6.1 C
Бишкек
Воскресенье, 8 сентября, 2024
ДомойАналитикаИскендер Шаршеев: Кытай акыркы он жылда инновацияны жаратуучу өлкөгө айланды

Искендер Шаршеев: Кытай акыркы он жылда инновацияны жаратуучу өлкөгө айланды

“Бир алкак-бир жолду” курууда ортодо турган мамлекеттер абдан көп. Андыктан, мында жалгыз Кытай пайда көрөт дегенге болбойт. Кыргызстанга окшогон ондогон өлкөгө экономикалык дагы саясий дагы упайлар келет. Бул тууралуу экономикалык талдоочу Искендер Шаршеев билдирди. Төмөндө  “Бир алкак-бир жол”, анын экономикалык максаты жөнүндө болгон маекти сунуштайбыз.

“Бир алкак-бир жол” бул эмне болгон демилге? Экономикалык кандай пайдасы бар?

Си Цзиньпин бийликке ушул долбоор менен келген. Негизги программасы десек болот. Анын максаты Кытайдан Европага товар жеткирүү үчүн кургакчылык, суу жана аба жолдорун тартуу. Учурда эки маршрут бар: Суэц каналы жана Казакстандын темир жолу аркылуу. Бирок, Кытайга мындан да кыска жана арзан маршрут керек болуп турат. Бул Туран жолу. Ал Иран аркылуу өтөт. Ага чейин Кыргызстан, Өзбекстан, Афганистан, Түркмөнстан, Азербайжан, Түркияга чейин жетет. Андан ары Босфор менен Европага өтөт. Бул долбоор ишке ашса темир жолдун боюндагы бардык мамлекеттердин инфраструктурасына, экономикасына пайда алып келмек. Бирок геосаясий кызыкчылыктарга байланыштуу ишке ашпай келет. Айрым учурда Орусиянын пайдасына туура келбей калат. Санкциялардын алдында турган Иранга экономикалык өсүү алып келиши мүмкүн. Бул жагдай батыштагы чоң оюнчулардын кызыкчылыгына төп келбейт. Мына ушундай маселелерден улам бул долбоор ишке ашпай, абал татаал болуп турат. Бирок ишке ашса биздин өлкөгө да пайдасы абдан чоң болот эле.

Сиз Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолу тууралуу айтып жатасызбы?

Ооба, ошол. Өзбекстандан ары да тартылышы керек да. Бул жерде Нахичевань маселеси да бар. Тоолуу Карабактагы абал чечилгени менен бул транспорттук коридор толук ачылганын билдирбейт. Азербайжан, Армения, Иран арасындагы логистикалык туңгуюк азырынча жолду тосууда.

“Бир алкак-бир жолдун” мындан башка да кандай экономикалык максаты бар?

Негизги максаты эле Кытайдын экономикасын өстүрүү, Кытайдын келечегин куруу. Мында биринчи кезекте логистика турат. Логистика болсо сырьё келет, экспортко жол ачылат, экономикалык өсүү болот. Бул Кытай үчүн эле эмес, биз үчүн да керектүү долбоор. Бирок аткарылышы абдан татаал.

Экономика, соода, логистикадан башка да саясий максаты барбы?

Ар кайсы экономикалык долбоордун артында саясат турат. Элим бай жашасын, экономиканы көтөрөйүн деген аракет. Экономика өскөн жерде саясий маселелер автоматтык түрдө чечилет. Чөлкөмдө экономикалык өнүгүү болсо, Кытай негизги ролду ойнойт. Кытайдагы экономикалык күчтөр дагы да күчтөнөт. Анткени сырьё арзан келе баштайт, товарлар тез жетип баштайт. Бул Кытайдын саясий ролун абдан көтөрөт. Бирок “Бир алкак-бир жолду” курууда ортодо мамлекеттер абдан көп. Андыктан жалгыз эле Кытай пайда көрөт дегенге болбойт. Кыргызстанга окшогон ондогон өлкөгө экономикалык дагы саясий дагы упайлар келет.

“Бир алкак-бир жол” демилгесине быйыл 10 жыл болуптур. Бул убакыт аралыгында Кытайга кандай пайдасы болду?

Он жыл ичинде Кытайдын мындан башка да ички экономикалык долбоорлору болду. Алардын баары бүгүн аткарылды. Кытай чындыгында эле бүгүн кедейлердин санын кыскартты. Акыркы он жылда инновацияны жаратуучу өлкөгө айланды. Мурда инновацияны көчүргөн өлкө болчу. Азыр Кытай батыш өлкөлөрүнө негизги атаандаш болду. Өндүргөн товарынын 40 пайызы Америкага кетсе, 20 пайызы Евробиримдикке кетет.

“Бир алкак-бир жол” бийликтеги бир адамдын программасыбы же жалпы Кытайдын программасыбы? Мындан ары кандай уланат?

Бул текши Кытай үчүн керек демилге. Бийликке ким гана келбесин, экономика үчүн логистика дайыма керек нерсе. Учурда дүйнөдө деңиз аркулуу кеткен логистиканын ээси Америка, экинчи Евробиримдик. Кытай мындай ээлик абалга жете элек. Бирок жетүүнүн аракетин кылып жатат.

Автор: Амантур Шергазиев

СТАТЬИ ПО ТЕМЕ

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
пожалуйста, введите ваше имя здесь

Популярные

Комментарии