18-октябрда Пекин шаарында “Бир алкак-бир жол” демилгесинин үчүнчү форуму жыйынтыкталды. Бул эл аралык иш-чара “Бир алкак — бир жолдун” мааракелик 10 жылдыгына туш келди. Ага бир катар мамлекеттердин президенттери, өкмөт башчылары жана эл аралык уюмдардын жетекчилери барышты. Тактап айтсак, кытайдын борборунда өткөн эл аралык форумга Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путин, Казакстандын Президенти Касым-Жомарт Токаев, Өзбекстандын Президенти Шавкат Мирзиёев, Монголиянын Президенти Ухнаагийн Хурэлсух, Сербиянын Президенти Александр Вучич, Индонезиянын Президенти Джоко Видодо, Конгонун Президенти Дени Сассу-Нгессо, Шри-Ланканын Президенти Ранил Викрамасингхе, Чилинин Президенти Габриэль Борич, Венгриянын премьер-министри Виктор Орбан, Папуа—Жаңы Гвинеянын премьер-министри Джеймс Марапе, Камбоджанын премьер-министри Хун Манет, Пакистандын премьер-министринин милдетин аткаруучу Анваар-уль-Хак Какар жана Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы катчысы Антониу Гутерриш ж.б катышты. Кыргызстандан болсо, Президент Садыр Жапаров барган жок. Өлкөнүн Тышкы иштер министрлиги муну октябрь айына белгиленген бир катар эл аралык иш-чараларга байланыштуу экенин билдирди. Бирок, форумдун тематикалык иш-чараларына Кыргызстандан энергетика министри Таалайбек Ибраев менен Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы Самат Исабеков катышты.
Долбоорду колдоо мындан ары да күчөйт
Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин форумдун ачылышында сөз сүйлөдү. Ал: «Долбоорду колдоо мындан ары да күчөйт», — деп билдирди. Төрага демилгенин алкагында ишке аша турган долбоорлорду каржылоо маселесин айтып жатат.
«Кытай өнүктүрүү банкы жана Экспорт-импорт банкы ар бири 350 миллиард каржы терезесин түзүшөт. «Жибек жолу» фонду болсо капиталын 80 млрд юанга чейин көбөйтөт. Биз «Бир алкак — бир жол» демилгесинин долбоорлорун рыноктук жана коммерциялык негизде колдойбуз»,-деди.
Си Цзиньпин “Бир алкак — бир жолдун” 10 жылдык ишинин жыйынтыктарына канааттанып турганын айтты. Бул мезгил аралыгында 150гө жакын мамлекет, 30га жакын эл аралык уюмдар аталган демилге алкагында кызматташууга макул болгон келимшимдерге кол койгонун кошумчалады.
“Акыркы он жылда Транспорт жана маалымат коридорлорунан турган өз ара байланыштын глобалдык тармагы түзүлдү. Бул тармак темир жолдорго, автожолдорго, аба, деңиз портторуна жана өткөрмө куурларга таянат. Ал жер, деңиз, аба байланыш жолдорун жана Интернетти камтыйт. Анын аркасында жүктөрдүн, капиталдын, технологиялардын жана адамдардын масштабдуу үзгүлтүксүз агымы ишке ашат”,-деди Си Цзиньпин.Ошондой эле ал бүгүнкү күндө Кытай дүйнөнүн 140ка жакын мамлекети үчүн негизги соода өнөктөш, дүйнөнүн көп мамлекети үчүн негизги инвестиция булагы болгонун билдирди.
Си Цзиньпин Жибек жолунун рухунун өзөгүндө тынчтык, кызматташтык, ачыктык, толеранттуулук жана жалпы жеңиш турат деди. Ал ошондой эле Кытай идеологиялык тирешүүгө, геосаясий оюндарга, блокко бөлүнүп каршылашууга аралашпай турганын айтты.
