6.1 C
Бишкек
Воскресенье, 8 сентября, 2024
ДомойВ КЫРГЫЗСТАНЕТуш кийиздер аркылуу кыргыздын жан дүйнөсүнө саякат 

Туш кийиздер аркылуу кыргыздын жан дүйнөсүнө саякат 

2021-жылдын 27-июль күнү Гапар Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм өнөр музейинде “Туш кийиз-келечекке касиеттүү жазуулар” аттуу көргөзмөнүн ачылышы болду. Көргөзмө 25-августка чейин каалоочуларды кабыл алмакчы. Ошондуктан кыргыздын көөнөргүс мурасына күбө болуп, басып өткөн жолун, философиясын жакындан тааныгыңыз келсе бул көргөзмөгө келип кыдырып кетиңиз.

Алмакан Найзабекова, Г. Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм өнөр музейинин Илимий үгүт бөлүмүнүн жетекчиси: “Искусствонун негизги мыйзамы бул азыраак боек менен гармонияга жетишүү болуп саналат” 

-Бүгүнкү өткөрүлүп жаткан көргөзмө бул долбоор боюнча түзүлгөн көргөзмө. Азыркы тапта биз долбоорлорду музейдин атынан эмес коомдук уюмдардын атынан өткөрүп жүрөбүз. Анткени мамлекеттик мекемелер эл аралык уюмдар аркылуу түздөн-түз грант менен каржыланбайт. Ошондуктан акыркы 5-6 жылдан бери ушундай өнөктөштүк багытында иш алып барып, кандайдыр бир идеяларыбызды, сунуштарбызды жүзөгө ашырууда биргеликте кызматташып келебиз.

Бүгүнкү көргөзмө тууралуу айта турган болсом, музейдин коллекциясында жасалма-колдонмо бөлүмүндө 130дан ашуун туш кийиздер бар. Алардын бардыгы бир эле учурда экспозицияга коюлбайт. Алар алмашылып турат. Бирок ушул долбоор аркылуу көбүрөөк туш кийиздерди көргөзмөгө коюуга мүмкүнчүлүк пайда болду. Бул долбоордун максаты бул илгерки ата-бабалардан калган маданий мурасты музей жөн эле өзүнүн сактоочу жайына сактап койбостон, эл арасына жайылтып, анын улуттук баалуулугун унуткарбай, арттыруу болуп саналат. Өзгөчө жаштарга көрсөтүп, үйрөтүү дагы учурдун талабы болууда.

Туш кийиздин биздин жашоодогу орду чоң. Анын үнүнүн угулбаганы гана болбосо, оюлары бүтүндөй бир философияны ичине камтып, кыргыздын башынан өткөн жакшылыгын дагы, жамандыгын дагы айтып, сүйлөп берген улуттук казына болуп саналат. Туш кийиз эненин сүйүүсүнө, кубанычына, жылуу сезимдерине оролуп, керме сайма менен сайылган кол эмгеги. Ал ар дайым бирөөгө арналып жасалган.

Биздин көргөзмөнүн өзгөчөлүгү бул-бир эле мезгилде өтмүш менен учурдун туш кийиздерине күбө боло аласыздар. Бул жерде өткөн кылымдын 1-чейрегинде жасалган кол эмгектери менен бүгүнкү күнү жасалып жаткан эмгектерди салыштырып, айырмачылыктарын көрүүгө болот. Мындай кадам аркылуу азыркы саймачыларыбыз дагы өтмүштүн кол өнөрчүлөрүнөн үлгү алып, унутулуп бара жаткан сайма түрлөрүн көрүп, үйрөнсө деген изги тилегибиз бар. Кыргыз эли байыртадан табиятка жакын болуп, жаратылыштын түркүн-түстөрүн дагы ушундай кол эмгектеринде чагылдырышкан. Ошондуктан байыркы туш кийиздерде өңдөр бир-бири менен айкалышып, өтө ачык эмес болуп, классикага кирет. Ал эми бүгүнкү сайылган туш кийиздерди карасаңыздар түстөр өтө ачык. Бардыгы абдан көп. Бирок искусствонун негизги мыйзамы бул азыраак боек менен гармонияга жетишүү болуп саналат эмеспи.

