6.1 C
Бишкек
Воскресенье, 8 сентября, 2024
ДомойАналитикаКызыл-Омпол кенин мамлекет өзү иштетет

Кызыл-Омпол кенин мамлекет өзү иштетет

19-февралда Кыргызстандын Президенти Садыр Жапаров Балыкчы шаарында эл менен жолугушуу өткөрдү. Ага негизинен Ысык-Көл облусунун Тоң районунун жана Нарын облусунун Кочкор районунун тургундары катышты. Жолугушууда “Кызыл Омпол” кенин иштетүү планы боюнча талкуу жүрдү. Ошентип аталган кендин айланасындагы маселе кайрадан күн тартибине чыкты.

Кендин тарыхы жана байлыгы

Ысык-Көл облусунда жайгашкан Кызыл Омпол кенин изилдөө иштери өткөн кылымдын алтымышынчы жылдарында жүргөн. Союз аталган аймактан уран казууну максат кылган. Бирок ал элементтин үлүшү өтө аз болгондуктан кенди иштеткен эмес. Кызыл Омполдогу кенде титаномагнетит — 95 %, фосфор — 3 %, цирконий — 2 %, торий- 0,22 %, уран — 0,17 % экени Президенттин Балыкчы шаарында болгон эл менен жолугушуусунда айтылды.

“Андыктан аталган кен аймагын уран эмес титаномагнетит кени деп атоо туура болот. Урандын курамы жөн гана “сопутствует”. Башка копмоненттердин арасында болгону 0,17 пайызды түзөт”,-дейт тоо-кен адиси, эксперт Эсенжан Мусурманкулов.

Кенди иштетүү тууралуу 2019-жылы дагы демилге көтөрүлүп, жеке компания инвестор катары чалгындоого киришкен. Бирок коомчулуктун каршы болуусу менен иш токтоп калган.

Элди чочуткан экологиялык зыян

2019-жылы кенди иштетүүгө каршы чыккан активисттер экологиялык жана радиациялык зыян болот деп кооптонгон билдирүүлөрдү айтышкан. Андан тышкары Ысык-Көлдүн туристтик дараметине доо кетет деген пикирлер да бар эле. Азыр болсо, Президент Садыр Жапаров Балыкчыда болгон жолугушуудан кийин “Кабар” агенттигине маек берип, кен казылып алынган жерде Кажы-Сай, Миң-Куш сыяктуу уу калдыктарды сактоочу жай болбой турганын, жер дароо рекультивацияланып, айдоо катары иштетилерин билдирди.

“Кен ал жерде иштетилбейт. Уран жана башка элементтердин баары ташылып чыгып кетет. Таза жер калат. Андан кийин ал жерлерди айыл чарба багытындагы иштерге колдонгонго мүмкүн. Кум-шагылдан башка эч нерсе калбайт”, — деди Садыр Жапаров.

Эл менен болгон жолугушууга катышкан тоо-кен адиси, эксперт Эсенжан Мусурманкулов кандай гана уран казган жер болбосун жеринде анчалык зыяны жок экенин айтат.

“Анткени жеринде руда гана болот. Руданы заводко алып барып, байыткандан кийин анан коркунучтуу дегенге негиз бар. Биздин өлкөбүздө уранды байыткан процесс жок. Андай заводубуз да жок. Кара-Балтадан дагы байытуу процесси болбойт. Болгону жогоруда аталган беш элементти өз-өзүнчө бөлүп алабыз. Анан өз-өзүнчө бааларына жараша чет өлкөлөргө сырьё катары сатабыз”,-деди Мусурманкулов.

Экономикалык пайда же экологиялык зыян

Садыр Жапаров “Кабарга” берген маегинде кен боюнча маалымат ачык бериле турганын айтты. Киреше жагынан Кызыл-Омполду “экинчи Кумтөр» деп атады. Ал жерде 10 чакты кен бар экенин белгилеп, бир эле кенден 2 миллиард доллардан ашык таза киреше алса боло турганын билдирди.

Тоо-кен адиси, эксперт Эсенжан Мусурманкулов кен казуу башталгандан мурда экономикалык пайданы же экологиялык зыянды эсептеген изилдөө боло турганын айтат. Анын жыйынтыгына жараша кийинки чечим кабыл алынат.

“Дароо эле кен казылып, өндүрүш иштеп калбайт. Эң алды изилдөөлөр жүргүзүлөт. Экономикалык пайда менен экологиялык зыян тең салмакта каралып, эгер пайдага караганда зыян көп боло турган болсо, кен иштетилбей калышы да толук мүмкүн”,-деди эксперт.

Ал эң оболу мыйзамдарды ирээтке салып, мораторийди алып салуу керек экенин билдирди. Анткени 2019-жылдын декабрь айында өлкөдө уран жана торий кендерине геологиялык изилдөө иштерин жүргүзүүгө жана иштетүүгө тыюу салган мыйзам кабыл алынган. Адистин айтымында бул мыйзам аркылуу өлкө өз мүмкүнчүлүктөрүн өзү чектеп жатат.

Урандан да баалуу торий

Кызыл Омполдогу кен байлыктардын катарында торий да бар. Ал боз-күмүш түстүү, оор металл. Болжолдуу ресурсу жана запасы ал жерде 29 миң 252 тонна деп белгиленген. Запасынын көптүгүнөн жана энергиялык кубатынын күчтүүлүгүнөн торий атомдук энергетиканын келечеги болуп саналат. Башкача айтканда, бул металлдын бир тоннасы 200 тонна уранга же үч миллион тонна көмүргө тете энергия бөлүп чыгарат.

“8 грамм торий азыр биз айдап жүргөн унаанын бир кыймылдаткычын 100 жыл бою үзгүлтүксүз иштетүүгө жетет, анын бир граммы 28 миң литр бензинге барабар энергия бере алат. Бул келечекте өлкө экономикасынын негизги кирешеси болушу толук мүмкүн”,-дейт Кыргызстандын тоо-кенчилер жана геологдор бирлигинин төрагасы Дүйшөнбек Камчыбеков.

“Кабарга” берген маегинде бул тууралуу Президент дагы айткан. Ал Кызыл Омполдогу кенди иштетүүдө бөлүп алынган торий чет элге сатылбай турганын билдирген. “Аны мүмкүнчүлүгүбүзгө жараша келечек муун үчүн сактап коёбуз”,- деген.

Маалымат үчүн:

Уран дүйнөдө көбүнчө Казакстанда (жылына 23 миң тонна), Канадада (жылына 13 миң тонна), Австралияда (жылына 5-6 миң тонна), Намибияда (жылына 3-4 миң тонна), Орусияда (жылына 5-6 миң тонна) жана башка өлкөлөрдө өндүрүлөт. Коңшу Өзбекстанда деле жылына 2-3 миң тоннадай уран чыгарылат.

Автор: Амантур ШЕРГАЗИЕВ

СТАТЬИ ПО ТЕМЕ

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
пожалуйста, введите ваше имя здесь

Популярные

Комментарии