Кытай «Бир алкак-бир жол» демилгесинин негизинде бардык тараптар менен биргеликте өнөктөштүктү тереңдетип, долбоорду жаңы баскычка көтөрүп, бардык мамлекеттердин өнүгүшү үчүн тынымсыз аракет көрөрүн белгиледи.
Путин: келечек үчүн демилге
Орус лидери Владимир Путин «Бир алкак-бир жол» форумуна үчүнчү жолу катышты. Өз кезегенде эки тараптуу жолугушуу маалында Төрага Си Цзиньпин форумдун үчөөнү тең калтырбай келип бергени үчүн Путинге ыраазычылык билдирди. Эл аралык форумдун ачылышында Си Цзиньпинден кийин эле Россия Президенти сөз сүйлөдү.
Ал КЭР төрагасы тарабынан сунушталган «Бир алкак – бир жол» демилгеси келечекке багытталганын жана адилеттүү көп уюлдуу дүйнөнү түзүүгө арналганын айтты. Россия менен Кытай, көпчүлүк мамлекеттер сыяктуу эле, «цивилизациялык көп түрдүүлүктү жана ар бир мамлекеттин өзүнүн өнүгүү моделине болгон укугун урматтоо менен «прогресс жана социалдык жыргалчылык үчүн тең укуктуу, өз ара пайдалуу кызматташууга умтула турганын белгиледи. Анын айтымында Россия менен Кытай узак мөөнөттүү экономикалык прогресске жетишүү үчүн тең укуктуу, өз ара пайдалуу кызматташтыкка умтулуп келет. «Ушундай түптүү принциптердин негизинде түзүлүп жаткан «Бир алкак — бир жол» демилгеси ар кыл региондо өнүгүп жаткан интеграциялык процесстерге шайкеш келет. Мындан тышкары, Россиянын сооданын, инвестициянын эркин жүрүшүн камсыздаган интеграциялык контур түзүү идеясына үндөшүп турат»,-деди Путин.
Орус лидери бул демилгенин максаты Россиянын пикирлеш мамлекеттердин кызматташуусу үчүн ири евразиялык мейкиндик түзүү сунушу менен окшош экенин кошумчалады.Ал Россия менен Кытайдын ортосунда ЕАЭБ менен «Бир алкак — бир жол» программасынын параллелдүү жана координацияланган өнүгүүсү тууралуу макулдашуу түзүлгөнүн билдирди.
“Алкак жана жол” кантип пайда болгон?
«Бир алкак — бир жол» демилгесин 2013-жылдын сентябрында КЭР Төрагасы Си Цзиньпин сунуштаган. Ал Түштүк-Чыгыш Азия өлкөлөрүнө, Африкага, Жакынкы Чыгышка жана Европага товарды тез жана арзан жеткирүү үчүн кургактык жана деңиз соода жолдорун бириктирүүнү демилге кылган. Бул үчүн эки долбоорду кошуу сунушталат. Алар: бир нече экономикалык коридорлорду камтыган «Жибек Жолунун экономикалык алкагы» жана «XXI кылымдагы деңиз Жибек Жолу».
Он жыл ичиндеги натыйжа
Он жыл аралыгында»Алкак жана жол» демилгеси 1 триллион долларга жакын инвестиция тартты. Үч миңден ашык биргелешкен долбоорлорду түзүүгө алып келди. Кытай буга чейин жол боюндагы өлкөлөр менен товар жүгүртүүнү 1,04 триллион доллардан 2,07 триллион долларга чейин көбөйткөн. Долбоорго катышкан өлкөлөрдүн калкы жер калкынын 63% түзөт, ал эми бул өлкөлөрдүн ИДПсы 21 триллион доллардан ашат.
Дүйнөлүк банктын божомолуна ылайык, «Бир алкак-бир жол» демилгесин өнүктүрүү 2030-жылы маршруттун боюнда жайгашкан өлкөлөрдү 420 миң жаңы жумуш орду менен камсыздайт.