“Шэньчжэнь-реформа жана ачыктык саясаты башталгандан кийин түзүлгөн, жаңы багыттагы — жаңы шаар. Бул кытай өзгөчөлүгү менен социализмдин эң сонун чечмеленишинин мисалы”. Мындай жогорку бааны КЭРдин Төрагасы Си Цзиньпин Шэньчжэнь атайын экономикалык аймагынын түзүлгөндүгүнүн 40 жылдык мааракесинде билдирген.
Чындыгында эле бүгүнкү күнү Шэньчжэнь дүйнө жүзүнө белгилүү шаарлардын бири. Бизнес жаатында болобу, эс алууда болобу бул шаар ар тараптуу өнүгүп, бардык тармактарда мыкты көрсөткүчтөргө ээ болгон коңшу мамлекеттин бирден-бир сыймыктанган аймагы.
Кытайдын түштүгүндө жайгашкан Шэньчжэнде сиз дүйнөдөгү эң заманбап имараттарды көрө аласыз. Шаар индустриалдык аймак болгонуна карабастан, бул жерде “этнографиялык айыл” паркы, сафари паркы сыяктуу туристтик жайлар аз эмес. Балким, эң көп зыярат кылынган жерлердин бири — Эйфель мунарасынын, Египет пирамидаларынын жана Таж-Махалдын көчүрмөлөрүн өз ичине камтыган “Дүйнөгө терезе” тематикалык паркы болуп саналат.
Жагымдуу климаты жана кооз жээк жана тоо пейзаждары менен бул шаар дүйнөдөгү туристтердин эң сүйүктүү аймагына айланган. Ал ошондой эле материктик Кытайга кирип-чыккан туристтер үчүн негизги транспорттук түйүн болуп саналат.
Шаардагы калктын жалпы саны 14 миллионго жетет. Шэньчжэнь саякатчыларга эң мыкты пляждар менен 271 чакырым жээктерди сунуш кыла алат. Маданий жана көңүл ачуучу жайлар, соода борборлору, ресторандар жана түнкү клубдар шаар жашоосунун ажырагыс бөлүгү катары белгилүү. Бул жерде 15 гольф клубу, анын ичинде дүйнөдөгү эң ири клубдардын бири жайгашкан. Кыскача айтканда шаардын өзүн эле Кытайдын чыныгы оюн-зоок паркынын борбору деп атасак эч жаңылышпайбыз.
Шаардын аймагында жана анын айланасында элүүдөн ашык ажайып жерлер бар. Алардын ичинде: “Кичинекей Кытай” жана “Дүйнөгө терезе” тематикалык парктары, этникалык айыл, Шэньчжэнь аквапаркы, Лянхуашань паркы, анын аймагында Кытай реформасынын “архитектору” – Дэн Сяопиндин айкели; Шэньчжэнь скульптура паркы, Сяньху ботаникалык бакчасы (“сыйкырдуу Көл”), “Жапайы дүйнө” аталышындагы Шэньчжэнь сафари зоопаркы; Шэньчжэнь шаарынын эң бийик имаратында жайгашкан “Жердин падышасы” панорамасы (бийиктиги 384 метр); Дапэн чеби, Дуншань монастыры жана Дапэн шаарынын четиндеги коңгуроо мунарасы; байыркы Наньтоу шаары (Наньшань району) ж. б. ажайып жайлар кездешет. Муну менен эле катар шаарда Шэньчжэнь фондулук биржасы, ири кытай компанияларынын штаб-квартиралары жайгашкан. Мисалы: Хуавей — телекоммуникациялык жабдууларды өндүрүүчү компаниясы, ZTE — телекоммуникациялык жабдууларды өндүрүүчү компаниясы ж.б.
Күчтүү экономика – заманбап шаар
40 жылдан ашуун мурун Шэньчжэнь кичинекей балыкчылар айылы болгон. Регионду өнүктүрүү 1978-жылы башталган, анда КЭРдин жетекчиси Дэн Сяопин аны рынок реформаларынын жаңы курсунун алкагында атайын экономикалык аймактардын бири катары белгилеп, анын өнүгүүсүнө зор салым кошкон.
Шаардын аталышы “Шэнь” жана “Чжэнь” деген эки иероглифтин айкалышынан келип чыккан. Ал “терең аралык” дегенди түшүндүрөт. Калктуу конуштун байыркы аталышы-Пэнчэн, ал “бүркүт шаары” дегенди билдирет.
Реформалар башталганга чейин Шэньчжэнь Баоан округуна кирген. 1979-жылы ноябрда Шэньчжэнь провинциялык өкмөткө түздөн-түз баш ийдирилген. 1980-жылдын май айында Шэньчжэнь расмий түрдө КЭРдин биринчи өзгөчө экономикалык аймагы болуп калган. 1988-жылдын ноябрынан тартып Шэньчжэнь провинциялык экономикалык ыйгарым укуктарга ээ болгон административдик бирдикке айланган.
Азыркы тапта Шэньчжэнь дүйнөдөгү эң таза жана жашоого ыңгайлуу шаарлардын тизмесин түзгөн беш жүз шаардын бири болуп саналат. Кытайда мындай шаарлардан экөө гана бар-Далянь жана Шэньчжэнь.
Шэньчжэнь ажайып жайлары
Дээрлик тогуз чарчы километрди камтыган East-ОСТ Кытайдын Мамлекеттик туризм башкармалыгы жана КЭРдин айлана-чөйрөнү коргоо министрлиги тарабынан биргелешип сыйланган Кытайдагы биринчи улуттук экотуризм демонстрациялык зонасы болуп саналат. Адам менен жаратылыштын гармониялуу жанаша жашоосу темасын алып, бул жер эки тематикалык экопаркты, тоолордо жайгашкан эки гольф аянтчасын, үч кооз шаарды, төрт курорттук мейманкананы, бир катар театрларды жана буддист паркын бириктирет.
“Керемет Кытай”- “Кытай Элдик маданиятынын айылы” — бул географиялык жайгашуусуна жараша жайгаштырылган Кытайдын эң белгилүү жерлеринин миниатюраларын көрсөткөн парк. Парк толугу менен Кытайдын чоң картасы сыяктуу көрүнөт, ошондой эле салттуу өндүрүштөр аркылуу өлкөнүн 56 этникалык тобунун каада-салтын чагылдырат.
Миниатюралык паркка мүнөздүү “Керемет Кытай”- “Кытай Элдик маданиятынын айылы» ыкмасын колдонуп, “Дүйнөгө терезе” паркы адамзат цивилизациясынын Миң жылдык тарыхынын рухун чагылдырган дүйнөдөгү эң белгилүү жерлерди көрүп чыгуу мүмкүнчүлүгүн тартуулайт. Анда тарыхый жерлер, табигый пейзаждар, дүйнөнүн кереметтери, ар кайсы улуттардын турак жайы жана скульптура камтылган 130дан ашык экспонаттар коюлган. Ошондой эле паркта сиз элдик бийлерди жана ырларды, масштабдуу спектаклдерди жана жогорку технологиялык оюн-зоок программаларын көрө аласыз.