9.1 C
Бишкек
Вторник, 22 апреля, 2025
ДомойВ КЫРГЫЗСТАНЕ“Silk Way” индустриалдык паркы – келечекке карай ишенимдүү кадам

“Silk Way” индустриалдык паркы – келечекке карай ишенимдүү кадам

2021-жылдын 24-июль күнү “Silk Way” индустриалдык  паркынын инвестициялык долбоорлордун реестрине кошулушун белгилөө жана Кыргыз Республикасынын Экономика жана каржы министрлигинин Бажы кызматынын алдындагы “Бажы инфраструктурасы»  мамлекеттик ишканасы менен Silk Way Corporation ЖЧКсынын ортосунда уюштуруу документтерине кол коюу аземи болуп өттү.

Бул иш-чарага КРдин Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары, КРдин Экономика жана каржы министри Акылбек Жапаров, Экономика жана каржы министринин орун басары Эльдар Алишеров, аталган министрликтин алдындагы Мамлекеттик Бажы кызматынын төрагасы Исабеков Самат,  “Silk Way” индустриалдык  паркынын генералдык директору Адилет Кубанычбеков, “Silk Way” корпорациясынын генералдык директору Чжу Цзюй,  “Silk Way” корпорациясынын вице-президенттери Лу Кан, Ван Цзыюнь менен катар эле КРдин Президенттик Аппаратынын өкүлдөрү, кыргыз-кытай ишкерлери ж.б. катышышты.

Алгач меймандар курулуп жаткан объекттер менен жеринен таанышып, индустриалдык парктын жакынкы аралыкта ишке кире турган бөлүмдөрү тууралуу маалымат алышты. Чындыгында курулуш иштери абдан кызуу жүрүп жаткан мезгили экен. Өнөр жай паркынын Бажы-логистикалык борборунун ачылышы Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнүнө карата 31-августта боло тургандыгы белгилүү болду. Жеринен таанышуу учурунда журналисттерге толук маалымат берилип, КРдин Экономика жана каржы министри Акылбек Жапаров дагы эгерде айтылган маалыматтар так жана өз мезгилинде аткарылса анын келечеги кең боло тургандыгына токтолуп өттү.

Муну менен эле катар министр парктын жергиликтүү тургундар үчүн дагы мааниси абдан зор экендигин айтып, канчалаган кызмат орундары түзүлүп, элдин социалдык-экономикалык абалы дагы бир топ жакшыра тургандыгын баса белгиледи. Акылбек Жапаров өз сөзүндө: “Мен учурдан пайдаланып ушундай мыкты иштерди аткарып, жүзөгө ашырып жаткан кыргыз-кытай ишкерлерине чоң ыраазычылыгымды билдирмекчимин. Бул ишти КР Президенти Садыр Жапаров өз көзөмөлүнө алды.Азыркы тапта “Улуттук долбоор” деген түшүнүктү киргизип жатабыз. Бул багытта иштер жүргүзүлүп, ЕАЭСТин алкагында дагы салыктардан бошотуу позициялары каралган. Мындай кадамдар дагы өлкөдө инвестициялык потенциалды жогорулатмакчы”, — деп билдирди.

Сөз соңунда КРдин Экономика жана каржы министри өнөр жай паркында жүргүзүлүп жаткан иштерди мамлекет колдоого алаарын билдирип, уюштуруучулардын ишине ийгилик каалады.

Ал эми  “Silk Way” индустриалдык  паркынын генералдык директору, “Silk Way” корпорациясынын вице-президенти Адилет Кубанычбеков болсо иш-чаранын бардык катышуучуларына ыраазычылык билдирип, мамлекет дагы тарабынан дагы көрсөтүлүп жаткан колдоого рахматын айтып өттү.

Ал: “Түрк, өзбек өнөктөштөрүбүздүн дагы бизге көрсөткөн ишенимине ыраазычылыгымды билдирем. Албетте кытай ишкерлеринин дагы көрсөтүп жаткан колдоосу, ишеними биз үчүн абдан маанилүү. Өзүңүздөргө белгилүү болгондой 7-июнь күнү Кытай Эл Республикасынын инвестору Лю Ин мырза менен “Silk Way” индустриалдык паркынын ортосунда 20 миллион доллар көлөмүндөгү инвестициялык келишимге кол коюлган. Андан кийин жалпы инвестиция 100 миллион долларга чейин болмокчу. Кытай – бул дүйнөдөгү номер 1-экономика. Биз КЭРдин жакынкы коңшусу болуп туруп, алардын потенциалын толук кандуу колдоно албай келебиз. Мен алдыда биздин кытай кесиптештерибиз, өнөктөштөрүбүз, досторубуз Кыргызстанга өз инвестицияларын киргизишет деп үмүттөнөм. Мына бүгүнкү күнү кытай өнөктөштөрүбүз Кыргызстанга 10го чукул кичи ГЭС курууга макул болушту. Мамлекеттин бизди колдоосу сырттан башка инвестицияларды тартууга дагы мыкты көмөкчү болоору шексиз”, — деген оюн билдирди.

