2.1 C
Бишкек
Пятница, 22 ноября, 2024
ДомойАналитикаТамак үстүндө кытай ишкерлери маанилүү маселелерин чечишет

Тамак үстүндө кытай ишкерлери маанилүү маселелерин чечишет

Дүйнөдө канча улут жашаса, ар биринин жеке өзүнө гана тиешелүү ошончо көп көнүмүш адаттары, калыптанып калган жашоо образы жана кыял-жоругу дагы жашап келет. Башкача айтканда, ар бир элдин мүнөзү, өзгөчөлүгү болот. Эгерде, бир элдин тилин, маданиятын, каада-салтын үйрөнүүнү каалагандар болсо, сөзсүз түрдө, биринчи кезекте ошол элдин менталитети менен жакындан тааныш болуусу абзел.

Чет тил үйрөнүп, башка бир элдин маданияты менен жакындан таанышуу эч качан ашыктык кылбайт. Канчалык көп окуп, көптү үйрөнгөн адамдын дүйнө таанымы кеңейип, жашоого болгон көз карашы, өз элине болгон сый-урматы дагы ошончолук деңгээлде жогору болоору белгилүү.

Ал гана эмес, ишкерлер чөйрөсүндө дагы тараптар, кайсы мамлекет менен кызматташуу алакаларын түзүүнү кааласа, ошол элдин өзгөчөлүктөрүн, менталитетин, кулк-мүнөзүн изилдеп үйрөнүүсү керек.

Бардыгыбыз билгендей, Кыргызстанда акыркы жылдары Кытай Эл Республикасы менен кызматташтык мамилелер өөрчүп, мамлекеттик деңгээлде жана жеке алакаларда дагы байланыштар чыңдалууда. Биздин көптөгөн жаштарыбыз коңшу мамлекетте билим алып, бизге келип окуп жаткан кытай жаштары дагы арабызда жок эмес. Ал эми, кытайлар менен бирге иштешип, бир эмгек жамаатта кызмат кылгандар эл арасында көп эле кездешип жүрөт.

Мен Кытай жергесинде билим алып, муну менен катар коңшу элдин өкүлдөрү менен чогуу иштешкен адам катары кытай элинин менталитети, маданиятынын “өзгөчөлүктөрү” менен окурмандарды тааныштырууну чечтим.

Кечигүү-бул кытай элинде сыйлабастыкты билдирет

Кытай элинде күн сайын учурашуу салты жок. Алар негизинен көпкө чейин көрүшпөй калганда, алыстан жол жүрүп келгенде гана ал-абалын сурашып, учурашышат. Негизинен алар: “Тамак жедиңби?”-деген суроо менен көп кайрылышат. Бул суроо, учурашуунун негизги түрүнө кирет. Чындыгында, кытай эли жообу көрүнүп турган ачык суроолор менен саламдашып жаткандыгын билдиришет. Мисалы, базардан жолугуп калышса, “жашылча-жемишиңди алып бүттүңбү?”, “келдиңби?”, “жумушуң аягына чыктыбы?” ж.б.у.с. Бул жакта биз көнгөндөй калыпка салынган, күндө сөзсүз түрдө айтылышы керек болгон атайын сөз айкашын колдоно беришпейт. Эгерде, сиз менен жогорудагыдай сөздөр менен сөз баштаса, анда алардын учурашканы деп ойлой берсеңиз болот.

Кечигүү. Бул сапат кытай элинде сыйлабастыктын жеткен чеги катары бааланат. Анткени, алар убакытты абдан баалашат. Ошондуктан, анын убактысын сыйлабастан, кечигип текке кетирсеңиз, ага маани бербөө, көңүл бурбоо, кемсинтүү катары кабыл алынат.

Кытай элинде жаңыдан гана таанышканда, аларды атынан атап чакыруу дагы сыйлабастыкты билдирет. Ошондуктан, сөзсүз түрдө “мырза”, “айым” же кайсы кесиптин ээси болсо ошону менен кошо айтуу керек. Мисалы, “Ли Мэй айым”, же болбосо “мугалим Ванг”.

Муну менен катар, кытай элинин дагы бир өзгөчөлүгү катары, канча муун өтсө дагы алардын фамилиясынын эч өзгөрбөөсүн белгилеп кетким келет. Анан, аларда документ болобу, паспорт болобу сөзсүз түрдө биринчи фамилия жазылат. Мисалы: Ма Юэ (“Ма” фамилиясы “Юэ” аты).

Улууга урмат-сый көрсөтүү кытай элинде дагы өзгөчө орунда турат

Коңшу элде коштошуу учурунда, көбүнчө жөн гана баш ийкеп коюшат. Же болбосо, “шашпай жетип ал” деп айтышат. Чындыгында, кытайларда “шашпа” сөзү, адамга жакшылык каалоо ирээтинде айтылат. Мисалы, “шашпай жетип ал”-бул “абайла, тынч, жакшы үйүңө жетип ал” дегенди билдирет. Кытайлардын эң көп колдонгон сөз айкашы: “шашпа, бардыгы өз убагында болот”-бул сөз сабырдуу болууга чакырат. Ал эми, тамактануу учурунда болсо “шашпай же” деп айтышат, бул биздин “тамагың даамдуу болсун” деген каалоонун аналогу десек болот.

