6.1 C
Бишкек
Воскресенье, 8 сентября, 2024
ДомойВ КЫРГЫЗСТАНЕЭмдөө - өзүңдү жана жакындарыңды COVID-19 илдетинен коргоонун эң ишенимдүү жолу 

Эмдөө — өзүңдү жана жакындарыңды COVID-19 илдетинен коргоонун эң ишенимдүү жолу 

2021-жылдын 22-июль күнү Кыргыз Республикасыны

Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин алдындагы Республикалык ден соолукту чыңдоо жана массалык коммуникация борбору COVID-19га каршы эмдөө жөнүндө маалымат берүү менен катар эле өлкөдөгү эпидемиялогиялык абал жана эмдөө алуунун маанилүүлүгү тууралуу суроолордун тегерегинде журналисттер үчүн тренинг өткөрдү.

Иш-чаранын жүрүшүндө калкты эмдөөдө вакцинанын эффективдүүлүгү, коопсуздугу, көрсөткүчтөрү, каршы көрсөтмөлөрү жана кыйыр таасирлери жөнүндө маалымат берилип, Кыргыз Республикасында COVID-19га каршы эмдөөгө байланыштуу бир катар маселелер талкууланды. Катышуучулар эмдөө иштери боюнча кызыккан суроолоруна жооп ала алышты. Тренингге РДЧжанаМК борборунун директорунун орун басары Шейшеева Нуржамал Асанбековна жана борбордун медициналык адистери катышышты.

Азыркы тапта Кыргызстанда мамлекеттик каттоодон коронавируска каршы төрт вакцина өткөрүлгөн. “Гам-КОВИД-Вак” — (“Спутник V”), “Спутник Лайт” – вектордук, “Конвидеция” жана гуманитардык жардамдын негизинде COVID-19га каршы China National Biotec Group (CNBG), Sinopharm тарабынан иштелип чыккан инактивдүү BIBP вакцинасы каттоодон өткөн.

Эмдөө эмне үчүн маанилүү?

Эмдөө — өзүңдү жана жакындарыңды COVID-19 илдетинен коргоонун эң ишенимдүү жолу. Коронавирустун тароо динамикасын эске алганда эртели-кеч инфекция бардык кишиге жетет. Ал үчүн алдын ала организмди даярдап, иммундук коргонуу менен камсыздоо зарыл.

Коронавирус өнөкөт оорусу бар кишилер үчүн кооптуу экени белгилүү болгон. Аларда аутоиммундук реакция (организм чоочун вирус менен күрөшүүнүн ордуна өзүнүн ден сак клеткаларына чабуулга өтөт) башталып кетиши мүмкүн. Ошондуктан бардык өлкөлөрдө өпкөнүн өнөкөт оорудан жабыркап жүгөндөрдү, жүрөк, кан-тамыр, диабет илдети менен ооругандарды биринчилерден эмдөөдөн өткөрүү сунушталууда. Бирок эмделерден мурун мындай кишилер милдеттүү түрдө дарыгерлердин кеңешин алуусу зарыл.

COVID-19га каршы бир нече вакцина жогорку эффективдүүлүккө ээ болсо дагы, бир дагы вакцина 100%дык коргоону камсыздабайт. Бирок вакцина алгандан кийин оору жукса, ал жеңил түрүндө өтөт. Өөрчүп кетпейт.

Ал эми оору таржымалында ковидге каршы вакцинанын курамындагы кайсы бир компоненттерге карата оор аллергиялык реакциялар байкалган адамдар, учурда ооруп жаткан бейтаптар ковидге каршы эмдөөнү ала алышпайт. Ооруп жаткан жарандар ковиддин симптомдору кеткенден кийин эмдөө алса болот. Азыркы тапта кош бойлуу айымдарды дагы эмдөө сунушталбайт.

Синофарм вакцинасы менен эмдөө 45 өлкөдө жүргүзүлүүдө 

Кыргызстанда кытай өндүрүшүнөн чыккан Sinopharm вакцинасы менен COVID-19га каршы эмдөө жүрүп жатат. Вакцина коопсуздугу, эффективдүүлүгү жана сапаты боюнча Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун жактыруусуна ээ болгон. Sinopharm вакцинасы менен эмдөө 45 өлкөдө: Кытай, Түркия, Араб Эмираттарында, Сербия, Белоруссия, Бахрейн жана башка өлкөлөрдө ийгиликтүү жүргүзүлүп жатат. 3 миллиондон ашуун адам эмделген.

Sinopharm вакцинасында антибиотиктер жана консерванттар жок. Ал техникалык иштеп чыгуу жана химиялык реагенттердин жардамы менен инактивациялануучу (жансыздандырылуучу) SARS-CoV-2 штаммынан өндүрүлөт.

Эмдөөдөн кийинки терс таасирлер боюнча жүргүзүлгөн байкоолор 

Республикалык штаб 2021-жылдын 22-июлуна карата эмдөөдөн кийинки терс таасир боюнча жүргүзүлгөн мониторинг менен бөлүштү. Маалыматка ылайык, COVID-19га каршы эмдөөдөн кийинки терс көрүнүштөргө байкоо жүргүзүү иштери уланууда.

“Вакцина алган жарандар өзүн жакшы сезишүүдө. Бардык эмдөөдөн кийинки терс көрүнүштөр 1-2 сутка ичинде жок болуп, олуттуу маселе жаратышкан жок”, — деп айтылат маалыматта.

“Синофарм”, Кытай тарабынан чыгарылган Vero cell вакцинасынын эмдөөдөн кийинки терс көрүнүштөрү (297 миң жаран). Эң көп кездешкен белгилер: алсыздык; баш оору;  ийне сайылган жерде оору; чыйрыгуу; дене табы 39⁰.

Гам-Ковид-Вак (“Спутник V”) вакцинасынын эмдөөдөн кийинки терс көрүнүштөрү (90 миң 756 жаран). Эң көп кездешкен белгилер: ийне сайылган жерде оору; алсыздык; дене табы 39.

Вакцинанын эки түрүнөн кийин жүрөк айлануу, кан басымдын көтөрүлүшү, коркуу, булчуңдардагы оору, мурдунан суу агуу, жөтөлүү, ангина жана башкалар байкалат.

Коронавируска каршы эмдөөдөн кийинки терс көрүнүштөр тууралуу билдирүү үчүн “Вакцинация kg” мобилдик тиркемесин колдонууга болот.

Автор:Чолпонай ТУРДАКУНОВА

 

СТАТЬИ ПО ТЕМЕ

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
пожалуйста, введите ваше имя здесь

Популярные

Комментарии