Музейдин коллекциясындагы туш кийиздер 1950-1960-жж. Кыргызстандын булуң-бурчунан алынган. Ал кезде Советтер Союзу учурунда маданий мекемелерге каражат жакшы бөлүнчү. Ошондуктан жер-жерлерге барып, мындай эмгектерди чогултуп келүүгө жакшы мүмкүнчүлүк бар болчу. Азыркы тапта тилекке каршы бизде мындай шарт жок. Ошондуктан “Кийиз дүйнө” коомдук фонду менен кызматташып, иштештик. Бул фонд кыргыздын улуттук баалуулуктарын, салттуу билимин сактап, коргоодо, өнүктүрүүдө көп жумуш кылат. Мына ушул фонд аркылуу бир нече туш кийиздер алынып келинди. Алар бүгүнкү кыргыз саймачыларынын эмгектери болуп саналат.

Бул көргөзмөдөн сырткары биз каталог дагы даярдадык. Ал кыргызча, орусча жана англис тилинде чыкты. Ал жерде музейдин коллекциясынан отуздан ашуун эмгек жайгаштырылды, жалпысынан кыркка жакын туш кийиз киргизилди. Каталогдун биринчи бетине QR код койдук. Аны телефонго жүктөп алсаңыз, ошол жерден сайма боюнча 3 видео сабакты көрүп, үйрөнсөңүз болот. Ал жерде шибегенин, жиптердин түрлөрү, кермеге керилгенинен бери кенен маалымат берилет. Сайманын ыкмалары үйрөтүлөт.

Чет өлкөлүктөр биздин көргөзмөнү дагы абдан кызыгуу менен көрүп жатышат. Учурда “Hand made” бүтүндөй дүйнө жүзүндө бааланып жаткан кези эмеспи. Кыргыз эли абдан таланттуу эл. Кол өнөрчүлүк элдик академиясы дагы да болсо бар, өнүгүп жатат. Атадан балага, энеден кызга өтүп, улуттук баалуулуктар казынасы кеңейүүдө. Мына ошолорду дагы да болсо көпчүлүккө жайылтып, элдик мурасты кеңири таанытууга демөөрчүлөр болсо, абдан жакшы болот эле.

Учурдан пайдаланып ар бириңиздерди бул көргөзмөгө чакырам. Аз убакыт болсо дагы  түш кийиздердин дүйнөсүнө сапар алып, басып өткөн жолуна күбө болуп кетиңиздер.

Лука Адриан, чет өлкөлүк турист: “Кыргыз элинин табиятынан баштап, элдик кол өнөрчүлүгү, салт-санаасы бардыгы эле өзүнчө эле бир искусство дүйнөсү экен ” 

-Мен Кыргызстанга алгачкы жолу келишим. 2016-жылы жакын досум бул жерге келип кеткен. Ал аркылуу Кыргызстан тууралуу билдим. Өзүм Швейцариядан болом. Бул жакка үй-бүлөм менен келдим. Келгенибизге бир жума болду, Бишкек абдан жакты. Эми Ысык-Көлгө барууну пландап жатабыз.

Туш кийиздер көргөзмөсү абдан жакты. Ушунча кооздукту кол менен сайып чыкканы мага өзгөчө таасир калтырды. Мындай майда жумушка канча чыдамкайлык, өжөрлүк, сабырдуулук керек. Мына ушул эмгектери аркылуу мен кыргыз айымдарын абдан сыйлап калдым. Гиддин түшүндүрүүсү боюнча бул эмгектер дайыма бирөөгө арналып жасалат экен. Ушундай туш кийиздерди саюу үчүн канчалык сүйүү керек. Мен искусство сүйүүчүлөрү Кыргызстанга сөзсүз түрдө келип кетиши керек деп ойлойм. Себеби бул жерде табиятынан баштап, элдик кол өнөрчүлүгү, салт-санаасы бардыгы эле өзүнчө эле бир искусство дүйнөсү экен. Бардыгынан сабак алып, кооздукту тапса болот.

Фото 1: Мурунку туш кийиздер боз үйгө ылайыкталып эни кыска жасалган, ал кооздук үчүн гана эмес суукту тосуп, үй ичиндеги жылуулукту сактоодо дагы чоң роль ойногон.

Фото 2: “Улуу Жибек туш кийизи” – башкалардан өзгөчөлөнүп бетине тыйындар бастырылган.

Фото 3: Ат-Башы туш кийизи – кийиздин бетине ийне менен сайма түшүрүлүп, чети кундуздун териси менен бастырылган.

Фото 4: “Улуу Жибек жолу” туш кийизи, аты айтып тургандай Жибек жолун бойлой жайгашкан элдердин маданиятынын үзүндүлөрү бетине саймаланган.

Автор:Чолпонай ТУРДАКУНОВА

 

СТАТЬИ ПО ТЕМЕ

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
пожалуйста, введите ваше имя здесь

Популярные

Комментарии