Кытай элинде дагы биздей эле улууларга сый көрсөтүү өзгөчө орунда турат. Унаа каттамдарынан сөзсүз түрдө аларга орун бошотуп беришет, кайсы жакта болбосун алгачкы сөз улуу кишиге берилет дегендей.

Муну менен катар гезит, китептерди сунуп жатканда сөзсүз түрдө эки колдоп тапшыруу зарыл. Бүгүнкү күндө, таанытма карточканы дагы кытай өнөктөштөрүңүзгө сунуп жатканда сөзсүз түрдө эки колдоп берүүңүз керек. Бул дагы адамга болгон сый-урматты түшүндүрөт.

Кытай жеринде кыз-жигиттин эл алдында кол кармашып, кучакташып басуусу одоно сапат катары бааланат. Ал эми, мектеп жашындагы окуучу кыздарга болсо боенууга тыюу салынат. Коңшу элде мектеп формасы спорттук кийим экендигин көпчүлүк биле бербесе керек. Ал жакта, окуучуларга кымбат баалуу кийинүүгө, элден өзгөчөлөнүп жүрүүгө уруксат берилбейт. Кыз-балдар мойнуна кызыл галстук тагуу менен, бардыгы окшош спорттук кийим кийип жүрүшөт.

Эгерде, кытай таанышыңыз сиз менен кокусунан жолугушуп калып, “Бир күнү тамакка барып келели”-десе, бул анын сизди тамакка чакырып жаткандыгын түшүндүрбөйт. Көпчүлүк чет өлкөлүктөр муну “тамакка чакыруу” деп туура эмес түшүнүп алышат. Бирок, чындыгында андай эмес. Бул жөн гана калыптанып калган сөз айкашы десек болот. Мындан сырткары, коңшу элде “эки-үч күндөн кийин”деген сөз бар. Бул сөз белгисиз бир убакыттын аралыгын түшүндүрөт. Ошондуктан, кытайлар сизге “эки-үч күндөн кийин”-десе, “качан болоору белгисиз экен”-деп түшүнсөңүз болот.

Көп учурда, кытай эли үйүнө конокко чакырышпайт, эгерде сизди үйүнө чакырышса анда сиз ал адам үчүн эң жакын адам болуп эсептелесиз. Меймандарды негизинен ресторандарга, тамактануучу жайларга чакырышат. Чогуу тамактануу кытай ишкерлери арасында официалдуу жолугушуу катары бааланат. Себеби, тамак үстүндө көп маселелер талкууланып, жыйынтыгы чыгарылат. Эгерде кытай өнөктөштөр тамакка чакырып, аны кабыл албай койсоңуз, бул аларды сыйлабастык катары кабыл алынат.

Салт боюнча алгачкы тамакты эң сыйлуу конок, эт тамактарынан бирди тандап, кийинкиси канаттуулардын, үчүнчүсү балык этинен даярдалган тамак буйрутма кылышы зарыл. Андан кийинкилер статусуна жараша катары менен жеңил тамактарды столго толтурушат.

Таякчаларды бирөөгө карата багыттап көрсөтүү, ал адамды басмырлоо менен барабар

Кытай элинде тамак үстүндө таякчаларды (куайцзы) колдонуунун бир канча эрежелери бар: Үй ээсинен биринчи, тамак жегенге киришүү – үй ээсин сыйлабагандыктын белгиси болуп эсептелет.

Тамактануу убагында алакандар столдун үстүндө жабык болушу зарыл. Таякчаларды бирөөгө карата багыттап көрсөтүү, ал адамды басмырлоо менен барабар. Таякчаларды “өйдөдөн ылдый” кармоо туура эмес. Алдыдагы идишти таякчалар менен тыкылдатуу кедейчиликтин белгиси болуп эсептелет.

Эгерде тамакка таякчаларды колдонбосоңуз жөндөн – жөн эле эрмектей берүү дагы сизге көрк кошбойт. Кытай таякчаларын тамакка, күрүчкө тикесинен сайып койгонго болбойт, себеби күрүчкө тикесинен сайылган таякча – өлүк коюу салтынын белгиси болуп саналат. Тамактанып бүткөн соң таякчалар тарелкага учтары сол тарапты карай багытталып коюлат, бул көрүнүш сиздин тамактанып бүткөнүңүздөн кабар берет.

Чолпонай ТУРДАКУНОВА

СТАТЬИ ПО ТЕМЕ

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
пожалуйста, введите ваше имя здесь

Популярные

Комментарии