6.1 C
Бишкек
Воскресенье, 8 сентября, 2024
ДомойАналитикаЖылдан жылга жашарып, кулпуруп өнүгүп жаткан – Бээжин

Жылдан жылга жашарып, кулпуруп өнүгүп жаткан – Бээжин

Кытай Эл Республикасынын башкы “жүзү”, борбору болгон Бээжин шаары ар качан туристтердин көңүл чордонунда болуп келген. Бүгүнкү күнү дагы борбор шаар бүтүндөй дүйнө жүзүнүн төрт тарабынан туристтерди кабыл алып, өзүнүн басып өткөн жолу менен катар эле акыркы жетишкендиктерин да  даңазалап келет. Дал ушул жерде дүйнөлүк деңгээлдеги иш-чаралар өткөрүлүп, учурдун маселелери талкууланып, башкы чечимдер кабыл алынат. Ошондуктан мен үчүн Бээжин жөн гана бир өлкөнүн борбор шаары эмес, ал бүтүндөй бир доордун борбору катары сезилет. Чындыгында Бээжиндин Кытайдын башка шаарларына караганда өзгөчө бир сүрү бар.

Бул жерде заманбап жашоо менен байыркы тарыхты ичине камтыган курулуштар, жаңы тенденциялар жана эски үрп-адаттар, Кытайдын салттуу жана жаңычыл баалуулуктары, кытай ашканалары  жана Европа тез татымдары, байыркы жер тамдар жана укмуштуудай асман тиреген имараттар эриш-аркак жайгашкан. Бардыгы бир-бирин толуктап, бүтүн бир композициянын элесин берет.

Бээжин абдан кооз шаар. Бирок анда жашоо ар дайым эле оңой боло бербейт. Ошондой болсо дагы бул жакка ар дайым кайтып келүүнү каалайсыз. Борбор калаада ар бир адам өзүнө жаккан, өзү кызыккан нерсесин таба алат. Бул жерде бардыгы бар. Өзгөчө шаар ажайып жайларга бай.

Алардын бири –  Жайкы сарай. Ал Пекиндин борборунан 15 чакырым алыстыкта жайгашкан. Анын аты айтып тургандай, Жайкы сарай Кытай императорлорунун жайкы резиденциясы катары колдонулуп, калган убакта император Тыюу салынган (запретный город) шаарда жашаган. Сарай комплексинин негизги кызыктуу жерлери – Узун өмүр дөбөсү жана Куньмин көлү. 1750-жылы сарай бакчалары кыйла кеңейтилип, жаңыланып, андан кийин алар Кытайдын ар кайсы бакчаларынын стилдерин чагылдырышкан. Куньмин көлү да кеңейип, натыйжада Ханчжоудагы Батыш көлүнүн элесин берет.

Ал эми Советтик стилдеги эстеликтер жана өкмөттүк имараттар менен курчалган Тяньаньмэнь аянты дүйнөдөгү эң чоң шаар аянты болуп саналат. Бул жерде Кытайдын бардык булуң-бурчунан келген конокторду көрүүгө болот, алардын көбү борборго биринчи жолу келгендер. Чындыгында Бээжиндеги сөзсүз түрдө бара турчу жерлердин бири бул – Тяньаньмэнь. Ал жерде Мао Цзэдундун мавзолейи жана Кытай Эл Республикасынын Улуттук музейи жайгашкан.  Аянттын түндүк бөлүгүндө таң атканда жана күн батканда желекти көтөрүү жана түшүрүү аземи өтөт, ага көптөгөн каалоочулар чогулат. Аянттын түндүк тарабында жайгашкан асман тынчтыгынын дарбазасынын алдында мрамордон жасалган, айбаттуу төрт Арстан күзөттө турат.

Азыркы учурда Бээжин өзгөчө стилдеги курулуштары менен дагы мактана алат. Алардын бири Бээжиндин борбордук бизнес районунда жайгашкан Кытайдын борбордук телекөрсөтүүсүнүн башкы кеңсеси. Ал 2008-жылдын 1-январында курулуп бүткөн, 44 кабаттуу 234 метрлик асман тиреген имарат. Бул чындыгында бир эмес, бир эле учурда эки бийик мунара формасында, үстү жана асты бурчта бириктирилген. Аны кээ бирөөлөр кайчылаш жайгаштырылган эки “Г”тамгасы катары сүрөттөшөт. Бул адаттан тыш долбоордун авторлору дүйнөгө белгилүү архитекторлор Рем Колхас жана Оле Шерен.

