7.1 C
Бишкек
Четверг, 21 ноября, 2024
ДомойАналитикаАлмамбет Шыкмаматов: “Турак жайга муктаждардын баары үй менен камсыз болот”

Алмамбет Шыкмаматов: “Турак жайга муктаждардын баары үй менен камсыз болот”

Жарандарды турак жай менен камсыздоо максатында өкмөт Мамлекеттик ипотекалык компаниянын ишин активдештирди. Учурда аталган мекеме аркылуу Бишкек шаарында жана облус борборлорунда ипотекалык үйлөрдүн курулушу жүрүүдө. Социалдык батирлер кимдерге жана кандай шартта берилет? Курулуп жаткан үйлөр качан бүтөт? Ушул жана башка суроолордун жообун Мамлекеттик ипотекалык компаниянын башкармалыгынын төрагасы Алмамбет Шыкмаматов менен болгон маектен окуй аласыздар.

— Алмамбет мырза, Мамлекеттик ипотекалык компанияда кезекте турганардын саны 100 миңден ашты деген маалыматтар айрым басылмаларга чыкты, алгач ушуну тактап алсак…

— Кезекте тургандар жүз миңден ашты деген маалымат туура эмес. Катталгандардын саны десек туура болот. Кезекке каттоо онлайн тартипте жүргүзүлөт. Каалаган адам кирип каттоого туруп койсо болот. Анын ичинен анан иргелет. Айрымдары керектүү документтерди тиркебей коюшат, кээбиринин үйү бар болуп чыгат же аялынын/күйөөсүнүн үйү болушу мүмкүн. Андайлар кезекке тура албайт. Ушул талаптардан өтүп, үй алуу үчүн кезекке тургандардын саны 21 миңден ашты.

— Кезек демекчи, аны жылдырып коюуга мүмкүнбү?

— Таптакыр мүмкүн эмес. Бардыгы онлайн тартипте, автоматташкан система аркылуу жүргүзүлөт. Ага кирип, кайсы бир адамды алдыга же артка жылдырууга эч кимдин мүмкүнчүлүгү жок. Бүгүнкү санариптешкен коомдо андай кылууга жарандар өздөрү да жол бербейт. Анткени үй алам деген жаран кезекке катталгандан кийин, тизме дароо сайтка жарыяланат. Жаран аталган тизмени карап, канчанчы катарда турганын көзөмөлдөй алат. Эгер катар номуру аркага жылып кетсе, дароо арыз жазат да. Андыктан эч ким кезегин алдыга да, артка да жылдыра албайт. Ушундай адам фактору болбош үчүн бардыгы автоматташкан тутумга өттү да.

— Кезекте турган жыйырма миңден ашык адамды канча убакыт аралыгында батир менен камсыздай аласыздар?

— Азыркы учурда Бишкек шаарында 7520 батир, Жалал-Абад шаарында 2280 батир салынып жатат. Курулуш этап-этабы менен ишке ашкан процесс экен да. Ага жараша биринчи этаптын алкагында быйыл эки миңге чукул жаранга батир берилет. Азыр Мамлекеттик ипотекалык компаниянын мүмкүнчүлүгү абдан кеңейүүдө. Өлкө башчысы тарабынан үйгө муктаж жарандардын барын турак жай менен камсыздоо тапшырмасы коюлган. Буюрса, бул демилге аткарылат.

— Мамлекеттин мүмкүнчүлүктөрү кеңейгенге жараша шарт-талаптар да жеңилдедиби?

Элдин турак жай алуу мүмкүнчүлүгүн жогорулатуу максатында үч программа ишке ашырылып жатат. Биринчиси “социалдык ипотека” деп аталат жана бул категорияга көп балалуу үй-бүлөлөр, жалгыз бой ата-энелер, майыптыгы бар жарандар, элетте жашаган жаш адистер кирет. Алардын 4% үстөк менен турак жай алууга мүмкүнчүлүгү бар. Экинчи программанын алкагында мамлекеттик мекеме-уюмдарда иштегендерге ипотекалык насыя 4% үстөгү менен 25 жылга чейин берилет. Булар баштапкы салымын 20% кем эмес төлөшү керек. Андан сырткары жеке тармактарда иштегендер 8% үстөгү менен 15 жылга чейин ипотекалык насыя ала алат.

