15.1 C
Бишкек
Вторник, 22 апреля, 2025
ДомойМУЛЬТИМЕДИЯОоганстан кырдаалы дүйнөнүн көз өнүндө – алдыдагы коркунучтар ... 

Ооганстан кырдаалы дүйнөнүн көз өнүндө – алдыдагы коркунучтар … 

Азыркы мезгилде дүйнө коомчулугу тарабынан катуу талкууга алынып жаткан темалардын бири бул Ооганстандагы кырдаал. Өлкөдөн Америка өз куралдуу күчтөрүн чыгарып кете баштагандан бери, талибдердин чабуулу күчөп, “Талибан” кыймылы Ооганстандын стратегиялык райондорун ээлеп алып жаткандыгы байма-бай айтылууда.

Ал эми КР УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев журналисттерге маалымат жыйын өткөрүп жатканда Ооганстандан чыккан качкындар Кыргызстандын аймагына да кириши ыктымал экендигин билдирген. Анын айтымында, Ооганстандагы кырдаал Тажикстан менен Өзбекстанга эле эмес, Борбор Азиянын бүт аймагына коркунуч алып келиши мүмкүн.

“Америка Ооганстандан аскерлерин чыгарып кетери менен ислам кыймылдарынын мүчөлөрү Борбор Азия мамлекеттерине багыт ала баштады. Анын ичинде Кыргызстан дагы бар. Сириядагы согушкерлер Ооганстанда кырдаал курчуганда аталган мамлекет аркылуу кайра кайта баштады. Ал жакка биздин да жарандар кеткен. Борбор Азиядагы башка мамлекеттер менен кошо биз да сырткы коркунучка даярдык көрүп жатабыз. Бул маселе боюнча иштер активдүү жүрүүдө” – деп билдирген.

Мына ушул багытта биз дагы бир катар серепчилерибиз менен байланышып, алардын оюн уктук.

Игорь Шестаков, эл аралык серепчи: “Ооганстанда гуманитардык жана тынчтыкты колдоо долбоорлорун ишке ашыруу үчүн ШКУ платформасын колдонушубуз керек”(подзаголовок)

-Ооганстандагы кырдаал Борбордук Азия чөлкөмүнүн, аны менен чектеш өлкөлөрдүн коопсуздугун камсыз кылуучу негизги факторлордун бири экендиги талашсыз. Чындыгында, 2001-жылы ал жерде антитеррордук операциясын баштаган америкалыктар Ооганстанды бардык эл аралык нормаларга жана талаптарга жооп берген мамлекет катары калыбына келтирүү жаатында эч кандай чоң өзгөрүүлөргө жетишишкен жок. Чындыгында, алар согушкерлерди таркатуу жаатында иш алып барышты. Албетте Американын аскерлери Борбордук Азия мамлекеттерине кол салышы мүмкүн болгон согушкерлерге өлкөдөн чыгууга мүмкүнчүлүк беришкен жок. Мисалы,  1999-жылы болуп өткөн Баткен окуясы бардыгыбыздын эсибизде.

Бүгүнкү күндө Ооганстанда Борбордук бийликтин, тагыраак айтканда расмий бийликтин мүмкүнчүлүктөрү минималдуу. “Талибан” кыймылы аймактын 80% көзөмөлдөйт. Бирок, менин оюмча, Ооганстан Сирия сымал өңүттө жашай берет. Ар кайсы аймактар ​​ар кандай куралдуу күчтөр тарабынан көзөмөлдөнөт. Чындыгында, бул бардыгыбыз үчүн чоң маселе болмокчу.

Талибдердин Борбор Азияга агрессор болбой турганы анык. Себеби алардын көйгөйлөрү өтө эле көп. Бирок менин оюмча ИГИЛ  Ооганстандагы негизги уюмдардын бири болуп калышы мүмкүн. Алар Борбордук Азиядагы кырдаалды туруксуздаштырууга аракеттерди көрүүлөрү шексиз. Анткени Ооганстан экстремизм жана терроризмдин очогу болгон, негизги өлкө катары белгилүү. Кыргызстандын аны менен жалпы чек арасы жок болсо дагы, биз 1999-жылы Ооганстандагы башаламандык эмнени билдирерин бизге согушкерлер кол салган учурда сезгенбиз. Ошондуктан экстремиссттик уюмдун жана ушул сыяктуу уюмдардын ушундай диверсиялык аракеттери боло берүүсү мүмкүн. Кандай болгон күнү дагы талибандын өзүнө дагы  Борбор Азия өлкөлөрүндөгү башкаруу режимдери (динден тышкары башкаруу) туура келбейт, жакпайт.  Алар Борбор Азия чөлкөмүнөн исламдаштыруу факторлорун жүргүзүү үчүн өз колдоочуларын табууга аракет кылышат. Радикалдык исламды орнотууга күч жумшаары белгилүү.