“Silk Way” корпорациясынын генералдык директору Чжу Цзюй дагы өз сөзүндө иш-чаранын бардык катышуучуларына ыраазычылыгын билдирип, Кыргыз Республикасынын жетекчилигине жана элине бул долбоордун жүзөгө ашырылышына кошкон салымдары үчүн ““Silk Way” индустриалдык паркынын атынан рахмат айтып өттү.

Чжу Цзюй: “Кыргызстан жана Кытай бир чек ара тилкесине ээ болгон, достук өлкөлөр болуп саналат. Бул кызматташуунун алкагында кыргыз-кытай ишкерлери биргеликте заманбап өндүрүш паркын куруп, сырттан инвесторлорду тартып, алар үчүн жагымдуу шарттарды түзүп бермекчи. Индустриалдык парктын өнүгүшү кошумча жумуш орундарын түзүү менен катар эле, эл аралык кызматташуу алакаларын бекемдөөгө өз салымын кошмокчу. Сапаттуу текстиль тармагын өнүктүрүп, чыңдамакчы. Биз элдин жана КР бийлигинин колдоосу менен бул долбоор Борбордук Азиядагы бирден-бир ири индустриалдык паркына айланаарына ишенимибиз чоң”, — деп билдирди.

Ленин айыл аймагынын башчысы Наргиза Момбекова болсо бул өнөр жай паркынын ушул аймакта курулуп жаткандыгы эл үчүн абдан мыкты мүмкүнчүлүк болуп жаткандыгына токтолуп, алдыда түзүлө турган кошумча кызмат орундары дагы жергиликтүү калктын жашоо-турмушун оңдоого өз салымын кошо тургандыгын баса белгиледи.

Бизнести жайгаштыруу үчүн эң ыңгайлуу жана мыкты жер 

“Silk Way” өнөр жай паркы — бул Борбор Азия аймагындагы көп функционалдуу өнөр жай комплекси болмокчу. 70 гектар аянтты ээлеген соода-өнөр жай жана текстиль комплексинин аймагында, Казакстан менен чектешкен жерде жана «Манас» эл аралык аэропортунан 30 км алыстыкта ​​соода-көргөзмө павильондору, кампалар, кенен кийим тигүүчү фабрикалар жана бажы жана логистикалык терминал жайгаштырылат.

Долбоор Өкмөттүн Текстиль жана кийим-кече өндүрүшүн өнүктүрүү программасынын алкагында ишке ашырылууда. Долбоорго тартылган каражаттар – ата мекендик ишкерлердин инвестициялары. Ал эми долбоордун негиздөөчүсү – Евразия экономикалык бирлигинин өлкөлөрүнө кыргыз текстилдик жана тигүү продукцияларын экспорттоо боюнча лидер “Alpha Cargo” компаниясы болуп саналат.

Өнөр жай шаарчасы өз ара байланыштагы бир нече секторго бөлүнгөн. Мында: өндүрүш сектору – “А” класстагы заманбап складдык имараттары бар фабрикалар, кеңири складдык имараттары менен даяр продукциянын, фурнитуранын жана кездемелердин соода-экспозициялык сектору жайгашат. Ал эми бажы-логистикалык борбор индустриалдык парктын резиденттерине экспортко жөнөтүү үчүн товарларды ыкчам тейлөөгө мүмкүнчүлүгүн берет.

“Silk Way” индустриалдык паркы өзүнүн клиенттери үчүн баалуу болгон убакытты үнөмдөөгө, ири компаниялар менен кызматташтыкты түзүүгө, товарлардын сапатын жогорулатууга жана “Made in Kyrgyzstan” продукцияларын дүйнөлүк стандарттарга жооп берген жаңы деңгээлге чыгарууга шарт түзөт.

Парктын Бажы-логистикалык борбору документтештирүү, маркалоо жана тастыктоо боюнча кеңири кызматтарды көрсөтмөкчү, ал эми “Silk Way” транспорттук компаниясы өзүнүн автопаркы менен буйрутма болгон жүктү белгиленген жерине мөөнөтүндө жана толук түрдө кепилдиги менен жеткирип бермекчи.

Автор:Чолпонай ТУРДАКУНОВА

 

СТАТЬИ ПО ТЕМЕ

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
пожалуйста, введите ваше имя здесь

Популярные

Комментарии