6.1 C
Бишкек
Воскресенье, 8 сентября, 2024
ДомойМУЛЬТИМЕДИЯXXXII Жайкы Олимпиада оюндарында кыргызстандык спортчулар мыкты чеберчилигин көрсөтүштү 

XXXII Жайкы Олимпиада оюндарында кыргызстандык спортчулар мыкты чеберчилигин көрсөтүштү 

Дүйнөнүн мыкты спортчуларын бир арага чогулткан XXXII Жайкы Олимпиада оюндары 24-июлдан 9-август аралыгында Япониянын борбору Токио шаарында болуп өттү.  Эл аралык Олимпиада комитетинин аткаруу комитети коронавирус коркунучун талкуулагандан кийин ушундай чечим кабыл алып, бул убакыт аралыгында дүйнө жүзүнүн эң мыкты спортчулары тандалып алынды.

Кыргызстандан ХХХII жайкы олимпиада оюндарына 16 спортчу барып катышып, жакшы жыйынтыктарды көргөзүштү. 7-август күнү спортчулар Кыргызстанга кайтып келишти. Аларды “Манас” аэропортунан ата-энелери, жакындары жана күйөрмандары тосуп алды.

Ошондой эле спортчуларды салтанаттуу тосуп алуу иш-чарасына КР Президентинин администрация башчысы Сүйүнбек Касмамбетов КР министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Жылдыз Бакашева, Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Кайрат Иманалиевдер катышты.

Ал эми Кыргызстандын Олимпиадалык курама командасынын мүчөлөрүнө арналган салтанаттуу кече Ала-Тоо аянтында болуп өттү. Салтанаттуу иш-чарага өлкөбүздүн намысын XXХII жайкы Олимпиадалык оюндарында коргогон спортчулар, машыктыруучулар катышып, эл менен бирге болушту. Кече кыргыз эстрадасынын белгилүү жылдыздарынын коштоосунда өтүп, өзгөчө майрамдык маанайда улантылды.

Белгилей кетсек, Айсулуу Тыныбекова Токиодогу Олимпиада оюндарында кыз-келиндер арасында күрөш боюнча мелдештин күмүш медалын тагынды. Акжол Махмудов Олимпиада оюндарында күмүш медаль багындырса, ал эми Мээрим Жуманазарова коло байге утту.

Тынымсыз эмгек мээнети 

Айсулуу Тыныбекова 62 килограмм салмакта мелдештин 1/8 финалында латвиялык Анастасия Григорьеваны 8:0 эсебинде уткан. Чейрек финалда кыргызстандык спортчу румыниялык Криста Инценин далысын жерге тийгизип, таза жеңишти камсыздаган. Ал эми жарым финалда Тыныбекова украиналык Ирина Коляденкону 10:0 эсебинде утуп, финалга чыккан. Финалдык беттеште Айсулуу Тыныбекова япониялык Юкако Каваиге 3:4 эсебинде жеңилип калып, Олимпиада оюндарынын күмүш медалын тагынды.

Кыргызстандык балбан Акжол Махмудов Токиодогу Олимпиада оюндарында грек-рим күрөшү боюнча мелдештин күмүш медалын багындырды. Ал 77 кг салмакта мелдештин 1/8 финалында тунистик Маафи Ладжедди 11:0 эсебинде артта калтырып, чейрек финалда азербайжандык Рафик Гусейновду 9:1 эсебинде утуп, жарым финалга чыккан. Ал эми Жарым финалда кыргызстандык спортчу армениялык Карапет Чалянды 6:2 эсебинде жеңип, финалга өттү. Алтын үчүн күрөштө Махмудов венгриялык Тамаш Лёринцге 1:2 эсебинде утулуп, күмүш медалга ээ болду.

Кыргызстандык спортчу Мээрим Жуманазарова 68 кг салмакта мелдештин 1/8 финалында болгариялык Мими Христованы 7:5 эсебинде утуп алган. Чейрек финалда Жуманазарова нигериялык Блессинг Оборудудуга 2:3 эсебинде утулуп калган. Нигериялык спортчу финалга чыккандыгы үчүн Жуманазарова көңүл жубатарлык беттешке чыга алды. Спортчу ал беттеште азербайжандык Элис Манолованы 4:1 эсебинде утуп, коло үчүн күрөшкө чыкты. Үчүнчү орун үчүн болгон беттеште кыргызстандык спортчу монголиялык Соронзонболдын Батцэцэгди 10:1 эсебинде жеңди.

Бул жеңиштер кыргызстандыктарга чоң кубаныч тартуулады. Жалпы  эл спортчулардын ар бир таймашы учурунда кызуу күйөрмандык кылып, өз колдоосун көрсөтүп жатышты. Кичинекей Кыргызстандын атынан барып мен-мен деген мамлекеттердин спортчулары менен күч сынашып, ушундай ийгиликтерди багынткан биздин спортчуларыбызга, алардын тренерлерине терең таазим. Элибизге мыкты маанай, кубаныч, сыймык тартуулаганыңыздар үчүн чоң рахмат.

14 жаштагы Олимпиада чемпиону 

Tokyo 2020 Olympics — Gymnastics — Artistic — Women’s Beam — Final — Ariake Gymnastics Centre, Tokyo, Japan — August 3, 2021. Guan Chenchen of China in action on the balance beam. REUTERS/Lindsey Wasson

Кытай Эл Республикасынан Токио жайкы Олимпиадасына 431 спортчу келип катышты.  Синьхуа маалымат агенттиги билдиргендей, Кытайдын командасына 24 олимпиада чемпиону киргизилген.

Кытайдын олимпиадалык курама командасында 298 аял жана 133 эркек болду. Спортчулардын орточо жашы 25,4 жаш. Эң жашы 14 жаштагы Цюань Хунчань — сууга секирүү боюнча мелдешке катышкан кытайлык спортчу. Ал эми 52 жаштагы Ли Чженцян КЭРдин эң улгайган катышуучусу катарында ат оюндарында өз өлкөсүнүн намысын коргоду.

Эң кызыктуусу Токио Олимпиадасында 10 метрге чумкуу боюнча мелдештин финалында алтын үчүн күрөш эки кытайлык спортчунун-14 жаштагы Цюань Хунчань менен 15 жаштагы Чэнь Юйсинин ортосунда жүрдү. Жаш секирүүчү бардык аракеттер үчүн 466,20 упайга ээ болуп, жеңди. Чэнь Юйси 425,40 упай менен экинчи орунду ээледи. Ошентип Цюань Хунчань 14 жашында Олимпиада чемпиону аталды.

Автор: Чолпонай Турдакунова

 

 

СТАТЬИ ПО ТЕМЕ

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
пожалуйста, введите ваше имя здесь

Популярные

Комментарии