Албетте, 2020-жылы башталган пандемия элдин ден-соолугуна гана эмес, өлкөлөрдүн социалдык-экономикалык кырдаалына дагы терс таасирин тийгизди. Кыргызстан эмгек миграциясын тез арада өз калыбына келтире алса, Тажикстан бул жаатта бир кыйла оор абалда калды. Ал жакта эмгек миграциясы эң төмөңкү абалда. Мындай кырдаал экстремиссттик уюмга жагымдуу. Анткени алар ушундай учурдан пайдаланып, өз катарларына элди тартууга аракет кылышат, чыңалуу очокторун жаратышат. Мындай кадамдарын уйгур сепаратисттери менен биргеликте дагы жасашаарын четке кагууга болбойт. Ошондой эле алардын Борбор Азияда колдоочулары бар. Андан пайдаланып, аймактарда туруксуздук жаратып, өздөрүнө ыңгайлуу болгон шарттарды түзүүгө болгон аракеттерин көрүшөт. Бүгүн Афганистан көзөмөлгө алынбаган аймак болгондуктан, ал жерде мындай уюмдардын базалары жайгашып, аларды каржылоо иштери толук кандуу жүргүзүлө баштайт деп ойлойм.

Ооганстанда гуманитардык жана тынчтыкты колдоо долбоорлорун ишке ашыруу үчүн ШКУ платформасын колдонушубуз керек деп ойлойм. Биз ал жакта адистерди тарбиялап, кадрларын окутушубуз керек. Мамлекет терроризм менен экстремизм жайылган аймак болбостон, анын өсүп-өнүгүүсү үчүн билимдүү кадрлардын болуусу дагы абдан маанилүү.

Эми учурда көп нерсе Тажикстандын бул процесстерди токтотууга болгон жөндөмдүүлүгүнө көз каранды болмокчу. Себеби Өзбекстан ар кандай чабуулдардын мизин кайтарууга көбүрөөк даяр. Тилекке каршы, бизде Түркмөнстан боюнча маалымат жок. Бирок Кыргызстанга жана КЭРге эң жакын өлкө бул — Тажикстан. Ал эми Кыргызстан жана Тажикстан ортосунда болуп жаткан чек ара окуялары бул процесстерди дагы курчутат.  Фергана өрөөнүндөгү туруксуздук, бул жалпы аракеттердин биригишине өз таасирин тийгизбей койбойт. Эгерде эки мамлекет ортосунда азыркыдай пикир келишпестик болсо, анда алар бир дагы бирдиктүү механизмди камсыз кыла алышпайт. Бардык кыйынчылыктардан тышкары, Ооганстандын өзүндө дагы геосаясий күрөш болоору күтүлүүдө.

Азамат Темиркулов, саясий илимдеринин доктору, серепчи: “Ооганстан маселеси дүйнөлүк бир көйгөйгө айланып кетүүсү толук ыктымал” 

-Ооганстандагы абал тууралуу айта турган болсом, түздөн-түз Борбор Азиянын өлкөлөрүнө талибандан эч кандай бир коркунуч жок деп эсептейм. Биринчиден алар Ооганстандын ичиндеги көйгөйлөр менен алек болот. Тарыхта дагы булар Борбор Азия өлкөлөрүнө көз салып, кандайдыр бир аракеттерин кылган эмес. Ошондуктан азыр деле андай кадамдарга барбайт деп ойлойм.