Ал эми Бээжинде дүйнөдөгү эң ири жети зоопарктын курамына кирген укмуштуудай зоопарк сөзсүз көрүүгө арзыйт. Бул жерде Кытайдын улуттук символдору – чоң пандалар жана алар менен кошо алтын түстүү маймылдар бар. Түштүк Кытай жолборстору жана дагы 600дөн ашуун жаныбар жашаган зоопаркты бир күндө кыдырып чыгуу мүмкүн эмес.

Мындан тышкары Бээжинден чыкпай туруп, дүйнө жүзүн кыдырууга эң сонун мүмкүнчүлүк берген – Тынчтык паркы. Ал жерде планетанын эң таанымал архитектуралык эстеликтеринин 1ден 10го чейин кичирейтилген көчүрмөлөрүн көрүүгө болот. Ал эми бүтүндөй дүйнөгө белгилүү Бээжин операсы сиздин искусствонун бул түрү боюнча болгон ой-пикириңизди толугу менен өзгөртөт.

Бээжин Кытайдын башка шаарларындай эле абдан коопсуз болгондуктан, шаарды жөө деле басып, көп нерсени көрүүгө болот. Чындыгында транспорт маселеси жок. Бардыгы ыңгайлуу. Өзгөчө метродо каалаган жериңизге өтө тез жете аласыз.

Бадалин – Улуу Кытай дубалынын эң белгилүү аймагы (подзаголовок)

Дүйнөнүн жети кереметинин бири болгон Улуу Кытай дубалынын бир бөлүгү Бээжин шаарынан анча алыс эмес жерден өтөт. Бул жер Бадалин аймагы деп аталып, туристтер арасында абдан белгилүү. Ал аймак биринчилерден  болуп эл кабыл алып, бардык каалоочулар үчүн эшиги ачык болгон. Бадалин Улуу Кытай дубалынын эң жакшы сакталган сектору. Дубалдын бул бөлүгүнүн аталышы эле анын тарыхый жана стратегиялык маанисин эске салат. Бадалин сөзү кытай тилинен которгондо бардык багыттарга мүмкүнчүлүк берүүчү  дегенди билдирет.

Бадалин 1957-жылы кылдаттык менен калыбына келтирилген жана азыр ал Мин династиясынын тушунда кандай калыпта болгонун көрүүгө болот. Бадалин Кытай эли, туристтер арасында абдан белгилүү. Ошондуктан Кытай бийлиги ага жетүүнү жеңилдетүү жана дубалдын навигациясын жакшыртуу үчүн бардыгын жасап, ылайыкташтырып койгон. Бадалин токойлуу тоолордун жана адырлардын ортосунда жайгашкандыктан, айланадагы пейзаждардын укмуштуудай көрүнүштөрүнө суктанууга мүмкүнчүлүк берет.

Жайдын аптабында дубалды бойлой анын чокусуна карай чыгуу  абдан татаал болуп саналат. Анын чокусуна жөө чыгууну каалагандар көп, ошондуктан кээ бир учурларда эл тыгыны дагы жаралат.  Чокуга чыгуунун альтернативдүү жолу бар – асма унаа менен чыгууга болот. Бирок бул дубалга жөө чыгуудагы керемет сезимдерди бербейт.

Бадалинге чыгуу үчүн жума күнү ылайыктуу. Майрам же эс алуу күндөрү ал жакка барууну ойлобоңуз, адамдардын тыгынына кабылуу мүмкүнчүлүгү бар. Бадалинден дагы башка дубал бөлүктөрү бар, ал жактарда киши көп болбойт. Бээжинден канча алыстаган сайын, эл азая берет.

Автор: Чолпонай ТУРДАКУНОВА

СТАТЬИ ПО ТЕМЕ

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
пожалуйста, введите ваше имя здесь

Популярные

Комментарии