6.1 C
Бишкек
Воскресенье, 8 сентября, 2024
ДомойАналитикаКубанычбек Таабалдиев: “Бир алкак-бир жол” мамлекеттердин инфраструктурасын өнүктүрүүгө негиз болот

Кубанычбек Таабалдиев: “Бир алкак-бир жол” мамлекеттердин инфраструктурасын өнүктүрүүгө негиз болот

Пекин шаарында өткөн “Бир алкак-Бир жол” демилгесинин 10 жылдыгын утурлай уюштурулган, дүйнө лидерлери катышкан эл аралык форум, анын мааниси, күн тартиби, бүгүнкү геосаясаттагы орду тууралуу саясий аналитик Кубанычбек Таабалдиев менен болгон маекти сунуштайбыз.

— “Бир алкак-бир жол” форуму 18-октябрда жыйынтыкталды. Бул демилгенин экономикалык мааниси жалпыга белгилүү. Бирок анын саясий өңүтү барбы?

— Албетте, сөзсүз түрдө бар да. Азыркы чоң геосаясаттын чиеленишип турган абалында эң күчтүү топ түзүлүп жаткандыгынын белгиси ушунда. Муну Россия баштаган жок. Россия Кытай салган чыйыр менен бара жатат. Кытай биринчи кезекте Американын күчтүү деңгээлге чыгып кетпеши үчүн аракет кылуусуна туура келди. Чыгыштагы бул өлкөнүн чоң саясаттагы орду күчөп бара жатат жана бир уюлдуу дүйнөгө каршы аракеттин ана башында Кытай менен Россия туруп жатат. Бул эки держава дүйнөлүк соодада доминант болуп жаткан доллардын таасирин азайтып, улуттук валюта менен соода кылууга белсенип жатышат. Ушул аракеттердин аркасында анан “Бир алкак-бир жол”деген демилге чыгып жатат да.

— Дүйнө өлкөлөрүнүн буга мамилеси кандай?

— Бүгүнкү күндө бул демилгенин айланасына бир топ мамлекет биригип, кошулганга аракет кылып жатышат. Бул демилге аны курчап турган мамлекеттердин бардыгынын инфраструктурасын өнүктүрүүгө негиз болуп берет. Мисалы: жол, темир жол, байланыш, коммуникация ж.б.. Дагы бир маанилүү жагдайды белгилей кетүү керек, бул демилгени колдой турган өлкөлөрдүн ичинен Индиянын чечими абдан маанилүү болуп турат. Анткени Индияга карата батыштын, Американын таасири өтө чоң. Кытай менен Индиянын мамилеси бир аз татаал. Бирок Индия менен Россиянын алакасы абдан жакшы.  Мындай шартта Индия кимди көздөй ыктайт деген маселе турат. Батышты карай багыт алабы же Россиянын кебин угуп, Кытайды көздөй ыктайбы? Бул абдан маанилүү.

Форумдун алкагында Си Цзиньпин менен Путин эки тараптуу жолугушпадыбы, сүйлөшүү абдан мазмундуу болгондой.  Сиз эмнени белгилеп айтат элеңиз? Жалпы эле абал мындан ары кандай өзгөрүшү мүмкүн?

— Мындан ары экономикалык абал кандай болушу мүмкүн экендигин айтыш кыйын. Себеби Кытайдын товарына тоскоолдук кылганга батыш дагы, Америка дагы аябагандай жан үрөп жатат. Ал эми Россиянын товарларын батыш албай эле чыгыш жак алып калды. А бирок Путиндин айтканына караганда азыр экономикалык өнүгүүнүн чордону батыштан чыгышты көздөй көчүп атат. Путин менен Си Цзиньпин жекеме-жеке сүйлөшкөндө экономикалык күчтүү мамлекеттерди биригүүгө тарталы дегендей тыянак айтылды окшойт. Сөз Түштүк Корея менен Япония жөнүндө болуп жатат. Эгерде бул эки мамлекетти өздөрүнө тарта алышса, жок дегенде эле нейтрализация кылууга жетишсе, анда чындыгында эле батыш үчүн кыйын болот. Азия үчүн текши өнүгүүгө жол ачылат. Бул жерде Кытайдын доминант абалы күчтөнөт.

-Мындай геосаясий, геоэкономикалык өзгөрүүнүн Кыргызстан үчүн таасири канчалык?

-Бизге аябай чоң пайда алып келе турган мүмкүнчүлүк ачылып жатат. Себеби Кытай учурда батышка товар жеткирүүнүн альтернативдүү жолдорун издеп жатат. Бул жерде Жибек-Жолунун кургактагысы азыр эки маршрут менен өтөт. Биринчиси Россия аркылуу, экинчиси Казакстан аркылуу. Кытай азыр үчүнчүсүн курууну көздөп жатат. Себеби, Түштүк Азияны ала албай жатат жана Европага Россия жок чыга албай жатат. Эгерде Кыргызстан аркылуу өткөн темир жолду куруп аны ишке киргизсе эле, баардыгына утуш болот. Товарды жеткирүүдө эле бир жума кыскарат экен. Бүгүнкү реалдуулукта бул абдан эле роль ойнойт. Ал эми Кыргызстанга транзиттик жүк ташуудан эле түшкөн  пайда жылына 200 млн АКШ долларын түзөт экен. Экинчиден темир жолдун боюндагы инфраструктура абдан күчөйт. Аймактык экономиканы көтөрүүгө шарт түзүлөт. Кен байлыктарын иштетип, пайдаланууга жол ачылат. Кытай аркылуу Кыргызстанга өнүгүү мүмкүнчүлүгү жаралат.

Автор: Амантур Шергазиев

СТАТЬИ ПО ТЕМЕ

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
пожалуйста, введите ваше имя здесь

Популярные

Комментарии