“Бир алкак-бир жол” демилгесинин Кыргызстанга тийгизген таасири, дүйнөлүк алкактагы мааниси, келечекке карай быгыты тууралуу Кыргызстандын Соода-өнөр жай палатасынын төрагасы Темир Сариев менен кеңири баарлаштык.
Темир Аргенбаевич, алгач Соода-өнөр жай палатасы эмне болгон уюм экендигин тактап алсак. Палата эмне иш кылат, негизги милдети кайсы?
Кыргызстандын Соода-өнөр жай палатасы 1994-жылы кабыл алынган атайын мыйзамдын негизинде иш алып барат. Түзүлүү тарыхы да ушул жыл менен башталат. Азыркы учурда Экономика жана соода министрлиги менен биргеликте аталган мыйзамга өзгөртүү, толуктоолорду сунуштап жатабыз. Учурда өкмөттө каралууда. Андан кийин парламентке барат. Палата бул өкмөттүк эмес, коммерциялык эмес уюм. Кыргызстандагы бизнес структуралардын башын бириктирген эң ири ассоциация. Негизги максаты ишкерлерди бириктирүү, аларга колдоо көрсөтүү. Андан башка да өкмөт менен бирге ишке ашырган милдеттерибиз бар. Булар: айрым товарларга сертификат беребиз, эксперттик текшерүүдөн өткөрүп корутунду даярдайбыз. Ак ниет ишкерлердин, экпортко чыккан ишканалардын реестрин түзөбүз. Алардын сырткы рынокко чыгуусуна көмөктөшөбүз. Андан сырткары эл аралык уюмдарга мүчөлүк кылабыз. Маселен, ушул жылы эле Кытай жана Борбор Азия өлкөлөрүнүн Соода-өнөр жай палаталарынын кеңеши түзүлдү. Ал жерде мүчөбүз. Түрк мамлекеттеринин Соода-өнөр жай палаталарынын кеңешине жана Шанхай кызматташтык уюмунун ишкерлик кеңешине мүчө болуп киргенбиз.
Быйыл “Бир алкак-бир жол” демилгесине он жыл болду. Бул убакыт аралыгында аталган демилгеге 150дөн ашык өлкө, отуздан ашык эл аралык уюм кошулуу ниети менен келишимге кол коюшту. Мындай кызыгууну жараткан демилгенин өзгөчөлүгү эмнеде?
“Бир алкак-бир жол” акыркы жылдардагы дүйнөдөгү эң ири демилге десек болот. Түндүк менен түштүктү, чыгыш менен батышты байланыштырган чоң долбоор. Кытай Эл Республикасынын мүмкүнчүлүгүн толук колдонгон жаңы багыт. Экономикалык жактан кубаттуу, күчтүү өлкөлөр гана ушундай масштабдуу долбоорлорду сунуштай алат. Ошондуктан дүйнөнүн көп өлкөлөрү кошулуп жатат. Алкак жана жолдун аркасы менен акыркы 10 жылда инфраструктура, өнүгүүнүн багыты таптакыр башкача болуп өзгөрдү. Ошол эле Африка өлкөлөрүн же Азиядагы мамлекеттерди алалы, булар көп жылдан бери өнүгүүдөн артта калган, чийки зат берген аймак катары гана каралып келген. Батыштын бир катар өлкөлөрү пайдаланып, алчусун алгандан кийин таштап кете берген. Ал эми “Бир алкак-бир жол” демилгеси жөн гана колдонуп, пайдасын көрбөстөн, аталган өлкөлөргө өнүгүүгө да шарт түзүүдө. Алардын экономикалык мүмкүнчүлүктөрүн колдонууга, инфраструктурасын жакшыртууга жардам берип жатат. Бул үчүн атайын банк түзүлдү, фонд ачылды. Ушундан улам дүйнө өлкөлөрү бул демилгеге кызыгып, кошулуп жатышат деп ойлойм.
Кыргызстан үчүн жардамы же таасири болду деп айтсак болобу?
