-0.9 C
Бишкек
Пятница, 18 октября, 2024
ДомойАналитика“Бир алкак-бир жол” – жогорку сапаттагы жибек-жолун куруу

“Бир алкак-бир жол” – жогорку сапаттагы жибек-жолун куруу

«Кыргызстан-Кытай» достук коому “Бир алкак-бир жол” демилгесинин 10 жылдыгын утурлай, “Бир алкак-бир жол” – жогорку сапаттагы Жибек-Жолун куруу” деген темада эл аралык конференция уюштурду. Ага Кыргызстандын Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары Эдиль Байсалов, Кытайдын Кыргызстандагы Элчиси Ду Дэвэнь, окумуштуулар, коомдук ишмерлер катышты.

Кыргыз-Кытай мамилеси жогорку деңгээлде

Эл аралык конференцияга катышкан Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары Эдиль Байсалов өз сөзүндө КЭР Төрагасы Си Цзиньпиндин «Бир алкак-бир жол» демилгесинин жогорку тарыхый маанисин белгиледи. Аны ишке ашыруу улуттук экономиканын өсүшүнө олуттуу түрткү бергенин билдирди.

  «Ушул жылдын май айында Президент Садыр Жапаровдун Кытайга болгон мамлекеттик сапары маалында биздин өлкөлөр ортосунда жаңы доордогу ар тараптуу өнөктөштүк жөнүндө макулдашуу түзүлүп, кыргыз-кытай мамилелери жогорку стратегиялык өнөктөштүк деңгээлине чыкты. Учурда биз Кытай Эл Республикасынын Мамлекеттик кеңешинин төрагасы Ли Цяндын Бишкекке келишин күтүп жатабыз. Биздин лидерлер түзгөн  келишимдерди ишке ашыруу боюнча өкмөттөр аралык сүйлөшүүлөргө кызуу даярдык көрүүдөбүз”, — деди Эдиль Байсалов.

    Байсалов достук маанайда жана өлкөлөр ортосундагы элдик дипломатияны чыңдоо максатында Кыргызстандын министрлер кабинети Кытай Эл Республикасынын жарандары – Гонконг жана Макао аймактарынын тургундары үчүн визасыз режимди киргизүү чечимин кабыл алганын маалымдады. Ал кошумчалагандай, АКШ, Улуу Британия жана Европа Биримдигине ачык визасы бар Кытай жарандары да бул жеңилдиктен пайдалана алышат.

   Бул чечим Кыргызстан менен Кытайдын элдеринин ортосундагы достук жана өнөктөштүк мамилелерди тереңдетүүгө, ошондой эле маданий жана экономикалык кызматташтыкты кеңейтүүгө жасалган кадам болуп саналат.

 Кытай-Кыргыз алакасы тарыхый бийиктикте

   Кытайдын Кыргызстандагы Элчиси Ду Дэвэнь өз сөзүндө «Бир алкак, бир жол» демилгесинин жетишкендиктери жана анын дүйнөлүк мааниси жөнүндө кеңири айтып берди.  «Алкак жана жолду» биргелешип курууда Кытай менен Кыргызстандын он жылдык кызматташтыгынын жыйынтыктарына токтолду. Элчи айым, учурда Кытай менен Кыргызстандын ортосундагы мамиле тарыхый бийиктикте экенин, кытай тарап кыргыз тарап менен биргеликте «Бир алкак-бир жол» демилгесин сапаттуу ишке ашурууда кандай гана жагдай болбосун көмөктөшүүгө даяр экендигин билдирди.

   Ал буга чейин чогуу ишке ашкан масштабдуу долбоорлорду атады. Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан автомагистралынын курулушу Борбор Азиядагы маанилүү транспорттук артерияга айланганын айтты. Кыргызстандын түндүгү менен түштүгүндөгү жогорку чыңалуудагы электр зымдарын туташтырган “Датка-Кемин” линиясын ишке киргизүү кылым курулушуна тете долбоор болгонун белгиледи. Кытай өкмөтүнүн гранттык каражатынын эсебинен Бишкек шаарынын ички жолдорун реконструкциялоо борбор калаанын инфраструктурасын жакшыртканын кошумчалады.

   “Ош шаарына курулган Кытай ооруканасы аймактагы медициналык көйгөйлөрдүн бир тобун чечти. Кытай Кыргызстандын негизги соода өнөктөшү жана ага ири инвестиция салган өлкөгө айланды. Ошол эле маалда биз маданий-гуманитардык байланышка да өзгөчө көңүл буруп жатабыз. Кытай өкмөтү миңдеген кыргызстандык студенттерге стипендия чегерип берди”,-деди Элчи Ду Дэвэнь.

   Ал ошондой эле өзүнүн өкмөтү Кыргызстанды Кытайлык туристтерге сунуштаган атайын тизмеге киргизгенин билдирди.

Кыргызстандын ар бир аймагында Конфуций класстары бар

   Конференцияда сөз сүйлөгөн Билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева кыргыз-кытай өкмөттөрү ортосундагы билим берүү тармагындагы кызматташууну министрлик дайыма колдой турганын жана мындан ары жигердүү уланта турганын айтты. Ар бир облустагы мектептерде Конфуций класстары ачылганын кошумчалады.

   “Биздин жүздөгөн студенттерибиз Кытай өлкөсүндө билим алып жатышат. Окуусун аяктагандан кийин мекенине келип, квалификациялуу кадр катары иштеп жатышат. Билим берүү багытындагы диалог биз үчүн керек жана маанилүү”,-деди министр айым.

   Ал эми Улуттук Университеттин ректору Төлөбек Абдрахманов окуу жайда учурда Кытай тарап менен биргеликте үч институт иштеп жатканына токтолду. Алар Жибек-Жолу, Конфуций жана Кыргыз-Кытай институттары.

   “Биздин университетте кытай капиталы жана адам ресурсу абдан жогору. Ал жактан келип иштеп жаткан окутуучулар бар. Биздин кадрлар барып тажрыйба алмашып келип жатышат. Учурда ал жакка барып илим жактоо маселесин да жолго коюп жатабыз. Эки жогорку окуу жай менен келишим туздүк”, -деди Төлөбек Абдрахманов.

Автор: Амантур Шергазиев

СТАТЬИ ПО ТЕМЕ

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
пожалуйста, введите ваше имя здесь

Популярные

Комментарии