6.1 C
Бишкек
Воскресенье, 8 сентября, 2024
ДомойБез рубрикиВакцинация - коронавирус инфекциясына каршы күрөшүүнүн бирден-бир натыйжалуу жолу 

Вакцинация — коронавирус инфекциясына каршы күрөшүүнүн бирден-бир натыйжалуу жолу 

11-июль күнү Кыргыз Республикасына Кытай Эл Республикасынан атайын борт менен коронавирус инфекциясына каршы синофарм вакцинасынын 1 миллион 250 миң дозасы жеткирилди. Анын ичинен 1 миллион 100 миң доза вакцина республикалык бюджеттин эсебинен сатылып алынса, ал эми 150 миң доза Кытай Эл Республикасы тарабынан бекер берилди.

Бул вакцинаны өткөрүп берүү аземине КР Министрлер Кабинетинин Төрагасы Улукбек Марипов, КЭРдин КРдагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Ду Дэвэнь жана КРдин Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев катышты.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Улукбек Марипов өз сөзүндө Кытай Эл Республикасына көрсөтүлгөн колдоосу жана көмөгү үчүн ыраазычылык билдирди.

“Кыргыз Республикасынын Президенти, Министрлер Кабинети Кытай Эл Республикасынын Төрагасы Си Цзиньпинге, Мамлекеттик кеңешинин Премьери Ли Кэцянга, ошондой эле Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчи Ду Дэвэнь айымга Кыргызстанга вакциналарды алуу боюнча маселени ыкчам чечүүгө көмөк көрсөтүүсү, ошондой эле вакциналарды гуманитардык жардам катары берүүсү үчүн ыраазычылык билдирет. Баарыбызга белгилүү болгондой, Кытай ар дайым бизге колдоо көрсөтүп келет. Айрыкча, пандемия учурунда коңшу мамлекет бизге алгачкылардан болуп жардам берди. 2021-жылдын март айында дагы Кытай Кыргызстанга 75 миң кишиге эсептелген 150 миң доза синофарм вакцинасынын биринчи бекер партиясын берген. Бүгүнкү күндө дагы Кытай бизге 150 миң доза вакцинаны бөлүп берди. Эки өлкөнүн достугу мындан ары да өнүгөт жана чыңдалат. Ар тараптуу мамилелерди дагы бекемдейбиз.”, — деди ал.

Улукбек Марипов үстүбүздөгү жылдын июль айынын аягында Кытай вакцинасынын 1 млн 250 миң кошумча дозасы дагы келээрин белгиледи. Министрлер Кабинетинин башчысы кыргызстандыктарды вакцинация боюнча кампанияга активдүү катышууга чакырды.

“Мен кыргызстандыктарды вакцина алууга, өз ден-соолугун жана туугандарынын жана жакындарынын ден-соолугун коргоого чакырам. Вакцинация — коронавирус инфекциясына каршы күрөшүүнүн бирден-бир натыйжалуу жолу. Жарандарды санитардык коопсуздук ченемдерин сактоого — маска кийүүгө, социалдык аралыкты сактоого жана эл көп чогулган жерлерге барбоого чакырабыз”, — деди Улукбек Марипов.

Кыргыз Республикасындагы КЭРдин Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Ду Дэвэнь өлкөгө вакцинанын келиши, эмдөөнүн темпин тездетүү республикадагы эпидемиологиялык абалды жакшыртууга жана жарандардын ден соолугун коргоого мүмкүндүк түзөт деген ишенимин билдирди. Элчи айым өз сөзүндө коронавирустук инфекция башталгандан бери Кытай менен Кыргызстан эпидемияга каршы жанаша күрөшүп келе жаткандыгын белгиледи.

Ал: “Эки мамлекеттин салттуу достугу COVID-19га каршы күрөштө кызматташуунун аркасында дагы бекемделип, тереңдеди. Мына ушундай достук мамилелеринин жогорку деңгээлинин негизинде, Кытай кайрадан Кыргызстанга 150 000 доза COVID-19 вакцинасын жардам катары берди. Муну менен эле катар кыргыз тарапка 1,1 миллион доза синофарм вакцинасын сатып алууда да жигердүү жардамын көрсөттү. Кытай тарап берген вакциналар Кыргызстанга эпидемияга каршы турууга жана жарандарынын өмүрүн жана ден-соолугун коргоого жардам берет деп үмүттөнөбүз жана ишенебиз.