Албетте, биз сезилерлик таасири болду деп айта алабыз. Айрыкча энергетика тармагына өзгөчө таасир этти. Анткени Кытай өкмөтүнүн көмөгү менен өлкө ичинде энергетикалык шакекче түзүлдү. Эки чоң электр чордонун куруп, түндүк- түштүктү туташтырган жогорку чыңалуудагы электр зымдары тартылды. Бишкектин жылуулук электр борборун модернизациядан өткөрдүк. Бул эки маселе кайсы бир деңгээлде республиканы энергетикалык көз карандысыздыкка алып келди. Андан тышкары түндүк-түштүк альтернативдик жолу курулду. Кийинки жылы толук пайдаланууга берилет. Ага кошулуп Бишкек шаарынын ички жолдору Кытай грантынын эсебинен оңдолду. Келерки жылы аталган гранттын үчүнчү фазасы менен борбор шаарга эки ири эстокадалык көпүрө курула турганы айтылууда.
Жакында эле Кытайда “Бир алкак-бир жол” демилгесинин 10 жылдыгына арналган үчүнчү форум өттү. Сиз да аталган иш-чарага катыштыңыз. Кандай сүйлөшүүлөр болду жана сиздин байкооңуз?
Ооба, Кытайдын Мамлекеттик Кеңешинин чакыруусу менен мен да барып катышып келдим. Кыргызстандан атайын делегация барды. Дүйнөнү көп өлкөлөрү келди, анын ичинде президенттер, өкмөт башчылар да катышты. Саммиттин ачылышында Кытай Төрагасы Си Цзиньпин атайын жаңы программа менен чыгып, баяндама жасады. Аны алдыдагы он жылга карата негизги план катары карасак болот. Сегиз бөлүктөн турган сөзүндө кытай лидери алкак жана жол демилгеси бардык тармакты камтыганын көрсөттү. Ал мурда экономиканы, сооданы гана камтыса, бул жолу билим берүү, саламаттык сактоо, медицина, илим, технология, маданият дагы кошулганын байкадык. Кыскасы өнүгүү үчүн эмне зарыл болсо, анын бардыгы “Бир алкак-бир жолдун” алдындагы он жылдык планына кириптир. Ал өз сөзүндө бир полярдуу дүйнө болбой тургандыгы так жана даана белгиледи. Бул жерден “Бир алкак-бир жол” жалгыз эле Кытайдын демилгеси болсо да, бул долбоор бардык өлкөлөргө керек экени билинди.
Сиздин байкооңузда Кыргызстан менен Кытай кайсы тармактагы кызматташуусун мындан ары да жакшыртышы керек же кайсы тармактын келечеги бар?
Биринчи кезекте — бул логистика. Ортодогу логистикалык, транспорттук байланышты кеңейтүү биринчи кезекте турган маселе. Учурда эки чек ара өткөрмө бекети иштеп жатат. Кийинки жылы “Бедел” чек ара өткөрүү пункту ачылса, мүмкүнчүлүк дагы да кеңейет.
Экинчи – энергетика тармагы. Бул багыттагы кызматташуунун дарамети абдан чоң. Кытай лидери алдыдагы он жылда жашыл энергетиканы өнүктүрөбүз деген демилгени көтөрдү. Кыргызстандын гидроэнергетикалык мүмкүнчүлүгүн чогуу пайдалануу зарыл.
Үчүнчү – айыл чарбасы. Кыргызстан айыл чарба продукцияларын сапаттуу өндүрүп, Кытай рыногуна чыгышы абзел.
Төртүнчү– технология багыты. Кытай бүгүн санариптешүүдө алдыга чыкты. Бул өңүттөн алганда өздөштүрө турганыбыз, үйрөнө турганыбыз көп. Бешинчи – туризм тармагы. Кытайдан келген эс алуучуларга ыңгайлашкан тейлөөнү көрсөтүү менен бул сектордо иштегендер чоң кирешеге чыкса болот. Андан негизги дагы бир маселе “Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан” темир жол долбоорунун келечеги абдан чоң. Бул ишке ашса жогоруда айтылган үч мамлекетке эле эмес, Азиядан Европага чейин пайдалуу болот. 2024-жылы долбоордун курулушу башталат деп терең ишенем.