11.1 C
Бишкек
Воскресенье, 8 сентября, 2024
ДомойАналитикаЛинь Вэй: “ЮКЦ” заводу жаратылышка өтө аяр мамиле кылат

Линь Вэй: “ЮКЦ” заводу жаратылышка өтө аяр мамиле кылат

Айлана-чөйрөгө жана экологияга этият мамиле жасоо «Түштүк-кыргыз цемент» заводу карманган негизги баалуулуктардын бири. Кыргызстандагы эң ири цемент өндүрүүчү катары завод айлана-чөйрөнү коргоого бөтөнчө маани берет. Буга биз ишкананын өзүндө болуу менен ынандык.

“ЮКЦ” заводунун башкы директору Линь Вэйдин айтымында, Huaxin корпорациянын жетекчилиги, ишкананы заманбап техникалык жабдуулар менен гана камсыздабастан, чөйрөгө аяр мамиле жасоо принциптерин кармангыдай кылып, заводду модернизациялоо милдетин койгон.

“Кытайдын Huaxin корпорациясы заводду сатып алып, ишкана аларга кошулгандан кийин, наркы 1,1 млн юандан ашкан каражатка чаңдын чыгышын көзөмөлдөп турган 9 даана чаң жыйноочу орнотулду. Чогулган чаң чийки зат катары кайра колдонулууда. Жогорку технологиялык чыпкалоо жабдуулары өндүрүштүн зыянсыздыгын жана айлана-чөйрөнүн тазалыгын камсыз кылат. Башкача айтканда, ар бир мунаранын үстүнө электр чыпкалары орнотулган, алар зыяндуу газдарды 99,9 пайызга чейин тазалоого мүмкүндүк берет.

Мындан тышкары, жолдордун чаңын тазалоо маселеси колго алынган. Унаалар тынымсыз каттап тургандыктан жолдогу чаң сапырылып, заводго жакын жайгашкан айылдардын жашоочуларына ыңгайсыздык жаратпашы үчүн жолго жана заводдун аймагына тынымсыз суу сээп турабыз.

Эң негизгиси, ишкана узундугу 10 чакырымдан ашкан жабык типтеги конвейер лентасын колдонот. Ал аркылуу чийки зат тоо-кен аймагынан түз алынат. Башкача айтканда, кенди кайра иштетүү үчүн ташып келүүдө оор жүк ташуучу унаалар иштетилбейт. Мындай ыкманы пайдаланган өндүрүш мекемелери Кыргызстанда дээрлик жокко эсе.

Муну менен гана чектелбестен, ишкана 2023-жылы кум жана шагылды ташып келүү үчүн эки чакырым аралыкка жабык  типтеги конвейер лентасын курууну баштады. Бул дагы жаратылышка болгон зыянды бир кыйла төмөндөтөт. Курулуш жумуштарын ушул жылдын май айында аяктап, колдоно баштайбыз”,-дейт “ЮКЦ” заводунун башкы директору.

Ишкананын жетекчиси журналисттерге Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин алдындагы Курчап турган чөйрөнү коргоо жана экологиялык коопсуздук чөйрөсүндөгү мамлекеттик жөнгө салуу департаментинин текшерүүлөрүнүн корутундуларын көрсөттү. Аталган мекеменин кызматкерлери жылына эки жолу келип өлчөөлөрдү жүргүзүп турушат. Ошондой эле Ош-Баткен аймактык башкармалыгы да жылына эки жолу келип, ишкананы текшерүүгө алышат.

“Жогорудагы мамлекеттик органдардын эксперттери чаңдын концентрациясын, түтүктөрдү чыпкалоону, зыяндуу таштандыларды, сууну жана башкаларды өлчөшөт. Ушул убакытка чейин бир да жолу эреже бузуулар аныкталган жок. Бул ишкананын экологияга болгон олуттуу мамилесинин көрсөткүчү”,-дейт Линь Вэй.

Ошондой эле «ЮКЦ» заводу чийки затты иштеп чыгуу боюнча жумуштар аяктагандан кийин карьерди баштапкы абалына кайтарууну өз жоопкерчилигине алат. “Башкача айтканда, биз биологиялык катмарды калыбына келтирүүнү жана бак-дарактарды отургузууну пландап жатабыз. Биздин кызматкерлер азыр да мезгил-мезгили менен көчөттөрдү отургузуп, заводдун аймагында ишембиликтерди өткөрүп турат. Мындан ары ушундай иш-чараларды жакынкы аймактарда да өткөрүүнү мерчемдеп жатабыз”,-деп кошумчалады башкы директор мырза.

Автор: Амантур Шергазиев

СТАТЬИ ПО ТЕМЕ

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
пожалуйста, введите ваше имя здесь

Популярные

Комментарии