Кытай эл аралык вакцина кызматташтыгына өзгөчө маани берет. Ошондуктан дүйнөнүн 100гө жакын өлкөсүнө 450 миллион дозадан ашык вакцинаны берип, өнүгүп келе жаткан мамлекеттерге дагы анын жеткиликтүү болуусуна кам көрүп келет”, — деп билдирди.

Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев болсо иш-чараны жүрүшүндө төмөнкүлөргө токтолду: “Кыргызстанга Синофарм компаниясынын мындай чоң партиясынын келиши Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н.Жапаровдун жеке колдоосунун астында жана анын калкты бардык керектүү коопсуз медициналык препараттар менен камсыз кылуу боюнча тапшырмасынын алкагында ишке ашты. Келген вакциналар бүгүнтөн тарта Кыргыз Республикасынын аймагындагы бардык эмдөө пунктарына бардык жеткирүү нормаларын жана температуралык режимди сактоо менен жеткирилип баштайт.

Бул вакциналардын партиясы Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигине эмдөөгө болгон суроо-талапты узак убакытка канааттандырууга мүмкүндүк берет. Ошондуктан вакцина тансыктыгы тууралуу кандайдыр бир маселер болушу мүмкүн эмес. Ар бир жаран өзүн курчап турган адамдар алдында жоопкерчиликти мойнуна алып, эмдөөдөн өтүүсүн сунуштайм. Эмдөө боюнча уюштурулган чаралар ковид-кризисти жеңүүгө өбөлгө түзөт деп ишенебиз. Эмдөө республикабыздын бардык аймагын коопсуз, COVID-19суз “жашыл зонага” киргизип, мурунку жашообузга кайтууга жардам берет”, — деп баса белгиледи.

Ошондой эле Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри А.Бейшеналиев министрлик тарабынан жарандардын ыңгайлуулугу үчүн санарип инструменттер иштелип чыккандыгын айтты. Эми жарандар эмдөөдөн өтүү үчүн ыңгайлуу эмдөө пунктуна онлайн кезекке жазыла алышат. Атайын онлайн кезекке турууда кыйынчыктарга туш болгон жарандар үчүн 118 кызматы телефон аркылуу эмдөөгө онлайн кезекке жазып, бул маселе боюнча кеңештерди беришет.

Мындан тышкары, эмдөөдөн өтүү процессин ачык-айкын уюштуруу максатында атайын онлайн портал ишке киргизилип, анда эмдөө этаптарынан өткөн жарандардын саны,  убактылуу эмдөө пункттары тууралуу ж.б. актуалдуу статистикалык маалыматтар “ачык маалыматтар” форматында жайгаштырылып турат.

Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги да эмдөөдөн өтүү боюнча план кабыл алып, анын алкагында өнөкөт оорусу бар 60 жаштан жогорку жарандарга эмдөөдөн өтүү сунушталат. Мындан тышкары, калкты тейлөө тармагында иштеген жарандарга да өзүнүн жана байланышта болгон жарандардын саламаттыгынын коопсуздугун камсыздоо максатында илдетке каршы вакцина алуу сунушталган.

КРдин Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги бүгүнкү күндө эмдөө COVID-19 илдетинин жайылышына бөгөт коюуда жана анын локдаун (жалпы чектөөлөр) менен байланышпаган кесепеттери менен күрөшүүдө натыйжалуу чара болуп саналаарын белгилейт. Бул дүйнөлүк тажрыйба жана медицина тармагындагы адистер тарабынан тастыкталууда.

Автор: ЧОЛПОНАЙ ТУРДАКУНОВА

 

 

СТАТЬИ ПО ТЕМЕ

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
пожалуйста, введите ваше имя здесь

Популярные

Комментарии