугандар, ата-энеге болгон алакага өзгөчө көңүл бурулат эмеспи. Ошондуктан Douyinден ушул тематикадагы тарбиялык видеолорду көп кездештирүүгө болот.

Муну менен эле катар кайын эне-келин мамилелери дагы көп чагылдырылат экен. Бир жагынан каардуу кайын эне, кайын сиңдилердин келинге көрсөткөн кордугу көрсөтүлсө, бир четинен үйүнө кайын эне, кайын атасын батырбай, жаман мамиле кылган келиндердин дагы жашоосу берилет. Эң башкысы жыйынтыгында ар кимдин кылып жаткан иши бааланып, жакшы бир тарбиялык  маанини ичине камтыйт.

Мындан сырткары жетекчи менен кызматкердин ортосундагы алакалар дагы баяндалат. Мындай баяндамалар аркылуу алар кызматкер канчалык билимдүү, тажрыйбалуу, күчтүү болбосун, эгерде анда адамгерчилик сапаты болбосо андай кызматкерге муктаждык жок экендиги айтылат. Ар биринде жумушчунун эң башкысы “адам” болуусу шарт экендиги баса белгиленет.

Douyinдин видеолору чындыгында жакшы менен жаманды айырмалоого, кечиримдүү болууга, кандай гана кырдаал болбосун адам бойдон калууга үйрөтөт. Негизинен виделорунда ар дайым кытай учкул сөздөрүн, даанышман ойлорун дагы кошуп, жаштарга ата-бабасынан бери келе жаткан насаатын кошо үйрөткөнү жакты. Албетте бул видеолорунун ичинде товарларды дагы көмүскөдөн жарнамалоону коңшу  эл жогорку деңгээлде өздөштүрүптүр. Бул жакта видео тартуу үчүн бүтүндөй профессионалдуу жамаат иштери белгилүү.

Мен Douyinди көрүп биздин TikToкто дагы ушундай тематикадагы таалим-тарбия берчү видеолор болсо абдан жакшы болот эле деген ойдо калдым. Эгерде биз дагы интернетти ушул багытта өнүтүрүп колдонсок келечек муун үчүн жакшы бир иш кылмакпыз деп ойлойм. Азыр китеп окугандар чанда, интернетти атайын ачып керектүү маалымат алгандар аз. Жаштар TikToкто, инстаграмда отурушат. Мүмкүн биз алар кызыккан онлайн платформаларда иш алып барып, таалим-тарбия маселелерин алардын тилинде берсек, жакшы бир жетишкендиктерге жетсек керек деп ойлойм.

Автор:Чолпонай Турдакунова

СТАТЬИ ПО ТЕМЕ

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
пожалуйста, введите ваше имя здесь

Популярные

Комментарии