6.1 C
Бишкек
Воскресенье, 8 сентября, 2024
ДомойАналитика“Жунда” мунай заводу иштеп баштайт

“Жунда” мунай заводу иштеп баштайт

18-ноябрь күнү мунайды кайра иштетүүчү «Жунда» заводунда  ишкананын жетекчилиги жана жамааты, ошондой эле анын өнөктөштөрү катышкан чогулуш болуп өттү. Анда өндүрүштү жаңылоо жана модернизациялоо иштерин тездетилген темпте бүтүрүү маселеси айтылды. Бардык жумуштарды жаңы жылдын башында аяктап, заводду ишке берүү башкы максат экени белгиленди.

“ЖУНДАНЫН” ТАРЫХЫ

Завод 2013-жылы ишке берилген. Жыл сайын 800 миң тонна мунайды кайра иштетет. Кытайлык инвестор аны курууга 300 миллион доллар жумшаган. Ачылгандан бир жылдан кийин аз убакытка өндүрүшү токтоп, кайра уланган. 2015-жылы ошол кездеги Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча кызмат заводдун айрым кызматкерлерине «салыкты жашырды» деген айып менен кылмыш ишин ачкан. 2018-жылдын аягында Жайыл райондук соту бул ишти карап, «кылмыштын курамы жоктугуна» байланыштуу аларды актаган.

Заводдун иши 2019-жылы кайрадан токтоп калган. Алгач анын себеби айтылбай, 2020-жылы пандемияга байланыштуу экени кабарланган. Жогорку Кеңештин кээ бир депутаттары завод коррупциянын айынан иштебей турганын, текшерүүлөрдөн тажап, өндүрүштү токтотуп койгонун айтып чыккан. Ошондон бери, дээрлик төрт жылга жакын убакыт аралыгында ишкана иштебей турду.

ТӨРТ ЖЫЛДЫК ТЫНЫГУУДАН КИЙИНКИ КЫЙМЫЛ

Ушул жылдын август айында Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Чүй облусундагы бир катар өнөр жай ишканаларын кыдырган. Кара-Балтадагы “Жунда” мунайды кайра иштетүүчү заводуна да барган. Өндүрүш аймактары менен таанышып чыккан. “Чайна Петроль Компани” жоопкерчилиги чектелген коомунун жетекчилиги менен кеңешме өткөргөн. Анда токтоп турган заводду ишке киргизүү жана модернизациялоо маселеси талкууланган. Бул төрт жылдык тыныгуудан кийинки алгачкы аракет болду.

Кийин Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев Кытайга болгон жумуш сапарынын алкагында Шэньси көмүр химиялык мамлекеттик корпорациясынын “Жунда” ишканасынын жетекчиси Чжан Вэньци менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздү. Анда кыргыз-кытай өнөр жай тармагындагы кызматташуусу, Кара-Балтадагы “Жунда”  заводун модернизациялоонун экинчи этабын баштоо боюнча маселелер каралганы кабарланган.

«ЖУНДА» МАСЕЛЕСИНЕ ТОЛУГУ МЕНЕН ЧЕКИТ КОЙДУК

Үстүбүздөгү жылдын октябрь айында Акылбек Жапаров парламентте сүйлөп жатып, орун басары Бакыт Төрөбаев Кытайга барып, “Жунда” боюнча маселени чечип келгенин билдирди.

Министрлер кабинетинин төрагасы: «Биз «Жунда» маселесине толугу менен чекит койдук. Аны эки жылдын ичинде ишке киргизебиз. Азыр 550 миллион долларлык инвестиция салынмай болду. Ал жерде бир жеке адам бар экен. Кытай өкмөтү анын үлүшүн дагы сатып алды. Эки өлкөнүн өкмөттөрүнүн ортосундагы макулдашуулар түзүлдү”, — деп белгиледи.

Ушундан көп узабай эле заводду калыбына келтирүү, модернизациялоо маселелерине байланыштуу Кытайдан жумушчу топ келди. Алар менен Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев заводдун аймагында жолугуп, өндүрүштү жандантуу үчүн өкмөт бардык шартты түзүп берүүгө даяр экендигин билдирди.

ИШ КАЙРАДАН ЖАНДАНДЫ

18-ноябрь күнү «Жунда» заводунда иштин башталганын ишаарат кылган иш-чара болуп өттү. Ага ишкананын жетекчилиги жана жамааты, ошондой эле анын өнөктөштөрү катышты. Анда өндүрүштү жаңылоо жана модернизациялоо иштерин тездетилген темпте бүтүрүү маселеси айтылды. Бардык жумуштарды жаңы жылдын башында аяктап, заводду ишке берүү башкы максат экени белгиленди.

“Завод токтоп турган төрт жылдын ичинде биз дайыма мунай продуктуларынын сапатын жогорулатуу мүмкүнчүлүктөрүн издедик. Өндүрүш Евро IV жана Евро V стандарттарына жооп берсе деген планыбыз бар. Быйыл кол коюлган өкмөттөр аралык макулдашууга ылайык капиталдык оңдоо иштери келерки жылдын апрель айында аяктайт. Бирок, ишти ыкчамдатып, ушул жылдын аягына чейин капиталдык ремонтту бүтүрүп, жыл башында ишти баштоого аракет кылабыз”,-деди “Чайна Петроль Компани “Джунда” ишканасынын башкы директору Хуан Цян.

Азыркы учурда заводдун аймагында иш жанданганын байкоого болот. Адистер төрт жылдан бери токтоп турган жабдууларды алмаштырып, бузулгандарын оңдоп жатышат.

ЗАВОД ИШТЕП БАШТАСА, КҮЙҮҮЧҮ МАЙ АРЗАНДАЙБЫ?

Кыргызстандын мунай бекеттеринде күйүүчү май улам кымбаттаганы байкалып жатат. Социалдык маанилүү товарлардын тизмесине кирген АИ-92 маркасындагы күйүүчү майдын чекене баасы жаз айларында өкмөттүн аралашуусу менен 52 сомго чейин төмөндөгөн. Бирок баа акырындык менен өзгөрүп отуруп, азыр 60 сомдон ашты. Ал эми АИ-95 маркасы менен дизель отуну учурда 70 сомдун айланасында сатылууда. Мындан улам “Жунда” заводу иштеп баштаса, баа турукташабы же арзандайбы деген суроо турат.

“Заводдун кубаттуулугу жылына 800 миң тонна мунайды кайра иштетет деп мурда айтылган. Азыр Кыргызстан жыл сайын 1,5 млн тонна күйүүчү май керектейт. Эгерде завод жогоруда айтылган кубаттуулукта иштесе, жылдык керектөөнүн жарымын жабат десек болот. Завод иштеп турса, өндүргөн продукциянын баасы арзан болсо, албетте ички рыноктогу баага да таасир этет”, — деди Кыргызстандын мунай ташуучулар ассоциациясынын аткаруучу директору Канат Эшатов.

Белгилей кетсек, Кыргызстан күйүүчү май рыногу дээрлик 100 пайыз импортко көз каранды. Расмий маалыматка ылайык, өлкөдө 108 млн. тонна мунай запасы бар. «Жунда» заводу иштеп турганда «Кыргызмунайгаз» чыгарган мунайды нак акчага сатып алган жалгыз ишкана болчу. Бирок ал кубаттуулукту толук жаппайт. Андыктан завод чийки мунайды сырттан импорттогонго мажбур.

Автор: Амантур Шергазиев

СТАТЬИ ПО ТЕМЕ

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
пожалуйста, введите ваше имя здесь

Популярные

Комментарии