Бирок булардын коркунучу башка жерде болуп жатат. Ооганстан Борбор Азиянын өлкөлөрүнүн ортосунда жеке гана чек ара багытында эмес, маданий, тарыхый, этникалык жана дин жаатында дагы өз ара көпүрө болуп келген. Ооганстанда тажик, өзбек, туркмен ж.б. улуттардын өкүлдөрү жашап келет. Мисалы Ислам Каримов өз мезгилинде качырган Өзбекстандын ислам кыймылынын, ошондой эле Тажикстандын оппозициясынын калдыктары дагы деле Ооганстанда жүрүшөт. Алар өлкөнүн түндүгүндө топтолуп, Сирияга дагы барып тажрыйба алып келишкен. Мына чыныгы коркунучту ошолор жаратышы мүмкүн. Себеби алардын Тажикстанда, Өзбекстанда туугандары калган, тааныштары бар. Өлкө ичинде өз бийлигине нааразы болгон адамдар дагы көп. Өзгөчө Тажикстанда. Мына ошолорду козгоп, кандайдыр бир чагымчылдык аракеттерди кылып, ички саясий кырдаалды туруксуздаштырууга аракеттеништери мүмкүн. Ошондуктан бизге Тажикстандан, Өзбекстандан чыккан оппозиция жана башкалар коркунуч жаратышы мүмкүн. Бул биринчи фактор.

Экинчи фактор бул Ооганстандан качып жаткан элдер. Себеби качкындардын көпчүлүгү Тажикстанга келип жатат. Алардын саны көбөйсө, качып келип жаткан мамлекеттердин экономикасына дагы оорчулук жаратаары шексиз. Мындан тышкары качкындардын арасында чагымчылдар, ошол эле террористтер болушу мүмкүн. Алар Борбор Азия мамлекеттеринин ичине кирип, аны ичинен бузуусу мүмкүн. Бул кыска мөөнөттөгү коркунучтар.

Мындан сырткары узак мөөнөттөгү дагы коркунучтар бар деп ойлойм. Эгерде коңшу өлкөлөр Ооганстанга жардам бербесе анда ал мамлекеттин экономикасы өнүкпөйт, жумуш орундар түзүлбөйт. Мындай кырдаалда согуш улана бермекчи. Ошондуктан азыр коңшу мамлекеттер Афганистанга жардам берүү сунуштары менен кайрылышууда. Бирок ошол эле мезгилде дагы бир коркунуч бар. Эгерде талибандардын бийлиги алдында бул өлкөгө жардам берилип, инвесторлор келип, мамлекеттин экономикасы өнүгүп, талибандар бутуна туруп алса, анда алар дагы өз үгүттөөлөрүн баштайт.

Ошондой эле бул кырдаалдар Кытайга дагы коркунуч жаратмакчы. Себеби “Талибан” кыймылынын билдирүүсүндө учурда Кытай аларга жардам берсе Синьцзян Уйгур көйгөлөрүнө көңүл бурбай, уйгурларга жардам бербесин айтып жатышат. Бирок бул азыркы эле сөздөр, келечекте талибан күчтөнүп, бутка туруп алса, сөзсүз түрдө уйгурларга жардам берет деп ойлойм. Себеби булардын идеологиясы ошондой болуп жатат.

Талибандын Пакистан менен болгон байланышы дагы бул жерде абдан маанилүү. Талибан өзү Пакистан менен атайын кызматын түзгөн. Азыр дагы Пакистанда “Талибан” кыймылынын тарапташтары көп. Алар өзүнчө бир саясий күчкө айланган. Алардын Пакистандын бийлигинде дагы өздөрүнүн адамдары бар. Эгерде булар келечекте кучтөнүп, Ооганстанда дагы бийликке келсе алар бир чоң күчкө айланмакчы. Эгерде аларга Пакистандагы ядролук куралга жол ачылса бул аймактык гана эмес, дүйнөлүк көйгөйгө айланмакчы. Себеби ушундай идеология менен жашаган бийликтин ядролук куралы болсо чоң кыйынчылыктар ортого чыгаары шексиз. Андыктан Ооганстан көйгөйү дүйнөлүк бир көйгөйгө айланып кетүүсү толук ыктымал.

Автор:Чолпонай ТУРДАКУНОВА

 

СТАТЬИ ПО ТЕМЕ

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
пожалуйста, введите ваше имя здесь

Популярные

Комментарии