Турак жайга муктаждар абдан көп болгондуктан, абалдан пайдаланган алдамчылар да арбыды. Ар кайсы кооперативге акчасын салып, алданып калгандар көбөйдү. Ушундай учурларды алдын алуу үчүн мамлекет үлүштүк курулушту демилгелеп жатат көрүнөт. Ушул тууралуу айтып берсеңиз.

Үлүштүк курулушка катышуунун негизги талабы мындай: жарандар турак жайдын жалпы баасынын 50% гана төлөйт. Калган 50% мамлекет берип турат, аны болсо 15 жылдын ичинде төлөп кутулат. Жаран чыгарган 50% каражаттын 20% курулуштун алдында берилет. Калган 20% ай сайын же квартал сайын төлөнөт. Калган 10% болсо, курулуш аяктагандан кийин алынат. Арыз берген жарандардын курагы 21 жаштан жогору болуп, ипотекалык насыянын акыркы төлөмүн төлөгөн учурда 70ке чыга элек болушу керек. Бул программага катышкандардын жана алардын жакындарынын (аялы, күйөөсү) жана жашы жете элек балдарынын Кыргызстанда турак жайы болбошу шарт. Андан сырткары, арыз берген күнгө жана турак жайга каржы алган учурга чейинки үч жыл аралыгында турак жай менчигине байланыштуу сатуу-алуу келишимдери болбошу зарыл.

— Мамлекет ипотекалык турак жайларды куруу үчүн каражатты кайдан алууда? Бюджеттин акчасыбы же эл аралык каржы уюмдарынан келген каражатпы?

—  Биздин мекеменин учурдагы уставдык капиталы 18 млрд сомдон ашты. 2015-жылдан 2020-жылга чейин Мамлекеттик ипотекалык компаниянын уставдык капиталы 400 млн сом эле болчу. Азыр болсо үч жыл ичинде 18 млрд сомго жетти. Бул 45 эсе көбөйдү деген кеп. Түшүнгөн кишиге — бул мамлекет тарабынан ишке ашып жаткан туура саясаттын далили. Ал эми эл аралык каржы уюмдарынан азырынча каражат келе элек, бирок күтүп жатабыз. Сауд өнүктүрүү фонду жана Ислам өнүктүрүү фонду менен келишим түзүлгөн. Андан тышкары Германиянын өнүктүрүү банкынын 34 млн евросу иштетилип жатат. Бул каражат Бишкек менен Ош шаарларынан тышкары аймактар үчүн банктар аркылуу берилет.

— Калкты турак жай менен камсыздоо багытындагы мындан аркы саясат кандай болот?

Учурда Бишкек шаарынын айланасында ондогон жаңы конуштар турат. Шаардан чыгаарың менен кыштакка туш келесиң. Мунун баары кайсы бир учурда турак жай саясатынын туура эмес жүргүзүлгөнүн көрсөтөт. Бишкек жана облустун, райондун борборлору туурасынан эмес, бийигинен, жогору карай өсүшү керек. Мамлекет көп кабаттуу үйлөрдү куруп, элге жеңилдетилген шартта берүүнү колго алды. Бул эң ириде айдоо жерлерин сактап калып, азык түлүк коопсуздугун камсыздоо үчүн көрүлгөн аракет. Мамлекет мындан ары турак жай саясатын туура жүргүзүү менен буга туташ болгон башка да көйгөйлөрдү чечүүдө.

Маектешкен: Амантур ШЕРГАЗИЕВ

СТАТЬИ ПО ТЕМЕ

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
пожалуйста, введите ваше имя здесь

Популярные

Комментарии