Сентябрь айынын аягында Кыргызстандын Министрлер Кабинетинин төрага орун басары Бакыт Төрөбаев Кытайга жумушчу сапары менен барып келди. Анын алкагында бир катар эки тараптуу жолугушууларды, кытайлык ири компаниялардын өкүлдөрү сүйлөшүүлөрдү өткөрдү. Кыргызстан менен Кытайдын мамлекеттик органдарынын жана ишкерлеринин ортосунда 150 млн долларды түзгөн меморандумдарга кол коюлганы айтылды. Алдыда Министрлер Кабинетинин төрага орун басары Бакыт Төрөбаев менен болгон эки мамлекет ортосундагы ынак кызматташтык тууралуу баарлашууну сунуштайбыз.
Бакыт Эргешович, Кыргызстан менен Кытай ортосундагы дипломатиялык байланыштардын орногонуна быйыл 31 жыл толду. Бул убакыт аралыгында эки өлкө ортосундагы байланыш кандай өнүктү?
Коңшу жайгашкан Кытай Эл Республикасы Кыргызстан эгемендик алганда алгачкылардан болуп дипломатиялык байланыш орнотууга аракет кылган. Бишкекте ачылган биринчи элчиликтердин бири дал ушул өлкөнүкү болду. Ошол жылдардан тарта эле эки мамлекет тыгыз кызматташып, ынак коңшуга айланды. Негизги соода өнөктөшүбүз болду. Саясий жактан алсак ортодогу байланыш стратегиялык өнөктөштүккө чейин жетти. Гуманитардык багыттагы мамилелер да абдан жакшы өнүгүп келет. Мунун баары эки мамлекет ортосундагы дипломатия жогорку деңгээлде экендигин көрсөтөт.
Жакында эле Кытайга жумушчу сапары менен барып келдиңиз, ага чейин Кытайдан да жоон топ делегация келди эле. Ортодо мындай келип-кеткен делегациялар абдан арбын. Алар келет, сиздер барып жатасыздар. Бул эмненин белгиси?
Ушул жылдын май айында Кытайдын Сиань шаарында “Борбор Азия жана Кытай” өлкө башчыларынын саммити өттү. Анын алкагында Президент Садыр Жапаров коңшу өлкөгө мамлекеттик сапар менен барды. Мамлекеттик сапар-бул ортдогу дипломатиялык алаканын эң жогорку көрсөткүчү. Анын алкагында өлкө башчысы бир нече жогорку деңгээлдеги жолугушууларды өткөрдү. Жыйынтыгында 1 млрд. долларлык келишимдер түзүлдү. Алардын эң негизгиси, Садыр Жапаров менен Си Цзиньпин Кыргызстан менен Кытайдын жаңы доордо ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүгүн орнотуу боюнча биргелешкен декларацияга кол коюшту. Бул визит ортодогу байланыштарга жаңы импульс берди десем болот. Жакында эле Министрлер Кабинетинин төрагасы да Синьцзян-Уйгур автономиялуу районуна иш сапары менен барып келди. Мен да Кытайга эки жолу барып келдим. Мамлекеттик органдар менен, жеке ишкер компаниялар менен тыгыз кызматташуу орнотуунун үстүндө иштеп жатабыз.
Быйыл Кытай демилгелеген “Бир алкак-бир жол” долбооруна 10 жыл болду. Бул багыттагы кызматташуунун жыйынтыгы кандай?
Кытай лидериинин демилгеси дүйнөлүк деңгээлге чыкканын көрүп жатабыз.“Бир алкак-бир жол” жалгыз эле Борбор Азияда эмес жалпы дүйнөдө ишке ашып жатат. Анын ичинде Кыргызстанда да демилгенин алкагында бир топ жумуштар жасалды. Мисалы: Түндүк-түштүк альтернатив жолунун курулушу, Бишкек-Торугарт жолунун оңдолушу, Бишкек шаарынын ички жолдорунун реконструкциясы. Андан тышкары маданий-гуманитардык багыттагы байланыштар да өнүктү. Кытай өлкөсү кыргызстандык бүтүрүүчүлөр үчүн билим алууга квоталарды берүүдө. Өзгөчө кырдаалдар, Саламаттык сактоо, Транспорт министрликтерине атайын техникалар, жабдыктар келип жатат. Айта берсек абдан көп. Мен бул демилгени, анын алкагында ишке ашып жаткан жумуштарды абдан жогору баалайт элем.
Кытай лидеринин бул демилгесинин алкагында Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жол долбоору ишке ашууда. Жакында эле бул долбоор токтоду деген кептер айтылды. Бул канчалык туура?
Албетте бул туура эмес. Жалган маалымат. Учурда долбоордун техникалык экономикалык негиздемеси толук даяр болду. Аны дайындоодо үч өлкөнүн адистери абдан жакшы иштеди. Жакында эле мен коңшу өлкөгө барганда Кытай Эл Республикасынын Мамлекеттик кеңешинин Вице-премьери Хэ Лифэн менен жолугушканда темир жол тууралуу кеп кылдык. Аларда реформа жана өнүгүү боюнча мамлекеттик комитет бар. Бул орган сыртка чыга турган каражатты карайт. Башкача айтканда тышка кетип жаткан инвестицияны көзөмөлдөйт. Аны жетекчиси менен да сүйлөштүм. Техникалык экономикалык негиздеме ушул жерде каралууда. Ким каржылайт, кандай каржылоо болот деген маселе турат. Негизинен эки жол каралууда. Биринчиси – бир компания түзүлөт, ал инвестиция салып, канча бир жылдан кийин салган каражатын чыгарып алып, кийин бизге өткөрүп берет. Экинчиси – биз насыя алышыбыз зарыл. Ушул каржылоо моделин аныктап алсак, буюрса иш башталат. Учурда биздин Транспорт министрлиги, Темир жол ишканасы алардын да ушул эки мекемеси кирген жумушчу топ түзүлдү. Ушул айдын ортосунда чогулуп сүйлөшүшөт.
Долбоордун кармалып жаткандыгынын себеби ушул каржылоо маселеси элеби же башка да жагдайлар барбы?
Жок. Ушул каржылоо модели гана чечиле элек. Ал эми темир жолдун эни(колея), Кыргызстандан өтө турган маршруту бардыгы чечилген. Биздин өлкөдөн жалпы 311 чакырым өтөт.
Жакында Кытайда “Бир алкак-бир жол” демилгесинин эл аралык кызматташтык саммити өтөт. Дүйнө лидерлеринин көбү катышаары айтылууда. Сиздин алдын ала байкооңуз кандай? Эмне маселелер каралат же бул саммит дүйнөгө эмне берет деп ойлойсуз?
Жакында боло турган саммит дүйнө үчүн абдан маанилүү десек болот. Геосаясий жактан абдан татаал кырдаалда өткөнү жатат. Лидерлер мындан аркы артыкчылык болгон багыттарды аныкташат деп ойлойм. Негизи эле бул демилге экономикалык аспектиден кызматташAуунун башка багыттарын да өнүктүрүүгө дем берет. Андыктан “Бир алкак-бир жол” демилгесинин алдыда боло турчу эл аралык саммитине ийгилик каалайм.